Сабырдуулук – бул сүйүү: Гүлен, аль-Газали жана Руми

Азыркы Түркиядагы улам өзгөрүп турган саясий жана диний климат жөнүндөгү талкуулардын жана академиялык изилдөөлөрдүн кеңейиши менен өткөн ар бир күн сайын Фетхуллах Гүлендин ысымы улам көбүрөөк атакка ээ болууда. Түрк тышкы саясатына келечекте таасир этүүгө үмүттөнгөндөр Гүлендин сабырдуулук жана диалог идеалдарына качырып жатышат (караңыз, мисалы, Түрк исламы жана динге негизделбеген мамлекет: Гүлендин Кыймылы). Анткени Гүлен саясий экстремизмди, айрыкча экстремизмдин өзүн «исламдык» деп атаган жана маалымат агенттиктери көбүнчө аны «исламдык» деп атоого ээликтирген, зордукчул түрүн ачык эле айыптайт. Саясий сахнада пайда болгон потенциалдуу оюнчулар өздөрүнүн позицияларын орточолугун баса белгилөө үчүн жана экстремисттерди тикелей сындоодон оолак болуу үчүн өз ысымдарын анын аты менен байланыштырышат. Андан ары, академиялык чөйрөдө Гүлендин ысымын байыркы суфий акылмандарына байланыштыруунун натыйжасында анын кадыр-баркы көтөрүлүшү менен, бул прото-саясатчылар өткөндүн салттарындагы баалуулуктарды ардактоодо өздөрүнө эрудициялуу көрүнүштү ыйгаруулары мүмкүн. Алар Гүлендин «кыймылы» менен ассоциациялануу аркылуу «Кимйа-и саадат» («Бакыттын дарысы») сыяктуу аталыштагы тексттин бир да бетин окубай туруп эле, олуттуулукка ээ болушат. Ошентип, алар күчтүү, рационалдуу жана динге негизделбеген кишилер болуп көрүнгүсү келген эңсөөлөрүн кемсинткен «мистикалык» деген лакап аттан өздөрүн оолак тутушат. Башкача айтканда, «гүленизм» саясий символ болуп калды. Гүлендин идеалдарын бөтөн контексттерде колдонуу анын түпкү маанисин ушунчалык бурмалагандыктан, анын баштапкы булактарына, салттарына жана символдоруна кайрылып келүүнү талап кылып калат.

Бул эмгек, Гүлендин «сабырдуулукту» саясий курал катары сунуштабасын көрсөтүүгө далалаттанат. Сабырдуулук – бул, бийлик менен эмес, сүйүү менен байланышкан термин. Гүлен үчүн сабырдуулук ортомчулук аркылуу «башканы» ийкемге келтирүү ыкмасы эмес, чек араларды жоюу аркылуу баарын өз кучагына алуунун ыкмасы болуп саналат. «Саясий исламдын» атынан Гүленди пайдалануу олуттуу ката жана анын идеалдарына карата акыйкатсыздык болуп саналат.

Гүлен эл аралык мамилелер боюнча эмес, кишилердин арасындагы диалог жана сабырдуулук үчүн аракеттенет. Гүлен – активист эмес жана атактуулук үчүн умтулбайт. Ал эч качан митингдерди, марштарды жана протесттерди уюштурган эмес – анын өмүр-жашоосу такыбалыкка негизделген. Ал обочолонгон жана аскеттик жашоодо өмүр кечирип, өзүн адам түшүнүгүнүн тереңдешине арнайт. Анын эч кандай саясий максаттары жана саясий платформалары жок. Ал бул өмүрдөн кош айтышканда тынч гана жерге берилишин каалайт жана эл эсинде илимпоз катары гана калгысы келет. Эгер ал качандыр бир кезде өз атында «түзүлүп келаткан саясий партия сыяктуу кыймылды» кааласа, ал конференцияларда жана митингдерде, ал тургай (балким, атайылап эле) майыптын арабачасына отуруп алып, сахнага кайра-кайра чыгып, өзүн көрсөтмөк. Ал минтүүгө эч качан макулдугун берген эмес жана мындай сунуштардан ар дайым баш тарткан. Муну менен бирге так ушундай «ишмердүүлүгү» үчүн аны дайыма айыптоолордон акташат. Ал, бул жолдо аларды сыртынан карап, башкарыш үчүн өзүнүн ордун басуучу жолун жолдоочуларды издебейт.

Саясий амбицияларды колдоо үчүн ички түрк жана тышкы эл аралык саясаттын киргил суусуна «гүленизм» деп аталган кыймылдын кирүү аракети кыйроого учурады. Анын гениалдуулугу активдүү иш-аракетти пайда кылуучу тунук акыл-эсти билдирет, бирок ал кандай гана болбосун амбицияга албырбайт. Гүлендин таасирин туура бааласак, кишини саясий салгылашуу талаасынын ичине тартмак тургай, кайра андан алыстатат.

Бул иш Гүлендин башаттарына шоолалантып нур жиберип, аны исламдагы тасаввуф же суфизм катары белгилүү болгон рухий салттарынын чегине жайгаштырып, өз үйү, өлөң төшөгүндөй ыңгайлуу орун-очок алдыруу максатын көздөйт. Анын үйү азыркы суфизм өңдөнүп, тышкы дүйнөгө өз эшигин жаппайт. Ал бүткүл дүйнөнү кучагына сыйдырып турат, дагы бир маанилүү нерсе, ошол эле учурда орто кылымдардагы суфизмдегидей, көр тирликтин баш-аламандыгынан оолактайт. Гүлендеги сабырдуулук саясатка жармашпай, андан тышкары болуунун жолдорун көрсөтөт.

