Билим жана түркөйлүк
Илимди башкалардын жазгандарынан пайдалануу, китептерден гана көчүрүп алуу пайдалуу делген менен, илхам жана изденүүгө тоскоол болгондуктан өтө зыяндуу деп да айтууга болот.
٭ ٭ ٭
Илим – туура жолго баштоочу негизги багыт болуп эсептелет. Айрыкча, ал илим диний булактардан азыктанса, асман-жерге сыйбаган байлыкка жана баага ээ болот.
٭ ٭ ٭
Азыр ачылыш жасаган чыгаандар эмес, туурамчы-көчүрмөчүлөр өсүп чыгууда. Илимий төңкөрүш жасай ала тургандарга муктаждык бар. Китеп, мектеп, парта, доска... булардын баарына сын көз менен карап, ишти жаңы жолдон баштоо керек.
٭ ٭ ٭
Түркөйлүк – начар дос, илим – күйүмдүү жолдош.
٭ ٭ ٭
Илим сылыктык менен бириксе, ашкере улук сапат пайда болот.
٭ ٭ ٭
Түркөй ачууланса бакырып-өкүрөт, акылдуу эмне кылуу керектигин ойлонот.
٭ ٭ ٭
Улук сапаттын негиздөөчүсү – илим, ибадат, сылыктык.
٭ ٭ ٭
Илим тажрыйбада колдонулбаса, куурап жок болору турган иш.
٭ ٭ ٭
Муктаждык илимий ачылыштарга түртөт.
٭ ٭ ٭
Түшүнүү менен билүү эки башка нерсе. Миңди билгенче, бирди түшүнүү пайдалуу.
٭ ٭ ٭
Эч качан “билбейм” дегенден уялбаш үчүн, өзүңдү “билбейм” деп айтууга көндүр.
Ар түрдүү жарыштар сыяктуу эле жардылыктын да жарышы болсо, сабатсыздык марага баарынан мурда келмек.
- Created on .