Баян
Жаратылыштын планын Мээрими Чексиз Улуу Заттын илими, архитектурасын Анын баяны сүрөттөгөн. Жаратылыш менен баян, бул ааламга бирге келишкен. Улуу Мээримдүү Жаратуучу, адамзатты жаратканда, ага жаратылышты, жаратылыштын парда артындагы маанисин баяндоо жөндөмүн берген, ушундайча бул дүйнөгө чыгарган. Ушул себептен кудурет калеминин учунан жоктукка алгачкы болуп аккан сыя тамчысы баян, Жаратуучу менен жаратылгандардын ортосундагы сырдуу байланышты ачыктаган дагы баян болуп саналат. Жер жүзүнүн чаң-топурагынан, суусунан, ылайынан жуурулуп белгилүү бир түзүлүш берилген инсан, илим байлыгы жана сүйлөөгө жөндөмдүүлүгү менен жердин халифасы жана ушул дүйнө жүзү мечитинде, жин жана инсандардын кутпачысы болуу даражасына көтөрүлгөн. Инсан баян менен Аллага маектеш болгон жана баян ортомчулугу менен Ага сүйлөй алган. Адам баласы сүйлөй баштаганда, жансыз жана үнсүз сыяктуу көрүнгөн нерселер дагы тилге кирип ар бири “Мала-и Аъладан” бир сап, бир параграф болгон макулуктар бир хатип сыяктуу баардык нерсе парда артындагы акыйкаттын сүйлөгөн тили, даанышмандыкка толгон баяны болгон. Баян болбогон учур болгон деп элестетсек, баардык макулуктар тилсиз жана баардык нерсе жансыз болсо керек. Ар бир макулук кандай сүйлөйт, сүйлөгөндө каалаганын кантип түшүндүрөт? Булар баарына табышмактуу нерселер. Бул темада маалым болгон нерсе, сүйлөө жөндөмү берилген адам баласынын, баардык нерсе жана иштерди каалагандай баяндап, талдай ала турган жөндөмдө болушу. Биз ар бирибиз өз алдынча бир тилбиз, бул тилдердин жаратылуу максаты баян. Эң улуу чындык болгон акыйкатты кабыл алып, бул бул темада жаратылышты симфония сыяктуу үнгө салган жана нерсенин жүзүнө тартылган парданы ачкан жана ага өзүн ачыктап түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн берген баян.. ой жүгүртүү казыналарынын эшиктериндеги кулпуларды ачкан ачкыч баян, борбордук кыймылдын айланасын кыймылга келтирүүсүнүн ачкычы баян, халифа наамы менен жаратылышка кийлигише алуу даражасына чыккан адам баласынын тактысы баян, калеми баян, кылычы баян жана халифалыгынын негизги эрежелери дагы баян. Баяндын желеги желбиреген жерлерде эң күчтүү аскерлер жеңилишке учурап, чачырап качат. Ал күркүрөгөн майдандарда замбиректердин үнү арынын ызылдаган үнүндөй болуп калат. Баян өкүмү жүрүп турган чептердин ичинде бир гана анын керней-сурнайынын үнү угулат. Анын добулбасынын үнүн угулуп турган чөлкөмдөгү өкүмдарлардын жүрөктөрү ооздоруна кептелет. Македонскийдин, Наполеондор кире албаган канчалаган чептер Баян Султаны Пайгамбарыбыз Мухаммедин (с.а.в.) баян күчү менен ачылып, баяндын алдында тизе бүгүп таазим кылышкан.
Курани Карим өтө кежир жана катуу жүрөктөрдө дагы жаңырган ушундай баян өрнөгү болуп саналат. Анын маселелерди маектештерине сунуу усулу өтө укмуш, таасирдүү.
Курандын баяны эч бир сөзгө окшобойт. Анда жүрөктөргө түздөн-түз агып кирип келген улуу күч бар жана араб тилинин өзгөчөлүгүн билбегендер дагы анын баянынын ыргагына арбалат.
