Адамдын качан жана кантип өлө тургандыгы мурдатан белгиленген болсо, аны өлтүргөндүн кандай күнөөсү бар?

Бардык нерсе сыяктуу эле өлүмдүн да убакыт жана абалы мурдатан аныкталган. Б.а. ааламдын башына келе турган бардык нерсе жеке адам баласынын дагы башына келээри анык. Белгилүү жолдор менен бул дүйнөгө келүү, белгилүү мыйзамдардын астында өмүр сүрүү жана белгилүү убакыттан кийин бул дүйнөдөн көчүп кетүү ар бир жандуунун маңдайына жазылган. Бардык нерсе абдан кенен жана жалпы бир тагдырдын алкагында өзүнө тиешелүү жолдо жашап өтөт. Бул эч өзгөрбөс жол жана түбөлүктүүлүккө чейин улана бере турган бир мыйзам.

Атомдордон зор системаларга чейинки бардык нерседе укмуштуудай бир тартипти изилдөөнүн негизинде пайда болгон табигый (позитивдүү) илимдердин арты менен бул аалам алдын ала пландаштырылгандыгын байкоого болот. Мындай алдын ала пландоо болбостон ааламдагы тартип жана ыргактуулукту ачыктап берүү жана ага байланыштуу илимдердин бирин дагы өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ааламда укмуштуудай тартип болгондугу үчүн физика лабораториясында белгилүү эрежелерге карата изилдөө жүргүзүү, анатомияны белгилүү эрежелерге карай талдап, түшүндүрүү жана кээ бир эрежелер менен аба мейкиндигин изилдеп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болгон.

Тартипсиз жана башаламан кыймылда болгон ааламда позитивдүү илимдер тууралуу ойлонууга мүмкүндүк жок. Негизинде илимдер ааламдагы кээ бир эреже жана принциптерди көрсөтүп, аларга ат берген.

Бул сөзүбүз менен илимдерди жана илимий ачылыштарды жеңил санагыбыз келбейт. Болгону алардын ордуларына көңүлдөрдү бурдуруп, андан дагы маанилүүрөөк болгон негиздерге назар салуу керек экендигин баса белгилеп кетүүнү кааладык. Ал негиздер илимдер жана илимий ачылыштар пайда боло электе эле бар болгон тартип жана мыйзамдар. Аааламдагы ушул мыйзамдарды койгон кудурет кандай улуу!

Негизинен, ишеним менен ыйманга байланыштуу ар бир акыйкат тышкы колдоолорго муктаж эмес. Көз караштары түрдүү бөтөн пикирлер менен булганып, жүрөгү башкалардын сөздөрү менен бузулган жаштарыбызды өз багытыбызга чакырып жатып, аларды жолдон чыгаргандардын көз карашындагы өзгөчөлүктөр тууралуу айта кетүү пайдалуу деп ойлойбуз. Мына ушул себептен маселенин ийне-жибине чейин баяндоону туура көрдүк. Бүтүндөй ааламдагы укмуштуудай айкаштык, атомдордон галлактикаларга чейинки бардык нерсенин тартиптүү кыймылы ааламдардын жаратуучусуна жана ээсине ишаарат кылып турат. Жаралгандан бери бардык аалам бул зор Өкүмдарга моюн сунуп, Анын эркине баш ийүү менен абалдан абалга өтүп, азыркы учурга чейин уланып келген.

Бирок адамзат жана башка кээ бир белгилүү өлчөмдө эрктүү жандуулар алгач жаратылган учурунда башка макулуктар сыяктуу эле эрксиз болгону менен алар кийинчерээк эрктери менен айырмаланышкан. Мындай айырмачылыктардан улам «мурдатан белгилөө» адам баласы жана башкалар үчүн башкача мааниге ээ болот. Негизинен, берилген суроо адамдын бул өзгөчөлүгүн аңдай албагандыктан жана аны башка нерселер менен бирдей баалагандыктан келип чыгууда. Демек, адам жана башка жандуулардын арасындагы айырмачылыкты билүү, маселени ачыктап берет деген ойдобуз. Ошондой эле Алла Тааланын илими бардык нерсени толугу менен камтый тургандыгын кабылдоо керек.

