Үйлөнүүнүн шарттары

Дин, үй-бүлө куруу маселесине өтө чоң маани берет. Буга жанаша Ислам фыкых аалымдары дагы никени маанилүү маселе катары карап, бул темага байланыштуу көптөгөн томдуу китептерди жазган жана бул маселеге өтө кылдат мамиле кылышкан. Үй-бүлө куруу жана нике маселесин парз, важип, сүннөт, арам, макрух категорияларында талдоого алып, адамдардын жеке өзгөчө абалдарына дагы көңүл бурган. Мунун мааниси: Баары эле оюна келгендей үйлөнө албайт, белгилүү бир деңгээлдеги жана белгилүү мүмкүнчүлүккө ээ болгон адам үйлөнүүсү зарыл, кээ бир адамдардын үйлөнүүсү важип болсо, башка кээ бир адамдардын үйлөнүүсү макрух (жактырылбаган).

Ошол себептен, буларды эске албастан, дене кумары үчүн гана үй-бүлө курган адам, келечекте коомго пайдалуу үй-бүлө же перзент алып келээри дагы күмөн.

Ислам укукчуларынан Ханафийлер жана Маликийлер бул маселеде бири-бирине жакын, алардын ортосундагы айырмаланган көз караштар болсо, маселенин бутактарына тиешелүү. Бул улуу Ислам укукчуларынын аныктоолору боюнча карай турган болсок, нике менен байланыштуу, төмөнкүдөй бөлүмдөр пайда болот.

а) парз болгон түрү

Зынаага баруу жана арам иш кылуу коркунучу алдындагы адам, калың төлөөгө жана үй-бүлөсүн бага ала тургандай мүмкүнчүлүгү бар болсо, кээ бир аалымдардын көз карашы боюнча, орозо дагы кармай албаса ал адамдын үйлөнүшү парз болот.

Б.а. арам иштен сактануу үчүн үйлөнүү негизги нерсе жана арам иш менен бетме-бет келген адамдын жалгыз чарасы – үйлөнүү. Табиятка терс жолдор менен үйлөнүүдөн качуу, табият менен согушуу болуп саналат жана мындай согушту каалаган адам сөзсүз түрдө жеңилүүгө учурайт.

б) важип болгон түрү

Эгер үйлөнсө калың төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ, арам ишке баруу ыктымалы жок, бирок, арам ишке кирип кетемби деп корккон адамдын үйлөнүүсү важип болот. Бул кеңеш дагы кээ бир фыкых аалымдарына таандык жана жалпы аалымдардын көз карашы жана изденүү чечими эмес.

в) сүннөт болгон түрү

Эч кандай күнөөгө кирүү коркунучу болбогон, үйлөнүүгө каалоосу бар адамдын үйлөнүүсү сүннөт.

г) арам болгон түрү

Үйлөнүү менен арам ишке кире турган; үй-бүлөсүн багуу үчүн шариятка туура келбеген акча табуу жолдорун колдоно турган, пара алуу, сүткорлук... сыяктуу арам иштерди кыла турган болсо, ал адамдын үйлөнүүсү арам жана эң эле аз дегенде макрух болуп саналат. Аялына зулумдук кыла тургандай өзүн жөнгө сала албаган адам тууралуу дагы ушул эле өкүмдү айткандар бар.

д) макрух болгон түрү

Кээ бирлеринин ою боюнча арам ишке баш багуу, зулумдук кылуусу кескин түрдө эмес, жөн гана зулумдук кылуусу ыктымал болгондор үчүн үй-бүлө куруу макрух.

е) мубах болгон түрү

Адалдан акча тапкан, зынаакорлукка түшүү ыктымалы болбогон, калың төлөй турган мүмкүнчүлүккө ээ жана үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыздай алган дурус мүнөздүү адамдын үй-бүлө куруусу жакшы. Мындай адам кааласа үйлөнөт, кааласа үйлөнбөйт.

Имам Шаафиъи (РА) айтат: Негизинде, нике уруксат берилген нерсе. Бирок, арамдан алыс болуу парз. Негизинде бул жерде Шаафиъи мазхабынын көз карашы дагы Ханафилердин көз карашына жакын. Имам Ахмад бин Ханбал, күнүмдүк жашоосун камсыздай алса да, албаса да, калың бере алса же бере албаса да; зынаакорлукка түшүү коркунучу болгон баардык адамдын үйлөнүшү парз деген көз карашта. Негизинде бул көз караштарды изилдеп карасаң, алардын бири-бирине өтө алыс эмес экендигин көрүүгө болот.

