Гүлендин ислам моделин жана анын социалдык-саясий таасирин кайра ойлонуштуруусу

Абстракт

Акыркы он жылдыкта мусулман дүйнөсүнүн ар түрдүү булуң-бурчтарында ислам салттары динге негизделбеген жана неолибералдык теориялык жана практикалык моделдер менен өз ара жаңыча аракеттешип, жаңы формаларда пайда боло баштады. Түркияда Гүлендин кыймылы жеке жана коомдук турмушта исламдын орду жөнүндө улуттук талаш-тартыштарда таасирдүү катышуучу болуп саналат. Гүлен динге негизделбеген жана демократиялык принциптерди тутунуунун жана адамдын универсалдуу укуктарын сактоонун маанилүүлүгүнө басым жасап, азыркы коомдо «чыныгы мусулман киши» өзүн кандай алып жүрүүсү керектиги жөнүндөгү жаңы жана жагымдуу моделди сунуштайт. Ал индивиддин этикалык жоопкерчиликтүү моралдык субъект катары калыптанышында исламдын ролун өзгөчө жактайт, бул долбоор жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандыруудагы динге негизделбеген долбоор менен абдан дал келет. Ошол эле учурда, ал, суфий көздөгөн максаттар болгон өзүн-өзү тарбиялоодон, пенделик жыргалчылыктан кечүүдөн дүйнөнү жакшыртуу үчүн кишинин жөндөмдүүлүгүнө динге негизделбеген багытта ынанган, диний күч-аракеттин бир түрү болуп саналган, социалдык багыттагы башкаларга кызмат кылууга активдүү катышууга алмаштырды. Бул эмгек жогоруда айтылган модель алардын жүрүм-турумдарына кантип таасир эткендигин көрсөтүү максатында коомчулуктун кээ бир мүчөлөрүнүн өмүрлөрүн иликтейт. Алар кыймылдын иштерине өзүн толук арноо менен бирге, динге негизделбеген илимий предметтерди окутуу жана үйрөтүү алар үчүн исламдын көрсөтмөлөрүн аткаруу жана Кудайга жакын болуу жолун билдирет. Мындай ырастоолор төмөнкүдөй суроолорго алып келет: Ислам активдүүлүгүн мындай кайра ойлонуштуруу Түркиядагы саясий жана социологиялык өзгөрүүлөргө кандай таасирин тийгизет? Азыркы Европада бир кыйла гумандуу коомдун өнүгүүсүнө бул кыймылдын потенциалдуу салымы кандай? 1920-жылдардан баштап, Осмон империясынын кулашынын жана кыйрашынын контекстинде мусулман ойчулдары, ассоциациялары жана коомдук кыймылдары жаңы түзүлгөн жагдайларда «мусулмандардын жакшы жашоосу» менен жашоонун жолдорун сунуштоодо өздөрүнүн аракеттерин күчөтүшкөн. Буга чейин мусулман реформачыларынын түрдүү муундары ислам салттарын ижтихад менен ылайыкташтыруу талабын коюп, исламдын акыл-эс жана «азыркы заман» менен дал келүүсүн эчак эле талкуулашкан.[1] Бирок исламдын салттуу билим берүү системалары, коомдук формалары жана башкаруу моделдери XIX кылымдын аягына чейин жоюлган эмес. Империянын кулашы жана анын ар түрдүү региондорунда улуттук өкмөттөрдүн пайда болушу менен ислам интеллектуалдары мусулмандардын жүрүм-турумдары үчүн жаңы моделдерди даярдоо көйгөйүнө дуушар болушкан. Жакынкы Чыгышта көп улуттуу мамлекеттердин пайда болушу менен ислам интеллектуалдары субъект жана анын коомдогу аракеттеринин ээлеген орду жана мейкиндиги жөнүндөгү динге негизделбеген концепциялар менен иштөөгө аргасыз болушкан. Алар секуляризмдин бекем орун алышына жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдүн, коомдук формалардын жана жүрүм-турум типтеринин уюшулушунун андан аркы реконфигурация процессине баш ийүүгө аргасыз болушкан. Бул процесстердин натыйжасы катары ислам ойчулдары өздөрүнүн жактоочулары артыкчылык берген жеке ойлору менен алардын ислам жүрүм-турум эрежелерин күн сайын сактоого жана ислам коомунун баалуулуктарын түшүнүүгө карата жоопкерчилигине басым коё башташкан. Осмон ипериясы өкүм сүргөн мезгилде умманын (мусулман коомунун) мүчөсү болуу Осмон империясынын жарандыгы болгондугунун табигый көрүнүшү болуп эсептелген.

