Кудайга ишенбеген адамга оболу эмнени айтыш керек?
Суроого жооп берерден мурун кээ бир нерселерди тактап алганыбыз туура болот.
Ыймансыздыктын түрлөрү бар: Инсандын жеке ишеничи, ыйманга карата мамилеси, ыйман келтирүү зарыл болгон нерселердин баарына ишенип, ишенбөө сыяктуу абалдарына жараша түрдүүлүк келип чыгат.
1. Ыйман келтирүү зарыл болгон нерселерге кайдыгер кароонун натыйжасында пайда болгон ыймансыздык. Мындай ыймансыздыкка түшкөн адамдардын көпчүлүгү терең ой жүгүртө албаган, акылы тайкы жана напсилеринин кулу болгон жандар. Аларга ыйманды түшүндүрүү өтө эле кыйын, балким эч мүмкүн эмес. Алар коомго жараша иш кылышат, өз алдыларынча акыл жүгүртө алышпайт.
2. Ыймандын 6 негизин кабыл кылбагандар. Алар кандай чакырык менен бул абалга келишсе дагы атеист болуп саналышат.
3. Ыйман келтирүү зарыл болгон негиздерди жокко чыгаргандар байыркы доорлорго караганда учурда өтө эле көп.
Акыркы эки бөлүмдө айтылган ыймансыздар дагы өзүнчө бөлүнөт:
А) Бардык нерсени материяда издеген жана эч кандай метафизикалык нерселерге ишенбегендер,
Б) Кээ бир метафизикалык жана парапсихологиялык нерселерге ишенгендер деп экиге бөлсөк болот.
Ыймансыздык учурубуздагы адамдардын эң көрүнүктүү сапаты. Бул болсо биздин доорубуздун жаштарынын жан дүйнөсүн жаралаган жана оюн уйгу-туйгу кылган себептердин бири.
Ыймансыздык – бул, анархиянын булагы. Адамзат тынчы жок учурларын ыймандан алыс болгон доорлорунда өткөргөн. Реннесанс реформасынын, Француз революциясынын өкүлдөрү дүйнө жүзүндө ыймансыздыкты колдошуп, аны бүткүл дүйнөгө жайышкан.
Ыймансыздык түрдүү болгондуктан, аны жоюу үчүн да ар түрдүү методдорду колдонуу зарыл. Бул методдор ыймансыз адамдын абалына жараша болот, антпесе ыйман тууралуу айтылган нерселер таасирсиз болуп калышы толук ыктымал. Ыймансыздыкка ушундайча мүнөздөмө бергенден кийин, эмнени кандайча айтуу керек, мына ошого токтололу. Оболу төмөнкү негиздерге көңүл буруу шарт:
1. Адам ыймансыздыктын кайсы түрүндө? Ыймандын негиздеринин жалпысына ишенбейби, же кээ бирлерине гана ишенбейби? Оболу маектештин абалын тактап алуу керек.
2. Ал адамдын маданият деңгээлин аныктап, ошого жараша кайрылуу керек. Маданият деңгээли бир топ жогору болгон адамга билими төмөндөр эч нерсе түшүндүрө албайт. Өзгөчө учурда менменсинүүсү өтө эле ашып ташынгандарга бир нерсе айтып түшүндүрүү өтө эле кыйын. Мындай адамдар менен анын деңгээлиндеги адамдардын сүйлөшкөнү оң, ошондо гана талап кылынган максатка жетсе болот.
Маектеш адам түшүнө алган тилде сүйлөө да абдан маанилүү. Учурда көптөгөн ислам жамааттары бар, ар биринин өзүнө тиешелүү идеологиялары, окуган китеби, колдонгон терминдери бар. Эгерде ислам динине чакырган адам өзү колдонгон терминдерди эле сүйлөп, маектеши аны түшүнөбү, түшүнбөйбү ага көңүл бурбаса, анда эч кандай натыйжа бербей калышы мүмкүн. Андай болсо маектеш колдонгон терминдерди абдан жакшы билиш керек.
3. Айтыла турган нерсени оболу жакшылап өздөштүрүп алуу - өтө зарыл нерсе. Ошондой берилиши ыктымал болгон суроолорго абдан жакшы даярданып, ынандыруучу жоопторду табыш керек. Антпесе, кичинекей эле бир жаңылыштык бардык нерсени бузуп коюшу мүмкүн.
Мындай абалга себеп болгон адам канчалык ак ниеттүү болсо да жаңылыштыгы чоң болуп эсептелинет. Ким билет, учурда «чала молдолордун» айынан ыймансыздыкта атайын калган канчалык көп жаштар бар! «Чала молдо дин бузат.» - деген макал бар элибизде, биз буга кошумчалап, «Чала доктур жан алат.» - деп айткыбыз келет. Чынында чала молдонун зыяны чала доктурга караганда абдан чоң, себеби доктурдун билимсиздиги жана кетирген катасы убактылуу материалдык турмушка коркунуч туудурат, ал эми чала молдонун катасы түбөлүк турмуштун талкаланышына себеп берет.
