Рухубуздун айкелин тургузуу
Мындан мурда дагы, жер жүзүнүн мурасчыларынын өзгөчөлүк сапаттарын белгилеп өткөн элек. Эми ошол өзгөчөлүктөрдү бир аз дагы ачыктап айтып кетүүнүү туура таптык. Мурасчынын биринчи өзгөчөлүгү: толук ыйман. Куран, инсандын жаратылуу максатын Алланы таануу, Алланы сүйүү жана Аллага ыйман деп белгилеген. Адам баласы, ыйман нуру менен өздүк маңызын, жөндөмүн, жаратылыштын жаратылуусундагы максаттарды сезип, жаратылыш жана андагы кубулуштардын акыйкатына, нерсенин жаратылышындагы купуя сырларды түшүнөт. Ыймансыздык жолу туюк. Ыйымансыз адамдын ой-пикири боюнча, аалам хаостун негизинде жаралган, кокустуктар менен өнүккөн жана тездик менен коркунучтуу акыбетке бара жатат.
Дүйнө, кантип жаралып, кандай өмүр сүрүп, кайсыл багытка жүздөнгөндүгүн, милдет жана жоопкерчиликтерин сезе алган ыймандуу адам, баардык нерсени ачык-айкын көрө алат. Ал кадамын коркпостон таштайт. Ыймандуу адам “лаа хаула уа лаа куввата илла биллаахил алиюул азийм” деген башка ааламдардан агып келген күч булагын табат. Бул күч булагын тапкандан кийин, башка күч булагына муктаж болбойт. Ал ар дайым Алланы билет, Алла менен бирге болот жана жашоосун Алланын ыраазычылыгына жараша жашайт. Алланы таануу, Ага болгон ишениминин күчүнө жараша бүткүл дүйнөлүк күчтөргө каршы тура алат жана эч качан үмүтсүздүккө түшпөйт. Бул нерсе эң башта Рисала-и нур куллияты жана көптөгөн китептердин өзөгүн түзгөн маселеси болгондуктан, ошолорго тапшырам.
Мурасчынын экинчи өзгөчөлүгү: кайрадан тирилүүнүн маанилүү себепчиси болуп саналган сүйүү: Жүрөгү Аллага ыйман жана Аны таануу менен камсыздалган инсан, деңгээлине жараша жалпы адамзатка жана жалпы жаратылышка карата терең сүйүү тартуулоо менен өмүр сүрөт. Баардык дооорлордо болгондой эле, учурубузда дагы кайрадан жанданууну жүзөгө ашыруу үчүн, жаңы түшүнүк менен жүрөктөр сүйүү менен толкуп туруусуна муктаждык бар. Себеби, сүйүү болбостон, натыйжасы түбөлүктүү иш-аракет мүмкүн эмес. Айрыкча, ошол аткарылган иш-аракет башка аалап жана акырет менен байланыштуу иш болсо, ал иш сүйүүсүз, түбөлүктүү натыйжа бербейт. Алланын ыраазычылыгын, жаратылуубуздун негизги максаты деп кабыл алып, ар дайым ага жетүүгө аракет кылуу менен сунула турга сүйүү, чексиз күч булагы болуп саналат. Жер жүзүнүн мурасчылары бул булакты кайдыгер калтырбоолору зарыл. Батыш өлкөлөрү сүйүүну материалисттик философиянын негизинде тааныды жана ар дайым күмөн саноо, шектенүүлөр менен жашады. Биз жаратылышты, аны Алла жараткандыгы үчүн сүйөбүз жана биздин жаратылышка карата болгон сүйүүбүз Куран жана сүннөт принциптерине ылайык болот. Себеби, адамзаттын жаралышы, жаратылыштагы орду, жаратылуусунунун максаты, баскан жолу жана ал жолдун аягы, бул эки булакта инсандык ой жүгүртүүсү, сезими менен болгон айкаштыгын карап туруп, таңданбай коюуга болбойт. Аларга таза сезим мене чын дилден каалап, кайрылгандар бош кайтпайт, аларга коргологондор, түбөлүк өлбөстүккө жетет. Эң негизгиси, Куран жана сүннөткө ыктагандар, Имам Газалий, Имам Раббаний, Шах Валий, Бадиуззаман, Маулана, Шейх Гаалиб, Мехмет Аакиф, Халид, Укба, Салахуддин, Фаатих, Йауз сыяктуу терең ыйман менен жакындасын. Ооба, алардын толуп, ташкындаган, баардык доорду жана жерлерди кучагына алган сүйүүсүн, доорубуздун усул, принциптери менен айкалыштырып, Курандын убакытка көз каранды болбогон жана эскирбеген рухуна жетүү биздин экинчи кадамыбыз болуп саналат.
