Сабатсыздык жана түркөйлүк айлампасы

Жаңы бир кызмат кылуу мезгили келгенде, жүрөктөрүбүздө Зулайканын ашыктыгы, кусалыгы, Якубдун сыздашын сезип жатабыз. Көзүбүздү ачып, көңүлүбүздү шаттанта турган сүйүнүчтүү кабарларды күтүүдөбүз. Башаламан, катаал, караңгылык өкүм сүргөн жылдардагы балакет, кыйынчылыктардын алдында эзилген инсандарыбыздын аянычтуу абалын көрүп туруп, жан кейибей коё албайт.

Барып, биз менен бир багытта болгон өлкөлөрдү бир-бирден кыдырып чыксаңар, жүрөгүңөр оорушу анык.Эң чоң борборлордон эң кичинекей шаарларга, инсандар жыш отурукташкан аймактардан чет-четтеги айыл-кыштактарга чейин баардык жерде сабатсыздык жана түркөйлүк өкүм сүрүп, социалдык мүшкүлдөрдүн бир айлампага айлангандыгына күбө болосуңар. Убагында дарыланбагандыктан, айыкпас дартка айланган ооруларды көрөсүңөр.

Албетте, бул оорулардын арасында, коомубузду кыйроого учураткан, айыкпаган дарт бул сабатсыздык. Бир нерсе билбештик, билген нерселерин пайдаланбоо, Алладан жана акыйкаттан кабарсыз болуу маанисине келген түркөйлүк, дээрлик баардык доорлор үчүн каргашалуу балээ болуп келген. Баардык элдер сыяктуу, бизди дагы жаман абалга алып келе турган бул каргашалуу саз кургатылбастан, элдерге акыйкат таанытылып, муундар элдик көз караш жана тарыхка ээ чыгууга чакырылбастан жана бул элдин руханий түпкүлүгүнө туура келбеген баардык терс агымдар тосулбастан, коомубузду кучагына алган каатчылыктан кутулуубуз жана бул коркунучтуу оорунун айыгышы мүмкүн эмес.

Дүйнөнүн эң өнүмдүү талаалары, эң берекеттүү өрөөндөрү болуп саналган жерибизди жана дарыяларыбызды пайдалана албай, бейиштин бакчасындай болгон өлкөбүздү урандыларга айлантуубуз сабатсыздыктын себебинен эмеспи. Баардык тарабы Ирам бакчасына окшогон өлкөбүздүн койнундагы кен-байлыктардан кабарсыз жашап, жерибизди пайдаланып, кен-байлыгыбызды иштете албадык. Мындан дагы жаманы өз алдыбызча иш аткара албайбыз деп ишенип алып, баардык эркибизди жоготтук. Ушундайча коомубузду ичинен кемирип турган сабатсыздык караңгылыгы азыркы күнгө чейин уланып келди.

Коомубуз бул нерседен чыгууга үмүттөнүп, исскуство жана технологияда өнүгө баштаган бул жаңы доордо, инсандарыбыз башкача бир түркөйлүк айлампасына кабылды. Замандаштарыбыздын илим жана технологиясын көрүп, башы айланган, көз карашы бузулган кээ бир адамдарыбыз, мамлекетти өнүктүрүү ою менен, жүрөктөрү ыйман, зээни илим жана даанышмандык менен, өлкөнүн төрт тарабын өнөр жана соода менен өнүктүрүүнүн ордуна, элдик көз карашты тебелөө, бүтүндөй адеп-ахлактан ажыроо менен, заманбап деңгээлге чыгабыз деп ойлоп, элдик руханий баалуулуктарга ырайымсыз сокку урду. Бир жагынан алганда бул экинчи түркөйлүк, өлкөбүз жана инсандарыбыз үчүн катуу кыйратуучу жана коркунучтуу болду. Себеби, биринчиси илим менен жоюлса, бул экинчиси илим жана маданияттын атынан баардык жерге кирип, баардык жерде “жакшы кабыл алынып” жана баардык жерде мактоого алынып жатты. Биринчиси өлкөнү баштан-аяк кыйратып, урандыга айландырган эле. Экинчиси болсо, элдин баардык улуулуктарын, руханий тектүүлүгүн, башкалардын бактылуулугун ойлоо сезимдерин жок кылды жана элдердин башын айландырды.