4. Маектештин сөзүн укпастан, өзүнүн оюн бербей, бир жактуу сүйлөө натыйжасыздыкка алып келет. Адам баласын менменсинүүгө түрткөн бул метод зыяндуу. Пенденин көңүлүндө ыймандын орун алып, түнөк табышы – ошол ыйманды жарата турган Кудай Таалага жакын болууга көз каранды. Кудай ыраазы болобу, болбойбу, аны ойлобостон жүргүзүлгөн талашып-тартышуулар маектешти жеңгенге жараса да оң таасири тиет деп айта албайбыз. Мындай талашып-тартышууга абалтан эле атайын даярданып келишсе, эки тарап бири-бирине душман болуп отуруп, талкуу бүткөндө ачууланган тейден тарап кетишет. Кетип баратканда ынандырылбай калган көңүлдөрү ооруп, дискуссиянын күн тартибинде болгон теманы өз алдынча, өз идеологиясына жараша изилдеп, жоопторун тапкысы келет. Бул болсо аларды ыйманга эмес, ыймансыздыкка дагы бир кадам коюшуна себеп болот.
5. Сөз сүйлөп жатканда маектештин көңүлүн жибите сүйлөш керек. Ар бир сүйлөм сүйүү менен башталып, сүйүү менен бүтүшү зарыл. Анын ой-пикирлерине каршы айтылган тигил, же бул оройлук бардык нерсени ойрон кылып коюшу мүмкүн.
Муршид (адамдарды туура жолго баштоочу) – оорулууну сөзсүз түрдө айыктырууга аракет кылган ырайымдуу доктур сыяктуу «оорусуна» (маектешине) туура диагноз коюп, анын руханий кыйналууларын рухунун тереңинде сезе алган чыныгы каарман инсан. Атүгүл маектешибиздин кыймыл-аракеттерине, маанайына көңүл буруп, өзүбүздү көзөмөлдөп, аны тажаткан нерселерди кайталабашыбыз керек.
Бул жерден төмөнкү маанилүү нерсени эстен чыгарбашыбыз шарт:
Маектешибиз биз менен коштошуп кетип баратканда аны чын ыкыластан жакшы көргөнүбүздү билдирген жылмаюубузду сөзсүз тартуулашыбыз зарыл, ал муну жүрөгүнө сактап, өмүр бою унутпайт. Анан, аны менен экинчи жолу жолуга турганыбызды чын дилден кааласак, анда айта турган оюбуздун жарымысынан көбүн айткан болуп эсептелебиз.
6. Маектешибиздин туура эмес ойлорун, баяндарын анын көңүлүнө тийбей тургандай жана аны шылдыңдай турган сөздөрдөн сактануу менен туура жолго багытташыбыбыз керек. Анын ачуусуна тийип, биз эч качан эч нерсе түшүндүрө албайбыз.
7. Кээде мындай Кудайга ишенбеген адамды Кудайга ишенген, интелигент, жүрүм-туруму дурус бирөө менен тааныштыруу миң насаат сөздөн таасирдүүрөөк болот. Бирок бул жол ар ыймансыз үчүн туура эмес. Ошондуктан ар бир кишиге мүнөзүнө жараша усул колдонуш керек.
8. Тескерисинче, баскан-турганы жакшы болбогон, беш убак намаз окуса да, ой-пикир дүйнөсү артта калган кишилер менен эч качан байланыштырбаш керек.
9. Аны мезгил мезгили менен угуп, ага сүйлөө мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Анын да ой-пикирлерине толеранттуу мамиле жасаш керек.
Негизи исламдын тышындагы ой-пикирлерди угуу рухту жаралап, аруу сезимдерди бузат. Бирок эгерде бул аркылуу киши ыйманга келүү ыктымалы бар болсо, сабыр кылышыбыз керек.
Антпесе, жалаң биз сүйлөп, маектешибиз унчукпаса, мээсине эч нерсе кирбейт. Мындай , ооз көптүрүп, ислам тууралуу көп сүйлөсө да, эч кимдин туура жолго келишине себеп боло албаган көптөгөн адамдар бар.
Башкалардын сөзүн укпай, жалаң өзүнүкүн сүйлөгөн «оорулардын» кулагына күмүш сырга!
10. Сөз сүйлөп жатып, курулай эле бир нерсени айта бербестен мисал келтирип, далилдери менен айтыш керек.
11. Бир суроо тууралуу сөз сүйлөрдөн мурун Кудайдын бар жана бир экенин сөзсүз түрдө айтып, далилдеш керек. Эгер мурдараак бул негиздер айтылып, маектештин чындап эле ишенгени байкалса, суроонун жообун берүүгө өтсө болот.
Эгер маектеш Кудайга ишенбесе, анда ал бардык нерсеге ишенбейт. Ошондуктан, Кудай тууралуу, дин тууралуу сөз сүйлөрдөн мурун, Кудайдын бар жана бир экендигин далилдеп алган оң.
Натыйжа катары мындай демекчибиз, ыймансыз маектештин абалын аныктаган соң, жогоруда айтылгандай, оболу ыймандын негиздерин далилдер менен айтуу керек. Маектештин көңүлү ыраазы болууга тийиш биринчиден, ошондо гана калган маселелерди айтканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тескерисинче, эч бир натыйжа ала албайбыз.
- Created on .