Куран, ар түрдүү мүшкүлдөрдү чечүүчү кеңештерди өтө таасирдүү жолдор менен сунат. Ал баарын арбап алат же терең ойго салат, таасир берет жана эртеби, кечпи убагы келгенде сөзсүз аны баш ийдирет. Бул баян кереметинин сүйлөм, параграф жана абзацтарында терең маани, жүрөктөрдү эриткен ажайып ыргагы бар. Мазмуну, маани-маңызы жана темаларга ылайык тандалган сөздөр жагымдуу ыргактары менен баарын өзүнүн сыйкырдуу дүйнөсүнө тартат жана аларга керемет тартуулайт. Анын кандайдыр бир теманы баяндоо иретинде колдонгон сөздөрүнүн ордуна башка бир сөздү коюуну кааласаңар негизги максат чаргытылып, баяндын мааниси жоголуп, ал жандуу сөздөр өлүккө айланат.
Курандын сыйкырдуу баяндоо күчү ар түрдүү окуяларды өз учуруна жана окуя болгон жерге ылайык көрүнүштө жандандырып, көз алдыга алып келет жана угуп турган адамдарды таң калдырат. Куран эч качан жүрөктөргө терең таасир калтырган күчүнөн тайбайт. Колго алган ар бир маселерди ачык-айкын баяндайт жана эч кандай бүдөмүктүккө жол бербейт.
Анын маектеши бир гана акыл же жүрөк же рух эмес. Ал адам баласын материалдык-руханий жактарын чогуу талдап, кыска, нуска сүйлөйт жана маектештеринин көңүлүндө жалпы аалам, жалпы жаратылыш жана адамзат менен байланышкан жалпы түшүнүктү жаратат.
Ал өтө сыйкырдуу баяндардан дагы таасирдүүрөөк, тандалма жана өзгөчө сөздөрдөн дагы маанилүү. Бүгүнкү күнгө чейин ага атаандаштык жана тууроо максатында аракет кылган кызыл тилдүү чечендер анын баянына тең келе ала турган баян суна алган эмес. Араб акындары жана Шамси Табризий, “Чындыгында мен шекерден дагы таттуу ырлар жаза алам бирок терең маанидеги сөздөрдү тандоодо анын окуучусу гана боло аламын” деп айткан Фарийдуддийн Аттарлар, үнүнүн жетишинче “Мен Курандын кулумун” деген Мауланалар, Жаамилер жана алардын кылымдарды карыткан керемет чыгармаларынын эч бири баяндын султаны болгон Курандын сүрөттөө деңгээлине чыга алган эмес.
Алдыда дагы тереңирээк баяндоону максат кылуу менен, Курандын баяны тууралуу ушуну менен чектелип, кайрадан анын көлөкөсүндө бой керип өскөн ыр жана кара сөздөн турган чыгармалардын негизинде пайда болгон баяндын биздин зээндерибизде сакталган маанисине көңүл бурсак:
Биз баарыбыз бул дүйнөгө көзүбүздү ачканда биринчи болуп баян менен тааныштык, баяндын бешик ырлары менен чоңойдук, баяндын таасири менен белгилүү бир тарапка жүзүбүздү бурдук. Өмүрүбүздүн аягына чейин баян менен жашайбыз. Баян бул-жандуу өлүктөргө Кызырдын үндөрү, түбөлүк жашоону каалагандар үчүн жашоо суусу болуп эсептелет. Аны өлүктөрдүн өлкөсүнө жеткире алгандар, канчалаган жылдар бою жансыз жүргөндөргө “албаъсу баъдал маути” (кайрадан тирилүү) тартуулайт жана мазарлардын жанында сурнай үйлөгөндөй болушат.