Бул көз караш менен исламдын азыркы формаларына ылайык келген илимий эмгектер көп эмес. Адатта, ислам моделдери сырттан таасир эткен динге негизделбеген усулдарга каршы өзүн көрсөтүүгө аракет кылган, туруктуу жана өзгөрүлгүс салттардын натыйжасы катары эсептелет.[2] Ислам теориясынын жана практикасынын азыркы формалары сейрек учурларда азыркы мамлекетте башкаруунун жаңы түрлөрүнө адаптация процессинин натыйжасы катары эсептелет. Мен, тескерисинче, исламдагы жүрүм-турумдун жаңы моделдери, динге негизделбеген ар түрдүү жана локалдуу спецификалык версиялардын чегинде алар пайдаланган практикалык жана концептуалдык текшерүүнүн тарыхына жараша болот деп ырастайм.[3] Бул көз караштан мен азыркы Түркиядагы эң белгилүү жана таасирдүү жаңычыл мусулман кыймылдарынын бирин шыктандыруучу Фетхуллах Гүлендин конкреттүү мисалында караймын. Бул мусулман лидери 1980-жылдардан бери көзгө көрүнбөгөн социалдык байланыштардын кубаттуу тармагын токуй алган, алар ага экономикалык жана маданий капиталды камсыздашат. Бирок бул жумуштагы мени эң көбүрөөк кызыктырган нерсе, бул Гүлендин өзүнүн чын дилден жана орточо талаптарынын жардамында исламды Түркияда жаңыча практикалоого көптөрдү шыктандыргандыгы. Ижтихадга кайрылып жана динге негизделбеген эпистемологиядан адеп-ахлак жөнүндө белгилүү бир идеяларды пайдаланып, ал кеңири коомчулукка «чыныгы мусулман кишилерге» алардын күндөлүк турмушунда калыптануусу үчүн абдан жагымдуу жолду сунуштады. Кыймылдын ишмердүүлүгүн жана анын негизинде турган идеяларды түшүндүрүүгө киришүүдөн кийин мен бул жүрүм-турум моделине көңүл бурам. Моралдык жактан башкарыла турган өкүл катары болгон «чыныгы мусулман кишинин» гүлендик концепциясына өзгөчө көңүл бурулат, анткени мындай концепция өзүнө жоопкерчиликке жана адеп-ахлактуулукка байланышкан динге негизделбеген идеяларды сактап турат. Бул божомолдор исламдагы кайра өзгөртүүнү жана азыркы дүйнөдөгү – «динди» бир кыйла кеңири мааниде талдообузга негиз берет. Мындан аркы бөлүктө Гүлендин сунуштарынын спецификасына аныктама берүүгө арналат, анда ар түрдүү контексттердеги исламдык реформачыл башка кыймылдар менен салыштырылат. Мындай салыштыруудан улам алардын арасындагы кээ бир жалпылыктар айкындалат. Чындыгында экөө тең исламдын кайра жаралышына кишилердин активдүү катышуусуна дем берүү үчүн жоопкерчилик концептин пайдаланат. Бирок, экинчиден, Гүлендин жолун жолдоочулар социалдык жана реформачыл мүнөздөгү өздөрүнүн милдеттери менен башкалардан кантип айырмаланарын көрсөтөмүн. Аягында, Гүлендин адеп-ахлактуулук концептуализациясын азыркы мамлекет «жарандык жакшы иш-аракеттер» идеясынын тегерегинде уюшулгандыгына окшош жактарын караймын. Мен, Гүлендин өзүнүн жолун жолдоочуларга социалдык моралдын бузулушу үчүн жоопкерчиликти сезүүгө чакыруусу өз жарандарын моралдын начарлашы үчүн жоопкерчиликти сезүүгө милдеттендирген азыркы мамлекеттин чакырыгына окшош деп ырастайм. Ошентип, ислам лидеринин сунушу «азыркы заман» долбоорун, андагы ислам жана дин үчүн жаңы жана өзгөчө мейкиндик аркылуу алдын ала колдоо катары түшүнүлүшү мүмкүн деген көз карашка келем. Бул сунуш модернизмдин динге негизделбеген идеялары менен «исламдык» деп аталган идеялардын арасында өз ара байланыштардын жаңы жана кызыктуу формалары үчүн мүмкүнчүлүк ачат. Ошол эле учурда, мен, ал азыркы башкаруу формаларын, алардын моралдык негиздерин кайра ойлонуштуруу аркылуу башка фондо ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштар катары эсептөөгө боло турган азыркы «жаңылантуучу» кыймылдарга жаңы шоола чачат деп ойлойм.

