Даанышмандык
Акылга жарык берип, ага жаңы жолдорду көрсөткөн чырак бар. Бир жылдык жолду анын жарыгында бир саатта өтүүгө болот. Ал – ой жүгүртүү.
* * *
Ой жүгүртүүнүн иши – акыйкатты табуу. Анын Алланын жардамы менен иш жүргүзгөн лабораторияда акыйкаттар улам-улам түрлөнөт, ой-пикирдин асылдыгы мына ушунда жатат.
* * *
Пикир ойдон туулат. Ойлонуу кандайдыр бир нерсени ой таразасына салбастан туруп, ага ишенүү жана башкалардын кемчиликтерин издеп, аларды сынга алуу менен асыл өмүрдү кор кылуу эмес, акыйкатка жеткирген ыйык аракет. Ал даанышмандык жана Алланын илхамынан кубат алат.
* * *
Ой-пикирдин дагы бир мааниси – акылдын көрөгөчтүгү жана нурланышы. Ой-пикирге ээ болбоо акылсыздык эмес. Акыл бардык нерсени жарыкта талкууласа, ой жүгүртүү көбүнчө караңгыда талдоону жактырат. Ырас, рух менен ой жүгүртүү көбүнесе караңгылыкта иш жүргүзөт.
* * *
Даанышмандык, же Ислам философиясы ушундай маанидеги ой-пикирдин негизинде өсүп жетилген. Туура ой жүгүртүү өкүм сүргөн жерде ар дайым туура даанышмандык, жаңылыш жана кемчиликтүү ой жүгүртүү бийлеген жерлерде, адамды адаштырган философия пайда болгон.
* * *
Кемчилигине карабастан, философияны да даанышмандык дей турган болсок, философ да даанышмандыкты сүйгөн адам деген мааниде даанышман болуп саналат.
* * *
Адам көңүлүн жаман ойлордон арылтып, дилин жарыткан жана жаратылыштын сырларын ачып көрсөткөн эң негизги булактардын бири – даанышмандык, же Ислам философиясы.
* * *
Илим акыл-ой, аң-сезимди ээлейт. Даанышмандык руханият чөлкөмүндө өнүп-өсөт.
* * *
Даанышмандыктын максаты Аллага жана руханиятка алып барчу жолдорду жарытуу. Бул нерсе кээде чыгармадан авторго, кээде автордон чыгармага жеткирүү жолу менен жүзөгө ашат. Бул эки жол тең даанышмандык чырагын колго алган адамдын ниети менен көз карашынын түздүгүнө жараша адамды чыныгы жакшылыктарга жеткирет.
* * *
Көптү билген аалым эмес, билгенин дилинде сезген – аалым. Түркөй менен салыштырганда, аалымдын даражасы кандай болсо, аалым менен салыштырганда даанышмандын жана философтун абалы да ошондой.
* * *
Аалым жаратылышты көрүп-сезүү аркылуу, башкача айтканда, физикалык жактан таанып-билет. Ал эми даанышман адамдын көңүлү менен акылы кайып ааламына багытталган.
* * *
Аалым көрүп-билип, бирок дилинде руханий лаззат сезе албаган жакшы нерселерди жаман деп эсептеши мүмкүн. Даанышман болсо, бардык нерсеге парда артындагы абалын да ойлоо менен карагандыктан ой жүгүртүүдө ибадат кылып жаткандай ышкылуу.
* * *
Жакшы көрүлбөгөн нерсенин баары жагымсыз жана жаман эмес. Кичинекей балдар окууну, ойлонууну, дарыны жактырышпайт. Бирок от менен ойноо аларга аябай жагат. Илим менен даанышмандык да ошондой.
* * *
Биздеги философтор философия менен эң аз алек болгондор. Көбүнүн кылган иши – жарым-жартылай ко65 Ой багыт тормо. Жок дегенде котормону да эң жакшы көрүнүштө жасай алышсачы!..
* * *
Даанышмандык акыл менен эмес, рухтун тастыктоосу жана күбөлүк берүүсү менен бааланат. Ооба, даанышмандыкты даанышмандык түшүнөт, акыл анын душманы, же өтө ынак эмес досу.
* * *
Акылдын даанышмандыкты жактырбаганы аны түшүнө албагандыктан болот. Даанышмандык маселелери өтө татаал болгондуктан илхам менен коштолбогон акылдын аны түшүнүшү кыйын, жадагалса мүмкүн эмес.
* * *
Акыл көздүн агы болсо, даанышмандык көздүн кареги, жана ал акыл нурунан кийинки караңгылыкта жаралат.
* * *
Акыл нерселерди колдун жардамы менен, даанышмандык болсо көздүн жардамы менен байкап көрүүнүн, акыл ааламга көз айнек менен кароонун, даанышмандык болсо аны дүрбү, же телескоп менен кароонун аталышы.
* * *
Акыл материалдык дүйнөнүн чегин ашып өтө албайт. Аны даанышмандык жана чыныгы философия көрүп, сезет. Адамдар даанышмандыктын бийик, таза үнүн угуунун ордуна барып добулбас, сурнайдын үнүнө кулак төшөгөндүгү аянычтуу...
* * *
Жашоонун караңгы жана татаал жолдорун жарыткан эки чырак бар. Бири тунук акыл, экинчиси даанышмандык...
* * *
Илим – акылдын нуру, даанышмандык болсо – руханият асманында жарк-журк эткен чагылган...
* * *
Материалдык философия менен даанышмандыкты бири-биринен ажырата албастык - алардын экөөнү тең билбегендиктин белгиси. Азыр чар тарапта ушундай түркөйлөрдүн маанисиз сөздөрүнүн угулуп турганы таң калыштуу.
* * *
Даанышмандык менен жуурулушкан көсөм, үйүнүн тар дубалдарынын ичинде ааламга назар салат, өтө көп нерселерди көрө алат. Ал эми дүйнөнү кыдырган саякатчылар алардын көргөнүнүн жүздөн бирин да көрө алышпайт...
* * *
Философту аалам таануучу деп аташат. Акыйкатты билбеген жана Алланы тааныбаган адам чыныгы философ боло албайт.
* * *
Ар бир адам билимине жана маданий деңгээлине жараша сүйлөйт, жана анын айткандарын ошол деңгээлдеги адамдар гана түшүнөт. Асыл сөздөр менен терең акыйкаттарды түшүнбөстүк, же алардын кадырын билбестик рухтун сабатсыздыгынан эмес, дилдин тайыздыгынан.
* * *
Түркөй, орой күчтөрдүн астында эзилген элдер тарыхта көп кездешет. Күчтүү түркөйлүк алсыз даанышмандыкты эзгенде акыйкат тебеленет...
* * *
Берметтин баасын соодагерлер, илимпозду аалымдар, адамдын баасын аны адамдык улуулукка жеткирген даанышмандар билет. Бермет темир-тезек сатылган базарда, аалым түркөйлөрдүн, адам айбан сымалдардын арасында кор болот...
- Created on .