Адамдык

Адам башкаларга карата жакшы-жаман бардык мамилелеринде алардын ордуна өзүн коюп карап, өзүнө жаккан нерселерди башкаларга ыраа көрүп, өзүнө жакпаган мамиле башкалардын да көңүлүн иренжитерин эч оюнан чыгарбашы керек. Мына ушундай жол менен жаңылыш кыймыл-аракеттерден жана башкалардын көңүлүн калтыруудан сактанат.

* * *

Силерге кылынган жакшылыктар көңүлүңөрдү жибитип, жакшылык кылган адамдар силерге жакканын сезериңерди ойлоп, силерди да башкаларга жакшы көргөзө турган жолду таба аласыңар. Адам жакшылыктын кулу. Жакшылык кылуу – жамандыктан корккон адамдардан коргоно турган эң сонун калкан.

* * *

Адам баласынын акылынын жетиктиги, жамандык көргөн адамдарга да калыс мамиле жасап, колдон келишинче аларга жакшылык кылышы менен белгилүү болот. Ооба, пенде жамандык көргөндөрүнө да адамгерчилик менен мамиле жасашы керек. Жамандакка жамандык ар кишинин ишидир, жакшылыкка жамандык кор кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык эр кишинин ишидир.

* * *

Башкаларга пайда келтирүүнүн чеги жок. Элге жакшылык кылууну көздөгөн азамат башкалар үчүн жанын берүүгө да даяр болот. Бирок мындай каармандык адам үчүн жакшы сапат саналышы ал адамдын ыкластуулугу, ак ниеттиги, уруучулдук түшүнүгүнөн алыс болушуна байланыштуу.

* * *

Адамдын адамдыгы – дос-жакындары менен жакшы мамиледе болушу. Аларга жакшылык кылбай туруп, адамгерчилик деп күйүп-жануу – жалган. Аларга жакшылык кылуу үчүн алардан жакшылык күтүү жана кээде ал жакшылыктарды токтотуп салуу менен аларды жазалоо да руханий жактан бышып жетилбегендиктин жана акыйкат жолун таппагандыктын белгиси.

* * *

Адамдын башкаларга кылган эң чоң жакшылыктарынын бири – алардын орунсуз кыймыл-аракеттерин көрмөксөндүккө салып коюу. Башкалардын кемчилигин издөө – адепсиздик, аларды ар жерде айта берүү – кечирилгис кемчилик, алардын кылган жамандыктарын бетке айтуу – ынтымакты ыдыраткан сокку. Мындай соккудан кийин биримдиктин болушу өтө кыйын!..

* * *

Адамдарга кылган чоң жакшылыктарга маани бербей, алардан көргөн кичинекей бир жакшылыкты жогору баалагандар Алла буйругандай мүнөз менен мүнөздөнгөн улуу инсандар болуп саналат. Андай адамдар кылган жакшылыктарын милдет кылышпайт, жана кылган жакшылыктары бааланбагандыгына нааразы болушпайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.