Ислам салттарын Гүлендин кайра ойлонуштуруусу

Биринчиден, Гүлен суфизмдин таасирдүү интерпретатору жана адам аль-инсан аль-камиль жогорку деңгээлине жетишүүсү керек болгон тарбиялык жолдун теориячысы болуп саналат.[4] Экинчиден, 1980-жылдардан тартып, ал өзүнүн концептуалдык көз караштарын жана идеяларын бир кыйла кеңейткен. Ал коомдогу жалпы моралдын начарлашына тынчсызданып, адамдын ички дүйнөсүн кайра өзгөртүүгө багытталган бир катар акцияларды активдүү жайылткан. Гүлен өзүнүн жолун жолдоочуларга исламдын салттуу усулдарын сактоо талаптарына ашыкча көңүл бурбастан жана исламды саясатташтыруу аракеттеринен баш тартуу менен бул акцияларды жайылтууга кеңеш берет. Мындай мамиле өзүнө Түркиядагы жана чет өлкөлөрдөгү ислам салттарын жаңыртууга жана ага башкача мамиле кылууну сындоого болгон чакырыкты камтыйт. Фетхуллах Гүлендин ислам салттарын жаңылантуу талаптарына койгон басымы, анын азыркы шарттарда ислам кишилерге социалдык бөлүнүүнү жана моралдык бузулууну жоюу үчүн ресурстарды сунуштоого кудурети жетиши керек деген идеясынан келип чыгат. Чындыгында, анын негизги божомолу азыркы замандын башталыш мезгилинен тартып, адамзат технологиялык жана илимий прогресстерди өзүнүн иш-аракеттери үчүн чыныгы телеология катары кабыл алып, аларга көңүл бургандыгы болуп саналат. Анын пикири боюнча, кишилер коомдун керектөөчүлүк жагымдуу баалуулуктарынын алдында адамзат жашоосунун рухий чен-өлчөмдөрүн экинчи планга сүрүп таштап, материалдык канааттанууну жана индивидуализмди издеп табууга умтулуп калышты. Мындан улам жеке жыргалчылыктын жалпы деңгээлинин жогорулашы азыркы коомдуу кыйроого алып келиши мүмкүн болгон моралдык жана интеллектуалдык кыйроого алып келди. Ошондуктан, Гүлен исламдын моралдык баалуулуктарын бүткүл коомго кайрадан жайылтуу талабына көңүл бурат. Бирок, мындай натыйжага жетишүү үчүн ислам жаңыруунун радикалдуу процессин баштоосу керек. Гүлендин айтуусу боюнча, исламдын салттуу формалары мындай кайра өзгөртүүнү баштан өткөрүүгө чабалдык кылат. Ошондуктан, ал исламдын эски мектептерин (медресе) жана суфий боордоштукту (тарикат) сындайт. Анын пикири боюнча, диний тажрыйбанын рухий ички чен-өлчөмүн барктабай, исламдын формалдуу өңүттөрү менен ашыкча алек болушкан. Ал эми суфизм азыркы коомдун алдына технологиялык прогресс жана илимий ой жүгүртүү койгон суроолорго жооп берүүгө кудурети жеткен эмес. Гүлен, суфизм өзүнүн жан сактоосуна жана кишилерге жакын бойдон калуусуна жардам берүүчү өз динамизмин жоготту дейт.