Шакирттер жана Устат
Мага (1966-жылдан бери) бир нече жолу Түркияга барууга, өлкөнү – машинада, учакта, автобуста кыдырууга, ал тургай Каппадокиянын айлуу түндөрүндө аба толтурулган шар менен учууга, ар түрдүү социалдык статустагы, саясий көз караштагы жүздөгөн кишилер менен баарлашууга туура келди; бүгүн биз үчүн эшигин меймандостук менен кенен ачкан Түркия, ошол биринчи жолу көргөн Стамбулдагы мечиттердин кооз мунараларын гана эске салат деп айтпай коё албаймын.
Кандайдыр бир этапта расмий жана расмий эмес конокторду мурда болуп көрбөгөн кишилер кокустан курчап калышты. Жаш, жигердүү, жогорку даражада европалашкан (эгер бул сөздү оң мааниде колдонсок), кеңири билим алышкан жана сонун тарбияланышкан кишилер. Балким, мындай кишилер мурда да болгондур, бирок азыр чын-чынына келгенде алардан башка эч ким калган эмес. Жаркылдап учурашкан жана ак көңүл-мээримдүү, көңүл калтырбаган жана адаттан башкача достук сезим менен – алар сизге жумушта, жашоо-тиричиликте жана эс алууда кубанычтуулук менен натыйжалуу жардам беришет.
Түркиялык жаңы досторум, алгач таңуулабастан, андан кийин бул мектептер менен бир кыйла максаттуу тааныштыра башташты, андан кийин Түркиянын өзүндөгү мектептерге да кезек жетти. Көз алдымда көңүл эргиткен көрүнүш койнун ачты.
Бир кыйла таң каларлык дагы бир мисал, биздин мекендешибиз, белгилүү исламтаануучу Н.М.Емельянованын адистер тобунун курамында Түркияга барган чоң саякаттагы байкоолору. Гүлендин жолун жолдоочулар ачкан мектептерде анын көргөндөрү булар: «Биз коллеждердеги билим берүү процессинин эң жогорку деңгээлде уюштурулгандыгына жекече күбө боло алдык. Эң сонун жабдылган компьютердик класстар, химиялык жана физикалык лабораториялар, спорт залдары, бассейндер, музыкалык класстар, көркөм студиялар, конструктордук ийримдер, үй чарбасы жана салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо боюнча класстар, эң жакшы кафетерийлер жана ашканалар, бирок эң башкысы – мугалимдер менен мектеп окуучуларынын ортосундагы сүйүүгө, өз ара көмөктөшүүгө жана ар дайым колдоого негизделген мамиле. Биз көргөн нерселер, бул – 20 жыл алдыдагы келечекке багытталган билим берүү деп айтууга мүмкүндүк берет. Мында майда-барат нерселерге укмуштуудай көңүл бурулат: бүт мектеп жыпары аңкыган татынакай жакшы гүлдөр менен кооздолгон, мындагы тепкичтерде англис тилиндеги санат сөздөр, идиомалар жазылган; тепкичтерде буттун кичинекей издери тартылып – алар кайсы жак менен ылдыйга, кайсы жак менен өйдөгө басууга жолдун оң тарабында көрсөтүлгөн. Бала тепкичтен чуркайт, ал эми көз алдында англис идиомасы (өтмө мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги) күн сайын кайталанат. Албетте, бир канча убакыттан кийин тилге жатыгуудан башка, тарбиялык зор маани камтылган англистин бул ак ниет санат сөзү эси-көөнүнөн чыкпай калат. Бул мектептердеги мугалимдердин көпчүлүгү – курагы 40 жаштан ашпаган адамдар. Мугалимдерге коюлган талап: алар тамеки тартпашы жана спирт ичимдиктерин ичпеши керек».