Ушул талдоолор менен үй-бүлө курууда дин кандай максаттарды белгилегендигин, үйлөнүүнүн жөнөкөй, сезимге берилүү менен чечиле берген маселе эмес экендигин көрсөтүүгө аракет кылдык. Эгерде бул маанилүү мамиледе ой жүгүртүү, акыл калчоодо кемчиликтерге жол бербей турган бекем, туура негиздерге курулбаса, соттошуу, жесир аялдар, жетим балдар көбөйө берет. Дин, бүтүндөй бул нерселердин жолуна тээ башынан эле бөгөт коюу менен, жыйынтыгы жаман болгон ушундай үй-бүлө курууларды арам, макрух сыяктуу категориялар менен жөнгө салып, сезим басымдуулук кылган маселеде акыл жана ой жүгүртүү жолун биринчи орунга чыгарат.

Биз бул жерде баса белгилеп, көрсөткүбүз келген нерсе - үйлөнүүнүн өтө олуттуу маселе экендигин, анын ортомчулугу менен коомдун эң маанилүү элементи болгон үй-бүлөнүн курула тургандыгы. Ушул себептен үйлөнүү тууралуу ой жүгүрткөндө ага дене кумарына байланышкан адаттагы бир мамиле катары эмес, бүтүндөй бир коомдун бактылуулугу менен байланышкан диний, дүйнөлүк маселе катары кароо керек. Бул маселеде адамдын дене кумары жана напси менен байланышкан жагына карасак, бул нерсе улуу максаттын ишке ашуусу үчүн Алла Таала тарабынан адам баласына берилген үлүш. Эгер айтканга туура болсо, бул нерсе аванс катары кабыл алынып, адамзат тукумунун уланышы, улуттук келечегибиздин туусун желбирете турган улуу инсандардын чыгышы сыяктуу маанилүү кызматтын алдын ала берилген насиби катары кароо керек.

Чындыгында Ислам дини, бул маселеге өтө чоң маани берет деп айтууга болот. Үй-бүлө курууда баардык нерсе, өтө терең ойлонулуп, “жети эмес, жетимиш жолу өлчөнүлүп”, үй-бүлө бузулушунан сактануу үчүн эч кандай жаңылыштыкка жол бербей тургандай көрүнүштө кылдат мамиле кылынышы шарт.

ж) Далилдер

а. Хасан бир хадисте Пайгамбарыбыз (САВ): “Үйлөнгүлө, көбөйгүлө; мен кыямат күнү силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын”.

б. Башка бир хадисте: “Көп бала төрөй ала турган аялдарга үйлөнгүлө”. деп айтылат.

в. Бул темага байланышкан бир аятта: “Араңардагы бойдокторду (эркин аялдар менен мүмкүн болбосо дагы) күңдөрүңөрдөн ылайыктуусуна үйлөндүргүлө. Эгер алар кедей болсо, Алла аларга байлык насип кылат. Алла жоомарт жана (баардык нерсени) билүүчү”.

Үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон, б.а. үй-бүлө багууга жана калың берүүгө кудурети жетпеген, Алла Таала ага байлык насип кылганга чейин сабыр кылып, моралдык аруулугун сактап, арамдан алыс болуусу шарт.

Бул акыркы далил жана анын ачыктоолору, сыртынан караганда, башка далилдер менен карама-каршы келип тургандай көрүнсө дагы негизинде бир эле акыйкатка далалат кылып жаткандыгында күмөн жок.

“Үйлөнгүлө, көбөйгүлө; мен кыямат күнү силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын” деген хадиске карасак, демек, Алла Элчиси (САВ) сыймыктана турган үй-бүлөнү максат кылбастан үйлөнүү жана көбөйүүнүн эч кандай мааниси жок. Ооба, жанкечтиликке жана моралдык бузуктукка баткан, намаздан алыс, жүрөгү карарган, канкор тукум менен Алла Элчиси (САВ) сыймыктанбай тургандыгы айдан ачык. Ал сөзүндө айткысы келген үй-бүлө жана перзент, Алла Таала жактырган, Алланын ыраазычылыгына жетүүгө аракет кылган, динди жакшы кармаган адамдар болуп саналат. Курани Карим нурдуу баяндары менен бул ойду бекемдеп турат: “Мал-байлык жана уулдарыңар дүйнө жашоосунун көркү, түбөлүктүү жакшы иштер болсо, Алланын алдында сооп жагынан дагы кайырдуу, үмүт кылууга дагы ылайыктуураак”. Ооба, кылган иштериңер акырет үчүн болсо, Улуу Жаратуучуңар силерден ыраазы боло турган жолго түшкөн болуп эсептелесиңер.

Бул талдоодон белгилүү болгондой, демек, үйлөнүүдө негизги максат, Алланы жана Анын элчисин ыраазы кыла турган муундун тарбияланышы. Ал үчүн динди жакшы кармаган, элин сүйгөн, үй-бүлөсүнө жакшы караган, балдарынын тарбиясына кылдат мамиле кылган адамдар, түрдүү туура эмес ой-пикирлерге карабастан, усулуна ылайык көрүнүштө перзенттүү болуу маселесинде эч кандай эки анжы ойго түшпөө керек. Себеби, мындай муундун көбөйүшү Мухаммеддин (САВ) үммөтүн кубандырат.

