• Башкы бет
  • Чыгармалары
  • Доорубузда Пайда Болгон Суроолор
  • Алла Тааланын жеке өзүнө гана таандык эрки бар экендиги Куранда баян кылынган. Ошону менен катар, адамдын жеке өзүнө да тиешелүү эрки да бар экендиги маалым. Абал ушундай болгон соң, күнөө кылган бир киши өз эрк-ыктыяры менен баш ийип күнөө кылабы, же Алл

Алла Тааланын жеке өзүнө гана таандык эрки бар экендиги Куранда баян кылынган. Ошону менен катар, адамдын жеке өзүнө да тиешелүү эрки да бар экендиги маалым. Абал ушундай болгон соң, күнөө кылган бир киши өз эрк-ыктыяры менен баш ийип күнөө кылабы, же Алл

Маселенин кыскача мааниси төмөндөгүчө: Адам баласына белгилүү өлчөмдө эрк берилген. Биз аны белгилүү өлчөмдөгү эрк же адам баласынын өз каалоосу деп атасак болот. Алла Тааланын чексиз эркин жана каалоосун «куллий ираада» деп атайбыз. Маселени Аллагы таандык жагынан караганда Алла Таала адам баласын мажбурлап жаткандай көрүнөт. Ал эми адам баласынын тарабынан караганда, ал өз кыймыл-аракеттерин өзү жаратып жаткандай көрүнөт жана Мутазила мазхабы айткандай, «Ар ким-жасаган кыймыл-аракеттеринин жаратуучусу» деген пикир пайда болот.

Ааламдагы болуп жаткан бардык нерсени Алла жаратат. Бул суроодо «кулли ираада» деп айтылган нерсе мына ушул. Атүгүл: Силерди да, ишиңерди да Алла жаратты...» (Саффат-96) б.а., силерди жана силердин кыймыл-аракетиңердин жаратуучусу – Жалгыз Алла Таала.

Мисалы, силер бир автоунаа жасасаңар, бир үй курсаңар, ал иштерди жараткан Алла. Силер жана иштериңер Аллага таандыксыңар. Бирок бул иштин силерге тиешелүү жагы дагы бар. Бул болсо жөнөкөй бир себеп болуп эсептелет. Демек, жасалган иш-аракеттерге силердин тиешеңер жок деп айтууга болбогондой эле, ал иш-аракет толугу менен силерге таандык деп айтуу дагы туура эмес. Жасалган иш-аракет толугу менен Алла Таалага таандык. Бирок, Алла силердин кыймыл-аракетиңерди жаратып жатканда, силердин дагы белгилүү өлчөмдөгү эркиңерди жана кийлигишүүңөрдү жөнөкөй бир шарт катары кабыл алып, жасала турган иштерди ошого негиздеген.

Мисалы, Алла Таала бир мечиттин ичиндеги электр механизмин куруп, аны иштей турган абалга келтирген. Муну кайрадан жарыктандыруу иши болсо Аллага таандык. Электрондук агымдардан бир жарык пайда кылуу, мечитти жарыктандыруу бир иш-аракет болуп саналат. Булар дагы «Нурун Нур, Мунаввирун Нур, МусаввирунНур» болгон Алла Таалага таандык. Бирок мечиттин жарыктандырылышында силердин дагы тиешеңер бар, ал Алла курган бул механизмде Алла даярдаган баскычка тийүүңөр. Силердин күчүңөр жетпеген ошол механизмдин жарык бериши толугу менен Аллага таандык.

Дагы бир мисал келтирели, иштөөгө даяр турган бир машинаны көз алдыңарга элестеткиле, бир гана иштетүү үчүн баскычына басуу милдети силерге берилген. Ал машинаны кыймылга келтирүү болсо, аны түзгөн жана курган Затка таандык. Ошондуктан, адамга таандык бул кичинекей кийлигишүүнү белгилүү өлчөмдөгү эрк деп атайбыз. Демек, эрк эки түрдүү:

A) Толук эрк (куллий ирада)

Б) Чектүү эрк. Алла Тааланын эрки чексиз. Алла Тааланын эрки адам баласынын чектүү эркин дагы өз ичине камтыйт.«Алланын каалоосунан сырткаркы нерселерди каалай албайсыңар»(Таквиир-29). Муну туура эмес түшүнүп албоо керек. Биз пенденин дагы белгилүү эрки бар деп ишенүү менен Алла Тааланын бизди толугу менен мажбурлап койбогондугун айтабыз. Ошондой эле мутазила мазхабы сыяктуу «пенде өз кыймыл-аракетин өзү жаратат» деген түшүнүктөн дагы алыспыз. Мына ушундайча Алла Таалага шерик кошпойбуз. Алла Тааланын заты жалгыз болгондой эле, анын кылган иштерин дагы эч бир макулук жасай албайт. Алла Таала баардык нерсени Өзү жараткан. Бирок, адам баласына жоопкерчилик жүктөө жана аны сыноо үчүн анын чектүү эркин иш-аракеттин аткарылышында аралаштырган.

Маселе дагы түшүнүктүүрөөк болушу үчүн төмөнкү мисалды айткым келет: «Сен бир баланын суранычы менен аны колуңа көтөрсөң жана ал сага: «Мени баланча жерге алып бар» десе, сен анын айтканына макул болуп, аны каалаган жерине алып бардың дейли. Ал бала ошол жерде суук тийип, ооруп калса, сага: «Мени эмне үчүн бул жерге алып келдиң» деп айта алабы. Албетте, антип айта албайт. Себеби ал жерге барууну өзү каалады. Эгер сага ошентип айта турган болсо сен: «Бул жерге келүүнү өзүң каалагансың» деп «шак» этирип бир чабасың. Бул маселеде баланын эркин жана каалоосун жокко чыгарууга болобу? Албетте, жок. Себеби ал өз эрки менен ошол жакка барууну тандап алды. Бирок, ал жакка сен алып бардың. Бала өзү ооруп калган жок. Болгону ал ошол жакка барууну гана каалады. Ошондуктан, бул жерде ооруну берген, ал жакка алып барган жана бул ишти каалаган тарап бири¬биринен ажыратылат. Биз тагдырга жана адам баласынын чектүү эркине ушундай түшүнүктө карайбыз».

Иштин аныгын бардык нерсени тагдыр кылган билет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.