Даанышмандык учкундары

Аалымдар тобунун пикирине каршы чыгуу жаңылыштык. Бирок алар чыныгы аалымдар тобу болушу керек. Андай болбосо, алардын оюна макул болуу жаңылыштык. Инженерлердин бир оорулуу тууралуу ойлоруна каршы чыгуу жаңылыштык болбогондой эле, курулуш иштери тууралуу доктурлардын айткандарын кабыл албоо катачылык эмес.

* * *

Алсыздык - бир гана күч-кубатсыздык эмес. Канчалаган кубаттуу жана жөндөмдүү адамдар кубат, шыгын туура пайдаланбагандыктан алсыз.

* * *

Өзү жарык чыгарган нерсенин жарыгын караңгылык өчүрө албагандай эле, башка жарыктар ага үстөмдүк кыла албайт. Мындай жарык булактары табигый, өмүрү бою эч нерсеге карабастан балбылдап күйүп, жарык берип турат.

* * *

Акыл – ыймансыз адамдар үчүн тынчын кетирген нерсе.

* * *

Көрүп жасаган адам билип жасагандай ийгиликке жете албагандай эле, билип жасаган адам көкүрөгү менен туюп жасаганчалык ийгилик жарата албайт.

* * *

Мал-мүлктүн жоктугу эле эмес, билимсиздик, өнөр билбестик да жардылык болуп саналат. Мына ошондуктан билимсиз, өнөрү жок байларды да кедей деп айтууга болот.

* * *

Көз айнектер көздүн, көз акылдын, акыл көрөгөчтүктүн, көрөгөчтүк дилдин, дил рухтун терезеси болот.

* * *

Психиатриялык ооруканадагы абалы өтө аянычтуу адам – акыл-эси жайында болгон адам. Акылынан адашкан адам биздин арабызда аянычтуу абалга түшөт. Адамдардын баары жинди, бирок абалдары ар башкача.

* * *

Адамзат – бир дарак, элдер – анын бутактары. Чуулгандуу окуялар катуу шамал сыяктуу катуулугуна жараша аларды бири-бирине урунтат. Албетте, дарак зыян тартат. “Ким эмне иш кылса, өзүнө кылат” деген сөздүн мааниси да ушул болсо керек...

* * *

Түндөр – пенденин руханий жактан бийиктеши, адамзаттын бактылуу жана жаркын келечекке даярданышы үчүн жасалган жай сыяктуу. Улуу ойлор менен кереметтүү чыгармалар түн койнунда жаралып, адамзаттын пайдалануусуна сунулган.

* * *

Руханий аалам саякатына чыккандар, таңда жолго чыккандардын арасынан тандалган.

* * *

Ашказан сиңбеген жана жарамсыз азыктарды сыртка чыгарат, анан алардын бетине түкүрөт. Заман жана тарых пайдасыз адамдарга да ошондой мамиле жасайт.

* * *

Дат темирдин, коргошун алмаздын, акылсыздык рухтун душманы. Бүгүн болбосо, эртең эле аны чиритип жок кылаары анык.

* * *

Сарынын баары эле алтын, жаркырагандын баары эле жарык, аккандын баары эле суу эмес...

* * *

Сел – майда тамчылардан пайда болот жана ээ-жаа бербегендей деңгээлге жетет. Коом да мына ушундай селге айланууга даяр турат, кээде мындай селдер жолундагы тосмолорду да кошо агызып кетет.

* * *

Жетесиздерге илим жана акыйкатты түшүндүрүү жиндилер менен убаралануу сыяктуу оор болсо да, туура жолго чакыруучу азаматтар бул милдетти чын дили менен жасашы керек.

* * *

Балээнин эң коркунучтуусу – жүзүңө күлө багып келгени.

* * *

Акыйкаттарды баары эле бирдей деңгээлде түшүнө албагандыктан абстрактуу эмес тамсил жолу тандалып алынган.

* * *

Адамдар бактысыздыктарын өздөрүнүн наадандыгынан эмес, убакыт менен мейкиндиктен көрөт. Убакыт менен мейкиндикте күнөө жок, адам баласы өтө наадан жана түркөй.

* * *

Мамлекет токой эмес – бакча. Анда мөмөлүү дарактын көчөттөрүн жана гүлдөрдү көбөйтүү зарыл.

* * *

Бакчаны отоо чөп, тикенге бастырып салып, анан кокуйлаган адамга эмне деш керек?!

* * *

Канчалаган жээги гүлгө толгон сонун жолдор чөлгө алып барат. Дагы канчалаган тикенге оролгон тик жолдордун аягы Сират көпүрөсүнөн өтүп, бейишке кирет.

* * *

Эң улуу даанышман сөздөрдүн бири “Адам тилинин астына жашырылган” деген сөз болсо керек. Мындан да улуу сөз “Дос издесең, Алла жетиштүү! Жолдош издесең, Куран”.

* * *

Адамдар дүйнө тааным эмне экенин билишет. Бирок аны эмне таанып-билерин билишпейт. Таанып-билүүчү – рух, акыл – анын данакери, көрүүчү – рух, көз – анын данакери.

* * *

Кыймыл-аракет акыл, же табигый инстиктин натыйжасында пайда болсо, айбандык эгер эрк жана дилге таянса руханий, же инсандык болуп саналат.

* * *

Болумуштун жок болуп кетиши өтө коркунучтуу кубулуш. Жоктук – чексиз жана баш айландырган кең мейкиндик. Анда болумуштун кымындай изи билинбейт.

* * *

Алла Тааланын илхамына таянбаган философия ойпикир жаңылыштыгы болуп саналат.

* * *

Чыныгы философия – Алла Тааланын адамга берген даанышмандыгынан пайда болгон руханий дүйнөнүн жана аң сезимдин түйшөлүүсү.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.