[5] Мунун ордуна, ал модернизмди аттап өтүп, кудайга мистикалык сыйынуу менен гана чектелбеген өзгөчө бир суфизмди жайылтууну көксөйт (Гүлен, 2004). Гүлен, диний насыяттарын жагымдуу таасирин жайылтуу үчүн алар мүмкүн болушунча коомдун көбүрөөк мүчөлөрүнө жетиши керек деп эсептейт. Ал исламды ар кандай саясий формада пайдаланууга караманча каршы чыгат. Гүлен, саясий партиялардын идеологиялык муктаждыктарынын басымында дин бурмалана албайт деп ырастайт, анткени динди идеологиялык куралга айлантууга болбойт. Ал, саясат диндин рухуна көлөкө түшүрөт, анткени дин жалпыга таандык»[6] дейт. Бирок бул анын башкаруунун динге негизделбеген формаларынан баш тартат дегенди билдирбейт. Ал сөздөрүндө, анын пикири боюнча, азыркыга чейин адам баласына белгилүү болгон саясий уюштуруу формаларынын ичинен эң акыйкат болуп саналган демократияны колдойт. Ошондой эле, ал динди жокко чыгарбай, ага сабырдуулукту камсыздаган секуляризмди, куру дегенде, саясий режим катары коргойт. Ал, өз учурунда, исламды сактап калууда жана коргоодо мамлекеттин тарыхый чоң ролуна тиешелүү маани берген.[7] Ал, диндер бийлик жөнүндө эмес, жашоонун адамкерчиликтүү өңүтү жөнүндө кам көрүшү керек деп, жөн гана ырастайт. Бул көз караштан караганда, аялдын башындагы жоолук же эркектин сакалы исламдын милдеттүү түрдөгү элементтери катары карабагандыгы маанилүү болуп эсептелет. 1980-жылдардын ортосунан бери мындай тышкы атрибуттарды коомдук жайларда пайдалануу Түркиядагы ислам кыймылдарынын, мамлекеттин жана динге негизделбеген коомдук пикирдин арасындагы талаш-тартыштын объекти болгондугун билебиз. Көптөгөн мусулман ойчулдарынан айырмаланып, Гүлен, бул тышкы атрибуттарды мусулмандардын күндөлүк турмушунда милдеттүү атрибуттар катары карабастыгын, ушунусу менен ырастады. Түркиядагы динге негизделбеген режимдин жактоочулары, Гүлен жана анын жолун жолдоочулар орточо мүнөздөгү идеяларга жамынып алып, Ирандагыдай режимди орнотуу максатын көздөйт деп ырасташат. Мен болсо, Гүлендин теориялары кишинин жеке турмушунда исламдын ордун реконфигурациялоого жана «чыныгы мусулман киши» өзүн коомдо кандай алып жүрүүсү керектигине таянган жаңы идеяларга негизделген деп ойлойм. Гүлендин ою боюнча, ислам салттарынын жаңыруусу убакыттын талаптарына аны адаптациялоо үчүн жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан, ал салттарга карата башка мамилелерди сындайт. Эгерде алар исламды кайрадан талкууга алууга аракет кылышса, анда алар башкаруунун азыркы формаларынын талаптарына жана азыркы моралдык кыйроонун шарттарына ылайык келтире албай, сөзсүз түрдө убара болушмак. Мунун ордуна, Гүлен, ислам жөнүндө ойлонгондо, анын жашоодогу рухий чен-өлчөмү жөнүндө ойлонот. Ага ылайык, дин, дайыма өзгөрүүгө учураган социалдык жана саясий шарттардан көз карандысыз түрдө кишилер үчүн жол көрсөтүүчү болуусу абзел.

