М. Ф. Гүлендин билимине башкалардын көз карашы

М.Ф. Гүлендин билимине башкалардын көз карашы

Томас Мишель

Гүлен мырза тарабынан башкарылган кыймылдын мүчөлөрү иштеткен окуу жайлары тууралуу маалымат алдым. М. Фетхуллах Гүлендин жана анын жамаатташтарынын педагогикалык көз караштарынын башталышында, көргөзгөн натыйжасында эмнелер тургандыгын түшүнгүм келгендиги үчүн мен анын эмгектерин изилдөөгө бел байладым.

Биринчиден Гүлен менен лицейдин ортосундагы мамилени аныктап алыш керек. Көбүнчө аны “Гүлендин лицейлери” же “Гүлен кыймылынын лицейлери” деп айтып жүрүшөт. Гүлен мырза биринчи кезекте өзүн насаатчы деп атайт. Бирок ал билим берүү жана окутуу сөздөрүнө кылдат мамиле жасайт. “Көпчүлүк адамдар мугалим боло алышат, бирок чыныгы педагогдордун саны чектелүү гана”[i] -деп белгилеп жатат.

Ошондой эле өзүнүн лицейлери жок экендигин көп эле түшүндүрүүгө аракет кылган. “Мен бир да лицейдин кожоюну эмесмин”[ii],-деп катуу айтты эле. Лицейлер билим берүү жаатында адистешидген мекемелери тарабынан курулуп, эки өлкө ортосундагы бекитилген, макулдашылган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ар бир лицей өзүнчө жеке ишкана, бирок алардын көпчүлүгү лицей жабдуулары жана кадрдык маселелерде түрк мекемелеринин жардамына таянат.

Мен ушундай лицей менен биринчи жолу 1995-жылы Замбоангеде (Түштүк Филипиндердеги Минданао аралында жайгашкан) болгонумда, ал жерден бир канча чакырым алыстыкта “түрк” мектеби бар экенин билдим. Ал лицейге жакындаганда менин көңүлүмдү бурган биринчи нерсе кире бериш жериндеги: “Филипин-түрк тилектештик мектеби”,-деген жазуу болду. 50 пайызы мусулмандар, 50 пайызы христиандар жашаган Замбоанге шаары жана 20 жыл бою ар кыл Моро сепаратисттик кыймылдардын дайыма Филипин аскер өкмөтүнүн түзүлүшүнө кашы чыгып кегендер жайгашкан райондо болгону үчүн таң калычтуу бекемдөө болчу. Барымтага алуу кадыресе көрүнүшкө айланган, партизандык кагылыштар, капысынан болгон чабуулдар, камоолор, жоголуулар жана аскерий жана ошол сыяктуу күчтөрдүн өлтүрүүлөрү болгон аймакта лицей Филиппиндердин мусулман жана христиандардын балдарына жогорку деңгээлде билим берүүлүк менен ынтымакта жашоо образын жана бири-бири менен болгон өз ара мамилешүүнү сунуштап жатат. Атенео де Замбоангадагы менин иштешкендерим, иезуиттер жана профессорлор филиппин-түрк тилектештик мектеби башынан эле ошол аймактагы христиадык уюмдары менен кызматташып бекем байланышты орнотушкан деп айтып жатат.

Ошол убактан бери мен башка лицейлерди да зыярат кылууга жана мугалимдер, администрация менен билим берүү саясаты тууралуу талкуулаганга мүмкүнчүлүк алдым. Алар так илимдер, информатика жана тилдер боюнча мыкты программага ээ болуусун ар кыл олимпиададагы ийгиликтери тастыктап жатат. Бир жолу мен Бишкектеги лицейде бир жарым саат жетинчи класстардын алдына чыгып сүйлөдүм. Менин сөзүмдүн аягында мугалим окуучуларынан менин кайсы англисче лексикада сүйлөгөнүмдү сурады, окуучулар кыйналбастан англисченин британиялык эмес америка вариантында сүйлөгөнүмдү айтышты. Алардын тайсалдабай так туура жооп бергенине мен абдан таң калдым.

