Кичи пейилдүүлүк

Кичи пейил адам Аллага да, элге да жагат. Ал эми текебер жана элди тоотпой менменсингендер эч кимге жакпай, Алла Тааланын азабына кабылышкан.

* * *

Адам баласынын менменсигени анын кем акылдыгын жана чийкилигин көрсөтүп турат. Акылдуу жана жан дүйнөсү бай адам ага берилген нээматтардын баарын Улуу Жаратуучудан деп билип, Ага шүгүр кылат.

* * *

Кичи пейилдик Жараткандын буйругуна ыраазы болуп, элдин басынтуусуна жана акаараттарына чыдайт. Өзүнүн эби-ченин билип, кичи пейил болгон адамдардын кордугуна дуушар болбойт.

* * *

Кичи пейилдик адамдын улуу сапаттарга ээ экендигинин, текебердик кылып, менменсинүү анын пас адам экендигинин белгиси. Улуу инсандар – ар дайым эл менен бирге болгондор. Эң пас адамдар – эл менен бирге болгусу келбеген жана алардын катарында болгусу келбей текеберденген жүзү каралар.

* * *

Чөйрөсүнө кадыр-баркы билинбегендер кичи пейил табияты менен эртеби-кечпи, эл оозуна алынып, аброю көтөрүлөт. Менменсиген адамдар болсо, коомдон четке сүрүлүп калат.

* * *

Адамдын адамдыгы анын кичи пейилдиги, кичи пейилдиги бийлик-байлыкка, илим-билимге ээ болгондо өзгөрбөгөндүгү менен айгинеленет. Жогоруда айтылгандардын бири анын көз караштарын жана кыймыл-аракеттерин өзгөртүп жиберген адамдын кичи пейилдиги, адамдык улуулугу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес.

* * *

Кичи пейилдик бардык жакшы мүнөздөрдүн ачкычы. Ага ээ болгон адам башка жакшы сапаттарга да ээ болот. Ага ээ боло албаган адам көбүнчө башка сапаттардан да куру калат. Адам (алейхи салам) жаза басканда руханий жоготууларын кичи пейилдик менен кайра кайтара алды. Ал эми ошондой сыноодон өтө албай жүзү төмөн түшкөн шайтан текебердигинин жана менменсинүүсүнүн курманы болду.

* * *

Зикирканаларда кичипейил пенделер руханий бийиктикке көтөрүлүштү. Мектеп жана медреселерде да ар дайым кичи пейил адамдар улуу даражаларга жетип, коомуна пайдалуу болушту. Мурдун көтөрүп, зикиркананын адеп жана тартибине баш ийбегендер, бирөөнүн алдында отуруп, бир нерсе үйрөнгүсү келбей менменсингендер, жоготууга учурашты. Менменсинүү жана улуулук Алла Тааланын сыпаттарынан болгондуктан, текеберденип чектен чыккандар Алланын каарына калып, жок болушкан. Чегин билип, кичипейилдүүлүк кылган пенделер болсо, бийиктеп Алланын ыраазычылыгына татышты.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.