Өткөндүн көркөм дүйнөсү
Атак-даңктуу тарыхыбыз унутулуп, сезимдерибиз, ой-пикирлерибиз толугу менен өзгөрдү, көз караштарыбыз сыяктуу жашоо философиябыз дагы толугу менен өзгөргөн, сезимдерибиз уйгу-туйгу, пикирибиз жаман, адабиятыбыз жансыз бир көз караштын тузагында тыбырайт, санатыбыз өздүк маңызынан алыстагандарга жана шайтан жолунда жүргөндөргө аманат. Өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү доорунда айыл-кыштактарыбыз, шаарларыбыз жаратылышты кыйратууда жарышышкандай көрүнөт. Өрөөн-талаа, ойдуң-түздөрүбүз какыраган чөлгө айланууда, көчөлөрүбүз бири-бирине тийише курулган көп-кабаттуу үйлөрдүн арасында үңкүйгөн тоннелдерге окшойт. Терезелерибиз моралдык жактан кыйраган үй-бүлөлөрдүн ариет-намысы көзөмөлдөнө турган терезедей. Чындыгында, бул үйлөрдү үй деп айтуу, бул айыл-кыштактарды, шаарларды өлкө деп кабыл алуу бул түшүнүктөргө акаарат болуп эсептелет.
Биздин өлкөдө үйлөрүбүз, көчөлөрүбүз таза жана жагымдуу болчу, биздин адабият, исскуство тууралуу түшүнүгүбүз руханий дүйнөбүздүн бир тарабы эле. Үйлөрүбүз табият кучагындагы эс алуу жайы, айылдарыбыз көз карашыбыздын жана жашоо философиябыздын сахнасы, көчөлөрүбүз мечит, мектеп, медреселер менен башка ааламдарга алып бара турган коридорлор сыяктуу ойго салган, сезим козгогон, бизди биз күбө болуп турган жашоодон дагы таттуу кыялдарга жетелеген нерсе эле. Биз дүйнөнү ушундай көрүп, ушундай тааныдык. Урап жок болгон нерселерди урандылардын изине карап, баамдап билдик...
Бир убактарда, кадимки эне кучагы жана эне бешиги сыяктуу кучагында биз туулуп, өскөн табият энени, ар дайым барктай билип, ар күнү Улуу Жаратуучунун жаратылышта чагылып турган түрдүү сыпаттары менен таанылган сулуулук, кооздуктарга куса болуу эмне экендигин билчү эмеспиз. Каалаган учурда үйлөрүбүздүн терезе-эшиктерин ачып салып, Алла жараткан кооздуктардын уйку бөлмөсүнө чейин кирип келишине шарт түзүп, үйлөрүбүздү өз деңгээлине жараша жаратылыштын жагымдуу бурчуна айландырып, бул кичинекей бейиштерде ырахаттана жашачубуз. Жумуш жасаган, жашаган жерлерибизде отуруп, айланага көз чаптырып, жаратылыш койнунда созолонгон түрдүү кайрыктарга кулак төшөөр элек жана жүрөктөрүбүз бул жагымдуу кайрыктар менен эргип турчу.
Ал учурлар тоос куштардын жана көпөлөктөрдүн канаттарынан дагы кооз болгон бак жана бакчаларыбыздын кооздуктарына назар салып, бейиш бакчаларын элестеткен чөйрөдө ырахаттануу менен өмүр сүрчүбүз.
Үйлөрүбүздөй көчөлөрүбүз, көчөлөрүбүздөй айылдарыбыз, шаарларыбыз ар бир бөлүкчөсү, ар бир жагы менен жүрөктөрүбүздүн бир тарабы, сезимдерибиздин тереңдиги көз караштарыбыздын курулушу сыяктуу эле. Аларда жүрөктөрүбүздүн каалоосу жана өздүк маңызыбыздын баалуулуктарын тапчубуз.Үйлөрүбүз, көчөлөрүбүз, эски-жаңы абалдары менен бизге ар дайым тарыхтан кеңири маалыматтарды баяндап турган жандуулар сыяктуу эле.
Ал үйлөрдө жашаган, ал көчөлөрдө жүргөн сылык-сыпаа, төрөпейил инсандар эле, ал имараттар дагы бейиштеги үйлөргө окшоп турчу.
Бул үйлөрдүн кээ бирлери ар дайым бир мектеп, бир медресе, бир мечит сыяктуу иштеп турчу.