Мен лицейдин программасынан жана айланасынан исламдын ачык материалдарды табам деп ойлогом, көрсө мен жаңылыптырмын. Мен таң калып, окуу программаңарда дин жөнүндө барбы? деп сураганымда Замбоангеде буддисттер жана индустар, Кыргызстанда болсо мусулмандар жана христиандар  плюралисттик коомдо жашагандыктан лицейдин окуучуларына кайсы бир конфессиянын окуусун сунуштагандын ордуна чынчылдык, эмгектенүү, шайкештик жана ак ниеттүүлүк сыяктуу жалпы баалуулуктарын үйрөтүүгө аракеттенишкенин билдиришти.

Окуу жайлардын өзөгүндө жаткан окуу негиздерин жана усулун түшүнүү, башкаларды өзүнүн көз карашы менен шыктандырган жөндөмдүүлүгү аркылуу насаатчы аталган Гүлендин усулун түшүнүүгө болгон ынтызарым Фетхуллах Гүлендин эмгектерин изилдегенге түрткү берди.

Билим берүүгө Фетхуллах Гүлендин көз карашы

Түркия Республикасы түзүлгөндөн кийин көптөгөн түрк мусулмандары өкмөт тарабынан европалык цивилизациянын жакшы да, жаман да жактарын көчүрүп алган “модернизация” программасын сындап чыгышкан. Алар динди мамлекеттен бөлүүнү жөн гана секуляризация процессинин максатсыз кошумча өндүрүшү катары эмес, а динге каршы агым катары карашкан. Алар жашыруун негиздеги модернизация үчүн идеологиялык ишендирүү тактап айтканда дин прогресске тоскоол болот деп айтып жатышат. Эгер эл алга жылууну кааласа анда дин коомдук чөйрөдөн, экономикадан, саясаттан сырткары болуш керек дешкен. Республиканы түптөөдө орнотулган декадалардагы фронттордун сызыктары жана билим берүүнүн эки чоң системасынын өз ара атаандаштыгы Түркияны ар бир ойчул өзүнүн тиешелүүлүгүн жарыялай турган диний-светтик сөз таймаштарынын (дебат) жайы кылып салды.

Ушул маселеде Фетхуллах Гүлендин аны чечилгис көйгөй деп эсептеп, алардын бирөөсүнүн да тарабына кошулуудан баш тартканынын бирден-бир себеби болгондуктан, менимче, “оңчулдардын”, “солчулдардын”, “светтиктердин”, “динчилдердин” сынына бир канча жолу кабылган. Анын ордуна ал үмүттөнгөндөй келечекте азыркы тоскоолдуктарды бүтүрө турган мамилени сунуштаган. Гүлен Түркия Республикасында өтүп жаткан модернизацияны колдоону сунуштап, бирок чындыгында натыйжалуу модернизациянын процесси адамды толук өнүктүрүүнү өзүнө камтыш керектигин белгилеген. А билим берүү жагына келсек, учурдагы бардык окуу системасын көңүлгө алуу керек. Заманбап дүйнөдөгү бардык өзгөрүүлөргө жооп берген жаңы стилди түзүү зарыл.

Эскичилдикди кайрадан жандандырууга умтулган долбоорлор Гүлендин аты менен коошпойт, анткени Гүлен заманбап билим берүүдөгү мектептерди сунуштап, осмон системасын же халифатты кайра жаратууну колдобойт. Гүлен дайыма: “жаңы шарттарга муюп, адаптация болуп жашабаса оор жоготууларга дуушар болобуз ” - деп айтып келет.

Модернизация зарыл болуп жатканына карабастан ал мурунку баалуулуктардан бөрк ал десе баш алатургандай алыстап ажыроо кооптуу деп эсептейт. Салттуу баалуулуктардан ажыраган жаштардын материалдык ийгиликтен башка эч бир баалуулугу жок тарбияланып калуу коркунучуна алып келет. Терең ой, сезим, ойдун ачыктыгы, руханиятты же маданиятты баалоо жөндөмү сыяктуу материалдык эмес баалуулуктар заманбап окуу жайларында көңүлгө алынбаганы аянычтуу дейт. Окуу жайларда глобалдашкан базар системасы үчүн массалык түрдө функционалисттерди гана өстүрүп чыгарууга багытталганы өкүнүчтүү[iii].   

