М. Ф. Гүленге берген суроолоруна жооп иретинде

Сиз Ислам ойчулдарынын көрүнүктүүлөрүнүн бирисиз.Сиздин ишиңизде эң маанилүү нерсе?Азыркы Ислам түшүнүгүнө киргизген кошумчаңыз? Сиздин ой-пикирлериңиз менен 19-к.аягы 20-к.башындагы Ислам ойчулдарынын,мисалы Мухаммед Абдонун көз-караштарынан айырмачылыгы?

Мухаммед Абдо Ислам дүйнөсүнүн колониалдашуу жана кулоо доорунда жашаган.Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Египет Англияга караштуу эле.Батыштын үстөмдүлүгү жана мусулмандардын согуштарда жеңилүүсү,өзгөчө Англия жана Франциянын илимде,техникада,көркөм өнөрдө жана философиядагы жетишкендиктери мусулман акылмандарына, ойчулдарына жана илимпоздоруна көрүнүктүү эле таасирин тийгизди.Табигый илимдердин өнүгүүсүнүн негизинде батышта пайда болгон атеизм,позитивдик жана материалисттик философиянын агымдары Ислам дүйнөсүндө көптөгөн инсандарга өз таасирин тийгизген.

Мухаммед Абдонун жана анын улантуучуларында Исламга жакындоо жана идеяларында мунун таасири көрүнүп турат.Динди өздүк маанисине, бир мааниде эле илим жана жан-дүйнөнүн тажрыйбасы катарында ,теория менен практиканын биргелиши болгонуна карабастан,андан көрө рационалдык жана позитивдик окуу деп караган.Башка сөз менен айтканда,рухий жана диний жактары көлөкөдө калган.Мисалга алсак, акыреттеги жашоо жөнүндөгү аяттарга, биз ал дүйнөнү көргөндөй, а илим билимдер аны небак ээлеп алгандай мамиле кылат эле.Башкача айтканда, Исламдын көптөгөн суроолоруна рационалдуу жана материалисттик көз-карашта болгон.Белгиленген аяттарды Мухаммед Абдо Куранда берилгендей кабыл алган эмес.Демек,акыреттин сыйлыгы же жазалоосу ал үчүн жөн гана жан дүйнөнүн же психологиянын жазалануусу же дем берүүсү эле.

Мындай жакындоодо Пайгамбарлардын кереметтери, өзүнө түшүндүрмө бере албайт, анткени баардыгы натыйжалуу-себептүү алакада гана негизделет.Биздин аң-сезимиздин чегинен сырткарылары,-мисал шайтан жана джиндер,биздин кемчил инстинктибиз жана ниеттерибиз менен шайкелишет.

Бирок, 19-20к. доорунда атомдук физика классикалык физиканын постулатын жокко чыгаргандан кийин мындай көз-караштар толугу менен маанисин жоготкон.М.т.,Мухаммед Абдо жана анын пикирдештери мусулмандардын жүрөгүн,акыл-эсин,жан-дүйнөсүн козгоп, Ислам дүйнөсүнүн бүт маселелерин саясат, экономика жана коомдук маселелерге такаган.Жыйынтыкта,бул көрнүш өзгөчө Араб өлкөлөрүндө Исламдын саясаттык жана коомдук агымдарынын түзүлүшүнө бирден-бир себеп болду.

Бүгүнкү күндө Исламды көптөгөн эл саясаттык көрүнүш катары кабыл алышат,сиздин оюңузча Ислам менен саясаттын ортосундагы байланышы кандай? Исламды жөн гана дин катары карасак болобу? Исламда эң маанилүү маселе кайсы,- терең динийби же дүйнөлүкпү.

Пайгамбарыбыздын жана башка өкүлдөрүбүздүн парздарынын бири - элди Аллах менен тааныштыруу,Курандын аяттарын окуп, Ааламды  Кудайдын Ыйык Китеби деп түшүндүрүү.Мусулман окумуштуулары жөнүнөн Ааламды илим китеби катары карап,ал китепти окуп жана түшүнүү керек деп эсептешет.Демек, анын максаты-элди ар кандай туура эмес ойдон,ишенбестиктен сактоо, жан-дүйнөсүнүн күүнөлөрдөн жана ар кандай терс түшүнүктөрдөн арылтуу, аларга Куранды өткөрүп берүү жана аларды жашоодо Ыйык Китеп менен жашоону үйрөтүү жана белгиленген буйрук, тыюулардын маанисин жана максатын талкулоо, айрыкча түбөлүк бакытты түшүндүрүү.