Көздөгөн максатка жетишүү үчүн мен алгач Гүлендин «Сүйүүнүн жана сабырдуулуктун дүйнөлүк цивилизациясын утурлай» (Гүлен, 2004) деген китебинде топтолгон сабырдуулук жана диалог жөнүндөгү окуусунун бир аз бөлүгүн, суфизмдин даанышмандарынын бири – аль-Газалинин (1058-1111) окуусунун ошондой эле бирдей көлөмдөгү кичине бөлүгү менен салыштырамын. Андан кийин мен экөөнү тең бирге Руми акынга (1207-1273) салыштырып, карап чыгам. Аль-Газали орто кылымдардагы исламдагы сабырдуулуктун этикалык жана рухий баалуулуктарын аныктоодо «Кимйа-и саадаттын» бөлүгү болгон «Боордоштук парздары» эмгегинде зор ролду ойногон. Руми көп убакыт бою баарын сүйүүнү насааттаган. Биринчиден, мен, эл аралык мамилелердеги «сабырдуулук» термининен адамдар арасындагы мамилелердеги сабырдуулук терминин пайдаланылыш айырмасын көрсөтөм. Бул аныктамаларды жана анын «башкасына» карата мамилесин түшүнүү алардын айыырмасын чечмелөөгө жардам берет. Экинчиден, мен Гүленди суфизмдин ичине жайгаштырамын. Эгерде Гүлендин ойлору бардык жерде, айрыкча, жаңы Түркиянын бийлигине келүүгө үмүттөнгөн кишилердин этикалык жана рухий тажрыйбасын шыктандыра алса, эң сонун болор эле. Муну жүзөгө ашыруу үчүн Гүлен саясий консулңтация берүү боюнча ар түрдүү китептердин тар чегинде эмес, өзүнүн реалдуу контекстинде терең түшүнүлүшү керек. Гүлендин мистикалык чен-өлчөмүн түшүнүү анын ойлорун демократиялык болобу же андай эмес болобу, саясий тар максатка айлантуудан алыстатат.

«Сабырдуулук» менен ынтымакка жетишүү

Сабырдуулук – бул сөз өзүнүн карама-каршы мааниси менен эң сонун сыпатталуучу сөздөрдүн бири, ал сөз сабырсыздык. Касташуу жаңжалга артыкчылык берип, сабырдуулук менен диалогду азайтат. Сабырдуулук касташуудан алыстоого умтулат. Сабырдуулук ээрчишкен диалогдун жардамында же ансыз касташуунун учкунун өчүрөт. Бирок «сабырдуулук» терминин кадыресе англофондук түшүнүк боорукерликке чейинки аралыкты билдирбейт. Гүлендин эмгектеринде сабырдуулук боорукерликти, ал эми боорукерлик сүйүүнү билдирет. Мунун тескерисинче, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү стратегиясында сабырдуулук талашып-тартышып жаткан тараптарга «башканы» кучагына алуу зарылдыгысыз эле потенциалдуу жаңжалдарды болтурбай коюуга мүмкүндүк берүүчү ыкма катары түшүнүлөт. Мындай учурда «мен» үчүн «башканы» кучагына алуу «башкадагы» мээримдүүлүктү таанууну билдирет. Ал эми бул «башкага» карата оппозициядан «менин» баш тартуумдан улам «мени» уят кылышы мүмкүн.

Сабырдуулук бул контекстте башка кишинин көз караштарын кабыл албай турган киши анын көз караштарына киришпейт жана аны өз көз караштарында калууга мүмкүндүк берет дегенди билдирет. Мындай сабырдуулук жалпысынан диалогдон баш тартпаса да, ал касташуунун учкундарын алдын ала эскертүү жолдорун издөөгө милдеттүү эмес. Кимде-ким сабырдуулук кылса, кокустан болгон диалог аркылуу башкалардын карама-каршы ишенимдери жөнүндө билип калса, ал аны кашаанын ичине камтып, алыс жакка коюп коёт. Сабырдуулук көрсөткөн киши каршы эмес жана когнитивдик диссонанстык, кокустан болгон диалог анын чындыгы менен башкалардын чындыгынын ортосунда генерациялоого каршы. Диалог карама-каршы позициялардын арасындагы ортолук жолду кокустан таап алышы ыктымал, бирок аны табууга милдеттүү эмес, ал тургай, балким, аны табуу аракетин жасоого да тийиш эмес. Сабырдуулук касташууну алдын ала жоёт. Консенсуска жетишүү, адатта, керек эмес, бирок мүмкүн. Ал эми мында боорукерлик жөнүндө сөз да болбойт.

Мисалы, сабырдуулуктун тил алчаактык түрү башкаларды өз максатын көздөөгө мүмкүндүк берип, өзүн кармап, баланын шоктугуна же коңшунун ызы-чуусуна чыдоо болушу мүмкүн. Сабырдуулуктун мындай түрүндө диалог үчүн эч кандай орун берилбейт. Жадагалса, мында айырмачылыктарды издөө үчүн жалпы негиз да жок. Анткени «башканын» ал жерде болушу, адатта, таптакыр байкалбайт. Мындай сабырдуулук туюкка камагандан башка эч кайда алп барбайт, ошентсе да, тикелей жаңжалды алдын ала болтурбайт. Мисалы, эгерде тараптар сабырдуулуктун жардамында балага же коңшуга кол көтөрүүнүн эсебинен болбой, жакындашса жана ынтымакка келсе, анда мында зомбулук жок. Эгерде киши сабырдуулук кылса деле, эң начар болду дегенде ал баары бир башкалардын кызыкчылыктарын жана идеяларын туура эмес же сандырак деп эсептөөгө укугу бар. Эгер диалог болсо, анда ал негизинен өзүнүн позициясын башка позицияга каршы түшүндүрүү үчүн кызмат кылат. Саясатта бул чечүүчү натыйжаларга алып келет: ар бири өзүнүн көз карашында кала берет жана эч ким карама-каршы тарапка өтпөйт. Тараптардын консолидациясына ушундайча жетишилет.

