Алланын адеп-ахлагы менен мүнөздөнүү

а) Сүйлөө адеби

Бул жерде талдоого алына турган нерсе, түздөн-түз “Алланын улуу ахлагы менен мүнөздөнүү маселеси. Бүтүндөй көз караштарыбыз, кыймыл-аракеттерибиз, ал гана эмес досторубуз менен жолукканыбызда, маектешкенибизде, ар дайыма талкуулай турган маселелерибиз, балдардын зээндерине жайгаштырууну көздөгөн маселелер болушу керек.

Албетте, бир үйдө, бул дүйнөгө байланыштуу маселелер дагы сүйлөшүлөт. Бирок, балдардын жанында бул маселелерди сүйлөшкөндө алар дагы эске алынуусу керек. Тактап айтканда, мүмкүн болсо, аларга тиешеси болбогон маселелер алар бар жерде айтылбай , айрыкча, аларды кыйноого сала турган маселелерден алыс болуу керек. Ооба, баланын руханий тарбиясында жашына карата нерселер берилип, ага оор келген нерселер жүктөлбөшү зарыл. Үйдө жана башка жерлерде алар жаныбызда болгон баардык учурда сүйлөнө турган нерселер алардын ошол жерде болушуна байланыштуу болушу абзел.

Мүмкүн болушунча алардын жанында сүйлөшкөндөрүбүз, Азирети Алла, Ага ыйман келтирүү, Анын берген ырыскы-нематтары жана Анын дини тууралуу болушу керек. Принцип катары үйдө, балдардын жанында, алардын кыймыл-аракетинен көрүүнү каалаган маселелерди талкуулашыбыз абзел. Себеби алар ата-эненин эң маанилүү маселелери кандай экендигин сезүүлөрү керек. Бул кеңештерге жакшы көңүл бурулуп, кабылданса, баланын келечектеги көйгөйлөрүнүн басымдуу бөлүгү чечилген болуп эсептелет. Албетте, кийинки учурлардын дагы өзүнө жараша көйгөйлөрү болот, ордуна ылайык алар тууралуу дагы баяндайбыз.

б) Ырайым жана мээримдин чеги

Биз бул жерде баяндоону каалаган дагы бир маселе; балдардын ырайым жана мээрим кылуу сезимдерин өстүрүу, аларды мээримдүүлүктүн каарманы кылып тарбиялоо маселеси. Бул маселеде дагы эң таасирдүү жол, жашап көрсөтүү. Бул жерге байланыштуу айтыла турган нерсе, эшигибиздин алдына келип, колун тосуп, суранган адамга эркек аялынан мурда, аял күйөөсүнөн мурда, этектерине бир нерсе салып алып, аларга берүү үчүн чуркоолору жана терең таасирденүү менен кайырчынын жанына жетип барып, алардын көйгөйлөрүнө кулак төшөө, балдардын мээримдүү болуп, өсүп-чоңоюулары үчүн таасирдүү сабак болсо керек.

Балдардагы мээримдүүлүк сезими ген аркылуу атадан балага өтүшү дагы мүмкүн. Мисалы кээ бир балдар кичинекейинен эле көз жашка жакын болушат. Бул нерсе алардын кийинки учурларда сезимтал, боорукер боло тургандыгынын белгиси. Чындыгында кээде алар, өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн ыйлап жаткандай көрүнүшөт, бирок сезимталдык жана боорукердиктен ыйлоо ар дайым өзгөчөлөнүп турат. Кандай болсо дагы балдарыбыздын мээримдүү жана боорукер болуусун кааласак, үйүбүздө ар дайым мээримдүүлүк өкүм сүрүп турушу керек.