Андай функционалист студенттер жумушту бат таап алышаар, бирок чыныгы адамдык эркиндикке жетүү үчүн ички дүйнөсүнөн туура эмес калыптанышы мүмкүн. Экономикадагы, саясаттагы лидерлер жакшы ниет менен мамиле кылышат жана келечектеги кесипке, “баалуулуктардан тышкаркы” мектептерге жардам беришет. Анткени “мыкты даярдалган, бирок билимсиз адистерди” башкаруу алар үчүн оңой. Гүлен эгер силер көпчүлүктү оңой көзөмөлдөөнү кааласаңар, анда аны билимден алыстатып коюңуз деп жатат. Алар заалимдерди билим аркылуу гана жеңе алат. Социалдык адилеттүүлүккө болгон жол толук универсалдуу билим берүүдө жатат, анткени ушулар элдерди башкалардын укугун сыйлоо деген түшүнүктөргө жана сабырдуулуктарга ээ кылат[iv]. Ошондуктан Гүлендин ою боюнча ар тараптуу билим берүүнүн жоктугу бир гана адилеттүүлүктү орнотууга тоскоол болгон жок, ошол эле учурда башкаларга мамиле жасоодо сабырдуулукту, адам укугун таанууда да тоскоолдуктарды жаратууда. Эгер толук кандуу билим алышса өз алдынча ойлонушуп жана социалдык адилеттүүлүк, адам укугу, толеранттуулук сыяктуу баалуулуктарды колдошмок. Алар жашоонун жакшы максаттарын ишке ашырып өзгөрүүлөрдүн жаңылыктары болуп калышмак.

Эгер билим берүүгө реформа жасай турган болсок анда мугалимдерге көңүл бурбай койбош керек. Гүлен мындай дейт: “Билим берүү бул жөн гана үйрөтүү болуп саналбайт. Көпчүлүк адамдар мугалим боло алышат, бирок чыныгы педагогдордун саны чектелүү гана”[v]. Экөөнүн айырмасы мугалим менен педагог экөө тен маалыматты айтып берет, мыкты болууга үйрөтүшөт, бирок педагог өзү окуучуга өз алдынча ойлонууга, жыйынтык чыгарганга дем берүүгө, ага өзүн табууга, мүнөзүнүн калыптанышына жана окуучуда тартиптин, сабырдуулуктун, жоопкерчилик сезими сыяктуу сапаттарды өстүрүүгө жардам берген адам. Маяна үчүн окутуп жаткандар жана окуучулардын мүнөзүнүн калыптанышына кайдыгер мамиле кылгандарды “сокурларды жетелеп келаткан сокурлар” деп атасак болот.

Карама каршылашкан жана атаандашкан билим берүү системасынын ортосунда макулдашуунун жана интеграциянын жоктугу Гүлен айтып жаткан “илим менен диндин эч качан болбошу керек болгон катуу күрөшүнүн” пайда болушуна алып келди[vi].

Бул чырмалышкан дихомотия катасы болчу. XIX-XX кылымдар бою окумуштуулардын, саясатчылардын жана диний лидерлердин зардесин (энергиясын) сыгышкан, алар сөз таймашына эки тараптан тең болгондуктан философияны жана билим берүү усулдарын экиге бөлүп салууну алып келген. Азыркы учурда светтик педагогдор динди убакытты текке кетирүү катарында карашат, эң жаманы бул прогресске тоскоолдук жаратканы. Диний ишмерлердин арасында дебат бүткүл заманбап ааламды танууга жана динди “анын чыныгы маанисин жана функциясын эмес, саясий идеология катарында”[vii] түшүнүүгө алып келген. Ал окуу процесси аркылуу тактап айтканда диний ишмерлер мыкты илимге, а окумуштуулар мыкты диний жана руханий баалуулуктарга ээ болушса “канчадан бери созулуп келген илимий-диний чыр-чатактын бүтөөрүн же эч болбогондо анын орунсуз экени ачыкка чыгарын” айтып турат[viii].

Бирок ушул маселени ишке ашыруу үчүн билим берүүнүн жаңы стилин иштеп чыгыш керек экени зарыл деп эсептейт. Бул “жан дүйнөсү диний, руханий нурга ширелген, акылы так илимдерге чөмүлгөн чыныгы парасаттуу адамдарды тарбиялап чыгуу үчүн диний жана илимий адамдарды адеп-ахлактык, руханий жактан бириктирген” стиль болуш керек. Ал адамдык жана моралдык баалуулуктар менен жашаган адамдарды тарбиялап, ошол эле убакта “сөз мезгилинин социалдык-экономикалык шарттарынан кабардар болуп турган” болуш керек[ix].