Экинчиден, Гүлендин терминологиясында сабырдуулук жөнөкөй сабырдуулуктун аныктамасынын чек арасынан өтө алат жана башкалардын көз караштарын жан-дилден аңдап-түшүнүү формасын кабыл алат. Негизинен, Гүлен да диалог ушундай максатты көздөшүн талап кылат. Анын сабырдуулугу башкалардын пикири анын пикирин жеңип кете турган потенциалдуу акыйкаттуулукка да мүмкүндүк берет. Же, кем дегенде, эки акыйкат бири-бирин таанып, биздин күндөлүк турмушка байланышкан когнитивдик диссонанста эриш-аркак жашай алышат. Сабырдуулуктун мындай түрү чындыкты бир тарап гана эч качан биротоло монополиялаштыра албайт деп болжошу мүмкүн (бул өз пикириңе карата ишенимди өчүрөт деп, кээ бирлер муну «релятивизм» деп аташат – бул аныктамага мен макул эмесмин). Мындай сабырдуулук касташууга жөн гана тоскоолдук кылбастан, чындыгында эле андан көбүрөөк салымын кошот. Сабырдуулукту мындай деп түшүнгөндө «мен» менен «башканын» ортосундагы чек ара так болбой, билинбей калат. Чындык түшүнүгүнүн кеңдиги жөнүндө өз ара макулдук, сабырдуулук эки тараптын ортосунда болгон шайкештиктин резонансы болуп саналган диалогду пайда кыларын билдирет. Бул диалог аркылуу болгон сабырдуулук феномени жөн гана карама-каршылыктан ирдүүрөөк, идеялардын жана ишенимдердин бирдей макулдугуна караганда, таптакыр башкача иш болуп саналат. Карама-каршы эки позициянын дуализми жоюлган, бирок анын бирин же экинчисин жок кылуу менен эмес (караңыз: Куртц, төмөндө: Гүлен да, Руми да мындай айырмачылыктын чегинен тышкары болушкан, бирок бул тууралуу кабарлары болгон). Эгерде биздин позицияларыбыздагы айырмачылыктарга жана карама-каршылыктарга көңүл буруунун токтотсок, анда жакында жолугушуулар үчүн жалпы платформаны издөө муктаждыктары калбай калат.

Суфизм

Эгерде Гүлендин көз караштарын, алар пайда болгон исламдын мистикалык чен-өлчөмүндө карай турган болсок, жакшыраак түшүнүүгө болот. Бирок учурдагы суфизм Гүлендин контексти болуп эсептелбейт. Фетхуллах Гүлен жөнүндө жазган кээ бир авторлор гана анын мүүнөздөмөсүндөгү суфизмди эске салышпайт, бирок көптөгөн авторлор учурдагы суфизмди орто кылымдарга тиешелүү баштапкы формаларынан оңой жана тез эле айырмалай алышат. Ыйса Коомунан Гүленди жана суфизмди талдаган Томас Мишель ата: «Баштапкы суфийлердин динамизми бир кыйла кийинки суфий боордоштуктары жүргүзгөн структураны институционалдаштырууда жайылган. Айрыкча, акыркы кездерде көптөгөн суфийлер чындыктан алыстап, пайдасы жок метафизикалык ой-толгоолор менен алектенишет» деп ырастайт (Мишель, 2005, 348-б.).

Йеменде антрополог Дэвид Бакмен тапкан табылгалары учурдагы суфизмдин ушундай эле сүрөттөмөсүн тартат. Ал «салттуу» суфизмдин практикасы бүгүнкү күндө төмөнкүдөй күчтөрдүн басымында азайып баратат деп корутунду чыгарат:

  1. Суфизм «Кудайга жакындыкты (курб) убада кылган, өзүнүн ички дүйнөсүнө кайрылууну, кудайга бүткүл сезимдери менен кызмат кылууну артык көрөт, Кудай аны байкап тургандыктан (ихсан) жана динде ак ниеттүүлүк (ихлас)», социалдык активдүүлүккө карама-каршы болгон, дүйнөдөн обочолонуу принцибин исламдын негизги багыты көрсөтөт, ошентип, суфизмди сын көз менен талдаганда ал белгилүү бир деңгээлде «исламдык эмес» болуп чыгат;
  2. Суфийлик боордоштук бүгүн суфийлик алдынкы тажрыйбанын өсүшүнө үлүшүн кошо турган рухий устаттыктын жана жетекчиликтин салттуу ролун аткаруу үчүн устаттарды даярдабайт;
  3. «... учурдагы экономикалык көйгөйлөрдүн шарттарында жашаган жаш адамдарды материалдык пайдага жана тышкы көрүнүштөргө багытталган иш-аракеттерди убада кылган исламдык саясий кыймылдар кызыктырат» (Бакмен, 1977, 21-24-б.).