Баланын сараң, дүйнөнү жакшы көргөн, материалдык нерселерге гана берилген болуп өсүшү, анын өзүмчүл, өз пайдасын ойлогон, бейбаш болуп калышынын алгачкы себептери болуп эсептелет. Мындай бала, эгер Алланын ахлагы менен мүнөздөнө турган болуп тарбияланбаса, бул нерсе ал баланын бул дүйнө жана акыреттеги түбөлүк жашоосунда дагы бир бактысыздыкка алып келиши ыктымал.

Ооба, мээрим жана боорукерлик өтө маанилүү. Жоомарттык бул нерсенин ачык көрүнүшү. Мээрим каармандары ар дайым пайдага ээ болушса, мээримсиздер ар дайым жоготууга учурайт. Жоомарт, күнөөкөр болсо дагы бейишке кириши мүмкүн. Сараң, момун болсо дагы бейишке жетүүсү кыйыныраак. Ушул себептен, балдардын мээрим жана боорукердик сезимдерин өөрчүтүп, колу ачыктык, жоомарттык сезимдери күчтөндүрүлүшү зарыл. Ооба, жан дүйнөсү менен Аллага жакын болушу үчүн балага жоомарттыкты, садага берүүнү үйрөтүшүң керек. Дагы бир жолу кайталап кете турган нерсе, садага берүү иш жүзүндө көрсөтүлбөсө, сөздөр менен тастыкталбаса таасирдүү боло албайт. Кыймыл-аракеттерибиз менен көрсөткөндө гана айткан сөздөрүбүз периште үндөрү сыяктуу таасирдүү болот.

в) Сыйлык берүү

Дагы бир айтыла турган нерсе, жетишкендиктерине жараша балдарыбызга сыйлык берүү. “Жетишкендиктерине жараша” деген сөздү атайын айтып жатамын. Себеби, чоң жетишкендиктер үчүн ошого жараша, кичинекей бир ийгилик үчүн, ошого ылайыктуу сыйлык берүү, адилеттүү болуу таасири менен бирге эле, аракетке жараша берекет боло тургандыгын дагы көрсөтөт. Ооба, диний же дүйнөлүк жакшы иштердеги баардык жетишкендиктер үчүн сыйлык берүү Алла ахлагынын талабы.

Бул жагынан алганда ата-эне ой жүгүртүүсү терең, билгиликтүү жана тарбиячы болуп эсептелет. Алар ой жүгүртүп, балдарын колдоого алат жана аларга камкордук кылат. Ооба, эгер ата-энелер автоунааларына, чарбасына көңүл бурганчалык баласына маани беришпесе, ал баланын сезим жана ой жүгүртүүлөрү өспөй калат. Ушул себептен, мурда дагы баяндаганыбыздай боорукердик, мээримдүүлүк, Алланын тартуу кылган ырыскы-неъматтарын баалай билүү менен бирге, негизги булакка кайрылышыбыз зарыл.

Бул негизги булак Алланы ахлагы. Алла Таала бул дүйнөдө жакшы иш аткаргандарга акыретте бейиш, күнөө иш жасагандарга жаза берет. Курани Каримде,“Эгер шүгүр кылсаңар, Мен (нематтарымды) көбөйтөм; эгер (ырыскыларымды баалап) шүгүр кылбасаңар, азабым катуу” деп айтылат. Алланын ахлагы менен мүнөздөнүү менен балдарга карата мамилелерибизди туура жөнгө салууга аракет кылабыз. Алла Таала бизди жалгыздыкка салбасын.

г) Баланы келечекке даярдоо

Акыркы айтыла турган нерсе: Балдарды, алар өсүп жаткан чөйрөнү эске алуу мене жашына, деңгээлине, билим жана маданий абалына жараша тарбиялоо. Бала беш жашына келгенде ага үйрөтүлө турган диний билимдер, тамак-аш менен азыктандырууда колдонулгон усулдагыдай түрдүү болушу шарт. Ал жети жашка чыкканда бериле турган маалымат башка, он жашка чыкканда үйрөтүлө турган нерселер башка болушу шарт. Бирок маанилүү нерсе, аларга айта турган баардык нерсе жашап жаткан учурунун эртеңки күнү тууралуу болушу керек. Себеби ал, өзү жашап жаткан учурга кандай болсо дагы күбө болуп, жашайт. Ушул себептен, чөйрөсү жана мугалиминен үйрөнгөн нерселери туура багытта болсо, бала үчүн жетиштүү болуп эсептелет. Демек биз тарбия жаатында балага маалымдай тургандарыбыз анын келечекте жашай турган жашоосуна таандык болушу шарт.

