Эмне үчүн баардык нерсе өлүмгө келип такалат?Мисалы, жан­дуулардын өмүрү өсүмдүктөрдүн өлүмүнө адамдардын өмүрү айба­наттардын өлүмүнө

Улуу Жаратуучу жараткан жаратылышта эч кандай ысырапкерчи­лик деген болбогондой эле, Алла Таала эң жөнөкөй нерселерден ук­муштуудай ажайып сонун нерселерди жаратып, баардык нерселер жаңыланып жогорку сапаттарга түртүүсүнүн натыйжасында ааламда бул дүйнөдөн өчүп кеткен нерселердин ордун жаңылары толуктоодо. Күндүз түндү кубалап, жарыктык караңгылыкка ордун бошотуп бер­ген укмуштуудай ыргактын жана айкаштыктын натыйжасында жак­шы пайдалардын алынышы жана башка көптөгөн Күн жер шары бай­ланышында жашоону өлүмдүн артынан эрчиткен сыяктуу максаттар үчүн...

Эми кыскача, ушулм негиздерге токтололу. Бирок, баарынан мурун өлүмдүн эмне экенин билүү керек.

Өлүм – бул, түбөлүк жок болуу эмес. Өлүм – бул, орун алмаштыруу жана бул дүйнөдөгү милдеттен кутулуу. Андыктан өлүм бул дүйнөдө­гү турмуштай эле жакшы нерсе, анткени сенден мурда кеткен досто­руңа жолугасың, ошондой эле өлүм аркылуу өлүмсүздүккө жетесиң.

Өлүмдүн бул чыныгы жүзүн көрө албаган материалисттер аны да­йыма коркунучтуу кылып сүрөттөп келишет. Өлүм сыртынан кара­ганда айрылуу болгону үчүн адам баласына катуу таасир берет. Мын­дай таасирди таптакыр жокко чыгарыш мүмкүн болбогондой эле, жү­рөктүн тилин байлоо да мүмкүн эмес. Ал эми абдан сезимтал жандар катуу таасирленет. Андай адамдар «Баьсу-баьд аль-мавт» (өлгөндөн кийинки тирилиш) ынанымы бардык нерсесинен ажыраган тилемчи­ге падышалык берилгендей жана өлүм жазасына тартылган кишинин мунапыска кабылып кечирилишиндей сүйүндүрүп, бардык капалар­ды унуттура турган өтө чоң окуя.

Өлүм ажыроо болгондуктан акылдын назарында жана адамдын адамдыгына аябай таасирдүү бир кубулуш. Мындай таасирди толу­гу менен жокко чыгаруу мүмкүн болбогондой эле, жүрөктүн тилин байлоо да мүмкүн эмес. Ал эми сезимтал инсандардын жан дүйнө­сүнө тийгизген таасиринин күчүн элестетүү кыйын. Мындай адамдар үчүн «өлгөндөн кийин кайра тирилүү» ишеними баардык нерсе­син жоготкон мусаапыр тилемчиге падышалык орун сунушталгандай жана өлүм жазасына өкүм кылынган адамга түбөлүк жашоо уруксаты берилгендей баардык кайгыларын унуттуруп, катуу кубандыра тур­ган бир окуя.

Ошондуктан өлүмдүн чыныгы маанисин толук түшүнгөндөр өлүм келгенде бул жашоонун оор милдетинен кутулуп, 99 пайыз достору жана сүйгөн жакын кишилери жашаган ааламга барабыз деп ишени­шет, ал эми бул чындыкты түшүнө албаган, өлүмдүн тышкы көрүнү­шүндөгү кишини коркута турган абалды көргөн кээ бир бечаралар үчүн өлүм – бул, баш кесүүчү желдет, асуучу дарга, түпсүз кудук жа­на караңгы коридор.

Өлүмдү экинчи жана түбөлүк бар болуунун башталгычы катары эсептегендер өлүм жакындаган сайын көз алдыларында бейиштин бакчалары элестей баштайт. Бул ыймандын негизинде ээ боло турган кубанычтан кур калган Кудайды жокко чыгарган адам өлүмдү эсте­ген сайын жан дүйнөсүндөгү тозоктун отуна күйүп, азап тартат. Тарт­кан азабы жалгыз өзүнө гана тиешелүү болсо бир жөн, ал өзү менен кайгыларын тең бөлүшкөн жакындарынын кайгысын дагы жан дүй­нөсүндө сезип кыйналат.

