Ак кагазга окшош балалык

Ар бир эл, өлкөсүн, инсандарын жана элдик баалуулуктарын аларга аманат калтыра турган жаш муундарын, өз көз карашынын багытында жана өз маданияты менен тарбиялоосу керек. Андай болбосо, ал элдин келечекте өздүк маңызын сактап калуусу мүмкүн эмес. Жаңы муундун тарбияланышында баары кабыл алган эки маанилүү очок бар жана алар маанилүүлүгү жагынан бирдей. Алар: үй-бүлө жана мектеп.

Сезимдер жана көз-караштар алгачкы жолу үй-бүлөдө, урук сыяктуу наристенин жан дүйнөсүнө себилет, андан кийин өсүп-өнүүсү үчүн ташталат. Узак убакыт күткөндөн кийин, топуракты жарып чыккан эгин сыяктуу, көз, кулак жана сезим жолу менен алардын ичине себилген инсандык жана ислам динине тиешелүү баалуулуктар дагы баш чыгарып, бой керип өсөт. Себеби, бул учурда дагы ал өз ой жүгүртүүсүно жараша баардык нерсени көрөт, сезет, ойлонот жана убагы келгенде руханий дүйнөсүнө жана эске тутуусуна урук сыяктуу себилген бул нерселер-табигый, социалдык жана адеп-ахлак эрозиясына учурабаса-гүл ачып, мөмө бере баштайт. Бир канча жылдар өткөндөн кийин дагы, мурда көрүп, сезген баардык нерсе анын жан дүйнөсүнө таасир берип, жылдардын артынан үн каткан насаатчы сыяктуу аны туура жолго багыттайт жана ага ар дайым нур болуп берет.

Арадан жылдар өткөндөн кийин дагы, өзүнө таандык балалык ой-жүгртүү менен көрүп, сезгендерин, сезип, түшүнгөн нерселерин, жашоонун тажрыйбасына жараша дагы терең сезип, түшүнөт жана дагы бир жолу чын дили менен жашайт...

Алгачкы учурларга таандык эсте калган нерселер, балдардын зээн жана кыял деңгээлдерине жараша калыптанат, эр жетип чоңойгон сайын тереңдейт, ушундайча жашоосунда аны менен бирге жашайт. Убакыттын өтүшү менен көрүп, сезгендери, угуп түшүнгөн нерселери ал наристе зээндерде, эч өчпөй тургандай болуп жазылат жана алар кааласа дагы каалабаса дагы мурдатан жазылып калган бул нерселерди көрсөтүшөт.

Ал гана эмес биз дагы, бир азга кыялдансак, бир топ эскерүүлөр акылыбызга келет. Өмүр бою, жашоонун ар бир учурларында ошол кыялдар эсибизге келип, кээде кубанып, кээде селт эттирген эскерүүлөрдү унута албайбыз. Биз жана түштөрүбүз бизден мурдагылардан калган из болгондой эле, балдарыбыз, алардын түш жана кыялдары дагы биздин аларга калтырган мурастарыбыз болот. Бизди адам кылган адеп-ахлагыбыз, мүнөзүбүз, табиятыбыз, жолубуз, жандуулук берген ышкыбыз, жан дүйнөбүздү өлтүргөн менменсинүүбүз жана үмүтсүздүгүбүз, ал гана эмес арзууларыбыз, каалоолорубуз бизге тегибизден агып келген таза же булганган кан сыяктуу. Азыркы учурда аткарган баардык нерсебиз, ал учурларда бир урук сыяктуу жүрөгүбүзгө жана жан дүйнөбүзгө себилген. Ал күнү сезимдерибизден орун алган баардык нерсе, убакыттын өтүшү менен жан дүйнөбүздө өнүп-өсүү менен биздин бир бөлүкчөбүзгө айланып, биз менен бирге жашайт, бизге жол көрсөтөт, кеңеш берет. Эгер бул алгачкы уруктар жакшылыктын жана тууралыктын уруктары болсо, коргоочу периштелер сыяктуу бизди бир көз ирмемге дагы таштабастан бизди көзөмөлдөп, бизге бейиш жолун көрсөтөт.

Балалык чагыбызга таандык болгон, чындык-кыял аралаш дүйнөбүз бүгүнкү жашообуз үчүн негиз сыяктанат. Келечекте жасай турган ачылыштарыбыз, аныктоолорубуз ушул негизге жараша курулуп, пайда болот. Шарттар туура келбегендиктен өнүп-өсө албаган мөмөлөр сыяктуу, биздин ал учурдагы жөнөкөй жана тайыз маалыматтарыбыз өнүгүү мүмкүнчүлүгүн таба албаса куурап жок болот.