Ушул чектөөлөрдө биздин Пайгамбарыбыз(с.а.с.) элди Аллахка ишенүүгө жана диндин башка түркүктөрүнө баш ийигөө тийишпиз.Иламдын беш негизи жана алты түркүгү белгилүү.О.э. Ислам тыят же соттойт жана жазалайт же сыйлайт.Адамдар менен мамиле түзүүнүн адеп куралдары бар.Исламдын бул жобосунда саясат жок.Жада калса, фикханын( Ислам укугу) көптөгөн эмгектеринде саясат жөнүндө айтылбайт. Бирок, кээбир анын агымдарында саясаттагы көрүнүштөргө өзгөчө көңүл бурулуп, саясатты диндин бир өлчөмү катары белгилешет.Натыйжада, мусулман ойчулдарынын кээбир чыгармалары саясат темасына арналган.

Ислам Кудайга ишенүүгө чакыруудан башка, мамлекеттин деталдуу түзүлүшүн, саясаттык режимди же болбосо административдик системаны сунуштабайт.Ал Кудайдын буйругуна таянган жана адамдын, коомдун өнүгүүсүн жетишкендик деп эсептеген бийликти тандайт.Ислам саясатты адамдарга жараша түзүлөт деп белгилейт.

Исламда саясат элдик эркин чечүүлөр аркылуу кабылданат.Муну менен бирге эле тандоо эркиндиги бар, Кудайга ишенүү же ишенбөө.Ушул себептен, Ислам баарына өз динин жайылтууга укук берет.Адеп эркиндиги жана динге ишенүү эң жогорку дэңгеелде баардыгы камсыз болушу керек.

Мына, пайгамбарларыбыз жана Пайгамбарыбыздын жашоосу жөнүндөгү жазуулар диндин негизинде турат жана Кудай чындыктарын колдоно билүүгө жеткиликтүү.Муну менен бирге эле,Ислам 19-к аягы -20-к башындагы мусулман дүйнөсүндөгү бошотуу согушунда саясат фактору катарында болду.Негизинен, бул Ислам дүйнөсүндөгү маселелерди чечүү үчүн ойчулдар адеп, илим жана жан дүйнөлүк көз караштан карашы керек эле.Бирок, диндин сырткы көрүнүштөрүнө үстөмдүк кылып, бул маселелерди көбүн эсе саясат усулдар менен чечүүнү каалашкан.

Ошону менен бирге эле, үнчө мусулман өлкөлөрүндө адеп эркиндиги берилген жана лаицизм-мамлекеттин граждандык бийлиги орногон.Мындай шарттарда, джихад-Аллахтын буйруктарын ырастоо-саясат фронтунда эмес,илимде,интеллектуалдык, ахлактык жана жан-дүйнөлүк тараптан Исламдын баалуулуктарын ишке ашыруу болуп саналат.Бирок мындай болгон жок, жана мусулман дүйнөсүндө пайда болгон Исламдык агымдар саясатты эң маанилүү иш деп, саясат менен алектеништи.Бирок, негизги баштапкы пункту ката болсо, натыйжасы да аргасыз фиаско болот.

Б.а., бул агымдар мусулмандар үчүн кымбат болду.Эң негизгиси, Ислам өзүнүн табиятына карабастан баардык жерде көрүнгөн жана кабыл алынган.Ошентип, кээбир түштүк авторлор, мисалга алсак Оливер Той бул агымдарды “саясаттык ислам”, а анын утулуштарын- “саясаттык исламдын кырсыктары”деп атаган.Мындай баалар Исламга тарабашы зарыл, анткени “ саясаттык ислам”, “коомдук ислам”, “экономикалык ислам”,”радикалдык ислам” жана “мээлүүн ислам” деген терминдер Исламдын рухуна каршы чыгат.Бирок, бул түшүнүктөр чындыкта эмнелер болуп жаткандыгын түшүндүрүү үчүн колдонулган.Ошондуктан, баардык мусумандар мындай стратегиянын жаңылыш экендигин,бул стратегиядан баш тартууларын жана о.э. өздөрүн туура эмес түшүнүктөрдөн жана жаңылыш ойлонуудан коргонууларын каалар элем.