Азирети Али (РА): “Балдарыңарга өз учуруңардын билим жана маданиятын эмес, кийинки доордун билимин үйрөткүлө. Себеби алар силер жашап жаткан замандан башка бир заман үчүн жаратылды” деп айткан. Бул принцип, жалпы билим жана маданият жагынан талдоого алына турган болсо, “Ушул учурдагы маалымат жана маданият менен жетинүү алдыга койгон максаттын төмөндүгү. Демек, убакыттын өтүшү менен силерден озот жана силер артта каласыңар. Бул принцип таалим-тарбия жагынан алып каралышы, баланын өзү жашап жаткан чөйрөсүнүн сыртына чыгып, кийинки учурларды эске алуу менен, ошого жараша жолго түшүүсүн жеңилдетет. Ооба, бала алты жашка чыкканда ал жети жашка таандык тарбия менен тарбияланышы, жети жашында сегиз жаштын тарбиясы менен тарбияланышы шарт.

Корутунду катары айтыла турган нерсе; беш жашка чейин балага берилген диний жана коомдук таалим-тарбия, сиңимдүү болушу үчүн балагат жашы болуп саналган он беш жашка чейин акырындык менен көбөйтүлүшү керек жана жашына ылайыктуу көрүнүштө болушу зарыл. Жыйырма жашка чыккан, жаштыгынын так ортосундагы бир адамга он беш жаштын диний билимин берүүгө аракет кылсаңар, анын дин, ыйман, адеп-ахлак жаатындагы баардык нерсесин башаламан кыласыңар. Ар кандай деңгээлдеги дене ар түрдүү азык талап кылгандай эле ой-пикир, акыл сыяктуу сезимдерине жараша, белгилүү деңгээлде азыктанууну каалайт.

Силер, тарбиялоого милдеттүү болгон адамдын коомдук, ой-жүгүртүү жана акыл деңгээлин билбестен ага бир нерсе үйрөтүүнү кааласаңар, ал адамды алыстаткан болуп эсептелесиңер. Бүгүн кээ бир жаңылыш таалим-тарбияга карабастан, дагы эле алардын ой-пикири, сезимдери таза болсо, бул толугу менен Алла Тааланын аларга жардамы болуп саналат же алар ой жүгүртүүсү толук өөрчүй элек. Алар жыйырма беш жашка келип калуулары мүмкүн, бирок, он, он беш жашында сыяктуу өздөрү жашап жаткан доордон артта калып калышкан. Мына ушундай бир адам, бир күн деңгээлинен өтө жогору болгон диний, коомдук бир ой-пикирди укса, өзүнө таандык баалуулуктардан артка чегиниши анык. Динибиз тарбия жаатында жашка жараша же бир аз алдыда жүрүү тууралуу төмөнкү кеңештерди берет:

Балага он беш жашында намаз окуу парз кылынган болсо, аны он жашында намазга үйрөтүү керек. Ошондой эле орозо кармоого дагы жоопкерчиликтүү болгон жашынан эртерээк үйрөтүү абзел деген мааниге келет. Ибадаттын калган башка түрлөрү тууралуу дагы ушуларды айтууга болот. Бул дагы баланын эрте жаштан жоопкеркерчиликке даярдоо болуп саналат.