Толугу менен эскирип, келгендин баары кете турган, конгондор көчө турган, “мал-мүлкү, жыргалчылыгы убактылуу куру кыял” болгон бул конок үйүндө ар дайым жаңы бойдон калган, түсүн жоготпогон жалгыз нерсе бул баян. Баян жаңырып турган жерлерде миңдеген инсандарга ойго батат, жаңы гүлзарларды кыялданып жашайт. Баяндын үнү угулган жерлерде булбулдар анын мукам үнүнө үнсүз кулак төшөй баштайт. Ээн токойлордо түлкүлөр куулугун таштап, арстандар куйругун кыпчып ийиндерине корголойт.
Жаратылыш китеби жана жаратылыш мыйзамдарынын маңызы, мазмуну, кооздугу баян. Алланын жолу болгон исламдын мөөрү, кылычы жана калеми дагы баян. Алтындын баасын зергерлер, сөздүн баасын чечендер билет. Алтындар, акактар, дүйнө үчүн жашагандардын көз карашында кошумча маани берет жана булардын баасы үч-төрт кадамдык тар ааламда башталат жана ошол жерде бүтөт. Баян болсо инсан жана жиндердин арасында, жер-асмандын түрдүү катмарларында мөөрүн баскан бир султан, өкүмдар жана ар дайым дастандардын каарманы болуп келген. Ушул күнгө чейин эч ким баян жеткен бийиктиктерге жете алган эмес жана эч бир аскер андай күчтүү куралга ээ болгон эмес. Биздин дүйнөбүздө ар бир пайгамбар бир сөз султаны ар бир адабиятчы ал султандардын нурунун бир шооласы. Мурункулар өзөк, кийинкилер бутак, мурдагылар уста, кийинкилер жумушчу. Булардын баары биргелешип иштеп, баяндан имараттар тургузушкан, сөз берметтеринен кооз жасалгаларды жасашкан.!
Сөз чечендеринин илхамдары келген учурда, жүрөктөр асмандан келген жамгырлар менен кулпуруп өскөн көк майсаңга айланат. Какыраган чөлдөр, алардын нөшөрү менен жашыл талаа болуп, көркүнө чыга келет. Баян бышып, жетилип, дарыя, тоодой болгон толкундары менен жээктерге урунган океан, деңиздерге айланганда, сөз ага эч нерсе каршы туруштук бере алгыс күчкө ээ болот. Анын үнү угулганда баардык орунсуз үндөр тыйылат, баардык сөзгө окшогон күбүрөнүүлөр токтойт. Ушундай бышып жетилген баян болуп жаткан мажилиске катышкан инсан, жүрөгүн ошого ача алгандыгына жараша, башкача сезимде жана жан дүйнөсү менен ага берилип угат.
Жакшы бир баяндын дээрлик баардык инсандарга, албетте алардын жөндөмдөрүнө жараша таасири болот. Кээде адам баласы, күчтүү бир баянды укканда, бийиктиктерде оболоп, учуп жүргөн куштар сыяктуу өзүн эркин сезет. Ушундай бир тартуу күч борборунун айланасында айланып учуп турганда, кайрылып өзүнүн жан дүйнөсүнө кулак төшөй алса, таасирдүү кыялдарга термелип, таттуу кыялдарга арбалат. Ушундай үндөрдү ар бир угушунда кайра-кайра тирилип, өздүк маңызын тааныйт. Кулактарында жаңырып турган сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн жан дүйнөсүнө агып кириши менен ар бир көз ирмемде башкача таттуу сезимдерге кабылат.
Биздин ой-жүгүртүүбүздөн оргуп чыккан сөз, угуучуну арбап алат, угуучулар дагы анын жылуу кучагына имерилип, бой салат жана ал жан эргиткен чөйрөдө өз жан дүйнөсүнүн байлыгына суктана ырахаттанат.
Кээде, адам баласы баяндын шоокумунан, Бейиш Каусарларын элестеткен дин-ыйман кайрыктарын, бул дүйнө жана акырет мелодияларын угат; баардык нерсенин түбөлүктүү дүйнөдөн келип, кайра түбөлүктүү дүйнөгө кете тургандыгын ойлоп, ыйман жана үмүтүнүн негизинде ар бир көз ирмемде ар башка кереметтерге күбө болуп ырахат алат.
