Дене менен жан дүйнөнүн тең салмактуулугу

Чыныгы жашоо – пенденин ички дүйнөсүнүн тирүүлүгү. Андай адам өтмүштү жана келечекти бир эле нерсенин эки тарабы сыяктуу көрүп, өзгөчө бир абалга жетет. Ал өткөндүн кайгысы менен кайгырбайт, келечектеги коркунучтардан кыжаалаттанбайт. Жан дүйнөсү жарды адамдар ар дайым кыжаалаттыкта жашайт. Андайлардын оюнда өтмүш коркунучтуу мазар, келечек түпсүз туңгуюк сыяктуу сезилет. Алардын жашоосу да, өлүмү да азапка чулганган.

* * *

Адам баласынын өтмүш жана келечек менен болгон байланышы анын руханиятынын деңгээлине жараша болот. Мына ушундай ыңгайда өмүр сүргөн жана аны аңдай билген бактылуу адамдар өтмүштү ата-бабаларыбыздын ордосу жана тактысы, келечекти бейиш бакчаларына алып барчу жол сыяктуу көрүп, көңүлдөрү көтөрүңкү бойдон бул дүйнө кербен сарайынан жөнөп кетишет. Жашоону мындай сезе албаган бактысыз байкуштардын жашоосу өлүмүнөн бешбетер, өлүмдөрү караңгылыкка чулганган тозок.

* * *

Адамдын кылган иштери менен ички дүйнөсүнүн ортосунда бири-бирин толуктап туруучу байланыш бар. Бул жагынан алып караганда, адам баласынын эрки, чечкиндүүлүгү иш-аракеттерине чагылып, ички дүйнөсүн нурданткандай эле, дилинин тазалыгы аны бийиктиктерге шыктандырат.

* * *

Бүтүндөй кыймыл-аракети рухуна моюн сунган бактылуулар ар дайым Улуу Жараткандын ыраазычылыгына, адамдык улуу сапаттарга карай багыт алышат. Кээде жаза басуулар болсо да чын дилден бушайман болуп, көкүрөгү сыздаганда жан дүйнөсүн бийлеп алган күнөөлөрү эрип, руханий жолдогу сапарларын улантышат.

* * *

Мойнундагы жоопкерчиликтерин ийине жеткире орундаткан улуу инсандар милдеттерин аткаруу үчүн жан үрөгөндө ички дүйнөсү да күйүп-жанып, күнүнө бир канча жолу канат кагып, периштелердин катарына кошулушат.

* * *

Кылымдар бою түбөлүктүүлүк ишенимин көкүрөгүбүзгө сиңирген түшүнүк убакыттын өтүшү менен солгундап, ордун мистикага бошотуп берди. Ошондон бери жылдыз курттун чыгарган жарыгындай бүлбүлдөгөн илхамдарын, вахийдин жаркыраган нуруна теңегендер жарык жолубузду тумандатып, адамдардын дүйнөсүн караңгылатууда.

* * *

Бул баяндоодон кийин акыйкаттыкты көздөгөн азаматты төмөнкүчө сүрөттөөгө болот. Ал ар кандай кыйынчылыктарга каршы туруктуулугун жоготпогон, эрки бекем, Алла Тааланын буйруктарын жакшы талдап түшүнгөн, руханий жактан Мавлана, Юнустар сыяктуу бышып жетилген, “катардагы эле бир адам сыяктуу карапайым болуу” түшүнүгүн көкүрөгүнө сиңирген жана элдин бактысы үчүн өз жыргалчылыгынан кечип койгон бир каарман.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.