Мектептер менен биринчи жолу таанышканымдан кийин, досторум мени демөөрчүлөрдүн үйлөрүн кыдыртышты. Бир күндө эки жолу Анкарадагы, Стамбулдагы, Измирдеги, Кайсеридеги, Бурсадагы жана башка шаарлардагы үй-бүлөлөргө бардык. Телегейи тегиз үй тиричиликке аралашып, эч кандай тартынбастан эле меймандос үй ээлерине өз суроолорубузду жаадырдык. Жаркылдаган, бирок этият кишилердин үйлөрүнө кирген сайын, бир нече сааттардан кийин эле алар менен коштошордо ошол үй-бүлөлөргө өз кишидей кетип жаттык.
Мен эч качан мынчалык мээримдүү кишилерди көргөн эмесмин! Булар бардык шаарларда бири-бирине – сөздөрү, идеализми, мээрман жүздөрү менен таң каларлыктай опокшош болгон таза кишилер, бекем үй-бүлөлөр, жакшы үйлөр экен. Алардын баары бир гана нерсе тууралуу – балдарга жакшы билим берүү жана эң башкысы, алардан дүйнөгө жарык чачкан, өз өлкөсүн сүйгөн жана бүткүл дүйнөгө жүрөктөрү ачык адамдарды тарбиялап чыгаруу жөнүндөгү өздөрүнүн эңсөөлөрүн айтышты.
Мен эң башкы жана эң жөнөкөй нерсени түшүнгүчө, «демөөрчү» деген сөздөн узак убакыт бою ичиркендим, көрсө демөөрчүлөрдүн баары – ата-энелер экен. Эрежеден тышкары учурлар да бар – күндөрдүн бир күнүндө өз өлкөсүнүн келечеги жөнүндө ойлонгон жана бүт баары балдардын кандай өсүп-чоңоюшуна жараша болорун аңдап-түшүнгөн, жөн гана бай кишилер. Балдар өздөрүнө жөнгө салынбагандыкты, жек көрүүнү, зордук-зомбулук менен өз жолун табууга жөндөмдүүлүктү алып жүрө турган болушабы? Бир көчөдө жана бир планетада катар жашаган коңшусунун үнүн уга алабы?
Кызык, кантип демөөрчү болушат? Ошол жөнүндө бир аңгеме айтып берейин: (Анталиядан келген бизнесчи, баса, түрк балдарынын жанында, бир партада орустар да, украиндер да отурушат): бир таанышым аялым экөөбүздү пикникке чакырган – анда ушундай мектептердин биринен келген ата-энелер жана педагогдор бар экен, анан биз ал айымга жардам берүүгө ниет кылдык; биздин балдар жарыкка келгенде, биз да аларды бул мектепке бергенибизге сүйүнмөкпүз.
Демөөрчүлөрдүн көпчүлүгү олигарх эмес, социалдык жоопкерчиликтүү жана келечекти көрө билген сезими жогору, орто жашаган адамдар. Алар жасаган нерсе – филантропия эмес, өз балдарынын жана алардын курдаштарынын бакубат келечегине аң-сезимдүүлүк менен кам көрүү.
Молдавиядагы мындай мектептердин биринде коомдук пикирди иликтешкен: сиздин балаңыз үчүн эмнеге так ушул мектепти тандадыңыз? Бул суроону бардык ата-энелерге берип, төмөнкүдөй жоопторду алышкан: 1) моралдык, адеп-ахлактык бийик атмосфера, баңгизаттан жана жаман адаттардан иммунитет (80 %дан ашык жооп); 2) окуучулар мектептен аз дегенде 4 тилди билип чыгат (20 %га жакын жооп) жана 3) өз өлкөбүздө да, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да жогорку окуу жайларына өтүү мүмкүнчүлүгүнүн жогорулугу (20 %га жакын жооп). Бул акыркы жооп бул мектептерди көптөгөн өлкөлөрдө айырмалап турат – алардын бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларына өтүү мүмкүнчүлүгү абдан жогору, башка жеке менчик жана мамлекеттик мектептер менен жарышса да, алардын төрттөн бир бөлүгү студент болот.