Биз балалык чагыбыз менен өтө тыгыз байланышыбыз болгондуктан, ар дайым ал күндөрдүн, ал күнкү чөйрөнүн окуучулары болгондугубузду айта алабыз. Негизинде балалык, өспүрүм учур жана инсандык толук калыптанган учур бири-бири менен өтө тыгыз байланышта болгондуктан биринин кайсыл учурда бүтүп, экинчисинин кайсыл жерден башталгандыгын так айтуу кыйын.

Биз балалыгыбызда көп нерселерди байкай албайбыз. Андан кийин зээндерибизге жайгашып калган бул нерселердин бир замат сезимдерибиз менен биригип, жан дүйнөбүздүн бир бөлүкчөсүнө айлангандыгын көрүп, сезебиз. Балалык жана өспүрүм чагыбызда тагдырыбыздын түшүн көрүп жаткандай, инсандык жактан толук калыптанып калган учурубузда аларды жашап жаткандай болобуз.

Ар дайым окуялардын сырткы көрүнүшүнө карап гана баа берүү менен чектелип калган акылыбыз, күнүмдүк окуялар менен көңүл ачып, инсандык сезимдерибиз, акыл жетпеген, ал гана эмес кайдыгер караган кээ бир акыйкаттар менен таанышып, алар менен байланышта болот жана алардын жарык чөйрөсүндө өлбөстүккө жетет.

Ушул себептен, жашоону талдай баштаган алгачкы учурубузга таандык көз, кулак жана сезимдерибизге кирген баардык жакшы нерселер, эч жок болбостон зээнибизге отурукташат, андан кийин өнүгүү убактысын күтөт...

Наристе ал учурда жан дүйнөбүзгө из калтырган бул маанилердин убакыттын өтүшү менен тереңдеп, башкача абалга келээрин сезбесе дагы, мезгили келгенде ал жаш кыялдар бир-бирден көрүнүп, инсан калыптанат.

Бирок балалык жана өспүрүм учурунда сезилген жана андан кийин зээндерде сакталып калган баардык сезимдер корголуп, сакталып калбаса өчүп кетет жана алардын ордун башка нерселер ээлеп калат. Баланын балалык чагында маани бербестен караган нерселери ар бири өз алдынча бир акыйкаттын өзөгүн түзгөн канчалык жакшылыктар бар болсо, өчүп бараткан жазуулардын үстүнөн кайрадан калем менен жаңылап жазып чыккандай, кайрадан каралып өнүктүрүлбөсө, жабык бойдон калып, үмүт кылынган натыйжаны бере албайт...

Ооба, эгер бул алгачкы сезимдер жана көз караштар мектепте азыктандырылып, өспүрүм учурда колдоого алынып, андан кийинки учурларда акылдын коргоосуна алынбаса, өсүп-өнүкпөстөн өлүп жок болуп кетет.

Мектептин алгачкы милдети, баланын сезимдерине кирген бул жакшы уруктардын коргоого алынышы жана өнүктүрүлүүсү, зыяндуу нерселердин уруктары тазаланып, алынып салуусу болуп эсептелет.

Баланын алгачкы көрүп сезгендери, күбө болгон нерселери канчалык туура жана жакшы нерселер болсо дагы, анын жан дүйнөсү толугу менен өнүктүрүлүп, ишке салынышында мугалимдер негизги ролду ойнойт. Алардын ортомчулугу менен бала кайрадан өздүк маңызын табат, көз карашын жөнгө салат, тегинин маданиятын үйрөнүп, улуу максаттарга карай арыш керет...

Мектеп, ар түрдүү илим тармагында болгондой эле, диний жашоо, өлкө-эл маселелери жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларда дагы аларды жөнгө салып, усулдуу ойлонуп, усулдуу иш-аракет жасоону үйрөтөт жана үй-бүлөнүн алардын ички дүйнөсүндө жайгаштырган жакшы нерселерди өнүктүрө турган жалгыз илим очогу. Усулдуу ойлонуп, усулдуу иш-аракет жасоо илим жана даанышмандык жагынан маанилүү негиз. Акылдын илхамды кабыл алууга ачык абалга келтирилип, туура колдонулушу деген мааниге келген хикмат (даанышмандык), дин, адеп-ахлак жана өнөрдүн дагы эң маанилүү колдоочусу жана эң берекеттүү булагы.

Бул көрүнүштөгү мектептин максаты, ал жерден таалим-тарбия алуучуларды жогорку сапаттарга жеткирүү жана бир убактарда болгондой аларга улуу маданияттарды куруу жолдорун көрсөтүү... Бул максатка жетүү үчүн, окуучуларынын ар бирине көңүл буруп, аларга ыйыктык жана коомдук баалуулуктарды жашап көрсөтүү менен үйрөтүү, баардык жагы бөтөн көз караштар менен булганган өлкөбүздө, нукура элдик адеп-ахлактын өнүктүрүү, улуу сапаттарга ээ инсандын тарбиялап чыгаруу керек.

Андай болбосо, жаман чөйрөлөрдө жаштарды сактап калышыбыз кыйын.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.