Бакмендин макаласы тигил дүйнөлүк суфизмди билдирбейт. Изилдөөлөрдүн натыйжалары көрсөткөндөй, суфизм бүгүн өзүнүн жаңы жолдоочуларын тышкы дүйнө менен алектентүүгө кудурети жетпейт. Бирок бул изилдөөчү, жаштардын көпчүлүгү жаңжалдар жана алардын кыялдагы сыйлыктары катары болгон тышкы дүйнө менен алектенүүгө артыкчылык берерин көрөт. Балким, учурдагы суфизмдин негизги кемчилиги анын саясий жаңжалдарга катышуудан баш тартуусу эмес, исламдагы андан тышкаркы өзүнүн чырмалышкан багытындагы дүйнө менен алектенүүдөн баш тартуусу болуп саналат. Тарикаттын мүчөлөрү (Аллахка карай жолдор) бүгүнкү күнү жетелешип алышып, алардын чөйрөсүнүн мүчөлөрүнө тийиштүү гана обонду созо, туюк чөйрөнү түзүшөт .

Орто кылымдардагы суфизм, аль-Газалинин мезгилиндегидей эле, жалпысынан, жарык дүйнөнүн иштери менен алектенген. Гүленди чындап эле, өздөрүнүн тегерегиндегилердин дүйнөсүндө, башкалар жөнүндө терең камкордук көргөндөрдүн контекстинде түшүнүү керек. Бирок Гүлен орто кылымдардагы жалпылаштырылган ар кандай суфийлик моделге карап түздөнбөйт, ар кандай азыркы моделге да дал келбейт. Ал айрым бир жолдоочулар менен алардын устаты катары жана өзүнүн жолун жолдоочулар үчүн мектептерди негиздөө иштери сыяктуу өзгөчөлүктөрдү эч качан тутунган эмес. Зеки Сарытопрак Гүлендин суфизмдеги багытын баарынан мыкты аныктап, аны «өз жолунда жүргөн суфий» деп атайт (Сарытопрак, 2003, 169-б.). Эгер Мишелдин байкагандарын көңүлгө алсак, баштапкы суфий салттарында ар бир мүчө бүгүнкү күндө Гүлен сыяктуу өз жолунда жүргөн суфий болгон (Мишель, 2005, 341-б.).

Андай болсо, Гүленди кантип орто кылымдардагы суфизмдин алкагына сыйдыруу керек? Лестер Куртц «суфийдин чечими» Гүленди түшүнүүнүн «... ачкычтарынын бири» дейт (Куртц, 2005, 377-б.). Айрыкча, ал орто кылымдык лирик акын Жалаледдин Румиге таянып, Гүлендин ал жөнүндө айткандарына мисал келтирет: «Руми, бир тарабы өзүнүн ишениминдеги салттарга таянган, экинчи тарабы башкалардын ишенимдерине эркин саякаттаган дуализмди шыктандырган» (Куртц, 378-б.). Руми өз позициясын төмөндөгүдөй сыпаттайт:

О, момундар, мен өзүмдү жоготтум кишилердин арасынан.
Мен Ыйсага бөлөкмүн, исламга бөлөкмүн, варвар да, жөөт да эмесмин.
Мен төрт башаттан айрылгам, чөйрөлөрдүн кыймылына баш ийбейм,
Батыш да, чыгыш да, деңиздер, тоолор мага бөтөн – эч кимге таандык эмесмин.
Төрт башаттан тышкары жашайм, асмандын да жердин да кулу эмесмин,
Мен бүгүнкү, мен өткөн күндөрдө – суу сыяктуу кубулуп, агам.
Кош жактуулукту жактап, ажырагыс эки дүйнөгө сүңгүдүм,
Ага гана караймын, жана да ал жөнүндө гана сүйлөймүн.

(Шамс Тебризи Диваны, орусчага Д.Самойлова которгон).

Куртц, сүйүүнүн тилинде ырдаган, бардык заттардын арасындагы чек араларды жойгон жана алардын жеке өзгөчөлүктөрүнө тийишпеген, жогоруда берилген ыр саптарынын тонун кайталаган, Гүлендин эмгектеринен бир нече үзүндүлөрдү мисал келтирет. Гүлен өзү мойнуна алгандай, Руми анын эмгектерине зор таасирин тийгизгендиги талашсыз. Куртц жогорудагыдай байкоолорунан мурда: «Сабырдуулук жөнүндө Гүлендин түшүнүгү, адатта, бул терминдин түшүнүгүнүн чегинен өтө узакка кеткен» деп ырастаганы кызыктуу (Куртц, 375-б.). Ал адатта сөзүн баса белгилейт, анткени, Батыштын жашоочулары бул сөздү бир нерсеге жөнөкөй сабырдуулук деп түшүнсө, түрктөр бул терминди башканы кучактоо жана кучагына алуу деп түшүнөт.

Мында Гүлен менен көбүрөөк байланышкан Руминин ысымына кошумча дагы бир ысым бар – орто кылымдардагы суфийдин ысымы аль-Газали. Ал Гүлен үчүн орто кылымдардагы исламдын зомбулуктан баш тарткан жана дүйнөнү сүйүү салттарын билдирет. Сарытопрак «Исламдын тынчтыкка жана зомбулуктан баш тартууга карата ыкмасында» аль-Газалинин позициясын «фитнаны жана социалдык анархияны алдын ала жоюу» катары аныктайт (Сарытопрак, 2005, 415-б.). Ал андан ары муну «социалдык баш аламандыкка жана анархияга каршы исламдын суннит салттарынын» негизин түзөт деп аныктайт. Элизабет Өздалга жана башкалар да аль-Газали тарабынан бир калыптанган суннит салттары Гүлендин ойлорунун калыптануусуна таасирин тийгизгендигин көрсөтүшөт. Сарытопрак андан ары аль-Газалинин принциптерин зомбулуксуздук теориячысы Жин Шарптын «үйдө калуу жана «провакациялардан оолак болуу» категорияларындагы принциптери менен байланыштырат. Андан кийин ал Фетхуллах Гүленди да ушундай позициянын жактоочусу катары көрсөтөт (Сарытопрак, 415-б.). Ошентип, ал аль-Газали менен Гүленди Шарп аркылуу байланыштырат.

