Дил

Адам баласы өзүн-өзү сезип таанышына ортомчу болгон дил арзуусу, сезими, түшүнүү жөндөмү жана түбөлүктүү ааламга ачык турган руханий механизм болуп саналат.

* * *

Рух, эрк, сезим, зээн, жүрөк сыяктуу туюмдар ошол эле учурда дилдин да маанилүү негиздеринен болуп саналат, жана бул дүйнөдө адамды адамдык улуулукка, Акыретте түбөлүк бактылуулукка жана Алла Тааланын жамалын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кылат.

* * *

Адамдын дили Жаратуучуну чагылдырып турган туптунук күзгү. Анын бул жаатта теңдеши жок. Эң негизгиси, аны сезе турган рух жана үнүн угаар кулактарды табышы керек.

* * *

Дил рухтун сезүүсү, көрүүсү жана таанып-билүүсү болгондуктан, ар дайым мейкиндикке сыйбай руханий ааламга баш баккан, өлчөмдөрү туура жана периштедей аруулукка ээ.

Фатва чыгарган муфтийлер көп. Алардын дээрлик баары түшүнүү деңгээлине жараша бир эле башатка кайрылуу менен өкүм чыгарышат. Ал эми адамдын дили туура өкүм чыгарат жана эч кимди адаштырбайт, эч кимге адилетсиздик кылбайт.

* * *

Көпчүлүктүн чечиминде жаңылуу сейрек болот. Айрыкча, алган маалыматтардын башаты бир болсо, чыгарылган чечимде жаңылыштык чанда кездешет.

* * *

Көпчүлүктүн чечими бийлей баштаганда ар бир пенде анын өкүмдөрүнө ыраазы болуп, аны өкүмдар катары кабылдоого милдеттүү. Мына ошону менен кээ бир маселелерде акыркы өкүм үчүн ага кайрылабыз.

* * *

Алла буйруган, пайгамбарлар жана улуу адамдар аткарып келген иштер – пенденин милдети. Аны четке кага албайсың. Алла - чыныгы Өкүмдар, дил – Аны эң туура чагылдырган күзгү. Кээде бүдөмүк кылып көрсөтсө да, көбүнчө туура чагылдырат.

* * *

Адамдын иштеринин иреттүүлүгү анын руханий дүйнөсүнүн, ой-пикиринин жөндүү экендигинен кабар берет. Анын кыймыл-аракетинин дурустугу - такыбаалыгынын белгиси...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.