Бир табигый апаатта өлгөндөрдүн бардыгынын ажалы бир учурда келгенби?

Ажал бир макулуктун жашоо мөөнөттүн соңу. Кийинчерээк бар болгон бардык нерсе негизинен мындай «соң» жана «бүтүш» жазуусу менен дүйнөгө келет.

Барлыктын агымы ичинде башталыш менен бүтүштү бирибиринен ажыратуу мүмкүн эмес. Бардык нерсе бир тамчы сыяктуу акыры то­пурактын ичине түшүп, өзөн сыңары агып, акыр түбү бир деңизге куят.

Бул дээрлик бардык барлыктардын ортоктош тагдыры. Ушул таг­дырында ар бир барлык бул дүйнөгө келип, кайра эле ушул жазуу ме­нен келген сыңары кайра кетет.

Башталган нерсе аяктайт, кийинчерээк пайда болгондордун соңу бар. Башталышы болбогондун соңу да болбойт. Эзелий болгон гана түбөлүктүү боло алат.

Кийинчерээк пайда болгон бардык макулуктардын барлыгына өкүм жүргүзгөн, аны белгилүү бир программа менен бул ааламга жөнөтүп, бардык нерсесин көрүп, көзөмөлдөгөн Улуу Жаратуучу бар. Ал баар­дык бул өзгөрүп тургандардын сыртында. Болгон жана боло турган баардык нерселерди Ал Өзү жөнгө салып турат.

Ушул себептен, бул дүйнөгө келүүнү жана бул дүйнөдөн кетүүнү «табигый» деп айтуу туура болбогондой эле, апааттар жана аларга байланыштуу окуяларды да «табигый» деп айтуу туура эмес. Маку­луктардын жаралышы сырткы буйрук жана каалоолордун алкагында ишке ашууда.

Адам, айбанат, өсүмдүк жана башка бүткүл макулуктар аларга өкүм кылган бир кудурет менен жарыкка чыгып, Жаратуучуларын чагыл­дыруу милдетин аткарат, анан орундарын башкаларга бошотуп берип кетишет.

Эми бул кичине даярдыктан кийин, темабыздын «Бир убакта өл­гөндөрдүн бардыгынын ажалы бир келгенби?» деген негизди карай­лы:

Ооба, бардыгынын ажалы бир келген жана мындай болушу үчүн олуттуу эч кандай тоскоол жок. Барлыкты бүтүндөй колунда кармап турган Улук Зат атомдордон системаларга чейин бардык нерсени жа­на бардыгын өз тагдыры ичинде бир убакта жараткан сыңары эле, бир убакта өлтүрө алат. Башка башка жерлерде болуулары, сыпат жана абал айырмачылыктары буга эч тоскоол боло албайт.

Кудурети Соңсуздун тасарруфун көрсөтүү үчүн, ошол кудурет­ти толугу менен чагылдыра турган мисалды таба албоо менен бир­ге, кайра эле, Ага күзгү боло турган, бир пикир бере турган көптөгөн нерсе тууралуу айтса болот.

Кыскасы, күнгө багытталган түрдүү сыпат жана абалдагы бар­лыктар эч бир башаламандыкка жол бербестен, ага карай жашоосун улантат, анын нуру астында түстөн түскө кирет, ал аркылуу эң түстүү абалга келет жана анын туулушу, батышы менен сенектешет, эскирет, акыры өчүп тынат. Дал ушул сыяктуу, бардык нерсе ошол эле жаздын кучагында төлдөйт: ошол эле жазда өөрчүпөсөт жана ошол эле күз­дө саргаят, бирок баарынын тагдыры ар башкача. Баары ошол кенен илимдин план жана программасы менен ошол соңсуз ирада жана ме­шиеттин багыттоосу аркылуу... ооба, туш келди жана өз каалоолору­на карай эмес, ошол керемет мешиет жана ираданын каалоосуна ка­рай өмүр сүрөт. «Ал жерде жана деңизде болгон бардык нерсени би­лет. Түшкөн бир жалбырак жана караңгылыктардын ичине көмүлгөн эч бир дан жок апачык бир китепте болбогон.»