Гүлендин эмгектериндеги билим берүүгө тиешелүү кээ бир терминдер дайыма кайталанып турат жана аны туура эмес түшүнбөө үчүн ал кошумча түшүндүрмөлөр талап кылат. Биринчиси – руханият жана руханий баалуулуктар. Азыркы светтик коомго тиешелүү диний ырым-жырымдарды жаратпаш үчүн айрымдары мунун аркасында “дин” деген сөз жашынып турат деши мүмкүн. Бирок Гүлен бул терминди кеңири маанисинде колдонуп жатат. Ал үчүн руханият диний окууну гана камтыбастан, ал этиканы, аң-сезимди, психологиялык абалды жана эмоционалдык ачыктыкты камтыйт. Өзүнүн эмгектеринде мээримдүүлүк жана сабырдуулук (толеранттуулук) негизги терминдер болуп саналат. Билим берүүнүн иши аны менен кошо окутуу “тыкан” тартипти үйрөтүү, окуучуларга “сандык-алмашкыс” сапаттарды адатына айландыруулар эсептелет.

Гүлен тарабынан колдонулган бат-бат колдонуулучу терминдер да түшүндүрүүнү талап кылат. Ал дайыма маданий[x] жана салттуу[xi] баалуулуктарга муктаж экенибизди айтып келет. Анын билим берүү процессинин маданиятка жана салттуу баалуулуктарга болгон чакырыгы республикага чейинки осмон коомуна кайтуу деген реакциячыл чакырык катары сындалып жатат. Аны “иртижажи” деп, түрк тилинен которгондо “реакционер” же болбосо “фундаменталист” деп күнөөлөшкөн. Бул айыптоону ал эч качан кабыл алган эмес. Ал өзүн: “Иртижа сөзү эскиге кайтуу же эскини жаңыга алып келүү дегенди билдирет. Мен эртеңкини эмес түбөлүктү максат кылган адаммын. Мен биздин өлкөнүн келечеги тууралуу ойлонуп жатам жана ал үчүн бардык аракетимди жумшоодомун. Мен эч качан артка кайтуунун аракетин өзүмдүн ишимде, сөзүмдө, мамилемде көрсөткөн эмесмин. Бирок эч ким Аллага ишенүүнү, сыйынууну, адеп-ахлактык баалуулуктарды иртижа деп атай албайт”[xii]-деп коргогон.

Маданий жана салттуу баалуулуктарды айтып жатып ал узак убакыттан бери жай гана топтолуп келген акылмандуулук даанышмандуулук азыркы Түркияга көп пайда келтире алат. Көп топтолгон нерселер мурунку убакта да, азыркы учурда да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок ошондуктан топтолгон акылмандык аркылуу илгерки мурастан баш тартууга болбойт. Башка жагынан илгеркини алып келүү керек деген аракет алыска барбайт жана жарга барып такалат. Мына ошентип Гүлен эскичиликти кабыл албагандай эле буга чейин болгон коомду кайра бузуп жаңыдан курууну кабыл албай жатат.

Айрым азыркы реформаторлордун арасындагы “эскичилик кишенин алып салуу” тенденциясын ал бир мааниге ээ болбогон жакшылык деп карап жатат. Деспоттук, иш токтоп калгандык же болбосо тарыхый мурас өзүнүн чыныгы максаттарын жоготкон жактары сөзсүз алмашылышы керек, бирок башка жакшырткан жана элдерге эркиндикти берген аспекттер кайрадан жанданыш керек. Албетте, эгер жаңы муун өнүгүүнү кааласа. Түркиядагы саясий кыймылдарга салыштырмалуу анын пикири ички дебаттарсыз жада калса келечектеги ислам коомусуз чектелгени ачык көрүнүп турат. Анын педагогдук көз карашы “бүт дүйнөдөгү” бүт коомду камтыйт. Ал өзүнө адамзаттын материалдык да материалдык эмес да аспекттерин камтыган баалуулуктардын системасына ээ реформаторлорду тарбиялагысы келүүдө. “Ким дүйнөнү өзгөрткүсү келсе ал өзүн өзгөртүүдөн баштасын. Башкаларды жакшы жашоого багыттап жаткан адамдар өздөрүнүн ички дүйнөсүн жек көрүүдөн, кек саноодон, кызгануудан арылтып ички руханий дүйнөсүн байытып кооздошу зарыл. Ким өзүн-өзү көзөмөлдөөдөн жана тарбиялоодон алыс турса, өзүнүн сезимин барктай албаса ал алгач караганда кызыктуу жана көрөгөч көрүнүшү мүмкүн. Алар башкаларды шыктандырып дем бере албайт жана алардын ойлоп тапканы тез эле жоголот”[xiii]-деп ал белгилейт.

