Ниет адам баласын тозоктон куткара алабы?

Натыйжасы жакшы бир иш болгон ниет адам баласын акырет азабынан куткарышы мүмкүн.

Ниет – бул, ынтаа коюу, жүздөнүү, жигердүүлүк деген мааниге келет. Адам баласы ниет аркылуу эмне каалаганын, эмнени көздөй жүздөнгөндүгүн билет жана ага умтулат.

Адам баласынын бардык иш-аракеттери ниетке байланыштуу болгондой эле, ал ниетине жараша жасалган иштерге ээ чыга алат. Ошондой эле эрктин өзгөрбөс эрежеси жана адам баласынын иш аткаруусунун негизи дагы ниет болуп саналат.

Бардык нерсе оболу адамдын оюнда бир идея катары белгиленет. Анан анын планы түзүлөт, андан кийин чечим чыгарылат. Бул алгачкы долбоор жана план болбой туруп, ишке баштап жиберүү натыйжасыз боло тургандай эле, ниетсиз жана чечимсиз бардык долбоор жана план да натыйжасыз бойдон калат.

Ниеттеги бул күчтү жар салган көп далил бар. Бирок көптөгөн адамдар жашоону толук түшүнбөгөндүгү үчүн бул күчтүн бар экенин деле билишпейт.

Ниет адам баласынын жасаган иштеринде өтө маанилүү рол ойнойт. Ошондуктан ниет, шыпаалуу дары же бардык эмгекти жемишсиз калтырып кыйратып кеткен мөндүр сыяктуу. Көптөгөн кичинекей иштер, миңдеген машакка айланган бир дан, дарыяга айланган бир тамчы сыяктуу ниетке жараша чоңоёт. Анын тескерисинче, көптөгөн тоодой иш-аракеттер бар, жаман ниеттин айынан натыйжасыз жана мөмөсүз болуп калат.

Согушта, кандуу кийимдери менен өлүп, тозокко кеткендер көп болгондой эле, таптаза ниеттери аркылуу жумшак төшөктөрүндө өлүп, бейишке кеткендер да аз эмес. Элин караниет душмандардан коргоп, калкына шоола чачуу үчүн кажыбас кайратын жумшаган каармандарды жеке кызыкчылыгы үчүн күрөшкөндөр менен салыштырууга болбойт. Биринчи топтогулар Алла Тааланын алдында даражасы көтөрүлсө, экинчи топтогулардын даражасы ылдыйлагандан ылдыйлай берет.

Ниет – бул, чектүү жана убактылуу дүйнөдө чексиздиктин эшигин ачкан сырдуу ачкыч жана чектүү өмүрдө түбөлүк бакты-таалай, же азап алып келген нерсе. Бул куралды жакшы колдонгон инсандар дайыма ийгиликке жетишет.

Мына ушул себептен, Аллага ишенген пенде кыска өмүрүндө түбөлүк бакты-таалайга жана өлүмсүздүккө ээ болгондой эле, Кудайды жокко чыгарган пенде түбөлүк азапка дуушар болот. Ушунун баары адамдын ниетине байланыштуу. Түбөлүк ыйман жана туура жолду ойлоо түбөлүк бакты-таалайга себеп боло тургандай эле, түбөлүк каапырдыкты ойлоо да түбөлүк азапка себепчи болот.

Жашоосунун акыркы көз ирмемдерине чейин жүрөгү Аллага кулчулук кылуу сезими менен толгон пенде миңдеген жылдык өмүрү болсо да бул жолдон чыкпоону ниет кылгандыгы үчүн, ниети жүзөгө ашырылгандай кабыл кылынып, ошого жараша мамиле көрөт. «Момундун ниети жасаган ишинен дагы жакшыраак». Ошондой эле, акыркы минуталарын жашап жаткан каапыр эгер дагы жүз миңдеген жыл жашай турган болсо, Кудайды жокко чыгарып жашоого кылган ниети үчүн ниетине жараша жазага тартылат.

