Мунаралардын үнү

Мунаралардан чыккан үн кылымдар бою элибиздин үнү болуп келген. Биз ал үндөр жаңырып турган дүйнөдө төрөлүп, өстүк. Ал ыйык үндөр менен таң атырып, күн батырдык. Негизинде ал үндөр, күндө беш убак бизге ким экендигибизди, биздин ордубузду эстетет. Биз ал үндөр менен өзүбүзгө келип, жаратылуу максатыбызга, чыныгы инсандык бийиктикке бет алабыз.

Бул улуу чакырык биздин дүйнөбүздө көктөн түшүрүлгөн күндөн бери өз нукуралыгын, асылдыгын жоготпостон ар дайым жаңырып турду. Баардык нерсе акырындык менен кыйроого учураган каар заманда, кээ бир бөтөн көз караштардын таасири менен түркчөгө айланса дагы ал баардык учурда жана баардык аймактарда өзүнө таандык маани-маңызы менен сакталып, бүгүнкү күндөргө келип жетти. Кудай буюрса, мындан кийин дагы сакталып кала берет.

Мунаралардан да жер жүзүнө периштелер менен бирге бейпилдик келип орноп, бул учурда жин шайтандар куйруктарын кыпчып, качып жоголушат. Мунаралардан үн чыгышы менен асман-жер титирейт. Кээ бирлер аны көздөй чуркап, кээ бирлер андан качышат. Жүрөктөр шаттанып, напсилер үмүтсүздүккө түшөт.

Мунаралар турган жерлеринде жалгыз, алар жалгыз сөз башташат жанан бир канча кадам аралыктан кийин дагы башка үндөр аны коштойт. Кээде мунаралар бири-бирине жакын болгондуктан, убакыт кириши менен баары бирдей таңшыйт жана түрдүү аспаптар сыяктуу бири-биринен айырмаланган үн чыгарышат. Үндөр ар түрдүү, бирок бир хордогудай айкашып, бирдикте болушат; биз аны ошондой сезебиз.

Мунаралардан чыккан үндөр бизди руханий ааламга чакыргандай эле, көк асмандын тереңдиктерине жаңырып, “Сөздөрдүн эң таза жана жакшысы Аллага көтөрүлөт” деп айтылгандай асман эшиктерин ачып кирип, жогоруларга көтөрүлөт. Ал үндөр жеткен баардык жерде кыймыл башталат: инсандар топ-тобу менен даарат алууга чуркайт, Алланы улуктоо жана Ага таазим кылуу менен намазга турушат жана ар ким ар кандай сезимде болот. Буга жооп катары жогорку ааламдагылар дагы аруулуктарына жараша, Алланы даңазалашат. Ооба, бул үндөрдүн сыйкыры менен баары, өз абалынан башкача бир абалга өтөт. Периштелер дагы жердегилерди суктануу менен карап калышса керек. Бул алтын үндөр асманда желбиреген желек болуп, алардын көлөкөсүндө жогорку ааламдарга кол созууну каалайбыз жана качан мечитти көздөй бет алсак, өзүбүздү канаттарын күүлөп, асмандын тереңдигин көздөй бет алган куштар сыяктуу сезебиз.

Мунаралардын үнүн кээде жоготкон бейишке бир чакырык сыяктуу кабыл алабыз жана миңдеген жылдар мурда жоготконубузду таап, кусалыктан кутулуу үчүн ашыгабыз. Мунаралар “Алла Улуу” дейт, биз Фирдауска жол алгандай мечитти көздөй кадам таштайбыз. Алардан күбөлүк келимеси угулуп, биз “биздин максатыбыз ушул” деп жүрөгүбүз толкуйт. Алар “Чексиз Нурду” даңазалайт, жогорулардан көздөрүбүзгө көңүлдөрүбүзгө нур жаайт. Анын артынан “Шашылгыла Алланын мээримине, периштелер силердин күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн дуба кылсын!” деп мунаралар таңшыйт. Кубанып, толкундануу менен дагы бир жолу күнөөлөрдөн арылуу багытына кадам таштайбыз. Мунаралар ар дайым бирдей нерсени созолонтушса дагы, түрдүү адамдар тарабынан ал түрдүүчө кабыл алынат: наристелер алдей сыяктуу, оорулуулар Аллага жүз бурууга чакыргандай, карыялар мээрим өкүм сүргөн ааламга даярдануу эскертүүсү сыяктуу, жаштар эрктерин бекемдөөгө чакырыктай сезишет бул үндөрдү. Ооба, сөздөр-үндөр бирдей болсо дагы жан дүйнөгө берген таасири угуп-талдоолорго карата түрдүүчө болот.

