Адам

Адам баласына жакшы сезимдер, чоң жөндөмдөр берилген. Ал түбөлүктүүлүктү самайт. Эң байкуш көрүнгөн адамдын көңүлүндө да түбөлүктүүлүктү каалоо, жакшылыкты жактыруу жана улуу сезимдер уялайт. Анын руханий бийиктикке умтулуп, түбөлүктүүлүккө ээ болушу да табиятындагы ушул жөндөмдөрүн өнүктүрүшүнө байланыштуу.

* * *

Адамдын адамдыгы анын кыска өмүрлүү турпатында эмес, түбөлүктүүлүктү самаган рухунда. Мына ушул себептен анын руханий жагы көңүлгө алынбастан материалдык түзүлүшүнө гана маани берилген учурларда аны тойгузуу мүмкүн болгон эмес.

* * *

Эң бактылуу адам Акырет бактылуулугун көздөгөн адам болуп саналат. Дене турпатынын гана камын көргөн адамдар хан сарайда жашаса да, зынданда жаткандай.

* * *

Ар бир адамдын эң негизги милдети – өзүн таанып, улуу Жаратуучу Эгесине жүздөнүшү. Өзүн таанып-биле албаган жана Улуу Жаратуучусу менен байланыш түзө албаган бактысыздар кандай баалуу казына ташып баратканын биле албаган кызматчы сыяктуу бул дүйнөдөн өтүп кете берет.

* * *

Адам баласы алсыз. Бирок Чексиз Кудуреттүү Аллага таянуу менен улуу күчкө ээ болору да анык. Ооба, ал Алла Таалага таянуу менен тамчыдан көлгө, кайырчыдан султанга айланат.

* * *

Адам баласы жаратылыш жана анда болуп жаткан кубулуштар менен байланышта болгонуна жараша көкүрөгүндө даанышмандык пайда болот. Эң негизгиси, бул жолдо атеизмге чалынып, акыйкатты жокко чыгарбаса болгону.

* * *

Чыныгы адамдар башка жандыктар менен окшош иш-аракеттерин тукум улоо багытында бир милдет жана зарылчылык чегинде орундатышат. Дене кумарына ашыкча берилип кеткендер болсо, башка жаныбарлардан айырмачылыгы азайып, адамдык сапаттан ажыроо абалына жакындашат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.