Өзүнүн ички дүйнөсүнө кайрылуучулук жана жаңжалдан оолактоо Руминин сыбызгысынын ырындагы көңүл чөктүргөн меланхолия сыяктуу Гүлендин позициясын мүнөздөйт. Гүленге таасирин тийгизген башат катары Румиден кийин аль-Газалинин экинчи орунда экендигин аныктоо үчүн төмөнкүдөй суроону берүү керек: «Гүлендин сабырдуулугуна салыштырмалуу аль-Газалинин сабырдуулугу канчалык алыска барат?» Бул жагынан алып караганда, алң-Газалиби же Гүленби, дегеле башка кишиге боорукерлик кылууга жана сүйүүгө чейин жетүүгө умтулушабы? Эгерде Гүленди Руми менен туура байланыштырсак, анда ал башка кишиге боорукерлик кылууга жана сүйүүгө чейин жетүүгө умтулушу керек, анткени Руминин бүткүл эмгеги так ушундай сезимдерге сиңирилген. Анда башка кишиге боорукерлик кылууга жана сүйүүгө чейин аль-Газали да жетиши керектигин болжолдоо логикалуу болот, анткени ал ансыз таасир берүү башаты боло албай калат. Гүлен менен аль-Газалинин байланышына баа берүү үчүн биз сабырдуулуктун масштабын жана чектерин гана эмес, ал кимге таандык экендигин дагы түшүнүүбүз керек. Ким Гүлендин жана аль-Газалинин сабырдуулуктарын пайдаланат? Чындыгында, мындай суроо берилиши керек: «Алардын ар бири үчүн ким «башка» болуп эсептелет?» Биз муну түшүнүү үчүн текстке үңүлүшүбүз керек.

Аль-Газали

Аль-Газалинин Мухаммад Нур Абдус Салас которгон «Боордоштук парздары» XV китебинин «Бакыттын дарысы» аттуу экинчи бөлүгү (2002) «башка» менен өз ара аракеттешүү үчүн даанышмандын түз сызыктуу жана системалуу насыяттарынын бирин чечмелеп түшүндүрөт. Башында аль-Газали бүткүл адамзатты тавхиддин, Кудайдын бөтөнчөлүгүнүн жана бардык жаратылгандардын сабырдуу кучагына бөлөйт:

«Бул дүйнө Улуу Жаратканды көздөй кеткен жолдогу көптөгөн бекеттердин бири болуп саналарын билгиле. Бул Жер бекетиндегилердин баары – Аны көздөгөн жолоочулар. Анткени бул жолоочулардын кербени үчүн акыркы бекет ушул эле, ал жолоочулардын баары тең жана бирдей. Алардын арасында достук, биримдик жана өз ара жардамдашуу болушу керек» (Алң-Газали, 17).

Алң-Газали «диний ишенимдердин эң ардактуу формаларынын арасынан» «Улуу Жараткан үчүн» ишке ашырылуучу «достукту жана боордоштукту» бөлүп көрсөтөт. Алң-Газали бизди салкын мамиледен бири-бирибизди сүйүүнүн кучагына бөлөөгө өтүшүбүзгө ынандырат. Алң-Газали, достук – зор сыйлыктарды тартуулаган, Кудай жөнөткөн эң сонун жөндөм экендиги тууралуу Мухаммад, Дөөт жана Ыйса пайгамбарларга берилген аяндардан мисал келтирет:

«Жана (Элчи) айтты: «Кудай үчүн бири-бири менен достошкон кишилер үчүн кызыл лаалдан түркүктөр орнотулуп, анда 70 000 бөлмө жайгаштырылган. Ошол жерден алар ылдый жакка бейиштегилерге карашат, алардын жактырган жүздөрүнөн бейиште жашагандарга бул дүйнөдөгү Күндүн жарыгындай жарык тийип турат. Бейиштеги кишилер: «Жүргүлө, барып, аларды көрөбүз» дешет. Алар жашыл парча кийингендерди көрүшөт. Алардын маңдайларында: «Кудай үчүн бири-бирин сүйгөндөр, Улуу Жараткандын достору болуп саналат» деп жазылган» (Аль-Газали, 20).

Андан ары Аль-Газали Кудай үчүн болгон достукту эки типке ажыратат. Алардын бири экинчиси менен калыптанат, анткени ал киши экинчи кишини чоң билимге ээ кылат. Бул билимдин максаты – келечектеги жашоо. Бул, устаттынбы же башканынбы, боорукерлиги жана кайрымдуулугу «дин ишеними үчүн жан дүйнөнү тынчтыкка бөлөрүн» (Аль-Газали, 21) сыпаттайт.

