Ашыктык

Ашыктык – Чексиз Мээримдүү Алла Тааладан пендеге келип жеткен купуя тартуулардын бири. Сүйүү ар бир адамдын көкүрөгүндө катылуу. Шарт түзүлө калганда ал дарак сыяктуу тамыр-бутак жайып, мөмө берет.

* * *

Сүйүү сезими көз, көңүл жана кулак аркылуу адам баласынын жан дүйнөсүнө кирип, алоолонгон от сыяктуу адам баласын кучагына алат. Ашык жан арзыганына жеткенде, жалындап күйгөн от өчөт...

* * *

Жаралгандан эле адам баласынын бир бөлүгүн түзгөн сүйүү сезими чыныгы сүйүүгө айланса, түбөлүктүү болот. Акыретте өзгөчө ырахатка айланат.

* * *

Алла Тааланы таанууга өбөлгө түзгөн жагдай – пенденин дили. Дили менен Алланы таанып, анын негизинде Алланын сүйүүсүнө ээ болуунун эң көрүнүктүү белгиси – ал адамдардын Улуу Жаратканга болгон сүйүүсү.

* * *

Чыныгы адамдык улуулукка жетүүнүн эң кыска жана туура жолу – сүйүү жолу. Сүйүүсүз ал даражага жетүү кыйын. Акыйкатка жетүү үчүн, Алланын алдында алсыздыгын сезип, чын дилден Ага шүгүр келтирүүдөн артык сүйүүгө тең келе турган жол жок.

* * *

Сүйүү – биз жоготкон бейишти табышыбыз үчүн Алла Тааланын бизге берген бурагы. Бул буракка мингендердин эч бири жолдо калган эмес. Арийне, бул буракка мингендердин арасында да руханий мастык менен жолдон четтеп жүргөндөрдү кезиктирүүгө болот. Бирок буга алардын Алла Таала менен болгон байланышын жөнгө сала албагандыктары гана себеп.

* * *

Ашыктык адамды өрттөп, күл кылгандыктан андан ары аны бул дүйнө жана Акырет оту күйгүзө албайт. Себеби, эки коопсуздук жана эки коркунуч бир пендеде бир учурда болбогондуктан, бүтүндөй өмүрүндө көкүрөгү ашыктык отуна күйүп-жанган адамдардын дагы бир жолу ошондой кыйынчылык тартышы мүмкүн эмес...

* * *

Адамга өзүн унуттуруп, сүйгөнүн гана эске салган ашыктык – жүрөктүн жалгыз сүйгөнүн гана самап, анын арзуусу менен эрип кетиши. Адам болуунун максаты да ушул болсо керек...

* * *

Ашыктыктын эрежеси боюнча ашык болгон пенденин көңүлүн башка нерселердин ээлеши арам жана бул арам сезим сүйүүнү өлтүрөт. Сүйүү сүйүктүүнүн ысымын, жамалын, ажайып сапаттарын дастанга айлантуу менен жашайт, андай болбосо өлөт, өчөт...

* * *

Ашык болгон адам кандай жагдайда болбосун сүйгөнүнө каршы чыгууну ойлобойт, ойлой албайт. Айрыкча, башка нерселер анын астын тосуп, унуттурушун эч каалабайт. Ал тургай сүйгөнүнөн башкалар тууралуу айтылган сөздөрдүн баарын куру бекер, пайдасыз деп эсептейт. Аны менен байланышпаган иштердин баарын оопасыздык деп санайт.

* * *

Ашыктык – жүрөктүн каалоосу, сезимдердин сүйүктүүдөн башка бардык нерседен баш тартуусу. Ашык болгон адамдын ар бир кыймыл-аракетинен сүйүктүүсүнө болгон арзууну түшүнүүгө болот. Анын жүрөгү сүйүктүүсүнө карата ышкы менен согот, сүйүктүүсү анын тилинен, дилинен, кыялынан чыкпайт...

* * *

Сүйүү – соккон сыдырым желде, жааган жамгырда, шаркырап аккан дарыяда, чытырман токойдо, жаркыраган таңда, көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө сүйгөнүнүн жытын алып, жанданат, анын теребелге чагылган сулуулуктарын көрүп толкуп-ташат. Ар бир соккон шамалдан анын демин сезип, кубанычка бөлөнөт жана кээде анын таарынычын сезип сыздайт...

* * *

Ашык болгон адамдын жан дүйнөсү оттой жанат жана ал ошол ырахаттуу “азаптан” чыккысы келбейт.

* * *

Ашыктыкты – бузуку адамдардын кумары деп эсептөө катачылык жана чыныгы сүйүү эмне экенин аңдабастык. Чындыгында, кээде жалган сүйүүлөрдүн да чыныгы сүйүүгө айланган учурлары болгон. Бирок бул жагдай жалган сүйүүнүн өзүнүн баалуулугунан эмес, тескерисинче, анын кемчиликтүүлүгүн жана түбөлүктүү эмес экендигин көрсөтөт.

* * *

Чындап ашык болгондор сүйүү отуна күйүп-жанат. Алардын ар бир сыздашы жанар тоо лавасы сыяктуу түшкөн жерин өрттөйт, күйгүзөт.

* * *

Ашыктыкты сөз менен айтып жеткирүү өтө кыйын, ал тургай мүмкүн эмес. Мына ушул себептен сүйүү тууралуу айтылган сөздөрдүн көбү сүйүүнүн сыртка чагылышы гана болуп саналат. Себеби, бул абалды ашык болгон адамдын өзү гана баяндап бере алат...

* * *

Жараткан Аллага ашык болгон адам Кыямат сурнайынын үнү менен гана өзүнө келиши мүмкүн.

* * *

Ашык болгон адам ысык казан сыяктуу ар дайым ичинен кайнап турат.

* * *

Өлүм кыжаалатчылыгын басып, кайгырган жүрөктөрдү жалгыз гана чыныгы сүйүү тынчтандырат. Ооба, узак убакыттан берки дарттарыбызга, айыкпас деп ойлогон ооруларыбызга, коркуу жана кыжаалатчылыгыбызга, кайгы-капаларыбызга каршы жалгыз чара чыныгы сүйүү болуп саналат.

* * *

Жаштарга учурдун талабына жараша таалим-тарбия берүүдө алардын көңүлүнө аз да болсо сүйүүнүн учкунун киргизе албасак, кемчиликтен арыла албайт жана напсилерин жеңе алышпайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.