Цивилизация

Цивилизация – байлык, жалган сыпайылык, дене кумарын кандыруу жана напсинин ээ жаа бербей кетиши эмес. Ал – көңүл байлыгы, руханий назиктик, баам-парасаттуулук менен башкаларды урматтай билүү.

* * *

Чыныгы цивилизация – илим менен адеп-ахлак айкалышып жүргөн чөйрөлөрдө болот. Ошондуктан, бардык нерсени илим жагынан гана караган Батыш цивилизациясы шал болгондой жогорулай албай калды, илимге кайдыгер караган Чыгыш цивилизациясынын азыркы учурдагы абалы жарым-жартылай болсо да түркөйлүк караңгылыгында кайсалайт. Келечектин цивилизациясы, Батыштын илим жана исскуствосу, Чыгыштын ишеним жана адеп-ахлак философиясынын кучагында гүлдөйт.

* * *

Адеп-ахлак жана адамдык улуу сапаттарга негизделбеген, акыл жана дил башатынан сугарылбаган цивилизация адамзаттын бактылуулугу үчүн эмес, бир ууч байга жана напсинин кулу болгон адамдарга гана кызмат кылган утурум көрүнүш. Анын сырткы жалтырагын карап алдангандардын абалы аянычтуу.

* * *

Цивилизация – табият илимдери жана исскуствонун түрдүү тармактарында ири алдыда болуу, кеме, поезд, учак сыяктуу заманбап мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу, чоң шаар, кең көчө жана бийик имараттарда жашоо деп түшүнбөш керек. Ыймандуу, туура жолдогу адамдардын колунда цивилизациянын себептеринен гана болуп саналган бул нерселерди цивилизациянын дал өзү деп кабыл алуу алдангандык.

* * *

Адамдардын маданияттуулугун анын адамдык маңызында катылуу жакшы сапаттарды өстүрүп, аны экинчи бир табиятына айландыра алышы деп билүү керек. Аны кийимкече жана дене кумарын кандыруучу нерселердин баарынан пайдалануу деп санагандар туура ой жүгүртө албаган кемакылдар жана напсинин кулуна айланган бечаралар.

* * *

Түркөй, сабатсыз калктын залим жана кошоматчы боло турганында шек жок. Бирок алардын мындай абалы жалпыга маалым болгондуктан, башкаларга олуттуу деле зыян келтире албашы анык. Ал эми заманбап жабдык менен куралданган жана ар дайым кан көксөп турган цивилизациялуу түркөйлөрдү кандай атоого болот?!.

* * *

Цивилизация бир элдин бар экенин башкаларга баяндоосу болсо, анда бул кереметтүү баян ал элдин илим-билими, адеп-ахлагы жана технологиялык жетишкендиктери тууралуу болууга тийиш. Себеби коомдук тарбия жана түрдүү өнөрлөр цивилизацияга көрк берип, адепахлак жеткиликтүү тили менен аны жар салат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.