Бардык мектептер жогорку разрядда жабдылган жана кеңейүүсү менен курулушу уланууда.
Албетте, биз бул мектептердин пайда болушунун эмес, алардын иштөөсүнүн толук жетилген этабынын күбөлөрү болуп саналашыбызды эске албай коюуга болбойт (алардын көпчүлүгү 20 жылдан бери иштеп келатат!), бирок эң башкысы, сыягы, орто жашаган кишилер Ф. Гүлендин идеясынын таасиринде жана аларды турмушта колдонуу менен өсүп келе жаткан жаш муундардын келечеги түптөлүүдө.
Ошондой болсо да, мектептер менен таанышып, ата-энелер, окуучулар жана демөөрчүлөр менен сүйлөшсөм да, Гүлен жөнүндө дагы эле эч нерсе уга элек болчумун. Анын аты дээрлик эске алынбай, мектептерде да, үйлөрдө да, офистерде да анын сүрөттөрү илинген эмес, анын сөздөрүнөн келтирилген мисалдар кайсы бир жерде жазылып турса да, Эйнштейндин, Менделеевдин (!), Шекспирдин сөздөрүнө жакын мааниде болчу...
Анын чарчаңкы жүзү бул мектептердин кызыл-тазыл түстөгү кубанычтуу дүйнөсү аркылуу гана шоолаланып көрүнө баштады.
Булардын баарын өз көзүм менен көргөндөн кийин, анын жолун жолдоочулар менен аны кадырын төмөндөткөндөрдүн кандай элдешкис күрөшүн угуу күтүлгүс нерсе болду.
Батышта Гүлендин ислам насаатчысы болгондугунун фактысы көптөрдү чочутат жана итиркейин келтирет. Менин чала түшүнүгүмдө, анын ишмердүүлүгү мусулмандардын динине чоң сыймыкты алып келет, же болбосо, бүткүл адамзатка багытталган этикалык насыятты айкындап ачат. 11-сентябрдагы жана Бесландагы трагедияларга байланышкан анын элдешкис позициясы анын гуманизмин бир жактуу баалоо мүмкүнчүлүгүн жоёт. Ал эми мусулман дүйнөсүндө көптөрдү анын жалпы адамзаттык насааты – бул мектептердин окутуу системасында исламдын (башка диндердин да) толук бойдон жок экендиги өзүнөн алыстатат.
Бирок Гүлендин өткөндөгү улуу суфийлерге, бааарынан мурда, Жалаледдин Руминин мурастарына белгилүү бир деңгээлдеги жакындыгы баарына эле жага бербейт.
Муну менен катар, 800 жыл мурда жашап өткөн Руми биздин баарыбыз үчүн, бүткүл адамзат үчүн бүгүн ушунчалык заманбап болуп жатканы, балким, эң таң калыштуусу.
Гүлен менен Руминин эмгектерин салыштырган азыркы көптөгөн окумуштуулар: «Гүлен – бул бүгүнкү Руми!» деп жарыя салышат.
Муну менен катар алардын бир эле айырмасын – Руми, дүйнөгө кайрылып: «Сен ким болсоң да, кел!» деп үндөсө, ал эми Гүлен: «Сен ким болсоң да, мен сага барам!» дейт.
Индолог катары үчүнчү варианты да бар экенин байкаганымды айтайын – Бхагавадгитада Кришна ыйман келтирген кишиге: «Сен кайсы жол менен Мага жакындасаң да, мен сени жарым жолдон тосуп алам...» дейт.
Чынын айтканда, жеке мага баарынан мурда Гүлен жөнүндө ой-пикир эмес, ар түрдүү өлкөлөрдөгү жана ар түрдүү маданий чөйрөлөрдө анын идеяларын тирүүлөй турмушка ашырган – мектептер кызыктуу. Аларды байырлаган шайыр жана ар кошкон тургундарга бир кыйла сугумду артып, алардын атмосферасын сиңирип алганымды айтып коюшум керек.
