Жамаат сезими

Элдердин жашоосунда эң оор учурлар, коомдук өзгөрүш жана жаңыдан түзүлүү учурларында болгондугу байкалат. Кээ бир жаныбарларда болгон “метафорфозго” окшоп, жаңылануу учурунда оорулар, кыйынчылыктар кээ бир нерселер ташталып, ордуна башка жаңы нерселердин өнүктүрүлүшү сыяктуу. Тайпаларды чыңалта турган окуялардын негизинде, коомчулукта жеке жана коомдук мүшкүлдөрдүн келип чыгышы анык. Ошондой эле, аткарыла турган иштер, мурдатан сыноодон өтүп, текшерилген нерселерге негизделбесе, жаңылыштыктар көп болот жана түрдүү тоскоолдуктар чыгат. Ошондуктан элдер жана аларды башкаруучулар акыл ой жүгүртө турган жерде, учурубузда көп көрүлүп жаткандай, сезимге алдыруу менен куруунун ордуна кыйратууга себепчи болушат.

Ооба, көп ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүгү бар туруп, элдердин толкуну жана башчылардагы ач көздүк жана сугалактыктын себебинен ошол убакытка чейин ишке ашып келген нерселер кыйроого учурап, кайра баштан курулуп башталгандыгына көп жолу күбө болунган. Өзгөрүү жана төңкөрүш учурларында адамдар, демейдегиден башкача абалда болушат. Белгилүү багытты беттеп, кээ бир орундарга жетүүнү каалаган, чөйрөсүндөгү баардык нерсени өзү бет алган багытка жетелеген коомдун бөлүнгүс бөлүкчөсүнө айланат. Андай адамдардын ой-пикири өзгөрүп, акыл-эстүү инсандын ой-жүгүртүүсү менен эмес, коомдук көз караштын таасиринде болуп жана анын көрсөтмө, буйруктарынын багытында кыймыл-аракет жасайт.

Мындай логика, ойлонуп-толгонуу, учурдун келечегин ойлоо сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен биз ар дайым сунуш кылып келген “жамаат ичинде жашоо сезими” таптакыр эки башка нерсе жана ага терс бир түшүнүк. Сыртынан караганда бул эки көрүнүш жана кыймыл-аракет келечектен бирдей үмүт бергендей көрүнсө дагы булардын биринде, көбүнчөсү кыймыл-аракеттин маани-маңызына жана максатына тескери натыйжалардын келип чыгышы анык болсо, экинчисинде эч кандай жаңылыштыктар болбойт. Адеп-ахлак жана коомдук жашообуздун айкаштыгы менен бирге эле жаратылышыбыздын өтө маанилүү негиздеринин бири болуп эсептелген “жамаат ичинде жашоо сезиминин” маңызы, диний өзгөчөлүгүбүз жана элдик мүнөзүбүз болуп саналат. Бул жагынан алып караганда, коомдук кыймылдарда күбө болунган жаңылыш кыймыл-аракеттердин тескерисинче “жамаат ичинде жашоо сезимдин” дисциплиналуу жана салабаттуу кыймыл-аракеттери, алардын башка учурлардагы кыймыл-аракеттерине салыштырмалуу өтө улуу мааниге ээ.

Ар дайым, улуу ой-пикир жана максаттарды көздөө менен жүзөгө ашырылган иш-аракеттер, адамдарды тарбиялап, долбоор, пландарын шарият нурунун жарыгында жүзөгө ашыра алса, көпчүлүк учурда сезимге баш ийүү менен иш аткарган адамдар дагы алардан таасирленип жасаган иш-аракеттеринде этият жана кылдат болуп, туура жолдогу инсандар менен бирге болот. Ар дайым андай ой жүгүртө адамдар дагы ойлорун ортого салып, жамаат менен жуурулушуп эл менен кеңешип иш жасоону үйрөнүшөт жана коомдун жарактуу мүчөсүнө айланат. Эзелтеден бүгүнкү күнүбүзгө чейин, бул элдик мүнөздүн арты менен элибиздин баардык мүчөлөрү бирдей көз карашта болуп, бирдей ой-пикирде жашаган жана бирдей баалуулуктар үчүн күрөшүп, бир ой-максатты ишке ашыруу үчүн жарышышкан. Ооба, жеке инсандарга жана коомчулукка башка себептердин таасири болсо дагы, элдердин өздүк түшүнүгү жана маданияты менен байланышта болуу туурасында сөз козголгон учурда, булар көмүскөдө кала берет. Коом мүчөлөрүнүн материалдык, руханий, тарыхый негиздер менен байланышы бекем болуп турганда, бул инсандар ата-бабалары жасагандай эрдик, каармандыктарды жаратышып, жаңыча көз-караш, ой жүгүртүү жана жалпы дүйнөгө таасир бере ала тургандай принциптерди алып келет.