Заманга ылыйык далай ирет, эң негизги Батышта мусулман дүйнөсүнүн тышында Исламдын кеңири таркалышынан күчтүү конфликттер чыгууда.Сиздин оюңузча, мындай карама-каршылыктардын негизги себептери? Бул кизистерге ким негизги жоопкер-Батыш коомубу же мусулмандарбы?

Мурунку суроого жооп бул темага байланыштуу десек болот.Албетте, биз, миусулмандар, аз эмес ката кетиребиз.Булардын эң негизгиси,мен түшүндүргөнгө аракет кылгандай эле, Исламдын маңызын түшүнбөө жана Исламды өз деңгээлинде жашообузда, сдөрүбүздө жана жүрүш-турушубузда көрсөтпөө,б.а. жашообузда колдонбогонубуз.Ислам, негизи башынан аягына чейин идеалдуу нерселердин жайы, Аллахтын эң керемет ысымдарынын ишке ашышы.Ислам-туура ой-жүгүртүү, Аалам китебинини туура ттүшүндүрүлүшү, аны Аллахка жол көрсөтүүчү жана жакындатуучу жарык катары кабыл алуу.

Ислам-бир жагынан илим,бир жагынан-ишеним катары деп айтсак болот.Б.А.исламда билүү жана ишенүү түшүнүгү бири-бирине карама-каршы түшүнүктөр эмес.Тескерисинче, алар бири-бирин толукташат.Ислам-адамдын биологиялык табиятын жоошутуу,жүрөгүн тазалоо жана жан-дүйнөсүнүн коздолушу.Ал бийик ахлактыктын,ачыктыктын, чынчылдыктын,адилеттүүлүктүн так эле өзү. Ислам-Аллахты туура таануу жана түшүнүү, ага сыйынуу, Аны сүйүү жана Анын чындыгына жакындоодон жан-дүйнөлүк бакыт.

Ислам эч качан маданиятсыздык,адепсиздик,тарбиясыздык,артта калгандык, чаржайыттык,деградация жана сурангандык менен бир катарда турбайт,о.э. өчтүк,душмандык,каардулук,бой көтөрүү, текебердүүлүк, ырайымсыздык,зомбулук түшүнүктөрү менен шайкелишпейт.Ислам өзүнүн чындык табиятына жараша жер үстүндөгу тынчтыкты, кечиримдүүлүктү, сабырды,токтоолукту, момундукту, эр-жүрөктүктү,назиктикти, жумшактыкты белгилейт.Болгон маанилери менен бизге ишеним сезимин, чындыктын,калыстыктын духун, алга умтулуунун сезимдерин берип, жакшылык жасоого чакырат.Бирок, өкүнүчтүүсү,бүгүнкү күндө Ислам болгон өзүнүн беделин көрсөтө албай жатат.

Албетте,Батыш коомдору Исламды кабыл алууда да ката кылышат.Тагыраак,бул коомдогу кээ бир агымдар.

Чыныгы динди билген адамдан башка эч ким диниди болгон терең мааниси менен бере албайт.Бугу карабастан, тарыхта белгиленгендей,элдер чыныгы дин адамдарыны эмес, жада калса көптөгөн пайгамбарларга ишенишкен эмес.Пайгамбарыбыз Мухаммед(с.а.с.) жана Иса, Муса пайгамбарларыбыздын жашоосу ачык күндөй белгилүү.Буга карабастан, көптөр ишенишкен эмес, аларга каршы чыгышкан жана о.э. алардын өмүрүн кыйганга аракет кылышкан.Аллах тарабынан жиберилип, пайгамбарларды өлтүргөндөр болгон.

Демек, биз мусулмандар,Исламды толук туура түшүнүүдө жана ошого жараша ойлонууда ката кылат экенбиз.Башка жагынан караганда, кээ бир коомдук бирикмелер бийлик структуралары өздөрүнүн саясат жана башка кызыкчылыктары үчүн Исламды каралаганга баардык аракеттерин кылып жатышат,-аны террор,зомбулук, согуш жана кан менен шайкелиштиргиси келет.Ошондуктан, биз мусулмандар,бизге кылынган мамилеге карабастан,тынымсыз элди Исламдын чындыгы менен тааныштырып жана дүйнөгө эң жогорку деңээлде көрсөтүшүбүз керек.Бизди өлтүрүү үчүн кол көтөргөндөргө Хабилдин(библияда Авель),Адамдын уулдарынын биринин Кабилге(Каинге)кайрылган сөздөрүн:”Мени өлтүрүү үчүн колуңду көтөрсөң,мен сага колумду көтөрбөйм” эскертишибиз керек.