Ушул жерге чейин сунушталган ой-пикирлерге байланыштуу Алла Элчисинин (САВ) жаштарга берген кеңеши өтө маанилүү: “Эй, жаштар! Силердин араңардан үйлөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор үйлөнсүн. Үйлөнө албагандар болсо, орозо кармасын. Себеби бул, арам ишке каршы калкан болот”.

Орозо, жалпы мааниде сактануу болуп эсептелет. Кара курсак менен бирге инсандын быкшыган сезимдерин дагы ооздуктап, Алла Таала буйруган багытта колдонууну жеңилдетет.

Экинчиден, үй-бүлө куруу өтө олуттуу маселе жана адам баласы ойлонуп отурбастан дароо чечим чыгарууга батына ала турган оңой-олтоң иш эмес. Акылга салбастан шашкалактык менен курулган үй-бүлөдө бактысыздыктар көп кездешет. Тынчы жок үй-бүлөдө чоңойгон балдар, талапка ылайык тарбия ала албай тургандыгы, ата-энелүү, бирок жетим сыяктуу өсүп, кээде ата-энеге, ал гана эмес коомго душман, мээримсиз жана ырайымсыз болуп чоңоё тургандыгы анык.

Көпчүлүк батыш өлкөлөрүндө абал ушундай.

Ооба ал жерлерде үй-бүлө куруу маселеси олуттуу маселе катары каралбай жана талап кылынган шарттар аткарылбоодо. Бул өтө олуттуу жана маанилүү маселе, адамдардын кээ бир муктаждыктарын канааттандыра турган, жеп-ичүү сыяктуу нерсе катар эле кабыл алынып, анын максаты чектелип, толугу менен маанисиз абалга келүүдө. Бүгүнкү Европа, кечээ күнкү Рим империясы турган туңгуюктун кырында турат жана акырындык менен өлүмгө жакындоодо. Себеби, үй-бүлө системасы бузулуп, адамдары тексиздешип калган эч бир коом жашап кете алган эмес.

Чиркөө бул көйгөй тууралуу кандай ойлойт, социологдор кандай пикирде, тарбиячылар эмне чара көрүүдө буларды биле албайм. Менин билген нерсем - бул сезимсиз, акыл, ой-жүгүртүүдөн алыс коомдор узакка жашап кете албастыгы.

Маркум Саид Кутуб, бул маселеге байланыштуу байкоосу тууралуу төмөнкүлөрдү айтат: “Мен Америкада алардын диний жашоосун изилдөө учурунда кызыктуу нерселерди кездештирдим. Бир жолу, аял-эркек аралаш чиркөөгө киришти, ибадат кылышты. Поп дуба кылгандан кийин аларды бийлеп, көңүл ача турган башка бир бөлмөгө өткөрүп, жарыкты өчүрдү. Алар көңүл ачып жатканда поп дагы катуу ырахатка батып жатты. Ооба, поп аларды чиркөөгө алып келдим деп кубанып жаткан эле”.

Ал эми чиркөөгө баруу негизги максат болбогондой эле, мечитке баруу, ал гана эмес Каабаны тооп кылуу дагы негизги максат эмес. Негизги максат Алла Тааланын ыраазычылыгын көздөө жана Анын жолунда болуу.

Бир доктур досум кесибине байланыштуу Америкага барган эле. Ал келгенде көргөндөрүн айтып берди:

“Америкада баардык чоң шаарлардын борборлорунда, жык-жыйма элге толгон көчөлөрүндөгү чиркөөлөргө баргандардын көпчүлүгү бүкчүйгөн кары-картаң, отурган жеринде үргүлөгөн адамдар эле. Американын жаштары толугу менен бузулганбы деген ойго кеттим.

Андан кийин Нью-Йорктун сыртындагы бир чиркөөгө бардым. Чиркөө бир дөбөнүн үстүндө экен. Ал жерге барганымда, жаштардын агылып келгендигин көрдүм. Аял-эркек баары келип жатты. Чиркөөдө поп аларга насааттарын айтып отурду. Баары өз каалагандарын жасап, алардын арасында баңгизат сайынып жаткандар да бар эле. Поп алардын чиркөөдө болгону пайда деп, жасаган иштерине көз жуумп коюп жатты”.

Ушундай көрүнүштө чиркөөгө баруунун кандай пайдасы бар, билбейм? Ооба эгер чиркөөгө баруу, ал адамга руханият тартуулай албаса, анын инсандык сезимдерин козгобосо жана аны адамча жашоого тарта албаса, ал жерге баруунун эч кандай кажети жок.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.