Бирок бул атмосферага – Түркияда болобу, Кыргызстанда болобу, башка өлкөлөрдө болобу мени канчалык чөмүлтүшсө да – дежа вю сезими ошончолук туруктуу боло берди.
Мунун баары качандыр бир болгондур, Эсте жок бирок, качан болгону?
Бул суроого эки түрлүү жооп алууга болот. Биринчиси, таптакыр күтүлбөгөн жооп, бул мектептердин жетекчилери жана мугалимдер сунушташты. Көрсө, алар советтик билим берүү системасын аң-сезимдүү түрдө колдонушкан экен. Мен өзүмдүн өлкөмдө биздин балалык кездеги мугалимдердин атына, ошондой эле изи калбай, ирип жок болгон жана мен качандыр бир жакшы көрбөгөн, ак-кара түстөгү мурдагы фильмдердин фону болгон – советтик мектептин атына ошончолук суктанган жана жанды эргиткен жакшы сөздөрдүн айтылганын уккан эмесмин. Дароо эле америкалык бир ири окумуштуу жана (өз убагында) талыкпаган антисоветчинин айткандары эске келди; жакында эле ал мага кандай гана кусалык менен: «муну биз мойнубузга алабызбы же мойнубузга албайбызбы, советтик билим берүү системасы, дүйнөдөгү мыкты билим берүү системасы болгондугу талашсыз» деп айтты.
«Дүйнөдөгү мыкты» мындай системанын кен байлыгынан чыккан биздин эсибизге жакшы нерселер гана түшпөстөн, пионердик балалыктан өсүп чыккандар түрк мектептеринин кенен жана жарык коридорлорунда өздөрүн өз үйүндө жүргөндөй сезет. Бул да кокустан эмес – аларды баштагандардын арасында, көбүнчө Орто Азиядан келген «кечээки орустар» сейрек эмес. Кабинеттик (физика, химия ж.б.у.с. кабинеттерде) окутуу, жамаатка таянуу, ураандар (башка болсо да, идеологиялаштырылбаган), спорттук иш-чаралар, өзгөчө мелдештер жана ал тургай ... жапжарык класстардын таптаза дубалдарында коммунизмди куруучунун моралдык кодекси (албетте, маалыматтык баштапкы булактарга шилтеме берген жокмун – бирок мындай учурда баштапкы булак деп эмнени эсептейбиз?) – ушулардын баары жаңыртылган түрдө башка убакытта жана башка жерлерде өмүр сүрүп, гүлдөп-өсүп жатат.
Бул окуу жайларындагы мен көргөн атмосферанын тааныштыгын түшүндүрүүгө менде экинчи түшүндүрмө да бар – Индиядагы кээ бир жеке менчик мектептердин тажрыйбасы менен шайкештик. Мындай шайкештиктер дароо эле көзүмө урунду, бирок мунун да өз себептери бар эле.
Эгер мага Фетхуллах Гүлен жөнүндө жазууга туура келсе... мен башка (мисалы, тагыраак айтканда, жаңы адамдын өз моделин түзгөн – Сталин, Гитлер, Вивекананда) аңгемелешүүчүлөрдү тандап алмакмын же болбосо, туурасын айтсам, башкача өңүттөн алып жазмакмын, тагыраак айтканда – окшоштугун эмес айырмачылыгын, жакындыгын эмес, окшошпогон жактарын же менин терең ишеничим боюнча, биринчиден, Гүлендин жолун жолдоочулардын оригиналдуулугу так ушунда, ал эми экинчиден алганда, алардын бүгүнкү жана эртеңки күнгө шайкештиги болмокчу.