Бирок аль-Газали сыпаттаган достуктун экинчи тиби достуктун биринчи тибинен бир кыйла жогору турат. Анткени ал жекече болуп эсептелет жана башка кишиге карай тартылат, анткени ал киши «Кудайдын кызматчысы жана Ал тарабынан жаратылган болуп саналат». Аль-Газали мындай сүйүүнү «бир кыйла улуу сүйүү» деп атайт, анткени өтө берилип сүйүүнүн чегине жеткендиктен, Кудайды ашыкча сүйүүнүн натыйжасы болуп саналат. Ал Кудайды сүйүүдөн башканы сүйүүгө өсүп жетилет, ал тургай сүйүктүү досу жашаган тамын, аймагын сүйүүгө, ал тургай сүйүктүү досу жашаган шаардын бөлүгүндө жолбун итти да сүйүүгө өтүп кетет (Аль-Газали, 22). Башкага карата жөнөкөй сабырдуулуктун чегинен алыс кеткен мындай достукту, Аль-Газали мусулмандарга таандык кылат. Мында «мусулман» термини араб тилинде сүйлөгөн ар кандай киши үчүн жөн гана «момун болгон кимдир-бирөө» дегенди билдирсе, аль-Газали үчүн да ушундай маанини билдирерин эстен чыгарбаш керек. Ошентип, сабырдуулуктун ал таянган мындай ашынган формасы сабырдуулук чөйрөсүнө кимди кабыл алса, алар үчүн чек койбошу керек. Бирок, биз «мусулман киши» терминин диндин формалык мүчөлөрү катары «мусулмандар» деп алсак, бул чек коюшу мүмкүн. Мурунку окулушу ылайыктуу болуп саналат деп эсептейм. Ал бирин экинчисине байланыштырган учурда да, ал башкага жөнөкөй сабырдуулук кылуу болуп саналган сабырдуулуктун чегинен алыс кетет. Ошентсе да, бул жерде токтолуу аль-Газалинин «Боордоштук парздарында» кокустан токтолууну билдирмек.

Аль-Газали: «Алар бири-биринин укуктарын сыйлашы керек» деп талап кылат (Аль-Газали, 17). Бирок баары бирдей укуктарга ээ эмес. Ал укуктардын кишиге жараша өзгөчөлөнгөн жети категориясын майда-баратына чейин сыпаттайт. Кудайга ишенбегендер, күнөөкөрлөр жана залимдер үчүн аль-Газали Жазуунун Кишилери үчүн колдонгондон башка принциптерди колдонот, бирок анда алар айкалышкан коогалуу жерлер бар. Мисалы, «Кудай үчүн касташуу» жана «Кудайдын каршылаштарына каршы ачуулануу даражалары» жөнүндөгү 3- жана 4-бөлүмдөрдө аль-Газали, күнөөкөр мусулманды да анын мусулман болгондугу үчүн сүйүү керектигин, бирок «аны ал жасаган күнөөлөрү үчүн душман катары эсептөө керектигин» каалайт (Аль-Газали, 24).

«Мусулмандардын, коңшулардын, туугандардын жана туткундардын укуктары» жөнүндөгү жетинчи бөлүмдө боордоштуктун парздарын санап берет. Аль-Газали мусулмандар менен достошпогондорго карата мусулмандардын жыйырма үч укугун санап берет. Биринчиси: «Сага башка кимдир бирөө жасашын каалабаган нерсени, башка мусулманга жасаба» деген «Алтын эреже» болуп саналат (Аль-Газали, 43). Экинчи эреже айрыкча кызыктуу, анткени ал бул тексттин өтө майда нюанстарына чейин эсептелишин талап кылынары кабарланат. Анда: « Экинчи укук боюнча бир да мусулман киши башка кишинин иштерине же сүйлөгөн сөздөрүнө тынчсызданбашы керек» деп айтылат. Мындан кийин дароо эле төмөнкү диалог уланат:

«Элчи (ага тынчтык болсун): «Сиз билесизби, ким мусулман киши болуп саналат?» – деп сурады. Алар: «Кудай жана Анын Элчиси жакшыраак билишет», – деп жооп беришти. Ал: «Мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган киши», – деп айтты. Алар: «Андай ишенген ким?» – деп сурашты. Ал: «Анын жанында мусулмандар өз өмүрү жана менчиги үчүн өздөрүн коопсуз сезген киши», – деп айтты.

Бул эпизод Мухаммад Пайгамбардын үммөттөрүнө зыян келтирүү каалоосунан баш тарткан ар кандай бир адам «мусулман жана «момун» боло алат дегенди билдиргендигин аль-Газалинин түшүнгөнүн баса белгилейт. Бул так эле ортодоксалдуулуктагы чалалыкка өтө көңүл бурбаган жана ортодоксалдык практикада (ортопраксияда) жаңжалдан обочолонууга бир кыйла кызыкдар болгон, жашоо жана башкаларга да жашоо берүү саясатындагыдай угулат. Силерге сабырдуулук кылгандардын баарына сабырдуулук кылуу, айрыкча төмөнкү саптарды окугандан кийин насыят сыяктуудай сезилет: Эч ким башка кишини жек көрүп карабашы керек. Ал киши Улуу Жараткандын досу болуп калышы мүмкүн, ал эми аны жек көрүп караган киши муну билбеши мүмкүн. Улуу Жараткан өзүнүн ыйыктарын, ага эч ким жолой албагыдай кылып сактайт» (Аль-Газали, 43). Кудайдын достору бейиште ачыкка чыгышат, бирок бул жерде эмес. Кимдир бирөөнүн абалы сизден айырмаланып, Кудай үчүн толугу менен кабыл алынышы мүмкүндүгүн ар дайым эске алуу керек. Мындай мүмкүнчүлүктү таануу жана токтоолукка ылайык жана аны айыптабаган тажрыйба «релятивизм» болуп саналбайт.

Андан ары аль-Газали сүннөткө көңүл бурат: «Кимге жакшылык кыла алсаңар, алардын баарына жакшылык кылгыла. Эгер ал кишиде мындай каалоо болбосо, сизде мындай каалоо болушу керек. ... Интеллект үчүн ыймандан кийинки негиз, кайрымдуу кишилерге да, кайрымсыз кишилерге да өздөрүн досторчо көрсөтүү жана жакшылык кылуу болуп саналат (Аль-Газали, 44, сөздөрдү мен айырмаладым – Ж.Ш.). Мында текст «мусулман киши» үчүн да, «Мусулман киши» үчүн да достуктун чегин чектебейт. Бирок, аль-Газалинин насыяттары мында, сыягы, өтө берилген достуктагы сабырдуулуктан башка сабырдуулукту чектейт. Алар кимге сабырдуулук менен кайрылышса, анын тамын, жашаган аймагын жана итин сүйүү үчүн шарттарды койбойт.

