Көрөгөчтүк

Көрөгөчтүк - илим, тажрыйба, баам-парасат менен көрүп-сезүү, талдап билүү жана толук түшүнүү. Мына ушундай сапаттарга ээ көрөгөч адамдын Акыретке да ишеними болсо, анда ал чыныгы руханият каарманы.

* * *

Акылдуу, бирок көрөгөчтүк сапаты жок адам көп нерсени түшүнүп-билсе да, билген нерсеси менен эч жакка бара албасы анык.

* * *

Көрөгөчтүк кандайдыр бир нерсенин чыныгы акыйкатын, же ошого жакын маанини билүү болсо, анда акылдуу адамдын баары эле көрөгөч деп эсептелбеши мүмкүн.

* * *

Көрөгөчтүк сапатына ээ болбогон адамдын оюнда ар дайым шек-күмөн жана чечкинсиздик бар. Ал эми көрөгөч адамдар ар дайым чечкиндүү жана ишенимдүү болушат.

* * *

Акыл, ой-жүгүртүү мээнин эң акыркы кабыл алуусу, ал эми көрөгөчтүк болсо, жандын алгачкы кабыл алуу даражасы. Көрөгөчтүктүн туу чокусу – даанышмандык. Курани Каримде бул тууралуу “Кимге даанышмандык берилсе, ал бир далай жакшылыктарга жеткени анык”,деп айтылат.

* * *

Ааламды көз менен гана көргөндөр, аны көргөнүндөй түшүнө алат. Ал эми көкүрөгү менен туя билип, көрөгөч багыт түк кылгандар аары гүлдөрдөн бал топтогондой, бардык нерседен терең маани чыгара алышат.

* * *

Көз адамдардын туруш-турпатын, бет түзүлүшүн жана келбетин гана көрөт. Көрөгөчтүк булардын артындагы адеп-ахлак, улуу сапат жана руханий бийиктикти да сезет.

* * *

Көз заттардын жана окуялардын сырткы материалдык жагына гана баа берет, көрөгөчтүк анын маани-мазмунун, пайдасын, максатын жана катылуу сырын түшүнөт.

* * *

Көрөгөчтүк – акыл жана ой жүгүртүү эмес. Ой жүгүртүү акылдан жогору турса, ал эми көрөгөчтүк ой жүгүртүүдөн да жогору турган Алла берген жөндөм.

* * *

Адамзатты айбандан айырмалап турган – анын сезими, көрөгөчтүгү, илхам жана даанышмандыкка ээ болушу. Бул өзгөчөлүктөрдөн куру жалак калган адам кандай көрүнүштө болбосун, талап кылынган жогорку чекке жете албайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.