Ал үйлөрдүн кээ бирлери, ал жерлерде болуп өткөн окуялардан калган, күйгөн, чийилген жерлери жана эски замандарга таандык көрүнүштөрү менен түрдүү икаяларды баяндап берип тургандай көрүнчү.
Булардын кээ бирлери, энелерибиздин оронгон кийимдеринин, ал таза жана бейкүнөө көрүнүштөрү көңүлдөрүбүзгө сүр берип, руханий дүйнөбүздө олуттуулук пайда кылчу.
Кээ бирлери болсо, гүлдөй жагымдуулугу менен ичинде жашаган жашоочулардын сулуулугун, сылыктыгын жана назиктигин сыртка чагылдырып тургандай көрүнөт эле.
Айылдар менен шаарларда орток ишеним, орток маданиятты чагылдырып турган имараттарыбызды көргөн сайын, ыйман, үмүт деңгээлибиз байкалып турчу. Бул үй жана имараттардагы кооздук жана чеберчилик табият китеби менен айкалышып, бул үйлөр көпкөк асман менен жер бетинин ортосунда термелип турган бешиктей көрүнчү. Ал үйлөрдүн жанында отуруп, ойго чөмүлүп, айланага көз чаптырганыбызда, кыялдарыбызда көк асманда оболоп учуп жүргөндөй жана өзүбүздү чексиз мейкиндиктин балдарындай сезип, эргип кетчүбүз.
Биздин үйлөрүбүздө, көчөлөрүбүздө отургандар ар дайым, бакчаларыбыз жана токойлорубузда түркүн-түстүү гүлдөрдү көрүп, түрдүү обондо созолонгон жаратылыш кайрыктарын угуп, ал укмуштуудай айкаштыкка жана төп келишкен кооздуктарган суктанып ырахаттын туу чокусуна чыгышчу. Ооба, бул үйлөрдүн бир тараптан көк асманга, бир тараптан жер жүзүнө карай ачылган терезелери менен бул үйлөр биз үчүн кең дүйнөгө көз чаптырып, ырахаттана турган орун жана чексиздикке ачылган эшик болуп берчү. Айыл-кыштактардагы кооздуктар, шаарлардын ирээттүүлүгү, көкүрөгүбүздү жарытып, көңүлүбүздү эргитип турган үйлөрүбүз, бул үйлөрдү аралай созулуп жаткан жолдорубуз жана бул укмуштуудай гармониялуу чөйрөнүн жүрөгү болуп ибадатканаларыбыз, ибадатканалардын бир бурчунда дүйнөнүн эң улуу акыйкатын жар салып турган мунараларыбыз, эне тооктун айланасында жүргөн жөжөлөр сыяктуу мечиттердин жанына курулган медреселери менен биздин өлкөбүз периштелер өлкөсүндөй эле.
Ал учурдун адамдары, эс алуу үчүн шаарлардан айылдарга барып, ал жерде кубаныч, бейпилдик, коопсуздукту издейт; айылдардан шаарларга көздөй агылышып, ал жердин ирээттүү жана өнүккөн турмушу менен таанышып, сезим жана ой-пикирде дагы тереңдөө үчүн, бул нерселерди кайра-кайра кайталап турушчу.
Баардык айыл-кыштактар, шаарлар орток сезим, орток ой-пикир жана орток маданиятты көрсөтүп турган жалпы көрүнүштөрү менен бирге, коомдук түзүлүштөрүндө бир топ чоң айырмачылыктар дагы көзгө урунчу. Ар бир айыл-кыштак, ар бир шаар бир эле маңыздын түрдүү салынганындай көрүнүп тураар эле. Булардын ар биринин өзүнүн орду, өз алдынча түзүлүшү бири-биринен айырмаланып турчу.
Улуу маданияттын куруучулары жашап өткөн бул шаарлар баардык тарабы менен кооздуктун айкаштыгы эле. Ар дайым көңүлүбүздү эргиткен табият көркү түркүн-түстүү гүлдөрдүн кооздугу, куштардын сайраганы, түрдүү курт-кумурска, жан-жаныбарлардын үндөрү жана Алла үчүн бири-бирин жакшы көргөн инсандардын деми ар дайым биздин кыялдарыбызда бейиш бакчаларын элестетип турчу. Бул дүйнөнүн баардык жеринде убакыт башкача сезилчү; сааттар, жылдар сыяктуу берекеттүү эле. Биз көрүп жашаган, кыялдарыбызга бекем орногон эскерүүлөрдү кайра жандандыра алабызбы биле албайм, бирок мен ал “Жоготулган бейишти” багбаны менен кошо сагынам.
- Created on .