Адамзат бактысына жана тынчтыкка арналган өмүр

Өзүнүн жөнөкөйлүгү жана оор басырыктуулугу менен таанымал Фетхуллах Гүлен улуу окумуштуу жана ошондой эле көрүнүктүү коомдук ишмер болуп саналат. Элдердин ортосунда өз ара мамилени чыңдоо жана сабырдуулук үчүн иш майданында өзүнүн талыкпаган жинердүүлүгү менен белгилүү. Ал тарабынан кечиктирилбес социалдык маселерге багытталган иш-аракеттер аны атак-даңкка, баарына таанылган жана урматталган Түркиянын коомдук лидери кылды. Албетте, Фетхуллах Гүлендин башка өлкөлөрдө да жактоочулары бар. Анын өмүрү бүтүндөй социалдык маселелерди чечүүгө жана жалпы адамзаттык маанилүүлүгү таң калычтуу болгон адамдардын руханий дүйнөсүнүн муктаждыктарын канааттандыруунун жолдорун издөөгө арналган.

Анын төрт тарабы төп экендигине жараша ал өзүнүн түп нускалуу идеялары жана жашоо турмушунан алынган жигердүүлүктүн ар кандай багыттары айырмалап турат. Фетхуллах Гүлен ишенимсиздикке жана адилетсиздикке каршы күрөшөт. Көйгөйлөргө акылдмандыгы жана акылга негизделген мамилеси анын ишениминин жана сезиминин тереңдигинен орун бербейт. Көбүнө бул жомоктой сезилиши мүмкүн, бирок Фетхуллах Гүлен өзүнө сезиминин кызып кеткенин оор салмактуу ойлору, иштери менен айкалыштырат.

Түрк окумуштуулары жана интелекттери түз жана кыйыр мааниде Фетхуллах Гүленди Түркиянын эле эмес дүйнөлүк масштабдагы өтө таасирдүү ойчул, жазуучулардын бири катары кабыл алышат. Ал чынында мусулмандардын интелектуалдык, социалдык, руханий жашоосун жаңылоо кыймылынын башында турат, Фетхуллах Гүлен дайыма Эгебиздин баш ийген кулу жана коомдун оор басырыктуу мүчөсү болуп кала берет. Ал өзүнүн жашоосунда алтын эрежелерге баш иет; “Даңк менен ыракаттануу таттуу ууга окшош, анткени ал жүрөктү руханий күчтөн ажыратат”.

Өзүнүн өмүрүндө Фетхуллах Гүлен мусулмандардын гана эмес, бүткүл адамзаттын, анын ишениминин, үмүтүнүн, иш-аракетинин кызыкчылыктарын айтып келген. Ага өзүнүн кыйналуулары мааниге деле ээ эмес, бирок ал башка адамдардын кайгысын жүрөгүнө түйүп алат. Адамзатка багытталган ар бир адилетсиздикти өзүнө урулган сокку катары баалайт. Бир жолу ал өзүнүн жан дүйнө азаптарынын табиятын мындайча сүрөттөп берди: “Дайыма күзгү жалбырак кантип түшкөнүн көргөнүмдө мен колумдан ажырап жаткандай сезем”.

Фетхуллах Гүлен Түркиянын чыгышындагы Эрзурум дубанынын Коружук айылында 1941-жылы туулган. Анын руханий дүйнөсүнүн калыптанышына үй-бүлөсү таасир берген. Ал жөнүндө Фетхуллах Гүлен минтип айтат: “Балким, чоң атама караганда чоң апам Мунисе айым мага көп таасир этти. Ал өзгөчө аял эле, курулай сөздөрдү жакшы көрчү эмес. Ал учурда Куранды окуу тууралуу талкууланып жатканда, чоң апам айылдын бардык аялдарды ошондой эле мени да Ыйык Куранды окууга үйрөткөн. Атам да көп роль ойноду. Ал такыба, ыкыластуу, тыкан адам эле. Атам эч качан убактысын бош коротчу эмес”.