Дарактардын, чөптөрдүн, үрөндөрдүн, дандардын жашоо жана өлүмдөрү, өнүгүү жана мөмөлөрү мынчалык олуттуу каралып, адам­дай эң кынтыксыз бир барлык ээн калтырылабы? Бир нерсени кө­рүүсү башка нерсени көрүүсүнө, бир нерсени угуусу башка нерсе­ни угуусуна тоскоол болбогон ааламдын Улук Ээси, албетте, эң азиз макулугу, эң баалуу чеберчилиги болгон адам баласынын ар абалы­на маани берип, анын бир мүчөсүнө эле башка жалпы макулуктар ээ болгон нерселерди берип, ааламдын мазмуну болгон адамды жекече түрдө карайт, жекече сыйына ээ кылат.

Бул чакыруу менен багыттоо кээде төшөктө, кээде согуш майда­нында, кээде бир апааткырсык аркылуу болушу мүмкүн. Атүгүл бө­лөк бөлөк жерлерде, жалпы түрдө, же жекече пайда болушу мүмкүн. Жараткандын адамга карашы өңүтүнөн караганда, булар натыйжага эч качан таасир тийгизе албайт. Ар адамдын эркин колуна берген, ар жандууну каалашынча жашоодо кармап, андан кийин жанын алган чексиз илим жана кудурет ээси нездиндеги китепке карай белгилүү кишилердин жана коомдун рухтарын алышы жеңил жана акылга сы­йымдуу. Мурда да айтылгандай, бул мурдатан бошотулуусу аныкталган бир аскердик бөлүктүн убактысы келгенде, эң чоң колбашчы та­рабынан бошотулуу иштеринин аткарылышы сыяктуу бир нерсе...

Мисалы, шаарларды астынүстүн кылып жиберген күчтүү жер ти­тирөөдө миңдеген кишинин кылынган бардык аракеттерге карабас­тан куткарылбайт, бирок ошол эле жер титирөөдөн көп күн өткөндөн кийин өзүн коргой албаган жүздөгөн алсыз балдар эч кандай зыянга учурабастан табылуулары... ары каналга кулап кеткен бир машина­нын ичиндеги бардык жумушчулар сууга тумчугуп өлсө, башка жер­де суунун үстүндө эч кандай зыянга учурабастан бир бешиктин ичин­де бир баланын болушу, ары бир самолет кырсыгында эң тажрый­балуу кишилердин кача албастан, өрттөнүп кетүүлөрүнүн жанында учактын кулап түшүүсү менен бирге эки жүз метр алыстыкка ыргы­ган бир ымыркайдын эч бир зыянга учурабастан кутулуусу сыяктуу... жүздөгөн окуя муну далилдөөдө: жашоо да, өлүм да өзүнөн өзү бол­бостон, тескерисинче, билген, көргөн жана башкарган Бирөөнүн пла­ны менен пайда болууда.

Жашоого бир бирден, же жалпы түрдө келген ар барлык каттоо ки­тептериндеги милдеттин бүтүшү жана ажалдарына чейин жараты­лыштын кылдат сырларын түшүнүү, табияттын артындагы жашы­руундуктарды ачуу, бизди жана аларды жөнөткөн Затка күзгү жана тилмеч болуу жоопкерчиликтери менен өмүрлөрүн толтурат, бир бир­ден, же чогуу терхис кылынат (бошотулат).

Бул билүү аныктоо жана андан кийин өлтүрүү, б.а. бир убакта эле ажалдарын алпкелүү жана иштерин бүтүрүү бардык нерсени баштан аяк эң сонун түрдө билген Алла Таала үчүн абдан оңой. Ар бир ки­шинин айланасында көптөгөн периштелердин болорун жана мындан башка көптөгөн жан алуучу периштелердин да болорун жашыруун ачык бардык нерсени Билүүчүдөн билебиз.