Ооба, адамдын эрки жана тандоо жөндөмү бар. Ошол эркке ээ болгондугу үчүн сооп жана күнөө адамдын өзүнө ыйгарылат. Адам баласынын каалоосунун жана эркинин жасалган жумушка канчалык таасири болсо дагы, Алла Таала ал эркти себеп катары кабыл алган болсо, пенде ошол эркин жакшылыктар жана жамандыктарга колдонгондугу үчүн күнөөкөр же күнөөсүз болушу, эрктин жакшылыкка жана жамандыкка карай ыкташына байланыштуу. Бул каалоонун натыйжасында пайда болгон окуя адам баласы үчүн оор болсо да, аны өз каалоосу менен чакыргандыктан, жоопкерчилик жана күнөө ага таандык... Ал жоопкерчилик жана күнөөнү мурдатан дайын кылып, тагдыр кылган Зат жоопкерчиликтен жана күнөөдөн таза.

Мына ушул сыяктуу ар бир адам ага берилген белгилүү өлчөмдөгү эрки жана ыктыяры менен жасаган иштери үчүн күнөөкөр деп табылып, жоопко тартылат же сооптуу иш жасагандыгы үчүн, сыйланат.

Ошондуктан, өлүмгө себепкер болгон да күнөөлүү болот, улуу даргөйдө кечирилбесе, сөзсүз айыпка тартылат.

Эми маселенин экинчи бөлүгүнө, б.а. Жараткандын бардык нерсени толугу менен камтыган илими менен адам баласынын эркинин ортосундагы байланышы тууралуу маселеге токтололу...

Алланын илиминде жаратылыштагы бүтүндөй бардык нерселердин себеп жана натыйжалары жанаша абалда. Ал жагынан алып караганда: мурда кийин; себеп натыйжа, ата-бала, жаз жай бир бүтүндүн эки тарабы сыяктуу.

Ким эмнени тандайт жана ким эркин жана ыктыярын кандай нерсеге колдонот, булардын бардыгы абалтан билингендиктен, ошол себептерге карай пайда боло турган натыйжаларды тагдыр кылуу, аныктоо адамдын эркин жана ыктыярын тосуп, ошол ишти жасоого адам баласын мажбурлоо болуп саналбайт. Тескерисинче, анын каалоосуна көңүл бурулуп, колдоого алуу болуп эсептелет. Арийне, бир улуу зат кызматчыларына: «Силер жөтөлүңөрдү басканыңарда, керемет белектерге ээ болосуңар, себепсиз жөтөлсөңөр, белектерден ажыроо менен бирге жаза көрөсүңөр.» десе, алардын каалоосун кабыл кылып, колдогон болот. Дал эле ушул сыяктуу, Улук Жараткан кулдарынын бирине: «Сен ушул нерсени кааласаң, мен сенин каалооңо жараша ошол нерсени жаратам. Сенин ошол каалооңо карай эмитен эле аны белгилейм.» десе, Анын эркин көңүлгө алган болуп эсептелет.

Ошондуктан, «алгачкы белгилөө» да эркти байлоо болбогондой эле, адамды ыраазычылыгына карама-каршы бир ишке мажбурлоо дагы эмес.

Мындан сырткары, тагдыр жана алдын ала белгилөө Алланын илимий программасы. Б.а. кимдин кандай каалоосу бар экендигин билүүсү жана өзү жарата турган нерселер менен пландашы жана программа абалына келтирүүсү дегенди билдирет. Билүү болсо, боло турган нерселердин мындай, же тигиндей болуусун талап кылбайт. Болгон иштерди Алла Таала адам баласынын ыктыярына жараша жаратат. Ишеним тууралуу маселелерди изилдөөчү аалымдар «Илим маалыматка көз каранды» деп айтышчу. Башкача айтканда, кандай боло турган болсо, ошондой билинет, тескерисинче, ошондой билингени үчүн пайда болбойт.

Кимдин жакшы иштерди жасоого ниет кыла тургандыгын жана кимдин жаман ниет менен эмне иш жасай тургандыгын жана бул ниеттерге карай эмнелерди жарата турганын белгилеп, тагдыр кылган. Ошол иштердин убактысы келгенде, пенденин каалоосу жана ниеттерине карай тагдыр кылган нерселерди каалагандай жаратат.

Ошондуктан, бир пенденин кандай абалда жана качан өлө турганын жана башка бирөөнүн бул ишке себепкер боло турганын мурдатан дайындоосу пенденин өмүрүн кыйган адамды жоопкерчиликтен куткарбайт. Анткени пенденин тагдыры анын ыктыярын жана эркин эске алуу менен коюлган. Ушул себептен, жасалган күнөө ага ыйгарылып, жазасын тартат.

Тагдырга байланыштуу бул терең маселе өз булактарында кайра кайра талдоого алынышы керек. Биз билген нерсе сахаба доорундагы аалымдардын туура принциптеринин алкагында маселенин карапайым калктын түшүнүк деңгээлине жеткирилген маалыматтар болуп саналат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.