Анын ою боюнча, киши исламды турмушта канчалык кыйшаюусуз колдонушу же исламга таандык атрибуттарды алып жүрүшү анчалык деле маанилүү эмес. Диндин кишилерге азыркы коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүсү маанилүү. Ошондуктан, ал, ислам моралдык бузулуунун жалпы көйгөйлөрүн өзгөртүү үчүн кишилердин коомдогу активдүүлүгүн ойготуусу керек деп ойлойт. Гүлен, өзүн-өзү реформалоого жөндөмсүздүгүнөн улам исламдын салттуу билим берүүсүн жана суфизмди же исламды идеологиялык курал катары колдонгондугу үчүн саясий исламды жемелегенде ал, дин коомдо бир кыйла активдүү ролду ойноосу керек деп ырастайт.

Гүлендин кыймылынын билим берүү долбоору

Гүлен, азыркы шарттарга ылайыкташууга жөндөмсүздүгү үчүн ислам билим берүүсүнүн салттуу формаларын сындаганда, ал окутуунун эски ыкмаларына карата жөн гана нааразылыгын эмес, абдан нааразылыгын билдирет. Мунун ордуна ал исламдын башка аалымдарын, исламдын бузулуусу, анын башкаруунун азыркы формалары менен ылайык келбегендигинен эле эмес, Батыштын динге негизделбеген идеологияларына шыктанган гегемониядан улам болгондугун түшүнүүгө жөндөмсүздүктөрүн жемелейт. Гүлен бул күрөш – маданий күрөш экенин, кемалчы интеллектуалдардын гегемониясына туруштук берүү үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү алардын монополиясына чакырык таштоо керектигин түшүндү. Ошондуктан, ал, коомдун моралдык бузулушу, динге негизделбеген сабактарды окутууда дагы, окуучуларды ислам этикасына жана моралына көнүктүрүүчү окутуп-үйрөтүүнүн белгилүү бир түрүнө артыкчылык берүү жолу менен токтотулушу мүмкүн деп ойлойт.

Билим берүү чөйрөсүндө Гүлендин иштөөсү коомдук чөйрөгө жана айрыкча, маданий чөйрөгө активдүү аралашуу үчүн өлкөдөгү саясий климаттын өзгөрүшүн пайдаланган 1980-жылдарда башталган. Ал билим берүү максатында көптөгөн кишилерди жана капиталды тартууга өзүнүн жагымдуу ажарын жана диний кадыр-баркын пайдаланган. Ал каржы ресурстарын алып, аларды жаштарды жогорку этикага жана моралга үйрөтүп-тарбиялоого багытталган көп сандаган мектептерди ачууга багыттоо үчүн өзүнүн расмий эмес байланыштарынын тармагын пайдаланган.

Ал өзү эл алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, диний эмес предметтерди окуткан мектептер Түркиянын диний талаптарына жооп бере ала тургандыгын баса белгилечү. Ошондой эле өлкөгө мечиттер эмес, динге негизделбеген элиталык мектептер же исламды тереңдетип үйрөткөн (имам-хатип) мектептер керек. Ал өзүнүн көзү жеткенине ылайык, дин илим менен дал келерин жөн гана ырастап тим болбой, иш жүзүндө да аны көрсөтүүгө аракет жасаган.[8] Гүлендин билим берүү философиясында илим, ачылыштар жана ойлоп табууларга байланыштуу болгондуктан гана эмес, бул дүйнөнү жакшыртууга умтулган кишилердин колундагы укмуштуу курал болуп эсептелгендиктен да, борбордук ролду ойнойт. Бул көз караштан алганда, Гүлен, илим жана прогресс идеясынын арасындагы байланышты ырастаган батыш ойчулдарына жакындашат. Мындан улам ал, илим менен прогресстин трансценденталдык телеологиясы сыяктуу өзүнүн божомолдорун гана айтып, эч качан илим да, прогрессти да танган эмес.[9]

Гүлен илимди адамдын колунда турган пайдалуу курал деп санайт. Бирок, ал жалгыз өзү коом үчүн жол көрсөтүүчү боло албайт. Анын пикири боюнча, илим өзүнөн-өзү оң баалуулук болуп эсептелбейт. Коомдун бакубаттуулугун чындап эле шартташ үчүн, илим адеп-ахлагы жеткилең адамдардын колунда болуп, алар тарабынан пайдаланылышы керек. Гүлендин билим берүү долбоорунун максаты так ушул болуп саналат: коомду илимий ачылыштарды туура пайдаланууга алып келе турган, исламдык ички этикасы күчтүү кишилерди калыптандыруу.

Бул, кыймылдын долбоорунун өзөгү болуп эсептелет. Кыймылдын мектептеринде окутуп-үйрөтүү мамлекет бекиткен мектеп программасы боюнча жана кийим кийүүнүн динге негизделбеген эрежелерине жооп берүүчү атмосферада жүргүзүлсө да, ал, кишилерге исламдын идеалдарын каныктырууга жакшы каражат болуп эсептелет. Билим берүү маселелеринде Гүлен кандай идеяларды жетекчиликке алары түшүнүктүү болсо да, гүлендик мектептерде ислам принциптерин үйрөтүү жана күндөлүк сыйынуулар толугу менен жоюлган.