Гүлен: “Эгер адам окуса, башкаларды окутса жана дем берсе ал чыныгы адам болот. Сабаты жок жана окууну каалабаган адамды адам деп айтуу кыйын. Эгер адам билимдүү болуп, башкаларга үлгүлүү болуш үчүн өзүн өстүрүп жана жакшыртып турбаса, анын чыныгы адам экени күмөн”-деп белгилеп жатат.

Фетхуллах Гүлен исламдын мугалими катары

Бул эмгекте Фетхуллах Гүленди педагог катары карадык, бирок исламдын жаңычыл интерпретатору катары анын диний ой - толгоолорун изилдөө менен кошо диний аалым жана мугалим экенин кароо татыктуу темалардын бири болуп саналат. Бул суроолор тиешелүү эмгектин алкагынан чыгып кетүүдө, бирок анын педагогикалык көз караштарын изилдөөдө, ислам тууралуу иштерин кыскача карап койсок, анда изилдөө толук эмес болуп калат.

Отуздан ашык китептеринин айрымдары өзүнүн шакирттерине, жамаатташтарына айткан тандалмалары. Башкалары болсо шакирттери тарабынан берилген суроолордун жооптору. Анын темалары Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарыбыздын өмүр-баяны, суфизм, акыйда илимдеринде дайыма көтөрүлүп туруучу суроолор, ислам дининин негизин тактоочу аспекттер деген түрлөргө бөлүнөт. Анын эмгектери ушул жааттагы тар чөйрөгө эмес, билим алган мусулмандардын калың тобуна багытталган.

Фетхуллах Гүлендин ислам булактарына жана салттарына айтылган сөздөрү тууралуу эмне айтса болот? Биринчи, окурманды таң калтырган нерсе анын адеп-ахлактык жана жакшылыкка болгон басымы. Аны Куранда негизделген диний буйруктарды аткарганга ылайыкташтырылган деп эсептейт. Ритуалдардын зарылдыгын бекемдөө менен Гүлен диний импульстун жүрөгүндө ички чынчылдык жатат деп белгилөөдө. “Адеп-аклактык диндин өзөгү жана Жараткан Эгебиздин буйруктарынын маанилүү бөлүгү”-дейт. Эгер жакшылык жасоо жана бийик адеп-аклактык баалуулуктар – бул баатырдык, а бул чындыгында мындай, эң улуу баатырлар – пайгамбарлар, алардан кийин чын дили менен берилгендер. Чыныгы мусулман болуп универсалдуу мусулмандык, адептик принциптерге ээ болгондор гана саналат. Ал өзүнүн оюн Мухаммед (с.а.в.) пайгамбар айткан бир хадис менен далилдеп жатат. “Ислам адептүүлүккө негизделген, адептик негиздерди жеткирүү жана жакшыртуу үчүн жиберилгенмин”[xiv]-дейт Пайгамбарыбыз (с.а.в.). 

Исламдын жашоо образынын ар түрдүү аспектилери татыктуу, чынчыл, адептүү адамды тарбиялоого багытталган. Фетхуллах Гүлендин аты менен шайкеш келген, кыймыл тарабынан түзүлгөн лицей үчүн дем берүүчү идеялар исламга баруучу руханият экенин айтууга болот. Бирок өзүнүн айтуусунда ал мусулмандар менен эле чектелип калбайт, Гүлен “өзүнүн тышкы кебетесин бардык мүмкүнчүлүгү менен жакшыртып жаткан, мыкты адамдык сапаттар жана адептик баалуулуктарга” окуучуларды топтоо тууралуу айтып жатканда, ал универсалдуу адептүү адамды сунуштоодо.  Бирок таң калычтуусу Гүлендин адамдык сапаттар жана адептик баалуулуктар мусулманга гана таандык деп эсептебегени, анткени ал лицейлерде мусулман эмес окуучуларды да жылуу мамиле менен тосуп алышат жана ислам динин таңуулап үндөшпөгөнү.