Азыркы учурда өлкөбүздө дүйнө жүзүндөгүдөй бир топ өзгөрүүлөр болду. Арты-артынан төңкөрүштөр боло турган мындай келечекке багыт алганда, элдик түшүнүк жана маданияттын сакталышы, жеке адамдардын жана элдерге этияттык жана кылдаттык түшүнүгүнүн берилиши, элдерге тескери үгүт бере турган ой-пикир, көз-караш жана кыймыл-аракеттерге жол бербөө өтө маанилүү. Инсандардын көңүлдөрүн ар дайым Куран жана сүннөт жолуна бурдуруу зарыл. Куран жана сүннөт жолунда жүргөн адамдарда атак-даңк, мактаныч ордуна кичипейилдүүлүк, өзүмчүлдүк ордуна башкалардын бактылуулугу тууралуу ойлоо, жеке кызыкчылык ордуна жалпынын кызыкчылыгын ойлоо өкүм сүрөт.

Булар, коомчулуктун бүгүнүн жана эртеңин ойлойт. Учуру келгенде, ой-пикирлерин ачык жар салып, кээде эне тоок сыяктуу жөжөлөлөрүңө зыян келтирип албаш үчүн өтө этият болот, ойго келбеген кордоолорго, басынтууларга чыдайт жан бир жолу “лаа хаула...” деп, жанар тоо магмалары сыяктуу оргуштаган сезимдерин көкүрөгүнө жашырып, карманат жан эч нерсе болбогондой жолун улантат. Аткарган иштеринин баарын милдет жана ибадат жоопкерчилигинин сезими менен жасайт. Аткарган иштери үчүн эч кимден алкыш күтпөйт. Жардамга муктаж инсандардын жардамына чуркабоону кечирилгис кемчилик, оопасыздык деп эсептейт.

Алар ар дайым үмүт менен жашайт; үмүттөрүнө жараша пландаган иштеринин жүзөгө ашырылышында негизги ролду ойногон себептерге катуу көңүл бурат. Алар ыкылас жана Алла ыраазычылыгынан башка эч бир нерсени көздөшпөйт. Алар Аллага тобокел кылуу, Ага берилүү менен бирге чөйрөсүндө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп, жагымсыз окуялар болгондо чечкиндүү аракет кылышат. Дүйнөлүк иштеринде дагы акыреттик иштеринде дагы сезимге алдырышпайт. Кыймыл-аракеттерин Алланын буйругуна жараша жөнгө салышат.

Ооба, бизге таандык болушуна үмүткөр болгон жаркын келечекке ишенимдүү кадам таштай алышыбыз үчүн, корутундусу гана сунулган маанилүү нерселер:

Жалпы элибиз, өзгөчө интеллигенттерибиз, тарыхыбызды сөзсүз түрдө кабылдашы керек.

Келечек үчүн пландалган жаңылануулар, тарыхый маданиятыбыздын негизинде түзүлүшү шарт.

Мындай маанилүү маселеге саясат аралаштырбашы жана бул нерседе белгилүү жеке кызыкчылык көздөлбөшү керек.

Айрыкча, баардык нерсеге карабастан, бул багыттагы иш-аракеттерде бир топ башаламандыктардын болуп кетүү коркунучун алдын алуу менен кылдат иш алып барып, жаштыктын жеңил ойлуу жана жоопкерчиликсиз кыймыл-аракеттерине жол бербөө зарыл. Намыска тие турган мамилелерге дуушар болсок дагы, улуу ой-максаттарыбыз үчүн сабыр кылып, чыдообуз шарт.

Бузуудан мурда бузула турган нерселердин ордуна эмне курула тургандыгын пландаштыруу керек.

Аткарыла турган ар бир иште, чечим жана иш-аракет, илим-билим, этияттык, терең ой жүгүртүү “жети өлчөп, бир кесүү” керек. Биз азыр жолдун айрылышында турабыз. Абалыбызды жана ордубузду билип, биз жашап жаткан учурду улуу ой-пикир, жакшы план жана пайгамбарларга (а.с.) тиешелүү чечкиндүүлүк менен пайдалана алсак, туура жолго түшкөн болобуз. Учурдагы аянычтуу абалыбыз, социалдык, экономикалык ийгиликсиздиктерибиз аны менен бирге ички жана тышкы бузукулуктардын себебинен келип чыккан каргашалуу окуяларды убакыттын өтүшү менен жеңип чыгаарыбызга толук ишенем. Артка кетенчиктөөлөр, жагымсыз окуялар убактылуу гана болуп турат. Түндөр түбөлүктүү эмес. Канчалаган урандылар убакыттын өтүшү менен кайрадан көк тиреген бийик имараттуу шаарларга айланган. Түндөр күндүзгө жеңилип, чар тарапка жарык нур чайган.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.