Бул темада, мындан тышкары төмөнкүдөй кичине бир каршы чы­гуу болушу мүмкүн: Мындай кырсыктарда мустахак болгондор ме­нен бирге бир кыйла күнөөсүздөр өлүүдө. Бул тууралуу бир нерсе ай­та аласызбы?

Дароо эле айтып коеюн, бул истифхам да кайра эле акыйда жана ойпикирдеги бир катачылыктан улам болууда. Эгер жашоо бир га­на дүйнөлүк жашоодон турганда жана адамдын абалкыакыркы жери ушул жер болгондо, балким бул каршы чыгуунун акылга сыйымдуу бир жагы болмок. А чынында адам баласы үчүн бул жер бир эгүү же­ри, аракеттенүү жери жана күтүү салону болсо, тигил дүйнө кырман жана түшүм жыйноо жери жана акыры бүткүл проблемалардан кутулуп, бактытаалайга жетүү жери. Бул себептен улам, бул жерде жак­шынын жаман менен, күнөөкөрдүн күнөөсүз менен бирге өлүүсүндө табигыйлыкка карамакаршы келген эч нерсе жок. Тескерисинче, иш­тин ушундай уланышы акылга сыйымдуу жана эң логикалуу болго­ну. Анткени экинчи тирилиште ар ким ниети менен кылган иштерине карай жекече бир ьарлыкка ээ болот, ошого карай мамиле көрөт жана ошого карай же жазаландырылат, же сыйлык алат.

Кыскасы, өлүм менен ажал бул дүйнөдө болуу жана кызмат кылуу мөөнөтүнүн бүтүшүнөн турат. Мындай мөөнөт адамдын ирадасын жокко чыгарбоо алкагында мурдатан даярдалып, каттоожон өткөрү­лүп, тиркелген бир план абалында болуп, бардык нерсени көрүүчү заттын буйруктары менен мезгили келгенде ишке ашуусунан башка эч нерсе эмес. Мунун жалпылай болушу, жекече болушунун ортосун­да логикалык эч бир айырма жок.

Менин оюмча, көптөгөн маселелерде болгондой эле, бул жерде да Улук Жараткандын чексиз илим, кудурет жана ирадасын биле албоо нхирафтын башкы себептеринин бири. Дагы бир себеп заттар жа­на кубулуштарга көз караш өңүтүнүн жаңылыштыгы. Болуп жаткан нерселерде башыбызды каталуу табият жана кокустук түшүнүгүнөн арылта албай, жандүйнөлөрдө жалгыздыкка жете албаган болсок, ичибиз алсыз акыйдалар менен бирге шайтандык шеккүмөндөрдүн мухараба майданына айланат.

Мындан башка, жандүйнөбүздүн жардылыгы жана жетиштүү түр­дө азыктанбоонун жанында күнүгө кесе кесе шеккүмөндөрдүн ичи­рилиши ушундай коркунучтуу балээ болгондуктан, муундардын туу­ра багытынын бузулушуна эмес, дагы эле болсо, туура багытын сак­тоода ийгиликтүү болууларына таң калуу керек.

Маанисиз болуп көрүнгөн мындай маселелерде чектен тышкары тахшидат кылынды десе болот. Бирок ыйманга байланыштуу негиз­дердин эч биринде биз мындай пикирге кошула албайбыз. Назары­бызда итикатка байланыштуу эң кичинекей бир маселе тоолордой би­йиктикке ээ жана ааламдай баага татыктуу. Бул себептен улам, ага канчалык кылдат токтолсо да, туура.

Бул негизди караган курбуларыбыз тажабастан, бизди кечирер де­ген үмүттөбүз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.