Адабият

Адабият – элдин руханияты, ой-пикир дүйнөсү жана илиминин жеткиликтүү тили. Руханияты, ой-пикири бир болбогон адамдар бир элдин ичинде жашаса да, бири-бирин түшүнө алышпайт.

٭ ٭ ٭

Сөз – ой-пикирлерди бир адамдын аң-сезиминен башка бир адамдын аң-сезимине, бир адамдын жан дүйнөсүнөн башка бирөөнүн жан дүйнөсүнө өткөргөн эң негизги ортомчу курал. Бул ортомчуну жакшы пайдалана алган ойчулдар, башкалардын жан дүйнөсүнөн түнөк тапкан ой-пикирлери менен кыска убакыттын ичинде көптөгөн жактоочуларын табат жана көз караштары менен түбөлүктүүлүккө ээ болот. Мындай мүмкүнчүлүккө ээ боло албагандар өмүр бою ой-пикирин билдире албастан, кыйналып өтүп кетишет.

* * *

Адабияттын ар бир түрү маселени баяндоо усулуна жараша өз алдынча бир тил болуп саналат. Бул тилди бардык адамдар өз деңгээлине жараша түшүнгөнү менен андагы чыныгы маани-маңызды акындар жана адабиятчылар гана түшүнө алат.

* * *

Алтын, күмүштүн сапатын алыпсатарлар билгендей эле, сөз берметин да чечендер билишет. Жерге түшкөн гүлдү айбандар жалмап салат, же анын баркын билбестен тебелеп кетет. Адамдар болсо аны жыттап, жакасына тагынышат.

* * *

Улуу ой-пикирлер сөзсүз акыл-ойду ээлеп, көңүл толкутуп, көкүрөккө сиңе турган жагдайда түшүндүрүлүшү зарыл. Болбосо, сөз баркын билбеген айрымдар маңызын аңдабастан, сандырак сөздүн катарына кошуп коюшу ыктымал.

* * *

Адабият болбогондо даанышмандык да, философия да учурдагы деңгээлине жете алмак эмес жана баяндоо 33 Ой багыт тили андан талап кылынганды бере алмак эмес. Даанышмандык, философия, сөз чеберчилиги өз тармагына жараша баалуулуктарын түгөнгүс кенч катары адабияттын алдына жайып, аны түбөлүктүүлүккө ээ кылган.

* * *

Адабиятчылар жана акындар көкүрөгүндө сезген жана сырттан көргөн кооздуктарды үнгө кошкон чоорчуларга окшойт. Адамдар алардын ортомчулугу менен, көп адамдардын бул обонунун маани-маңызын түшүнүшөт. Андай болбосо, сезим аркылуу жан дүйнөсүн курчап алган өрттү сезбеген адамдар сыздаган чоор үнүн түшүнө алышпайт.

* * *

Башаты таза болсо исскуствонун ар бир тармагы, ар бир чыгармасы ар кандай чөйрөдөгү кооздуктарды жана ошол чөйрөдөгү гүлдөрдү жана мөмөлөрдү, алардын даамын жана жытын баяндагандыктан, алардын баары сонун жана сүйкүмдүү.

* * *

Адабият да исскуствонун башка түрлөрү сыяктуу руханий ааламга канат жаюу менен түбөлүктүүлүккө ээ болот. Мына ошондуктан, ар бир өнөрпоз айланада күбө болуп жаткандардан ары көкүрөгүн руханий ааламга ачышы зарыл.

* * *

Ой-максатты билдирүүдө колдонулган ар бир сөз ойпикир салынган кутудай болуп, бирок анын ордун ээлебеши жана ага көлөкө түшүрбөшү керек. Ал куту берметтен болсо да мазмун жана максатка кедергисин тийгизсе, сөздүн таасири жана салмагы жоголуп, көпкө сакталбайт.

* * *

34 Ой багыт Тил бир ойду жана түшүнүктү билдирүүгө ортомчу болуу менен бирге өнөр, эстетика, адеп темалары менен да тыгыз байланышы бар. “Адабият” деген сөз да анын ушул багытын түшүндүрүп турса керек.

* * *

Адабиятта сөздүн мааниси негизги роль ойнойт. Мына ошондуктан айтылган сөздөрдүн кыска, нуска болушу зарыл. Эң нускалуу сөз эргүү келип турган, аалам тууралуу кеңири кыялданган, бул дүйнө менен Акыретти бир акыйкаттын эки тарабы сыяктуу бирге талдоого жетишкен ыймандуу адамдардын оозунан чыгат.

* * *

Жер жүзүндө түрдүү маданияттар болгондой эле, түрдүү адабияттардын да болушу табигый көрүнүш. Бирок, булардын баары маңызындагы адеп, кооздукту сүйүү жана табият китебине тиешелүү кайрыктары менен бир бүтүн болуп саналат.

* * *

Түрдүү маданияттын кучагында өсүп жетилген адабият жыйнагын кээ бир адамдар түшүнүксүз жана маанисиз деп эсептесе, анын себебин өзүбүздүн түшүнүгүбүздүн тайыздыгынан деп билишибиз керек. Куран жана сүннөттүн нурун түбөлүккө жеткирүүгө аракет кылган азаматтардын толкуган жүрөгүндө жана ааламды кайрадан кадимки калыбына келтирүүнү көздөгөн улуулардын көкүрөгүндө жаралган адабиятты өлүк доордун жансыз сөлөкөттөрү түшүнө алмак беле?!.

* * *

Ар бир акыйкат оболу адам баласынын жан дүйнөсүндө өзөк катары пайда болот. Анан оозеки, жазуу жана кол өнөрчүлүк менен жанданып, чеберчилик менен жасалган 35 Ой багыт чыгармалардын жүзүндө чагылат. Мындай чыгарманын эскирбес жана өлбөс болушу күчтүү ишенимге байланыштуу.

* * *

Кээде бир аймакта жашаган адамдардын адабий эргүүсү да ар түрдүү болушу мүмкүн. Мындай сырткы айырмачылык көрүнүш жана окуяларга карата көз караш айырмачылыгынан жана ишениминин түрдүүлүгүнөн келип чыгат.

* * *

Көркөм өнөр чыгармасы, аны түзүп турган бөлүктөрдүн укмуштугу, ошол бөлүктөрдүн баалуулугу анын курамындагы элементтердин баалуулугу менен түздөн-түз байланыштуу. Негизи, ыпылас жерде тунук сезимдин, тунук сезим болбогон жерде таасирдүү чыгармалардын жаралышы күмөн.

* * *

Башка өнөрпоздор сыяктуу эле адабиятчы да жаратылыш кооздугунан өзүнө керектүү нерселерди издейт. Ал издегенин тапканда калемин сындырып, боёкторун ыргытып, ажайып кооздукка арбалат. Мына ошондуктан, эң улуу өнөрпоздорду Аллага берилген жана жаратылыштын маңызын жакшы түшүнгөн пенделеринин арасынан издөө керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.