Фетхуллах Гүлен билимди толук жана бөлүп-бөлүп отуруп медреседен алган. Ошондой эле ал учурдун көрүнүктүү Алварлы Эфе, Осмон Бекташ кожо, Хажи Сыдкы эфенди жана башка уламалардан таалим алган. Ал билимин диний илимдер менен гана чектебей, башка илимдерди да талыкпай изилдеп, бир эле убакта суфизмди унутпай адабият менен алектенген. 1958-жылы Фетхуллах Гүлен Эдирнеде мугалимдик кесибин баштаган. Шаардын коомдук жана диний иштерине жигердүү катышкан. Армияга кызмат өтөгөндөн кийин Эдирнедеги ишин Измирде улантты. Измир чоңдугу боюнча Түкрияда үчүнчү. Бул дайындоо анын жашоосундагы өзгөрүш болду. Эми ал Измирде гана окутпай, башка шаарларына барып, дарвинизмди сындоодон ислам концепциясына чеийинки социалдык адилеттүүлүктү темада жана ар кыл темада да сабактарды өттү. Фетхуллах Гүлен жөнөкөй адамдар тарабынан көп барган жерлерде болчу, анткени өзүнүн ойлорун бардык угуучуга чейин жеткирүү эле.

Фетхуллах Гүлен көп убакыт бою интеллектуалдык билим менен чыныгы руханий дүйнөнүн, акылмандыктын жана жашоо жигердүүлүгү айкалышкан жаш муунду кыялданып жүргөн. Измирдеги анын курсунан өткөн биринчи окуучулары мурун түзүлүп калганды башкарып, анын улуу идеалдарынан үлгү ала тургандыгынын даярдыгын көргөзгөн жаңы муун болгон. Ал чынчылдыгы менен таң калтырган, адамдарга болгон сүйүүсү жана альтуризми менен, коомдогу базар экономикасынын шартында көрүүгө кыйын болгон материалдык бир нерсени алардан күтпөстөн, элге башында да, азыр да кызмат кылган жалындуу жаш коом. Бул кызмат руханий жактан өнүгүүнү, педагогикалык ишти, дүйнөнүн бардык жеринде жеке менчик окуу жайды ачууну, басма ишин, теле-радио берүүлөрдү чыгарууну, аз камсыз болгон студенттерге жардам берген ишкананы өзүнө камтыйт. Мындай иштер саясат менен же саясий дымак менен эч байланышы жок.

Ошол эле убакта Фетхуллах Гүлен мындай туура, эл аралык достукту бекемдеген иш майданында өзүнүн жигердүүлүгү менен таанылды. Ал бир эле улутта эмес, бүт дүйнөнүн айырмачылыктарына караганда жалпылуулуктары көп, андыктан дайыма диалогду жүргүзүп туруу керек дегенге бекем ишенет. Бул коомдун ар кандай катмарын өз ара түшүнүүнү өнүктүрүүгө багытталган максаты менен ал журналисттер жана жазуучулар фондунда сөз сүйлөп жана бул демилге ар кыл ишенимдеги, көз караштагы адамдар тарабынан жылуу кабыл алынган.

Фетхуллах Гүлен эл кыдырат жана өзүнө Түркиядан эле эмес бүт дүйнөдөн адамдарды кабыл алат. Ал өлкөнүн журналисттери, жазуучулары жана башка интеллектуалдык топтору менен дайыма байланышты күчөтүп турат. Фетхуллах Гүлен адам катары өзүн коомдук маселелерге арнаган инсан, билим берүү системасынын өнүгүшүн жогору баалайт. Ушундай жол менен гана коомдо өз ара келишүү, адам укугун сыйлоо, сабырдуулук өнүгөт. Мына ошондуктан Фетхуллах Гүлен көп жылдар бою интеллектуалдык элитаны, ири коомдук ишмерлерди жана ишкерлерди билим берүүнүн түп тамырынан жакшыртуу иштерин колдоого чакырат. А бул калктын аз камсыз болгон тарабын да өзүнө милдеттүү түрдө камтыйт.

Фетхуллах Гүлен: “Эгер адамдар маданиятсыз калуу менен эркин болууну ойлоп жатса анда алар эч качан эч нерсе болбойт жана болборун күтүшүүдө”-деп белгилейт. Фетхуллах Гүлен массалык маалымат каражаттарын (өзгөчө телеберүүнү) коомду, өзгөчө билим алууга чамасы жетпеген элдерге өтө зарыл маалыматты жеткирүүдө натыйжалуу колдонуу керек экенин айтат.