Кээде баяндын ортомчулугунда өткөнгө назар таштап, өткөндү болгон баардык кооздуктары менен сезүүгө аракет кылып, бир музыка кайрыктары сыяктуу ага кулак төшөп, толкундангандан бийиктиктерде оболоп учуп жүргөндөй, руханий жашообузда убакытка көз каранды болбогон абалга ээ болуп, өзүбүздү өткөндүн чындыгы менен келечектин кыялдары тогошкон жерде мандаш куруп отургандай жана убакыттын үч чагын бирдей жашап жаткандай сезебиз. Ушул сезим менен түшкө айланган өткөн учурубуз көз алдыбызда жанданып, ыйман жана үмүтүбүздүн негизинде элестеткен келечегибиз бизге келип, кусалыгыбызды кетирет жана дагы бир жолу биз менен бирге болот. Бул сезимдер менен кыялдарыбызда чексиз бир күчкө, бууркандаган катуу агымга айланган дарыяда, бир абалдан башка бир абалга, бир сезимден башка бир сезимге, бир пикирден башка бир пикирге өтүп, кадимки түшүбүздө болгондой баардык нерсени ниет жана көңүлүбүзгө жараша элестетип, каалаган калыпка салып, каалаганыбыздай багыттап, каалаганыбыздай жашап, оболоп учуп, жерге түшүп, бутубуз менен басып, бир эмес миң болгондой башкача сезимдерге термелебиз.
Негизи биздин түпкүлүгүбүз менен байланышкан кыялдарыбызды азыктандырган, өстүргөн, аларга алдей айткан, аларга түбөлүктүүлүктүн жолун көрсөткөн улуу баян, сезимдерибизди миражга көтөргөндөй асманга көтөрүп, биз үчүн жогорку ааламдарда тактыларды тургузуп, үнсүз кыжаалатчылыкта болгон түбөлүктүүлүктү каалоо арзууларыбызга жооп берет; сезимдерибизди сөз менен айтып жеткире алгыс баалуулуктарга жеткирет; рухтарыбызды тулку бойдун чегине сыйбаган мейкиндиктерде саякаттатып, бизге жаратылыштын жагымдуу кайрыктарын угузат.
Аталарыбыздын жүрөгүнөн чыккан, алардан мурас калган баалуулуктарыбыздын эң баалуусу болуп эсептелген баян; тек гана маанилердин ачыктамасы, сөздөрдүн, ой-максаттардын мааниси эмес, ал ошол эле учурда көз караштарыбыздын тили, сезимдерибиздин кайрыктары, жүрөктөрүбүздүн толкушу, Алла менен маектешкенибизде бизге тилмеч, үмүттөрүбүздү келечекке алып учкан алтын канаттуу зымырык куш. Бүтүндөй бул ой-максаттарды камтыган жеткиликтүү баян өтө терең, жандуу, жагымдуу, күчтүү таасири менен толкуй баштаганда сезимдерди ойготкон катуу таасир берет жана бизге динибиздин улуулугун, элибиздин байлыгын, адамдарыбыздын аруулугун, эр азаматтарыбыздын аракет, кайраттарын, элдик баалуулуктарыбызды даңазалайт.
Жүрөктөрүбүздүн түпкүрүнөн чыга келген жана анын тереңдиктеринин маани-маңызын чагылдырган жакшы баян бизге ар дайым жан дүйнө жаңырыктарын, жүрөктүн согушун, сөз чебердигинин маани-маңызын сездирет жана байлыгынын, максатынын ыйыктыгынын өлчөмүнө жараша жогорудан келген үндөрдүн жаңырыктары сыяктуу жүрөктөрүбүзгө кирет жана бизге булагынан даамдар сунат.
- Created on .