II бөлүктүн жетинчи бөлүмүндө аль-Газали жазганда, сабырдуулуктун даражаларына тиешелүү так айырмаланып турганын көрсөтөт:

«Коңшулардын укуктары көп. Элчи (ага тынчтык болсун): «Бир укугу бар коңшу бар: ал ыймансыз коңшу. Эки укугу бар коңшу бар: ал мусулман. Үч укугу бар коңшу бар: ал мусулман тууган», – деп айтты (Аль-Газали, 57).

Окурманга, аль-Газали, акыры окурман менен анын диндеш тууганынын ортосундагы байланышты аныктоо үчүн негиздеме берет деп сезилген сайын, ал негиздемени алмаштырат. Аль-Газали кимге коңшу катары мамиле кылыш керектиги үчүн негиздеме менен мусулманчылык кандаш туугандыктагы байланыштардын жакындыгынын даражасын аныктоонун ордуна, кишилердеги чыныгы мусулманчылыкты аныктоо үчүн негиздеме менен бардык кишилерди коңшу кылат. Ал кайрадан Пайгамбардын сөздөрүнөн мисал келтирет:

«... Жана ал: «Эгерде кишинин коңшусу андан азап чексе же өзүн андан коопсуз сезсе, анда ал мусулман боло албайт», – деп айтты. Жана ал: «Кыямат Күнүндөгү эки өкүмдүн бири коңшу менен байланыштуу болот», – деп айтты. Жана ал: «Ким коңшусунун итине таш ыргытса, ал коңшусун таарынтат», – деп айтты.

Сиз, балким, коңшуңуздун итин жакшы көрүүгө милдеттүү эместирсиз, сиз жакшы көргөн досуңуздун итинен айырмаланып –мунун чеги бар. Эгер сиз бейишке чыккыңыз келсе, коңшунун итине уу бербешиңиз керек. Мындай иш коңшуңузду таарынтышы мүмкүн жана мунун натыйжасы жакшы болбойт:

«Элчиге (ага тынчтык болсун): «Бир аял күндүз орозо кармайт, ар бир түнүн сыйынып өткөзөт, бирок ал өз коңшусун таарынтат», – деп айтышты. Ал: «Анын орду тозокто», – деп айтты.

Аль-Газалинин коңшусу кошуна жашаган жигит гана эмес, оң жагындагы кырк имараттын, сол жагындагы кырк имараттын, алды жагындагы кырк имараттын жана арт жагындагы кырк имараттын жашоочулары болуп саналат» (Аль-Газали, 57). Ал тургай, калк жыш жайгашкан шаарда бул бир нече кварталды камтыйт. Бул радиустан тышкары Аль-Газалиге ушунчалык жаккан сабырдуулуктун соңуна чейин барардан мурда, дагы бир жарым километрди басып өтүү жеңил болот. Сабырдуулук жөнөкөй достуктан көз жарган терең сүйүүгө чейин камтыйт. Ал кандай гана аталбасын, аль-Газали муну баса белгилөө үчүн Пайгамбардын өз оозунан: «Жебирейил Периште (ага тынчтык болсун) коңшулардын укуктары жөнүндө мени ар дайым ушунчалык даражада каалагандыктан, алар менден мурас алышат го деп ойлочумун» (Аль-Газали, 57) деп айтылган сейрек эскертүүнү пайдаланууга өзүнө мүмкүндүк берип, аны өтө маанилүү деп эсептеген.

Гүлен

Гүлен да Аль-Газали сыяктуу тавхид болуп саналган биримдик менен метафоралуу баштайт – «биз баарыбыз бул дүйнөдө жашайбыз жана биз – бир кеменин жүргүнчүлөрүбүз» (Гүлен, 2004, 45):

«Биз баарыбыз бир дененин органдары сыяктуубуз, биздин биримдигибизди бузган мындай дуализмди токтотушубуз керек. Биз кишилерди бириктирүү үчүн жолду тазалашыбыз керек ... Бизди бөлгөн бардык ойлорубузду жана сезимдерибизди алып салуубуз жана кучакташуу үчүн бири-бирибизди көздөй чуркоо керек» (Гүлен, 2004, 7).

Бул максатка жетишүүнүн каражаты катары Гүлен сабырдуулукту атайт:

«Дүйнө чоң кыштакка айланганда жана биздин коом чоң өзгөрүүлөрдүн жана кайра өзгөртүүлөрдүн чегинде турганда, сабырдуулук бүткүл коомго таралышы керек (Гүлен, 2004, 42).

Ал тургай, аль-Газалидеги коңшулар Гүленде улуттар болуп калышса да, акырында, «башкага» сабырдуулук кылуунун зарылдыгы Гүленде да, аль-Газалинин башкалардын жүрөктөрүн кучагына кысып, жылыткан достугунда да бар. Кишиден кишиге карай ар дайым өзгөрө алган – идеяларга жана идеалдарга негизделген конфликтке – Гүлен маани бербейт (Бул кандай болсо да, ар дайым айырмачылыктары менен болот, караңыз: «Терпимость в жизни человека и общества», 37-б). Сабырдуулуктун салкын түрү Гүлен үчүн кабыл алынбайт жана эч качан кабыл алынган эмес:

«... Биздин атактуу ата-бабаларыбыз сабырдуулуктун аркасында адамдардын жүрөктөрүн ээлешкен жана жалпы дүйнөнүн коргоочулары болуп калышкан» (Гүлен, 2004, 42-б.).

