Маданият
Маданият – бир элдин өзүнө таандык нук менен өсүпөнүгүүдө ар дайым зарыл болгон маанилүү булак. Элдин жашоосунун туура багытта болушу менен маданий булактардын тазалыгынын ортосунда тыгыз байланыш бар.
٭ ٭ ٭
Маданият – элдин тил, тарбия, адат-салт жана өнөр сыяктуу булактарынан агып чыгып, акырындык менен ошол элдин жашоо эрежесине айланган, ар бир бөлүгү зор мааниге ээ негиздердин топтому. Бул негиздерди көрмөксөнгө салуу сокурдук, коомду алардан оолактатууга аракет кылуу адашкандык болуп саналат.
٭ ٭ ٭
Маданият эл аралык карым-катыштын натыйжасында, бири-бирине оошу мүмкүн. Бирок, бул процессте элдик түшүнүк сакталып, башка элден өткөн маданият изилденип, иргелбесе, натыйжада маданий башаламандык келип чыгат.
٭ ٭ ٭
Чыныгы маданият акыйкат диндин, улуу адеп-ахлактын, адамдык улуу сапаттардын жана элге сиңген илим- дердин кучагында бышып-жетилет. Динсиздик, адепсиздик жана түркөйлүк өкүм сүргөн чөйрөдө чыныгы маданият тууралуу сөз козгоо жана аталган чөйрөдө өскөн адамдын ушул башаттан пайдаланышы мүмкүн эмес.
٭ ٭ ٭
Башка элдин маданиятын кабылдоо менен өз келечегин сактап калууга аракет кылган эл бутагына башка мөмө байлаган даракка окшойт. Албетте, бул аянычтуу көрүнүш.
٭ ٭ ٭
Маданият элдин табиятынан келип чыгат. Дарактын гүлү жана мөмөсү кандай болсо, элдин маданияты да ошондой. Өз маданиятын өнүктүрө албаган, же жоготкон эл мөмө байлай албаган, же куурап калган даракка окшойт. Ал качандыр бир убакта кыркылып, отун катары пайдаланылары турган иш.
٭ ٭ ٭
Ар бир элдин жашоосунда маданият маанилүү орунду ээлейт. Элдин өткөнү менен тыгыз байланыштагы маданият элдин жашоосуна жана өнүгүп-өсүшүнө жол ачат. Ал эми ар күнү ар кандай түшүнүк жана көз караштын артынан ээрчүү элди маданий кыйроого учуратып, жер менен жексен кылат.
- Created on .