Илим

Так илимдер атеистикке алып барат деп коркуп, алардан оолак болуу – бала кыялдык. Динге, ыйманга карамакаршы, ыймансыздыкка түртөт деген түшүнүк түркөйлүк болуп саналат.

٭ ٭ ٭

Илимдер биздин бактыбызга кепил болуп, бизди адамдык бийиктикке жетелесе, анда пайдалуу. Эгер антпесе илим менен технология адам баласы үчүн коркунучтуу түш сыяктуу же жолубуздан чыккан желмогуздай.

٭ ٭ ٭

Доорубуздун башында илимге гана сыйынышып, бардык нерсени анын жолунда курмандыкка чалышкан кээ бир ою тайыз материалисттердин коркунучун доордун улуу илимпозу: “Динсиз илим – сокур, илимсиз дин – чолок” деген сылык сөзү менен четке каккан. Ал эми учурдагы сокур жана чолок адамдарды көрсө, эмне демек?!

٭ ٭ ٭

Так илимдерди кабыл албоо – түркөйлүк, так илимден башкасын жокко чыгаруу – сокур терс аяктык. Алган илим-билиминин жарыгында дагы билбеген көп нерсе бар экенин моюнга алуу – билимдүүлүк жана туура ой жүгүртүү.

٭ ٭ ٭

Илим жана техника адам баласына кызмат кылат, андан коркууга эч кандай негиз жок. Илимден эмес, түркөйлүктөн качуу керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.