Жер жүзүнүн мурасчысынын үчүнчү өзгөчөлүгү: акыл, ой-пикир жана сезим үчилтиги менен илимге бет алуу. Адамзат бир топ изилденбеген теориялардын артынан убараланган доордо, инсандардын каалоолоруна жооп бере ала турган бул багыт алуу, жалпы адамзаттын бактылуулукка жетүүсүндө маанилүү кадам болуп саналат. Ооба, Бадиуззаман дагы баса белгилегендей, адамзат акыр заманда толугу менен илимге жана исскусствого бет алат жана баардык күчүн илимден табат. Өкүмдарлык жана күч, дагы бир жолу илим-билимдин колуна өтөт. Кайрадан илим жана баян доору башталат. Албетте, чөйрөбүздү курчап турган күмөн, бүдөмүк ойлордун тумандуу атмосферасынан чыгуунун башка жолу жок. Ооба, акыркы бир канча кылымдык боштукту толтуруубуз, Алланы таанып-билүүбүз дагы бир жолу өз күчүбүздү тастыктообуз, илимдин, исламдык көз караштын сынынан өтүү менен жашоодо иш жүзүнө ашырылып, инсандарга жеткирилишине көз каранды. Жакынкы тарыхыбызда максаты, багыты белгиленбегендиги, кээде илим-билим философияга аралашып, илимий көз-карашта олуттуу мүшкүлдөр пайда болду жана илимпоз адамдардын абройлору түштү. Өлкөбүздөгү бул боштук башка өлкөлөргө оңтойлуу шарт түздү, олкөбүздүн баардык булуң-бурчтарында окуу жайлардын ачып, бул окуу борборлорунун ортомчулугу менен жаңы муундарыбызга жат, бөтөн түшүнүк, маданияттарды үйрөттү. Биздин өлкөбүздүн бир топ адамдары эң жөндөмдүү балдарын ашыгуу менен бул мектеп, окуу жайларга тапшырышты жана бөтөн түшүнүк, маданияттардын биздин өлкөбүздө өнүгүшүн тездетти. Белгилүү бир топ убакыт өткөндөн кийин, бул алданган муундарда дин, ыйман жоюлду жана жалпы элибиз көз караш жана маданиятта, санат жана жашоодо менменсинүү пастыгына дуушар болдук. Албетте, эч коркуп, ойлонбостон жаштарыбызды тапшырган ал окуу жайларда, Америка маданияты, франсуз этикасы, Англиянын адат-салттары ар дайым илимдин жана илимий ой-пикирдин алдында болду. Ошондуктан жаштарыбыз учурдун илим-билим жана технологиясын үйрөнбөстөн, түрдүү марксисттик, лениндик, маоцисттик топторго бөлүнүп калышты. Коммунисттик, пролетардык агымдарга кошулуп кетишти. Бул каргашалуу доордо бир топ инсандар динди, динчилдикти каралашып, батыштын бузуку оюндарын алкыштап жатышты. Албетте, биз ал доорду жана ал доордо оңой алдангандарды унутпайбыз. Өлкөбүзгө жана инсандарыбызга каршы бул зыяндуу шарттарды түзгөн адамдар түбөлүк тарых күнөөкөрлөрү катары эскерилип турат.
Эми биз көңүл кирдеткен жана жүрөк ооруткан ал учурду жана ал доордун адамдарын өздөрүнүн жаман абалдарына таштап, келечегибизди куруучу азаматтар тууралуу баяндайбыз.
Ооба, жаштарыбызга бере турган илимий түшүнүктөрдүн арты менен батыш өлкөлөрүнөн канчалаган кылымдар мурда жүзөгө ашырганыбыздай, алардын илим, пикир менен жуурулушуп, сөзсүз түрдө өз жаңылануубузду иш жүзүнө ашырышыбыз керек.
