Табият

Табият жалпы мааниде бүтүндөй аалам, анын жаратылыштык өзгөчөлүктөрү. Бул сөз адам баласына карата айтылганда, анын мүнөзүн, жүрүм-турумун билдирет. Табиятты кандай мааниде карасак да, ал Чексиз Кудуреттүү Жараткан койгон мыйзам жана Анын даанышман сырларын баяндаган китеп болуп саналат. Кадимки зат сыяктуу эле табият да сезимсиз кубулуш. Мына ошондуктан, ал ар күнү кучагында жаратылып жаткан ушундай көп нерселердин, сезим, эрк жана илимий пландарды талап кылган жандыктардын тили менен өз алсыздыгын жана муктаждыгын жар салат. Б.а., ал артындагы Алла Тааланын илимин, чексиз кудуретине жана эркине ишарат кылат.

* * *

Табият заттын өзгөчөлүгү болгондуктан, анын бар болушу заттын жаралышына көз каранды. Демек, жаратылышты жана андагы кубулуштардын болушун табиятка көз каранды катары көрсөтүү - алдангандык.

* * *

Бүгүнкү күнү табигый илимдер менен бир аз алек болгон адам да табияттын эч нерсе жарата албагандыгын өтө жакшы билет. Демек, аны Жараткан Кудуреттин ордуна коюуга аракет кылуу терс аяктык болуп саналат.

* * *

Табияттын маани-маңызы ачык болгонуна карабастан, аны жараткан күч катары таанытуу илимге каршы чыгуу жана ар бир өз алдынча ажайып берген ааламдагы кооз заттарга акарат кылуу болуп эсептелет.

* * *

Табият бул - жаратылыштын эле дал өзү. Анда, “Табият жаратты”- дегендер бул сөздөрү менен “Жаратылыш өзүн-өзү жаратты”,- деп айтып жатканын түшүнүшөбү? Эгер “табият” деп мүнөз, сыпат, мыйзам, тартип сыяктуу нерселерди айтып жатышса, табият деген түшүнүктүн пайда болушуна себеп болгон нерселерди табият өзү кантип жаратарын түшүндүрүп беришпейби?!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.