Кудай Таала көптөгөн адамдарга машина, үй, мал-мүлк, атак-даңк берген. Кээ бир пенделерге жардылык, дарт, кайгы-капа берген. Ал адамдар жаманбы, же Кудай байлык берген адамдарын абдан жакшы көрөбү?

Маалымат алуу максатында болбосо, мындай суроо берүүнүн өзү күнөө.

Алла Таала каалаганына машина, үй, мал-мүлк берип, каалаганын жарды кылып коёт. Бирок байлык табууда кээ бир себептерди жокко чыгарбаш керек. Мисалы, адам баласынын байлык табуу жөндөмүн жокко чыгарганга болбогондой эле, өз дооруна жараша акча табуунун жолдорун да жокко чыгарууга болбойт. Муну менен бирге, кээ бирлери бардык керектүү шарттарды аткарса да, Кудай аларга байлык бербей коюуда. Бир хадисте Кудай мал-мүлктү Өзү каалаганына, ал эми илимди талап кылганга берет деп айтылат.

Мал-мүлктү дайыма эле кайырдуу деп эсептебеш керек. Ырас, кээде Кудай мал-мүлк, дүйнөлүк бакты-таалайды каалагандарга берет, кээде бербейт. Бирок Кудайдын мал-мүлктү бериши да, бербеши да кайырдуу. Анткени эгер сен жакшы пенде болуп, берилгендерди Кудай каалаган жолдо сарптай турган болсоң, анда ал сен үчүн кайырдуу, жакшы. Жакшы жолдо жүрбөсөң, анда Кудайдын бериши да, бербеши да сен үчүн кайырдуу эмес.

Эгер Кудай жолунда болбосоң, кедейлик сени каапырдыкка түртөт. Анткени сенин Кудайга карата нааразылык туудурушу мүмкүн. Кудай жолунда жүрбөсөң, анда байлыгың дагы өз башыңа балээ болот.

Көптөгөн пенделер ушул сынактан өтө албай калышкан. Байлыгына манчыркап, байлыгынын көптүгүнөн туура жолдон адашып, жүрөгүнүн нуру өчкөн адамдар дагы аз эмес.

Ошондуктан аларга Кудай Тааланын мал-мүлк бериши – бул, истидраж (динсиздердин күнөөлөрүн арттыруу үчүн Алла Тааланын мол байлык жана мүмкүнчүлүк бериши) болуп саналат жана анын негизинде ошол адамдардын жолдон чыгуусуна себеп болот. Себеби алар диндин буйруктарына көңүл бурбастан, өз руханий сезимдерин өлтүргөндүктөрү үчүн, ушуга татыктуу болушкан.

Бул жерде Пайгамбарыбыздын (САВ) төмөнкү хадисин айта кетүү туура болот: «Араңарда, колдорун көтөрүп, Аллага ант беришкенде, Алла алардын анттарын орундата турган инсандар бар. Алар анттарын бузушпайт. Бараа ибни Малик алардын бири». Ал эми Анастын бир тууганы Бараанын жей турган тамагы, жата турган төшөгү жок болчу, өлбөгүдөй оокаты менен жашачу. Мына ушул Бараа сыяктуу үстү-башы жупуну адамдар бар. Алар жүрөгүнүн кеңдигине, жан дүйнөсүнүн байлыгына карап бааланган. Алла Элчиси (САВ) ушундай адамдар Алланын атын оозуна алышып, ант беришсе, тилектери сөзсүз түрдө орундала тургандыгын айткан.

Ошондуктан байлыкты дагы, жардылыкты дагы жаман же кайырдуу деп айтууга болбойт. Балким, кээде жардылык – бул, Кудайдын эң чоң жакшылыгы болот. Алланын Акыркы Пайгамбары (САВ) өз ыктыяры менен жардылыкты тандап алган. «Дүйнө алардыкы, акырет биздики болушун каалабайсыңбы», - деген. Исламдын экинчи халифасы Азирети Умар, дүйнөнүн байлыктары ислам мамлекетин көздөй «акканда», жөнөкөй бир жарды киши сыяктуу өп-чап жашаган, ашыкчасын талап кылган эмес.

Бирок жардылыктын бир түрү бар, Кудай сактасын, бул каапырдык жана туура жолдон чыгуучулук. Мисалы, ушул берилген суроо бир момундун оозунан эмес, наадандын оозунан чыкканда, Кудай берген ырыскы-ниматка шүгүрсүздүк кылган ошол киши каапырга айланмак.

Демек, кээде кедейлик жакшы нерсе, кээде жаман нерсе. Эң негизгиси – жүрөктүн тазалыгы.

Эй, Рабби! Сенден келген баардык нерсени кабыл алам. «Жакшы мага сенден келген, же кымкап тон, же кепин, же кооз гүл, же тикен. Мээримиң да жакшы, каарың да».

Пенде эң жакшы кийимдерди кийип, мал-байлыктын деңизинде сүзүп жүрсө дагы, Аллага жакын болсо, Абдулкадир Гайлани сыяктуу олуялардын эң алдында, Пайгамбарыбыздын артында жүрө алат. Бирок, эгерде Алла менен байланышы жок болсо, ал кедей бул дүйнөсүн жоготкондой эле, акыретинен дагы кол жууйт. Ошондой эле, Алладан алыс болгон бай бул дүйнөдө бактылуу сыяктуу көрүнсө дагы, акыр аягында жоготууга учурайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.