Өнөр жана чыгармачылык

Өнөр жана чыгармачылык жан дүйнөнү жана сезимдерди өстүрүүнүн эң негизги жолдорунан болуп саналат. Бул жолду пайдалана албаган бактысыздар түбөлүк шал сыяктуу ар дайым бир ыптасы жансыз болуп жашашат.

* * *

Өнөр – катылуу казыналарды таап ачкан сыйкырдуу ачкыч сыяктуу. Ачылган эшиктердин арты менен ой-пикирлер жана кыялдар ишке ашат.

* * *

Адамдарды деңиздин түбүнө, асмандын уч-кыйрысыз мейкиндигине саякаттаткан өнөр болуп саналат. Адам баласы өнөрүнүн арты менен жер-асманды кезип, заман жана мейкиндикти багындырган сезимге ээ болот.

* * *

Өнөр адам баласынын сезимин ар бир көз ирмемде алга сүрөп, сезимтал адамдарды чексиз кыялдарга жетелейт. Өнөр жана чыгармачылык болбосо, адамдын колунан чыккан кооздуктардын эч бирин көрө алмак эмеспиз жана ал өнөрлүү адамдар да бардык план жана чыгармачылыктары менен бирге топуракка көмүлүп калмак...

* * *

Адам баласынын жан дүйнөсүн чагылдырып турган нерсе өнөр болуп саналат. Ырас, өнөрдүн арты менен ойпикирлер, чыгармачылыктар атайын тасмага түшүрүлгөндөй сакталып, түбөлүктүү болуп калган.

* * *

Өнөр менен ыймандын айкалышы ажайып кооз мечиттерди, Алланын бирлигине күбөлүк келтирген манжага окшош мунараларды, мрамор ташка чегилген ар түрдүү кооз сүрөттөрдү жана карап көз тойбогон жазууларды кооздук көргөзмөсүнө айландырат.

* * *

Чыныгы илим өнөр жана чыгармачылык аркылуу өзүн көрсөтөт. Өнөр жана чыгармачылык жаатында эч кандай эмгеги болбогон адамды көптү билет деп айтууга болбойт.

* * *

Адам баласынын жөндөмдөрүнүн жандуулугу өнөр жана чыгармачылык менен тыгыз байланышта. Өнөрсүз адам – тирүү өлүк.

* * *

Өнөрпоз адамдар тарабынан кабыл алынбаган жана бааланбаган бардык өнөр чыгармачылыгы нерсенин сырткы көрүнүшү менен анын маани-маңызын бири-биринен айырмалай албагандыктан келип чыгат.

* * *

Көркөм чыгармага анын материалдык түзүлүшүнө эмес, маани-маңызындагы өнөр жана чеберчиликке карата баа берилерине шек жок.

* * *

Темирди алтындан, жезди колодон да баалуу кылган – өнөр. Ооба, өнөрдүн арты менен эч нерсеге арзыбаган арзан металдар алтын, күмүш жана алмаздан да баалуу абалга келет.

* * *

Биздин ой-максатыбызга ылайык келген бардык көркөм чыгармалар, чебер колдордун адамзатка сунган өл- бөс тартуулары. Убакытты көрсөтүп туруучу саат, көзүбүздүн курчу кеткенде көрүүгө жардам берген көз айнек, алысты жакындаткан телефон, дүйнөнүн төрт бурчунан үндөрдү жана сүрөттөрдү чагылдырып берген радиотелевизор, бизди бир жерден башка бир жерге ташыган поезд, автобус, учак жана космостук кемелер сыяктуу адам баласына ыңгайлуулук тартуулаган буюмдардын баары өнөрлүү адамдардын колунан чыккан.

* * *

Өнөргө кайдыгер караган адамдардын бары-жогу бирдей. Алар өздөрүнө, үй-бүлөсүнө, элине пайдасы жок, кала берсе зыяндуу да.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.