Фетхуллах Гүлен: “Саясий жана мамлекеттик системага бир гана альтернативдүү болгон демократияны ылайык экенин”-ишендирди. Анын сөзүндө адамзат демократия кемчиликтерге ээ болсо да мындан жакшы мамлекеттик система кура элек. Биз демократия иштеши жана жакшырышы үчүн жактоочу болуш керегибизди айтты. Адамдар максат коюу жагында өзгөчө өздөрүнүн диний жана руханий жактан көрсөтүүсүндө эркиндикке муктаж болушат.

Фетхуллах Гүлен: “Ийгиликсиздикте үмүтсүз болбогула жана анархисттерге жол бербегиле”-деп токтобостон белгилөөдө. Ал дайыма бизди кандай гана абал болбосун үмүтүбүздү жоготуубузга болбойт экенин эскертип турат. Үмүтсүздүк – эшилме кум, адамзаттын өнүгүү жолундагы тоскоолдук, ал жеңишке болгон эркти өлтүрөт. Ал бизди мойнубуздан тартып муунткан илмек.

Фетхуллах Гүлендин сөзү менен биз XXI кылымда жаңы руханий өнүгүүнүн күбөсү болобуз. Моралдык баалуулуктар кылымдык чаңды силкип түшүрөт. Бул цивилизациялардын кызматташуусуна алпарган тилектештиктин, өз ара түшүнүүчүлүктүн кылымы болот.

Фетхуллах Гүлен өзүнүн эмгектеринде коомдун алдындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун жана адамзат туруп турган “материализмдин эшилме кумдарынан” кутулууну сунуштап жатат. Ал: “Учурдагы адам өзүнүн Жаратканын издеп жана өзүнүн эмне үчүн жаратылгандыгын тааныш керек”-дейт. Адамдарды ойлондурган суроолорго ал өзүнүн китебинде иш жүзүндөгү жана таң калычтуу жоопторду жазат. “Адам эмнеге жаралган? Жашоонун маңызы эмнеде? Эмне үчүн адам өлөт” жана башка көптөгөн суроолор. Өзүнүн сөздөрүндө жана кайрылууларында төмөнкү ойду кезиктирүүгө болот: “Адам эки жолдун айрылышына келди, бирөөсү үмүтсүздүккө, экинчиси куткарылууга алып барат”. Эгем бизге туура чечим чыгарууга акыл бер!

Фетхуллах Гүлен дүйнөдөгү материалдык жыргалчылыктын жетишсиздигине ишенбейт, андыктан миллиондогон адамдар ачкачылыктан өлүүдө дегенге ишенбейт. Ал адилетсиз бөлүштүрүлгөн материалдык баалуулуктарды менчик кайрымдуулук корлору аркылуу муктаж адамдарга бериш керек деп эсептейт. Ал ушул сыяктуу корлордун түзүлүшүн колдойт. Алар аз камсыз болгондордун көйгөйлөрүн натыйжалуу чечип беришет.

Фетхуллах Гүлен – социалдык реформаны жүргүзүүдөгү чыныгы новатор. Аны ишке ашырууда принциптелген мамилеси кызыктуу. “Өзүнүн туура экендигине башка адамдарды ишендирүү, ошол учурда күч колдонуу дегендер артта калган. Азыркы билим доорунда башкаларды ишендирүү жолу бул биргана негизделген аргументтер аркылуу гана болот. Өзүнүн максатына жетүүдө күч колдонгондор жок болууга дуушар болушат”. “Адам өзүнүн жашоосунда руханий менен материалдык баалуулуктун ортосундагы тең салмактуулукту сакташ керек жана тыюу салынбаган сараңдыктан коргонуу зарыл. Ошондо ал чыныгы бактылуу адам болот”-деп белгилейт Фетхуллах Гүлен.

Фетхуллах Гүлен руханий насаатчы катары сүннөт негиздери менен жашаган аны жайган жана жакшы чагылдырган болуп саналат. Хадистерди көп билген, Ыйык Курандын чечмелеген (тафсир), мусулман укугун жана юриспруденцияны (фыкх), суфизм жана философияны мыкты өздөштүргөн ислам окумуштуулары арасында татыктуу орунда турат.

Фетхуллах Гүлен 50дөн ашык китептин автору. “Сызынты”, “Ени үмүт”, “Ягмур” жана “Фаунтен” журналдарына туруктуу макала жазып турат.

Анын кээ бир чыгармалары.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.