мужиза жана керемет

Мужизага ишенбеген Алланы жана Анын кудуретин да баалай албайт. “Мужиза аркылуу ай бөлүнбөйт”- дегендин өзү “Алла айды бөлүп сала албайт” дегендик. “Өлгөн тирилбейт” дегендик, “Алла бул ишти жасай албайт”,- дегендей эле кеп.

* * *

Керемет – олуянын колунда жасалган адаттан сырткаркы иштер. Ошондуктан, бул да пайгамбардын мужизасынын чындыгын жана анын пайгамбарлыгын тастыктайт.

* * *

Керемет- өзүн пайгамбар санап албаган олуя адамдарга Алла Таала тарабынан берилет жана муну адамдын маңызын аңдай алгандар гана түшүнөт.

* * *

Олуялык – Алланы сүйүү жана Аллага сүйүктүү болуу даражасы. Алла Ага берилген бул пенделерин ойго келбеген улуу жакшылыктар менен камсыздап, эл ичинде даражасын көтөрөт.

* * *

Сезим түшүнүк жагынан катардагы адамдардан өтө өзгөчөлөнгөн жөндөмдөр берилген инсандар бир жагынан алганда пайгамбарлыктын бир шооласы болуп саналат. Алардын адамдардан айырмасы да ошончолук.

* * *

Олуя – бул даанышман адам. Даанышмандык философиядан канчалык жогору турса, олуя да философтон ошончолук жогору турат. Жадагалса салыштырууга мүмкүн болбогончолук деңгээлде айырма бар.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.