Албетте, Кант дагы, Платон дагы, Милль дагы өтө татыктуу адамдар экендиги талашсыз (муну менен катар булар түбөлүктүүлүккө таандык кишилер). Бирок мейли мени китепканалардын мемиреген тынчтыгына татыктуу... – философтор (акылмандыкты сүйүүчүлөр) жана философторду сүйүүчүлөр кечирип коюшсун. Календарң боюнча эмес, чындыгында 2001-жылдын 11-сентябрында башталган турбуленттүү жыйырма биринчи кылым аларга жасалган кайрылууну пил сөөгүнөн салынган академиялык мунарага айлантат.
Сөздүн толук маанисинде айтканда – бүгүн Ф. Гүлен жашап жатат. Ошондой эле ал, бүткүл ислам дүйнөсүнөн биринчи болуп, Бесландагы трагедияга жооп кылып, үн катканы, бул балким дүйнөлүк Жамандык менен акыркы жолу салгылашуудагы Жакшылыктын күчүнүн планеталык позициясын түздөн-түз калыптандыруучу иш. Биз менен бир асмандын астында жашап, биз окуган гезиттерди окуган Ф. Гүлен тынчтыкты сүйгөн жана дээрлик байкалбаган өзүнүн бүткүл ишмердүүлүгү менен Жакшылыктын Устаттарынын бири катары жек көрүүгө каршы күрөшүүдө адамзатка кызмат кылат.
Дээрлик байкалбаган... Ушинтип айтылып кетти, балким, муну түшүндүрүү керектир.
Адамзаттын, өлкөлөрдүн жана айрым адамдардын тагдырларын (жакшы жагынабы же жаман жагынабы) өзгөрткөндөр Наполеондон баштап, азыркы күнгө чейин, дүйнөлүк сахнада кайталангыс, гениалдуу актёрлор катары, ал эми алардын ичинен эң ирилери – массалык иш-аракеттердин улуу режиссерлору катары таасир этишет. Кур дегенде, ошол эле Махатма Гандини – анын миллиондогон (!) мекендештерин ордунан козгоп, аларды бүткүл Индияны жөө-жалаңдап кесип өтүүгө түрткү берген жана британиялык бийликке баш ийбөөнүн символу катары океандын суусун буулантып, тузун бөлүп ала баштаганы баяндалган, анын атактуу «Туздуу жүрүшүн» эске салалычы. Зор (жана эң мыкты уюштурулган) массалык иш-аракет! Дүйнөлүк пресса ошол күндөрү башка эч нерсе жазбаганы бекеринен эмес. Так ошондо бүткүл Индиянын өзгөргөнүн, андан да – так ошондо, оторчулардын кетишине 17 жыл калганда, өлкө эркиндикке жеткен деп, тарыхчылар бекеринен эсептебейт!
Ал эми Гүленчи? Ал бакчадагы багбан сыяктуу, драмалык эффектилерсиз, жай-баракат, акырын жүрүп, өз өлкөсүнүн ички турмушун өзгөрттү, таанылгыстай өзгөрттү жана акыры-аягында эркин адамдардын муундарын өстүрдү.
Азыр дагы өзүнө тарткан ал инсандын тышкы атрибуттары (Черчилдин тамекиси, Сталиндин мүштөгү, Маонун цитатниги – түпкү маанисинде өзүнчө эле бир беткеп) эмес, бизди анын иштеринин натыйжасы өзүнө тартып турат. Гүлендин өңү-түсү кандай экенин көпчүлүк билбейт да, кызыкпайт да. Ал окуянын актёру да, режиссёру да эмес, процесстин конструктору – окуучулар мектептерге байкалбай келишет, тынч жана көңүлдөнүп окушат, турмушка аттанышып, өздөрү да жаңы мектептерди ачышат. Натыйжасы – башкача өлкө. Башкача дүйнө.
Устатты жалган устаттан кантип айырмалап билүүгө болот? Аларды жасаган иштеринен биле аласыз.
- Created on .