Ошентип ислам дини “адамды бийиктикке чыгарган же ага кайрадан баштапкы периште сыяктуу абалына келүүсүнө шарт түзгөн” деп түшүндүрүлөт[xv]. Эгер ислам моралдык бийиктикке жетүүнүн жолу деп каралса, анда суфизмдин өнүгүүсүн табигый жана шексиз ислам алкагында өнүгүү деп санаса болот. Гүлен суфизмдин төмөнкү этикалык аныктамаларын сунуштап жатат: “дайыма калп принциптерден, жаман жүрүм-турумдан кутулууга жана мыкты сапаттарга ээ болууга аракеттенүү”[xvi]. Ал ислам тарыхында мусулман урпактарына бул жол менен бийиктикке кантип жетүүдө руханий насаатчы болгон суфийлерди даңктап жатат.

Мындай оң интерпретациядагы мистикалык суфийлик салттарды карманууну “өзүнчө неосуфийлик тарикат (суфистик орден) түзүп алды” деген каралоого жол ачты. Кайсы бир суфийлик тарикатка өзүнүн тиешеси бар экенин тануу менен Гүлен суфизмди, исламдын руханий багытын каралоо, исламга каршы чыгуу менен барабар деп жатат. Ал: “Мен бир да диний тарикаттын мүчөсү эмес экенимди көп жолу далилдегем. Ислам дин катары руханий чөйрөгө басым жасайт. Анын негизги принциби өзүнүн өзүмчүлдүгүн, ичиндеги напсисин тарбиялоо. Такыбалык, ак көңүл жана аруулук исламда турмуштук маанилүү ролду ойнойт. Исламдын тарыхында тартиптүүлүк болуп, өзгөчө ушуга көп байланышы бар бул суфизм болгон, анткени суфизмди тануу исламдын негизин тануу болуп калат. Бирок мен эч качан суфий орденине таандык болгон эмесмин, бир да башка диний орден менен мамилем болгон эмес деп кайталамакчымын.”[xvii].


[i] Өлчү вейа йолдаки ышыклар, Измир, Кайнак, 1998, т. 1, 36

[ii] Линн Эмили Уэбб. Фетхуллах Гүлен: Из зеа мор ту хим зан мийтс зе ай?, (англисче), чыккан жылы, жери көрсөтүлгөн эмес, 106

[iii] Йитирилмиш женнете догру, 16

[iv] “М. Фетхуллах Гүлен: Голос терпимости, любви, взаимопонимания и диалога”. Вступление к М. Ф. Гүлен “Необходимостьмежконфессионального диалога: Мусульманский подход”, представленном на парламенте мировых религий, Кеейптаун, Түштүк Африка, декабрь 1-8,1999

[v] Өлчү вейа йолдаки ышыклар, т.1, 36

[vi] “Необходимость межрелигиозного диалога”

[vii] Ошол эле, 20

[viii] Ошол эле, 39

[ix] Ошол эле жерде

[x] “Недостаточное внимание и значение придается преподаванию культурных ценностей, несмотря на их огромная значение для образования. Если мы однажды доббьемся того, чтобы им уделялось необходимое внимание, то достигнем одной из главных целей”, Өлчү вейа йолдаки ышыклар, т.1, 35

[xi] Йитирилмиш женнете догруну, 16 жана Өлчү вейа йолдаки ышыклар т.1, 44-45 караңыз

[xii] Уэбб, Фетхуллах Гүлен, 95

[xiii] “Диндер аралык диалогдун зарылдыгы”, 30

[xiv] Йитирилмиш женнете догру, 30

[xv] Мухаммед пайгамбар (с.а.в.): Чексиз нур, т.2, 153-154

[xvi] Ключевые концепции в практике суфизма, 1

[xvii] Ключевые концепции в практике суфизма, 1

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.