Аял

Балдардын таалим-тарбиясында маанилүү орду бар, үйдөгү бейпил өмүрдүн уюткусу жана алгачкы мугалим – аял. Аялга жаңы орундар изделип жаткан азыркы учурда, ага Алла Таала ыроологон өзгөчө орду тууралуу эскертүү, кээ бир кажетсиз изденүүлөрдүн алдын алат.

* * *

Намыстуу, тарбиялуу жана үй-бүлөсүн сүйгөн аял тутунган үй бейиш бакчалары сыяктуу жана андагы үн Кавсар булагынын шылдырына окшош.

* * *

Сыртын сулуулап, жасанып алган аялды көргөндө, ичиңден: “Бул аялдын ички сулуулук - намыс, аруулук сыяктуу улуу сапаттарга да ушунчалык маани берет болду бекен?” деген ойго жетеленесиң.

* * *

Аялды периштелерден да улуу даражага жана алмаздай баалуулукка жеткирген абалы – анын жан дүйнөсү, аруулугу жана олуттуулугу. Арсыз аял – жасалма акча сыңары болсо, шайкелең аял – куурчак сыяктуу. Андайлардын бузуку чөйрөсүнөн жакшы үй-бүлө, жакшы перзент тарбияланышын күтүү мүмкүн эмес.

* * *

Алланын акыйкат жолун тапкан аял үйүндө хрусталь вазага окшойт. Анын ар бир кыймыл-аракетинде чагылган нурлар кошо кыймылга келет. Жан дүйнөсүн караңгылык каптаган аял баскан жерин булгап кетет.

* * *

Аял колунан эч түшүрбөй окуп жүрө турган китеп – коомдук тарбия китеби. Бирок бул китеп али талапка ылайык жазыла элек.

* * *

Шум напсинин жетегине түшкөн аялдарды көргөн сайын “аялдын акылы кыска” дегендердин сөздөрүн жөндүү деп эсептейм. Мындай деп айткандар бүгүнкү күндө аялдардын жарнама куралына айлангандыгын көрсө, эмне дээрин билбей калмак.

* * *

Илгеркилер “Аялдын колундагы ийне, эр-азаматтын колундагы найза сыяктуу”,- деп айтышчу. Чындыгында, бул сөз жөндүү айтылган.

* * *

"Уулду кызматчым, кызды көзүмдүн кареги" деп аташчу.

* * *

“Эсиң барда этегиңди жап”,- дейбиз. Карегибиздей болгон аялзатынын канчалык коргоого алынышы керек экенин сезе алдыкпы?

* * *

Улуулук сапаттарга ээ аялдын көркү, сулуулугу анын намысы жана аруулугу болгондой эле, эң баалана турган жагы – коомдук тарбиясы жана өмүрлүк жолдошуна болгон ишенимдүүлүгү.

* * *

Жакшы аялдын сөзүндө даанышмандык, жан дүйнөсүндө назиктик, кыймыл-аракеттеринде бардык адамдарга карата урмат-сый болот. Ага бурулган көңүлдөр анын бул ыйыктыгын сезип, адамдык пас сезимдер жакшы ниет жана ойлорго айланат.

* * *

Тулку-бою өскөнү менен руханий дүйнөсүн өнүктүрө албаган аял кайсы бир убакытка чейин кулпурган гүлгө окшосо да, кийинчерээк дароо соолуп, жалбырактары күбүлүп, тебелендиде калары турган иш. Түбөлүк бактылуулукка жете албагандардын кур аракети кандай гана аянычтуу!..

* * *

Аял – асыл зат. Илимдүү, билимдүү, Алланын акыйкат жолун тапкан келечек муундар аялзатын аздектээринен үмүт кылабыз...

* * *

Бизде аял – улуттук аброюбуздун негизи. Даңазалуу тарыхыбызда анын салымы зор.

* * *

“Аялзатынын укугун жактап жатабыз”,- деп жар салып жүргөндөрдүн көбү анын напсисин оолуктуруп, жан дүйнөсүн жаралап жатат.

* * *

Акыйкат жолду тапкан аял тарбиялап өстүргөн кайрымдуу перзенттеринин арты менен үй-бүлөсүнө кут-береке алып келет. Мындай ыйык үй-бүлө жыпар жыттуу ажайып бейиш бакчасына окшойт.

* * *

Жүрөгүн ыйман нуру, аң-сезимин илим жана коомдук тарбия менен жаркыткан аял үйүнө ар күнү жаңы кооздуктарды кошот. Өз ордун билбеген шайкелең аял үй-бүлөнү бузуп, кыйратат.

* * *

Аялзаты – булганган идиш, кунсуз темир, алган орду таштанды төкчү жай эмес. Ал баалуу бермет, алган орду бермет салынган кооз куту.

* * *

Аял назиктик жана сезимталдыгы менен өзгөчө орду бар. Ал ушул өзгөчөлүктөрү менен өз табигый ролун бузбай жашаса, үй-бүлөсүнө жана коомуна пайда алып келет.

* * *

Бүгүнкү күнүбүзгө чейин феминисттердин аялдар үчүн сунуштагандары аялзатынын аброюн түшүрүп, табиятын өзгөртүүгө учураткан. Чындыгында, жашоодо аялдын орду бийик. Анын башкы баалуулугу – өзүнүн табигый милдетин ыйык сакташы.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.