Кээде мунаралардын үндөрү учкун сыяктуу жүрөктөрүбүздүн үстүнө чачылат жана анын артынан кыялдарыбызда өчпөгөн жалынга айланат. Ал гана эмес кээде бизди Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) дооруна, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мечитине алып барат, Билалдын (р.а.) үнүн угузат жана бизге заманга көз карандысыздыктын ылаззатын сездирет.

Мунаралардын үнү көбүнчө бизге алмустакта рухтарыбыздын Ага берген сөзүн эске салат. “Мен сиздин Раббиңер эмесминби? деген суроосуна, кыймыл-аракетибиз менен “Ооба, Раббибизсиң.”деп жооп беребиз. Андан кийин Ага эң жакын боло тургандыгыбызга ишенген көзөмөл жайына чуркап, берген убадабызды чын дилден жаңылайбыз.

Кээде мунаралардын үнү, өтө таасирдүү жана арбап ала турган деңгээлге жеткенде, эң катуу жүрөктөр дагы туруштук бере албай, убактылуу болсо дагы алар да ачылат. Эң кооз сөздөрдөн түзүлгөн үндөр ал жүрөктөргө кирип келет жана бүтүндөй инсандык сезимдерге таасир кылат.

Кээде мунаралардын үнү сыдырым жел сыяктуу жумшак согуп, ошол эле учурда үстүбүздө жамгырлуу булуттарга айланат. Андан кийин шүүдүрүм тамчылары сыяктуу башыбыздан ылдый төгө баштайт. Периштелердин канат каккан үндөрүнө аралашкан сыяктуу башыбыздан ылдый куюлган бул кайрык жана нур жамгырына күбө болгонубузда, өзүбүздү бир жарыктык шаркыратмасынын ичиндегидей сезебиз.

Мунаралардын жагымдуу үндөрүн ар жолу укканыбызда, энелерибиздин мээрим сезилген демин жана мукамдуу алдей айткан үндөрүн уккандай болуп, өзүбүздү ошол кыялыбыздагы мээримге тапшырып, андан кийин жүрөктөрүбүздүн дартын жана кусалыгын айта баштайбыз, наристелер сыяктуу улутунуп, кыялдарга чөмүлөбүз!

Азан биз үчүн ар дайым жүрөктөрүбүзгө кайрылган сыйкырдуу баян болуп келген. Бул үндөрдүн кандай мааниге келе тургандыгын, эмнеге чакыргандыгын, жана эмне үчүн чакыргандыгын билгендер билет жана ар дайым аны сүйөт. Ушул себептен мунаралар ал ыйык үндөрдү качан созолонтушса, алар дагы демдерин ичине тартып, ал ыйык үндөрдү кайталай башташат. Бул үндөрдүн аларга жакындыктары болбогон адамдарга дагы терең таасири бар.

Жогорку ырда айтылгандай жер-асман ушул үндөр менен сыздайт. Бизге бул үндөр жогорку ааламдарга бир нерсе жеткирүүгө аракет кылып жаткандай сезилет жана бул үндөрдөн түбөлүктүүлүк үнүн уккандай болобуз. Бул үн уйкуда болгон баардык сезимдерибизди ойготот.

Бир учурда мунаралардын үнү тыйылып, бирок, азанчы руханий толкундоолорубуздун дагы бир аз уланышы үчүн түрдүү келимелерди айтат. Азанчы коомат менен бизди Алланы алдында турууга чакырат. Учуру келгенде “такбир” жана “тахмидде” (Алхамдулиллах) имамды коштоп айтып турат. “Аллоохумма антас салаам” менен, момундардын баарына саламаттык убада кылгандыктарын жар салат. Көңүлдөрүбүздү, тасбих, тахмид жана такбир менен дагы бир жолу көтөрөт жана бизге башка дүйнөгө ачылган укмуштуудай ажайып терезелерди ачат жана буга күбө болгон пенде руханий дүйнөсү толкуп Кудурети Чексиз Заттын алдында дароо тизе бүгүп, жалбарат.

Биз качан жамааттын дагы үндөрү кошулган бул наздуу кайрыктарды уксак, жогорку ааламдардын руханий атмосферасы шаркыратма сыяктуу үстүбүзгө төгүлүп, тасбих жана мактоо айтуу менен тазаланып жеңилдеп калгандай болобуз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.