Мурасчынын төртүнчү өзгөчөлүгү: анын жаратылыш, инсан түшүнүктөрүн дагы бир жолу көздөн өткөрүп, туура, жаңылышын анализдөөсү. Бул туурасында төмөнкүлөрдү айтсак болот:
1- Жаратылыш, тез-тез назар салынып туруу үчүн, Алла тарабынан инсандардын алдына коюлган китеп; инсан, жаратылыштын ички сырларын көзөмөлдөөчү жана бүтүндөй ааламдын мазмуну; жашоо бул китеп жана мазмундан сүзүлүп Алланын баяны менен баяндалган маанилер. Эгер жаратылыш, инсан жана жашоо башка-башка өз алдынча бирок, бир нерсенин түрдүү тараптары жана буларды бири-биринен ажыратуу жашоонун ыргагын бузгандай эле, адам баласына урмат-сыйсыз мамиле жасагандык болуп саналат.
Ооба, Улуу Жаратуучунун Калам сыпатынан келген баянды окуп, түшүнүп, ага баш ийүү милдет болгондой эле, Илим сыпаты менен пландап, Кудурети жана Каалоосу менен жараткан нерселердин таанылып-билиниши шарт. Ооба, Анын калам сыпатынан келген Курани Карим, жалпы жаратылыштын руху, дүйнө жана акырет бактылуулугунун жалгыз булагы, жаратылыш китеби бул чындыктын тулку бою, түрдүү илим тармактарын камтып тургандыгы менен дүйнө жана акырет жашоосунун маанилүү динамиги. Ушул себептен бул эки китептин жакшы окулуп, талдануусу жана жашоо ушул эки китептин негизинде жашалса, сооп болуп, аларга кайдыгер мамиле жасалып жана туура эмес жоромолдонсо жазага тартылуу болушу ыктымал.
2- Чыныгы инсандык сапат, сезим, көз-караш жана маңыздан издөө керек болгондой эле, анын Алланын назарында жана элдин назарындагы баасы дагы ушул нерселерде изделиши керек. Улуу инсандык сапаттар, сезим, ой жүгүртүү тереңдиги жана ички маңыздын тууралыгы баардык жерде кабыл алынат. Ыйманын каапырга тиешелүү сапаттар менен булгаган, жүрүм-туруму менен чөйрөсүнө ар дайым тынчсыздануу жана шектенүү жараткан инсан, эч убакта Алланын жардамына жана колдоосуна ээ болбогондой эле, элдин ага болгон ишенимин дагы сактап калуусу мүмкүн эмес. Себеби, Улуу Жаратуучу дагы, эл дагы инсандарды, инсандык сапаттар, жакшы адеп-ахлактары менен баалайт. Ушул себептен инсандык улуу сапаттарга ээ эмес, адеп-ахлагы жакшы болбогон инсандар, эң жакшы момун-мусулман көрүнүшүндө болушса дагы чоң ийгиликтерге жетүүлөрү жана ал ийгиликтерин сактап калуулары мүмкүн эмес. Ал эми жакшы бир момун-мусулман көрүнүшүндө болбосо дагы, туура адеп-ахлак жана улуу инсандык сапаттарга ээ болгон адамдар ийгиликтерге жетет.
3- Туура жана акыйкат болгон максатка жетүүнүн жолу дагы туура болушу шарт. Ооба, ислам жолунда болгондор үчүн баардык иштерде максат кылынган нерсе акыйкат, ал акыйкатка жеткире турган жолдордун туура болушу шарт. Алла ыраазычылыгына ыкыластуулук болбой туруп, жетүүгө болбогондой эле, ислам динине кызмат жана мусулмандарды негизги максаттарына багыттоо дагы эч бир убакта жаңылыш жолдор менен жүзөгө ашпайт. Кээде мунун тескериси мүмкүн кабыл алынса дагы, бул жолдор менен Алланын назарынан жана инсандардын сүйүүсүнөн ажыраган адамдар, узак убакытка чейин ийгиликке жете алышпайт.
Мурасчынын бешинчи өзгөчөлүгү: анын эркин ой жүгүртө алуусу, көз-караш жана ой-жүгүртүү эркиндигине сый мамиледе болуусу деп айтса болот. Эркин болуу, эркиндикти сезе билүү инсан каалоосунун жана эркинин маанилүү жагы жана ички сырларына карай ачылган сыйкырдуу эшиги. Ал эшиктен ичкери кире албаганды инсан деп айтуу кыйын. Биз узак жылдар бою ичтен жана сырттан коркунучтуу, сезим жана ой-жүгүртүүлөрүбүзгө түрдүү-түрдүү кысымдарды жасаган туткундоодон кутула албай келүүдөбүз. Окуу, ой жүгүртүү, сезүү жана жашоо чектелинген мындай чөйрөдө жаңылануу жана өнүгүү мындай турсун, инсандын инсандык өзгөчөлүгү менен калуусу мүмкүн эмес.