Аль-Газалинин өтө берилген достугундагыдай, баарын камтыгандар, өздөрүнүн жана башкалардын арасындагы чек араларды жоюшат: «... алар «алар» жана «биз», «башкалар» жана «биздикилер» деген сыяктуу бөлүп-жарган жана антогонисттик ойлордон качышат (Гүлен, 2004, 100-б.).

Гүлен, сыягы, аль-Газалиге караганда сабырдуулук океанынын түбүнүн бир кыйла тереңирээк болушун артык көрөт. Гүлен менен аль-Газалинин арасындагы айырмачылыкты билдирүүнүн башка бир ыкмасы өтө берилген сабырдуулук же «достук» кайып болуучу кандай чекитти көздөй багыт алышын байкоо болуп эсептелет. Аль-Газалиде сабырдуулук көрсөткөн киши мурдагыдай эле горизонталдык алкак боюнча «башкадан» ажырагыс болуп калат. Бул киши сыртынан караганда түрдүү багыттагы кырк имарат алыс турган итти биз канчалык көрүп турсак, ошончолук «кеңейет». Гүленде, сабырдуулукту пайдаланган кишилер бир киши менен кандай терең байланышса, бардык кишилер менен ошондой байланышуунун натыйжасында тик өйдө жогорулоону баштан өткөрүшөт:

«Кишинин сиңирген эмгегине жараша Кудайга жакын болуунун тереңинде балкыган жакындык диний биримдикке окшогон алардын жер бетиндеги каалоолору жана материалдык кумарлануулары океанда да жаңы формага өтөт. .../Алар/ жердегилер менен сүйлөшүп жана Жер бетиндеги жашоодогу мыйзам уруксат берген талаптарды турмушка ашыруу менен, рухий дүйнөнүн туу чокусундагы периштелер дем алган абадан дем алышат» (Гүлен, 2004, 101-б.).

Жыйынтыгында, Гүленде да, аль-Газалиде өзү менен башкалардын арасында айырмачылык эч кандай мааниге ээ эмес.

Бирок алардын арасында айырмачылыктын бар экендиги талашсыз. Аль-Газалинин коңшунун итине таш ыргытууну же башканы ыймансыз деп атоону куугунтуктаган мыйзамды жактагандыгы Гүленге караганда башка мотивацияны көрсөтөт. Аль-Газалинин мезгили күндөлүк турмушта шариаттын мыйзамдарын практика жүзүндө колдонууга көңүл буруунун жанданышы менен рухий жашоонун багытын кайра өзгөртүүнү талап кылган. Муну Гүлен өзү далилдүү баяндайт:

«Бул улуу түзүүчүлөрдөн кийин «Ихья аль-улум ад-дин» аттуу атактуу эмгекти жазган Хужатулң ислам имам аль-Газали бар. Ал, суфизмдин терминологиясын, принциптерин жана эрежелерин кайрадан карап чыккан жана бардык суфий устаттар менен макулдашылганын пайдаланууга ырастап, башкаларды сындоо менен, ал исламдын тышкы (шариат жана укук таануу) жана ички (суфизм) чен-өлчөмдөрүн бириктирген (Гүлен, 1999, xviii).

Гүлендин мезгили – биздин учур – руханияттын жанданышын талап кылат, анткени биздин доор тиричиликке жана талаш-тартыштуу иштерге ашыкча эле багытталган:

«Эми биз эмнеге муктажбыз – булар жөн эле кишилер эмес, диний чындыкка берилген кишилер; жогорку деңгээлде ой жүгүрткөн кишилер; өз ойлорун турмушка ашырып, өз улутун жана бардык адамдарды агарууга жетектеп, аларга Кудайды табууга жардам берген кишилер. Башкача айтканда, биз берилген жандарга, эмне жөнүндө ойлонуш керек болсо, ошолор жөнүндө ойлонгон кишилерге муктажбыз. Алар эмнени билүүсү керектигин билишет жана эмнени билишсе, ошолорду тайсалдап туруп калбай, турмушка ашырышат; Кыямат Күнүндө арбактарды тирилтүүгө мына-мына сурнайды үйлөөгө даяр турган Исрафил периште сыяктуу жер кезгендерге жана кишилерге үмүт тартуулагандарга муктажбыз» (Гүлен, 2004, 105-б.).

Гүлен жана Газали өтмө жана түбөлүк чен-өлчөмдөрдөгү жашоодо теңчиликте өмүр сүрүүнү эңсегенин билдиришет.

Корутунду

Гүлен аль-Газали жана Руми көрсөткөн суфий салттарынын чегинде туура түшүнүлүүсү керек. Аль-Газали жана Руми сүйүүдөгү агрессиясыздыкты талап кылышат жана эл аралык мамилелердеги стратегияларды насиятташпайт. Экөө тең чек араларды тынч коргоо үчүн насыяттарга карай бет албастан, өз менен башканын ортосундагы өңү өчүп бараткан айырмачылыктардын эң соңуна бет алышат. Экөө тең бири-бирин «башка» деп атоо мүмкүнчүлүгүнөн баш тартышат. Экөө тең адамзат дүйнөсүн гегемонияны карагандай эмес, түбөлүккө багытталган дүйнөгө карагандай карашат. Экөө тең Гүленди сыпатташат.

Философия доктору, Эдмонддогу Борбордук Оклахома Университети.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.