Бардык нерсе белгилүү учурда өлүп, көрүнүштө жок болуп көрүн­сө да, чынында андан да жакшыраак жана жогорураак бир абалга ке­лет. Абанын атомдорунан суунун атомдоруна, өсүмдүктөрдүн, бак- дарактардын молекулаларынан жандуулардын клеткаларына чейин бардык нерсе өлүмдү көздөй кетип бараткандай болуп көрүнгөнү ме­нен, негизи, даражасы жогорураак бир абалга ээ болууда. Суутек ме­нен кычкылтек бириккенде негизги сапатынан ажырап, «өлүшөт», бирок бардык жандуу-жансыздар үчүн эң маанилүү элемент болуп кайрадан тирилишет.

Андыктан, биз өлүмдү орун алмаштыруу катары карайбыз, би­рок таптакыр эле жок болуу дегенден алыспыз. Эң кичинекей нерсе­лерден эң чоңдорго чейин ааламдагы бардык болуп жаткан окуялар, абалдан абалга өтүүлөр дайыма эң жакшы, эң сонун абал менен на­тыйжаланууда. Муну нерселердин саякаты десек болот, бирок эч ка­чан абсолюттук жоктук дей албайбыз!

Дагы бир жактан алып караганда, өлүм - бул, милдетти өткөрүп бе­рүү. Ар бир нерсе өзүнө тиешелүү өмүрүн сүргөндөн кийин, өзүн Жа­раткандын алдында эсеп берет. Керектүү «формалдуулуктар» аткары­лып бүткөн соң, анын кетиши, ордуна башкалардын келиши дүйнө­0 нү монотондуулуктан куткарат. Ушинтип, бардык нерсе «дүйнө сах­насында» өзүнө тиешелүү ролду ойноп, айта турган сөздөрүн айтып болуп, парданын аркасына жашырынат. Неге дегенде, кийинки келе тургандар милдеттүү ролдорун ойноп, вазийпаларын аткарыш үчүн. «Келген кетет, конгон көчөт», бирок бул келип-кетүүлөрдө жаңыла­нуулар жана жандуулуктар пайда болот.

Дагы бир өңүттөн өлүмдүн үнсүз насаатында эч бир барлыктын өзүнөн өзү болбой турганын, барды нерсенин күйүпөчкөн жарык­тар сыяктуу өчпөс түбөлүктүү бир Күнгө ишарат кылганын көрсөтүү аркылуу жок болуп кетүү кыжаалатчылыгы астында эзилген инсан­дарга бейпилдик тартуулоо жолун көрсөтүү бар. Башкача айтканда, жандүйнөбүз сүйүүсүнө кабылган нерселердин арттарына карабай кетип калуулары бизде түбөлүк бир сүйүктүүнү издөө сезимин коз­гойт. Мындай сезимдин ойгонушу болсо, сезимдер дүйнөсүндө түбө­лүктүккө ээ болуунун алгачкы этабы. Мына өлүм бул алгачкы этапка адамды алып, көтөргөн сырдуу бир лифт сыяктуу.

Оболу айтылган негиздер өлүмдүн бир мээрим экенин билдирүү менен бирге, мындай демекчибиз: өлүмдүн мээримге таятылышынын жанында бүткүл ааламды камтыган өлүмсүздүк ушундай коркунуч­туу бир балакет болгондуктан, эгер аны сүрөттөө мүмкүн болгондо, адамдар өлүмгө эмес, ага ыйламак!

Бир ойлонгулачы! Эч нерсе жок болбосо, дагы биринчи кылымдар­да, адамдардын жашоосу мындай турсун, бир чымын дагы жашай ал­мак эмес. Жандуулардан бир гана кумурскалар, өсүмдүктөрдөн чыр­мооктор жер жүзүн басып алып, анан эч бир чырмоок чирибегенде жана эч бир кумурска өлбөгөндө, бир кылымда жержүзүн курчаган чырмоок жана кумурсканын калыңдыгы жүздөгөн метрге жетмек. Мындай жагымсыз, коркунучтуу картинаны ойлогон сайын, өлүмдүн мээрим экенин, чирүүнүн хикмет экенин көрбөө туурабы?

Натыйжа катары мындай демекчибиз, бардык заттар тартипке кел­тирилиши жана башкарылышы жагынан алганда салим акылдарга, жыргалды билген жандүйнөлөргө илхамдарды бере турганчалык орундуу жана кынтыксыз. Атомдордун кыймылдарынан, чөптөрдүн, дарактардын абалдан абалга өтүүлөрүнө, суулардын жоголуп, деңиз­ге кошулууларына, деңиздердин бууланып, булуттарга көтөрүлүүлө­рүнө чейин, атүгүл, ал жерден ылдый жерге түшүп, топурактын боо­рунда эрип кетишине чейин бардык нерсе абдан олуттуу бир багыт­тоонун ичинде бир абалдан дагы бийигирээк абалды көздөй чуркага­ны көрүлүүдө.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.