Дагы баса белгилеп кетчү нерсе, бул жердеги өкүмдөрдө жана сындарда кесе айтып жаткан болсок, бул маселеге Куран жана Сүннөткө карата ишенимибизге байланыштуу. Биз балдарга үйрөтө турган нерселерибиздин кичинекей жашта үйрөтүлүшүн дагы таасирдүүрөөк болот деп ишенебиз. Эгер алардын жоопкер жашына келгенде диний парздарды сөзсүз аткаруусун кааласак, ушундай жаш убакта баштоолору керек. Биз ушул убакытка чейин мындай иш-аракеттин жакшы натыйжаларына көп жолу күбө болдук.

Бул жерде Имам Жаъфар кеңеш берген жаш өлчөмдөрү тууралуу дагы баяндап кетүүнү каалайм:

“Жети жашка чейин балалык учуру, бул учурда бала көргөн нерселерин туурайт жана көпчүлүк учурда оюнга берилишет. Силер ал менен ойносоңор, ал дагы силер менен ойноп, көңүл ачат. Силерден эмне көрсө, ошону үйрөнөт жана туурайт. Анын жашоосу ошол жашына чейин тууроо жана оюнкараактык жашы болуп саналат. Андан кийин жашына, түшүнүк деңгээлине жараша жаңы нерселер үйрөтүлө турган учуру келет. Бул учурда, түшүнүк деңгээлине жараша элдик жана руханий баалулуктарыбызга көндүрүүгө аракет кылуу керек. Мына ушул учур Курани Каримди үйрөтүү учуру, бул дагы ошончолук бир убакыт талап кылат. Андан кийин акыл, ой жүгүртүп арам жана адал эмне экендигин үйрөнө турган учур келет. Бул учур дагы ошончо убакыт ала тургандыгын дагы кошумчалай кетүү керек.

Имам Жаъфардын усулу боюнча бала жыйырма бир жашка чыкканда бүтүндөй коомдук жана диний толук маалыматтарга ээ болуусу керек. Демек, ал жаштан кийин бирөөгө бир нерсе үйрөтүү дагы өтө кыйын. Андай болсо, жыйырма бир жашына келгенге чейин диний, элдик баардык баалуулуктарды сиңирүү керек. Ушул жашка чейин теориялык, практикалык нерселер толугу менен кабылданышы керек. Мына ошондо ал бөтөн пикирлерден таасирленбей турган абалга келет. Алла Элчиси (САВ) Тирмизи риваят кылган бир хадисте мындай дейт:

“Балдарыңарга жети жашынан баштап намаз үйрөткүлө” Ырас бала, ал учурга чейин байкоо жүргүзүү мене силер жасаган иштерди үйрөнгөн болот. Силердин милдетиңер, аларды колдон кармап, ошол учурга чейин силердин жасагандарыңардан үйрөнгөндөрүн ачыктап, кээде кызыктыруу, кээде эскертүү гана болуп саналат. Демек белгилүү бир жашка чейин жасап көрсөтүп, андан кийинки учурда акыл, ой жүгүртүүсү кабыл ала тургандай көрүнүштө аларга ачыктап түшүндүрүү керек. Ушул айтылган далилдердин негизинде кээ бир балдар алты жашында, кээ бири сегиз жашында, кээ бирлери он жашында жакшы-жаманды айырмалай турган катары кабыл алынып, аларга улуу кишиге жасалгандай мамиле жасалып, олуттуу түрдө түшүндүрүлүшү зарыл. Ибадатка көндүрүүдө дагы аракеттер ушундай олуттуу болуусу талап кылынат.

Алла Элчиси: “Уялуу - ыймандын маанилүү негизи” – деп айтат. Башка бир хадисте: “Уяты болбогондун ыйманы дагы жок”. деп айтылат. Демек, уяттуу, адептүү болуп өсүүсүн каалаган муундарыбызды кичинекей кезинен эле тарбиялашыбыз абзел. Алар дагы акыл-эс жагынан өсүп жетилгенде Куран ахлагы менен мүнөздөнөт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.