Аң-сезим

Аң-сезим – адам баласынын сезиминде орун алган жагдайларды сырткы жана ички туюмдары менен аңдап билиши. Андыктан, бир же бир нече абалды бир учурда сезе алган адам сезимтал деп аталат.

* * *

Акыл мээнин, дил жандын сезиши. Биринчисин билүү десек, экинчисин сезүү деп айткан туура болот. Мына ушул себептен акылы тайкы, сокур дил адамдар ааламда болуп жаткандарга кайдыгер болушат.

* * *

Аң-сезим – жандын туюу механизми, б.а., дил. Ушундан улам көр сезим адам сокур дил, сокур дил адам көр сезим деген тыянак чыгарсак болот.

* * *

Тагыраак айтканда, сезим – жакшылык-жамандыкты көкүрөк менен туюу. Мына ушул жол аркылуу көптөгөн адамдык сапаттар байкалышы мүмкүн. Мисалы, душман колго түшкөндө өлтүрүү керекпи, же кечиребизби? Намысыбызды булгаганда алардын да намысын булгоо керекпи, же адамча мамиле кылабызбы?”. Биз булардын кайсынысын тандоо керектигин мына ушул туюм менен сезебиз.

* * *

Аң-сезим даанышмандык менен тарбияланып өсөт. Ал эми материалисттик философия аны өчүрөт жана мокотот. Мына ошондуктан, маселенин баарын эле акылга таягандар сезимдин жарык дүйнөсүн эч качан биле алышпайт.

* * *

Чыныгы сезим толук сезимталдыкты талап кылат. Ал эми толук сезимталдык чыныгы сезимден туулат.

* * *

Сезими жана дили бузуктардын жеңиштеринин баары айбандык маскаралык, напсинин ээ-жаа бербей чектен чыгышы, жан дүйнөнүн кыйрашы, дилдин шал болушу менен аяктайт.

* * *

Дин, мамлекет жана эл дуушар болгон кырсык-балээлердин кайгысын дилинде туйгандар – сезими ойгонгон улуу адамдар. Алар бул ыйык баалуулуктар үчүн жанын да берүүгө даяр. Сокур сезим адамдар улуу максаттар тууралуу ооз көптүрө сүйлөшкөнү менен бирин да жасай алышпайт.

* * *

Өздөрү зыян тартышса да, башкаларды ойлоо, башкалар үчүн жашоо, башкалардын кайгы-кубанычын бөлүшүү сыяктуу улуу сапаттардын болушу адамдагы руханий сезимдин күчтүүлүгүн билдирет. Мындай адамдардагы жакшы сапаттар башкалар жазган ырлардын маанисин күчөтүү максатында сырттан кошула калган кайрыктарга окшойт. Мындай сезимден куру калган адамдарда бул сапаттардын бири да болбойт.

* * *

Элдин өсүп-өнүгүшү бардык адамдардын максатташ болушуна жана сезимталдыгына көз каранды. Сезими терең асыл жандар ой-тилектери үчүн колдогу бардык баалуулуктарын садага чабууга даяр. Алар чарасыз калганда күйүп-жанып, сыздаткан айыкпас ооруга чалдыгышат.

* * *

Сезимдин эң жогорку даражасы диний жана элдик баалуулуктарга кол салынганда пайда болгон абал. Андай учурда сезимтал адамдар безгек тийгендей жаны жай албай калат. Ал хамият (күйүп-жануу) деп аталат.

* * *

Хамият баалуулуктарга акарат кылынган учурларда жан дүйнөгө алай-дүлөй салган чыныгы адам менен адам сымал макулуктарды бири-биринен ажыраткан эң көрүнүктүү сапат болуп саналат. Бардык бийиктикти багындырган Улуу инсандан (саллаллаху алейхи ва саллам) тартып, бүгүнкү күнгө чейинки мекенчилдер көкүрөгүн өрттөгөн дартка чыдабай, элди азаптан куткаруунун жолун издөө максатында кээде тоо башын, кээде үңкүрлөрдү, кээде көрүстөндөрдү байырлап, ыйлап-сыздашкан. Тарыхта керемет доорлорду кургандар мына ушул азаматтар деп ойлойм.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.