Тээ алыстагы мечит
Тээ алыста өткөндү элестетип турган бир мечит бар эле. Биз ар жума сайын, инсандардын ал мечитке агылып келгендигин көргөндө, өткөндөн келип, бизди курчап алган кыялдардын кучагында калгандай ойлойбуз жана биз жашап жаткан учурдун чегинен ашып, өткөндүн сырдуу коридорлорунда жүрөбүз. Ал жакшы адамдар менен бирге болуу, купол жана дубалдардан жаңырган кыйкырыктарга, көкүрөктөрдөн чыккан жана көз караштарга чагылган үмүттөргө жана алтын доорубузга таандык үндөрдүн, сөздөрдүн, ойлордун бизди курчашына тойчу эмеспиз.
Мен бир топ жылдар мурда жүрөгү таза бир Анатолия инсаны катары ал күндө сезген руханий сезимди, ал күнкү жадымда жакшы издер калтырган мааниси терең көрүнүштөрдү, бүгүнкү ой жүгүртүүмдөн жана философиямдан аларга эч нерсе кошумчалабастан аларга баа берүү менен сактап келем жана өзүмө өзүм “Аттиң ошол алтын күндөр уланып турсачы.” деп ал күндөргө куса болуу менен сыздайм. Ичимден сыздайм, бирок, мен ичинде маанисиз бир сызыкча же эч нерсеге арзыбаган бир чекит сыяктуу жашаган ал кереметтүү жана таттуу күндөрдү кайрадан эч качан кайтаруу мүмкүн эмес экендигин билем. Балким, мындан кийин дагы көптөгөн мечиттер толуп ташат, канчалаган Алланын досторунун үндөрү жаңырат, баардык жерде тилдер бир гана Алланы даңазалайт, Алланы таанытат, бирок, өткөн тарыхтагы ал таттуулук жана жандуулук эми эч качан сезилбейт.
Ал мечитте жыйналган инсандардын эч биринде үмүтсүздүк жок эле жана болушу дагы мүмкүн эмес болчу. Ал жерде жек көрүү, өч алуу, ачуулануу деген нерсе болчу эмес. Себеби, жүрөктөр соо, сезимдер туптунук, инсандык мамилелер жылуу жана көз караштар бейпилдик сунуп турчу. Ал мечиттин короосун дагы күнүмдүк ушак-айың, дүйнө жана акыретке пайдасы болбогон, зыяндуу ойлор кире албайт эле.
Ал жерде инсандар ар дайым жалгыз гана Алланы ойлоп жана Жаратуучунун ыраазычылыгы үчүн топтолушуп, чын дилден бири-бирине кучак жайып, өз ара өтө бекем ынтымакта болушчу. Ал мечит инсанды арбап алчу.
Арадан мынча жылдар өткөндүгүнө карабастан, дагы эле жадымда жандуу бойдон сакталып калган ал күндөрдү барактасам, жүрөгүм титиреп, көздөрүм жашка толчу жана “Ах, өткөн күндөр!” деп сыздайм. Тээ алыста калган ал күндөрдөгү периштелерди элестетип турган ал жамааттын элеси көз алдыма тартыла калганда, учурубуздун маанисиз абалынан алыстап, ал ыймандуу жана үмүттүү инсандардын арасына кошулгандай болуп, көңүлүм ачылат. Кыялдарыбыздагы ал күндөрдүн жандуу элестери менин көз карашымда өтө терс көрүнгөн сөздөрдү жана абалдарды дагы жумшарта тургандай чын дилден болчу.
- Created on .