Келечекти курууну өз кепилдигине алган жол баштоочу жана тарбиячылар бул эки түркөйлүккө каршы күрөшүп, бул багытта баардык туура жолдорду колдонуу менен, инсандарыбызга туура жолду көрсөтүү менен эл агартуу милдетин бир көз ирмемге дагы токтотпошу керек. Ал үчүн, үй-бүлө, мектеп, чайкана, айыл кыштакка чейин баарды жерди мектепке айлантып, жалпы элде маданият акциясын уюштурууга зарылдык пайда болгон. Түркөйлүккө, пикирсиздикке, тууроочулукка, элдик маданият жана сыймыктан кабарсыз болууга каршы жалпы акция уюштурулуп, жеңил ой менен берилген өкүмдөр сынга алынып, илимдерге жаңы бир көз караш тартуулоо керек.

Ушундай абалда, бул ыйык милдеттин жол баштоочулары мугалимдер болуусу бышык. Инсанды, рух менен денесин бирге баалап, анын жаратылыштагы ордун жана жаратылыш менен байланышына көңүл бурган, жаратылышынын максатынан ылайык жүрөктөрдү кубандырган, кайыпты жана биз күбө болуп турган дүйнөнү бир бүтүндүн эки жүзү сыяктуу көрө билген мугалимдерге муктаждык бар.

Ооба, инсандын материалдык түзүлүшүн кабыл албаган монахтык көз караш жана мистисизм, адам баласы үчүн канчалык зыяндуу болсо, анын бир гана материалдык түзүлүшүн кабыл алып, руханий тарабын кабыл албаган философиялык көз караштар дагы ошончолук, балким андан дагы зыяндуу болуп эсептелет. Адам баласынын өзгөчө бир жандык экендигин, жаратылышта маанилүү орун ээлей тургандыгын жана анын табияты бир топ улуу милдеттер менен милдеттендирилип, ошол себептен өзгөчө орун жана деңгээлдерге татыктуу экендигин байкабай коюу, сезбей калуу мүмкүнбү..?

Илимдердин баардык түрүнөн пайдаланууга жөндөмдүү, жаратылышка кийлигишүү жөндөмү берилген, кооздуктардын баардык түрүн байкап, жактыруу жөндөмүнө ээ, ылаззаттардын баардык түрүн айырмалай билген, жан дүйнөсү түбөлүктүүлүктү каалоо менен мас, жүрөгү “түбөлүк, түбөлүк” деп сыздаган жандыкка кантип милдет жүктөлбөсүн жана кантип келечеги болбосун..?

Аны милдетсиз жана жоопкерчиликсиз, бактылуу келечектен куржалак көрүү, бул улуу жандыкты башка жаныбарлардын деңгээлине түшүрүү менен, анын материалдык-руханий жөндөмүн жана сезимдерин жокко чыгаруу жана ага жолдордун эң катаалын көрсөтүп, дүйнөсүн караңгылатуу болуп саналат. Адам баласына мындан өткөн зулум жана адилетсиздикти кылууну элестетүү мүмкүнбү?

Биздин оюбузча чыныгы мугалим жана жол көрсөтүүчү, мына ушундай жөндөм менен бул дүйнөгө жиберилген инсанга туураны үйрөткөн, туура пикир берген, анын көңүлүн толкутуп, рухун оболоткон, жолун тоскон баардык караңгылыктарды жана орлорду жок кылып аны жарык чөлкөмдоргө жеткирген азамат болуп саналат.

Учуру келсе, бул куттуу акыйкат жолдогу азаматтын таш-топурак алтынга айланат; эч нерсеге арзыбагандай көрүнгөн нерселер бааланып, напсинин кулу болгон инсандар напсинин кулдугунан кутулат.

Өзүн инсандарды туура жолго чакыруу милдетине арнаган, окуучуларынын ар бир кадамын көзөмөлдөп турган, жашоосунун баардык учурунда аларды инсандык улуулукка чыгаруу аракетинде болуп, илими менен аларга акыйкатты көрсөтө алган, кээде чагылган сыяктуу жарк этип, андан кийин руханий дүйнөсүндө жаккан чырагы менен окуучуларынын жүрөктөрүн жарыткан мугалим кандай ыйык..!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.