Билим

Окуп, талдоо жана билимге умтулуу – жан дүйнөнүн асыл азыгы. Булардан оолак болуу – орду толгус жоготуу.

* * *

Чоочундар тоо-ташыбызды изилдеп, биздин илим, өнөр жана маданиятыбыздын алтын казынасынан пайдаланып жатса, биз тарыхый илим жана маданият мурастарыбызды изилдебесек, окубасак, анда аянычтуу абалдабыз.

* * *

Ата-бабаларыбыз бизге калтырган мурасы болгон, дүйнө жүзү издеп жүргөн мынчалык мол илимий жана адабий чыгармаларга карата кайдыгер, көңүл кош мамилебизди түшүнүүгө болбойт!..

* * *

Так билбеген, билип көңүлүнө сиңире албаган маалыматтар менен адамдардын ой-пикирин алай-дүлөй кылгандар зыянкеч кыянатчылар болуп саналат.

* * *

Кайгы – эң тунук илхам булагы.

* * *

Ар бир элдин өнүгүп-өсүшү ал элдин маданият жана өнөр көрөңгөсүнө байланыштуу болот. Дүйнөнүн төрт бурчуна илим жана искусство жаатындагы чыгармаларды сунган эл, ошол чыгармалары менен көп тилде “Мен да бармын!” - деп жар салып турат.

* * *

Адамдын баркы - илим-билиминде. Пас, түркөй адам бай болушу мүмкүн, бирок эч качан барктуу боло албайт.

* * *

Адам канчалык көп окуса да, эч качан окуп-изилдегенин токтотпошу керек. Чыныгы илимпоз, аалымдардын басымдуу бөлүгү окуп-изилдөөгө тойбогон адамдардын арасынан чыккан.

* * *

Акыйкат сүйлөй баштаганда түркөйлүк ачууланып, фанатизмдин тынчы кетет. Илим болсо кулак төшөп угат.

* * *

Сабатсыздын баарын түркөй деп айтууга болбойт. Чыныгы түркөй туура нерсени сезе албаган адам. Андай адам көптү билсе да, түркөй бойдон кала берет.

* * *

Жашоо көрүп-билүү, же жеп-ичүү эмес, туюп-сезүү.

* * *

Билимдүү адам пайдалуу, билимсиз зыяндуу. Билими чала адам билимсизден дагы зыяндуураак. Билимдүү менен такыр сабатсыз адам алданса да, алдабайт. Ал эми билими тайыз адам көп алдайт.

* * *

Илим жаатында түшүндүрүлө алган нерселер түшүнүктүү болду, түшүндүрүлө албагандар көкүрөктөргө сиңген жок. Мына ошондуктан, мектептерде эч нерсе түшүнбөгөн жаштар тууралуу талкуу жүргөндө мугалимдер тууралуу да бир аз сөз козгоо керек.

* * *

Мектептер чыныгы мугалимдердин колунда ийгиликке жетип, дурус абалга келгенге чейин түрмөлөрдүн бошошун күтүү куру кыялдануу болуп саналат.

* * *

Адам бир ишке ниеттенгенде оболу, ал иш тууралуу маалымат алып, аны жасай ала тургандыгына толук көзү жеткенден кийин гана ал ишке киришиши керек.

* * *

Ар бир адам өз ишин, кесибин өтө жакшы билип, колдон келишинче өз адистигин аркалоого тийиш. Себеби, адамдардын баары эле өз адистигинен башка жумуштарда ийгиликке жете албашы мүмкүн. Ошондуктан, доктур доктурлугун, инженер инженерлигин кылышы керек. Мугалим доктур болом деп, доктур укукчу болом деп өзүн-өзү кыйнабасын.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.