Кең пейилдүүлүк

Кучагыңды кенен жай, деңиз болсун!
Жүрөгүңө ыйман менен сүйүү толсун!
Баарына сун, колуңду айкөл болуп,
Жүрөктөргө кубаныч, бакыт консун!

* * *

Жакшылыкка жакшылык кыла бергин,
Момундарга адамдык суна бергин.
Ыймансызга сылык бол эрип кетсин,
Душмандыкты, өчтүктү жерип кетсин.
Демиң сенин Масихтин деми болуп,
Дүйнөдөгү жалпыга таасир этсин!

* * *

Унутпагын, изиндесиң Пайгамбардын,
Жолдордун эң коозу билгин бул жол.
Унутпагын, абалын калгандардын,
Ушуну эстеп, ойлонуп ынсаптуу бол!

* * *

Жамандыгына алдырба адамдардын,
Жамандыкка жакшылык кыла бергин.
Жамандыктар иши го жамандардын,
Жамандыкка жакшылык иши эрдин.

* * *

Сүйүүнү сүй, душмандыкка душман болгун,
Ыймандуу бир адамдын сыпаты бул.
Баарын жектеп, баарына душман болгон.
Же жиндидир, же шайтанга болуптур кул.
Жалпы элге сүйүүңдү тартуулагын,
Адамзатты барктагын, туурасы ушул.

* * *

Этияттан, сен напсиңдин кулу болбо,
Ага койсоң баарысы жаман жолдо.
Бул жоготуу, деп айткан Пайгамбарым,
Напсиңе сен катуу тур жумшак болбо!

* * *

Башкаларда жактырган сапаттар бар,
Бул сапаттар сен үчүн пайдалуу бил.
Унутпагын сүйдүрөт башкаларга,
Адамдык кыл, ырайымдуу болсунчу дил.

* * *

Жараткандын сага кылган мамилесин,
Элге кылсаң, албетте, сен утасың.
Эл ичинде Алла менен бирге болуп,
Жан кыйнаган жалгыздыктан кутуласың.

* * *

Жараткандын алдында эмне экениң,
Ага болгон сүйүүңдөн деп билгин.
Адамдардын арасында сый-кадырың,
Ал дагы бир жемиши мамилеңдин.
Алланы унутпагын көз ирмем да,
Катардагы адамы бол сен да элдин.

* * *

Жамандыкты күтсөң момундардан,
Кулу болдуң напсиңе кем акылдан.
Жан дүйнөңдү жибитээр кишини тап,
Адамдардын издегин арасынан.

* * *

Акырында айтаарым бир тууганым,
Анда менин сөзүмдү сен тыңдагын.
Болсун десең, эл ичинде сенин баркың,
Сен жаман көр Алла үчүн, Ал үчүн сүй.
Сен Алланын берилген бир кулу бол,
Алла үчүн кызмат кылып, жанып-күй!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.