Демек, бул жашоодо негизги нерсе – инсандын ниети. Түбөлүк бакты-таалайга ыйман келтирүү момунду бейишке ээ кылат, мунун тескериси, каапырды тозокко түртөт.

Кудайды жокко чыгарган каапыр өзү атайылап каалап кылган каапырдыктын жазасын тарта тургандай эле бүткүл каапырдыкка себеп болгон шайтан дагы дилинде сактаган Кудайды жокко чыгаруу пикиринин жазасын такыр бүтпөгөн азап катары тартат.

Негизи шайтандын өзүнө таандык көптөгөн иштери бар. Адамзаттын кээ бир жөндөмдөрүнүн өнүгүшүндө, көптөгөн жакшы сапаттарынын пайда болушунда, дил менен рухтун дайыма ойгоо болушунда шайтандын таасири байкалат.

Ырас, шайтан жеке инсандарга жана жамааттарга жабышат. Алардын жүрөктөрүнө уулуу үрөндөрдү сээп, адам баласынын эң куттуу жерин адашкандыктын аймагына айлантууга аракеттенет. Анын мындай бузуку кыймыл-аракеттерине каршы жүрөктөгү руханий сезимдер ойгонот. Ал адамдын сезимдеринин өнүгүшүнө жана бул эң күчтүү душманга каршы дайыма Жаратканга сыйынууга түртөт. Акыбетинде, адам баласы руханий жашоосу үчүн аз гана зыянга учураса да көптөгөн нерсеге ээ болот. Ушундайча, шайтан көптөгөн олуя инсандардын чыгышына себепчи болот.

Бирок шайтан булардын улуу инсан болуп чыгуусуна себеп болгонуна карабастан, эч кандай сыйлыкка ээ болбойт. Анткени ал муну олуя адамдар чыксын деп жасап жаткан жок, тескерисинче бул ишти, аларды күнөөгө түртүш үчүн, аларды мүдүрүлтүш үчүн жасоодо.

Демек, шайтандын ойлогон ниети да, кылган иштери да бузук. Ал башкалардын ээ болгон жакшылыктарынан эмес, өзүнүн ниеттеринен суракка тартылат.

Шайтандын ниети бузук жана кылган иштери да жаман. Кудайга каршы чыгууну билип туруп кылат, атайылап адамдарды бузат. «(Алла мындай) деди: «Сага буюрган чагымда сени сажда кылуудан эмне тосту?». «Мен андан (Адамдан) жакшыраакмын. Мени жалын-оттон жараткансың. Аны болсо ылайдан жараттың», - деди ал.. (Алла мындай) деди: «Андай болсо, андан (бейиштен) түшкүн! Сен үчүн анда (бейиште) текебердик кылып жүрүү ылайык эмес. Бейиштен чык! Албетте, сен кор болуучулардансың!» «Мага алар тириле турган Күнгө чейин (Кыяматка чейин жашоо үчүн) мөөнөт бер», - деди ал. (Алла) айтты: «Сага мөөнөт берилди.» Ал айтты: «Ант болсун, эми мени жолдон аздырып-каңгыратканың себептүү биротоло Сенин Туура Жолуңдун үстүндө аларды (Адам балдарын) күтүп олтурамын» (Арааф/12-16). Бул алгачкы баш көтөрүү, болгондо да билип туруп, атайылап бузукулук кылуу каапырдыктын жолун тандап алуу дегенди билдирет.

Шайтандын бул ниетинен жана душмандыгынан улам пайда болгон кээ бир сезимдер аркылуу адам баласы жакшылыкка жете турган болсо, шайтан эч кандай сыйлык ала албайт.

Натыйжа катары мындай демекчибиз, ниет – бул, момундун жашоосундагы эң маанилүү нерсе. Адам баласына жакшылык алып келгендей эле, жамандык да алып келет. Бейиштин ачкычы ниет болгондой эле, тозоктун ачкычы да ниет.

«Аткарылган иштер ниетке жараша». Жаза-сооп жасалган иш-аракетке жараша болот.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.