Ооба, мындай бир чөйрөдө, жаңылануу сезими менен жүрөгү толкуп турган, түбөлүктүү жашоону каалаган инсандарды өстүрүп, тарбиялоо мындай турсун, катардагы, жан дүйнөсү таза инсандардын деңгээлин сактап калуу кыйын болсо керек. Ушундай чөйрөдо болсо дагы моралдык жактан бузулган инсандар бар. Жакынкы тарыхыбызда, үй-бүлөдөн, көчөдөн, окуу жайлардан жана маданий борборлордон биздин зээнибизге кирген жаңылыш пикирлер, туура эмес өлчөмдөр, материализмден руханиятка чейинки баардык нерселерибизди башаламандыкка салды. Ушул доордо ой жүгүртөлү деп, жаңылыш ойлорго кабылабыз, баардык нерсени өзүмчүлдүк менен пландап, ишеним жана түшүнүктөрүбүздүн жанында башка ишеним жана түшүнүктөр боло тургандыгын ойлобостон, мүмкүнчүлүк боло калганда күч колдонуп, акыйкаттын, эрктин жана эркин ой жүгүртүүнүн дагы оозун жаап, башкалардын мойнуна минип алчубуз. Өкүнүчтүүсү азыр дагы абал өзгөрдү деп айта албайбыз. Негизинде коом катары жаңыланууга карай бара жатканда, бир тараптан миң жылдык тарыхый таянычтарыбызды сыноодон өткөрүп, экинчи тараптан жүз элүү жылдык түрдүү “өзгөрүү” жана “төңкөрүштөрдү” талкуулап, сынга алуубуз шарт. Себеби, учурубузда өкүмдөр жана чечимдер кээ бир негизсиз нерселерге карата чыгарылууда. Мындай белгилүү бир көз караштардын негизинде чыгарылган чечимдер болсо жемишсиз жана күтүлгөн жаркын келечекти жарата албайт. Учурдагы көз караш боюнча даярдалса, элдердин ортосундагы кагылышуулар, партиялардын ортосунда чыр-чатактар, атаандаштардын ортосундагы тирешүүлөр, улуттар аралык согуштар келип чыгат. Бүгүнкү күнү бир тайпанын башка бир тайпа менен кагылышуусу жана эч жоюуга болбогон жер жүзүндөгү жырткычтыктар дагы ушул себептен пайда болууда. Адамдар ушунчалык өзүмчүл, ушунчалык ырайымсыз болбогондо, дүйнө жүзү азыркы абалынан дагы башкачараак болмок.
Демек, бүгүнкү күндө башка дүйнө менен болгон мамилелерибизде, эркин ой жүгүртүүбүз зарыл ооба, бүгүн ой эркиндигине сый мамиле жасаган, илимге жана илимий өнүгүүлөргө карата эшиги ачык болгон Куран жана жаратылыш ортосундагы айкалыштыкты сезе алган инсандарга муктаждык бар. Муну дагы азыркы учурда кыраакы инсандар гана жасай алат. Мурунку учурларда бул улуу иштер жеке инсандар тарабынан жүргүзүлчү. Бирок, баардык иштер татаалдашып, жекеден жеке тандалган инсандар дагы аткара албай турган абалга келип калган бул күндөрдө, өтө акылман чыгаандыктын ордун жамаат демилгеси ээлеп калган, бул жер жүзүнүн мурасчыларынын алтынчы кадамынын корутундусу болуп саналат.
Жакынкы тарыхыбызда, мындай бир түшүнүктүн мусулмандар жамаатына таандык болбой жаткандыгы бир чындык. Медресе илимге жана ой-жүгүртүүгө жабык, жаңы нерселерди куруу күчүнөн куру жашады, мечит-зикиркааналар акыйкатка умтулуу ышкынын ордуна икаялар менен жетинди, күч-кубат ээлери дагы өздөрүн унутулуп калгандай сезишип, өздөрүн көрсөтүүгө аракет кыла башташты. Ушундайча баардык нерсе башаламан болуп, коом дарагы кулай тургандай тамырынан суурула баштады.
- Created on .