Замандаш өлкөлөрдүн катарында “жанданган Ислам “атын алган процесс көрүнүп жатат.Негизинен, бул Чыгыш Европанын өлкөлөрүнө таандык, мисалга, Орусия.Сиздин оюңузча, бул жолдо кайсы маселелер эң биринчи? Анткени, бул өлкөлөр көптөгөн он жылдык мөөнөттөр илимдик атеизмде-ар бир дин коомдун жана адамдын өнүгүүсүндө катаал катары эсептплчи шарттарда жашашкан.

Аллах адамды периштелерден да өйдө койгон жана адамды өзүнүн жердеги улантуучулары кылган.Мындай түзүлүш адамдардын аттарга жана атоолорго көндүрүлүшү менен түшүгндүрүлөт, б.а. заттарды тааный-билүү, аларды аттары менен атоо жана алар менен колдонуу, б.а. үйрөнүү жөндөмдүлүүгү.Бул сапат негизинен Аалам китебин үйрөнүүдө.Биринчи жиберилген Куран аятта, Элге Кудайдын жаңылыктары жиберилишинде,”Оку!” деген буйрук келген.Бул, Аллахтын башка тексттердин жоктугуна карабастан буйрук берүүсү адамдан Ааламды жана өзүн Кудайдын жартканы катарында таануусун каалаган.

Ошондуктан илим иштери өзүнүн анык максатынын алыстабайт, ал ыйыктык жана бата алат, Улуу Аллахтын ардактоосуна татыктуу жана Аны билүүгө жакын болот.Курандын ар бир сүйлөмү аят деп аталат. Мен айтайын дегеним, Аалам да, адам да бизди Аллах менен тааныштырган аяттардын күзгүсү деп эсептелет.Анткени Курандагы ар бир сүйлөм аят-жышаан. Так ушундай эле Аалам менен адамга байланыштуу ар бир окуя, факт жана болмуштар аят деп аталат.Куран ААламдын жибергени, а аалам менен адам Курандын так эле өзү болуп чыгат.Аалам менен адам –хан сарайы, а Куран –сарай менен тааныштырган китеп.Алардын ортосунда эч качан каршылытар болбойт.

Өкүнүчтүүсү, атеизм мурунку эле Совет Союзундагы республикаларда эле эмес, башка да дүйнөлүк илим борборлорунда да бар.Бул шарттарда илимдин ордун жана дин менен байланышын так билүү зарыл.

М.т.адам жөн гана физикалык субстанция эмес экендигин эстен чыгарбашыбыз зарыл.

Бир элу убакытта ал ой, жүрөк жана жан-дүйнөгө келе албайт.Адам булардын баарынын гармоникалык биримдиги болуп саналат.Ал о.э. татаал сезимдер жана күчтүү эрк менен энчиленген.Эгер бул гармоникалык нерселер жоголуу болсо, биринчи адамда, андан кийин коомло проблемалар чыгат.Биздин физикалык табиятыбыз, биздин денебиздин муктаждыктары бар, жана биз аларды кетирүүнү билебиз.Акыл,жүрөк, жан-дүйнө жана сезимдердин өзүнчө муктаждыктары бар.Ошондуктан, биринчи адамды жана ааламды билүү керек,алардын күтүүлөрүн билишибиз керек.Ушул негизде гана биздин билим системабызды жаңы көз –карашта карай алабыз.

Башка маанилүү аныктоо.Өзүнчө бир адамдарга үй-бүлө эң маанилүү негизги сүйүү орду,башка адамдар менен катышуу жана о.э.коомдук фундамент катары болот.Каалаган убакытта дагы аталык мене энеликти жоготууга болбойт.Энелик мээрим менен атанын боорукердигин эч нерсе менен алмаштырылбайт.Үй-бүлө бакытында чоңойгон бала эч качан бузулган үй-бүлөдө чоңойгон балага окшобойт.Ошондуктан, үй-бүлө баардык жагынан бекем болушу керек.

Профессор. Леонид Сюкияйнен
Россия-Москва

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.