Мында исламдын рухий чен-өлчөмүн – анын ички этикасын, ага кошумча «динге негизделбеген» билимди кошо үйрөтүүгө зор маани берилет. Бул Гүлендин: ислам менен жаңы мааниге жана функцияга шыктанган билимди берген «ислам билим берүүсү» деп аталган билим берүүнүн нак өзү болуп саналат (Агай, 2003:51).

Бул көз караштан алганда, билим берүү бир кишиден экинчи кишиге диний билим берүү (тамсил-үлгү болуу) менен гана чектелбеген процесс болуп калат. Бирок ошол эле учурда бул, мугалимден окуучуга билимди жөн гана берүү эмес, тескерисинче – ал окуучулардын мүнөздөрүн калыптандырууну шарттоого арналган, Чындыгында, Гүлендин пикирине ылайык, билим берүүнүн максаты, өзүн-өзү тарбиялоо, сабырдуулук жана миссиянын маанисин аңдоо сыяктуу сапаттарын ички дүйнөсү менен түшүнүү жана кабыл алуу аркылуу окуучунун мүнөзүн бекемдөө (тарбия) болушу керек (Унал и Уильямс, 2000:312, Мишель, 2003:78).

Билим берүүнүн мындай формасына Гүлендин маани берүүсү кыймылдын көздөгөн максатына, башкача айтканда, коомго реформа жүргүзүү менен тыгыз байланыштуу. Чындыгында, Гүлендин ою боюнча, билим берүү илимий билимдерди ислам этикасына ылайык пайдалана турган жана коомду туура жол менен алып кете турган адамдардын жаңы муунун (алтын муунун) калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул муун өз колунда илимдин жана диндин куралын тутунуп, азыркы коомдун жана келечектеги коомдун дилеммаларын чечүүгө кудурети жетет. Ошондуктан, өзүн башка кишилерге билим берүүгө арнап жана коомдук активисттер болуп саналып, алар башка кишилердин ички этикасына оң таасирин тийгизишет жана коомду биротоло «Жердеги бейишке» кайра өзгөртүшөт.

Ошентип, Гүлендин ислам салттарын жаңылантуусу коомдогу диндин ролу жөнүндөгү анын идеясына гана жараша болот. Чындыгында, ал, ислам адамзат үчүн жол көрсөтүүчү болушу керек деп ойлойт. Бирок бул максатка жетишүү үчүн ислам башкалардын үстүнөн басымдуулук кылган идеология болууга ээ болуусу керек. Бул билим берүүнүн салттуу усулдарын өзгөртүүгө жана ошол эле учурда өзүнө илимий билимдерди да, ислам этикасын да камтыган билим берүүнүн жаңы философиясын кабыл алууну билдирет.

Дегеле, балким Гүлен мында исламга коомдогу жөн гана жаңы ролго караганда көбүрөөк маани берип жаткандыр. Билим берүү долбооруна ислам этикасын кошуу менен, ал исламга жана билим берүүгө коомдук жаңы форманы жана жаңы максатты, ага ылайык, жаңы жашоону тартуулады. Ислам этосун үйрөтүү ыкмасы катары билим берүүгө анын койгон акценти, исламдын «өмүр маңызына жана рухуна айлануу» идеясы маанисинде чечмеленет. Мындан ары мен ырастаганымдай эле, бул идея өз өмүрүндө исламдын жогорку адеп-ахлактуулугун жана этикасын жетекчиликке алган киши катары мусулман киши жөнүндөгү Гүлендин негизги идеялары жана концепциялары болуп саналат. Ошондуктан, исламдын моралын каныктыруу ислам практикасына эмнени киргизүүгө болсо, ошолордун баарынын жаңы түшүндүрмөсүн билдирет. Бул кийинки параграфтын талкуулоо темасы болмокчу.

Күндөлүк турмушту жарык кылуу

Байкоолор көрсөткөндөй, азыркы ислам интеллектуалдары көп учурларда ислам салттарынан белгилүү бир нормативдик түшүнүктөрдү тандап алып жана туш келди өздөштүрүшөт (Муса, 1999; Йылмаз, 2003). Андан кийин алар бул түшүнүктөргө жаңы функцияларды жана баалуулуктарды ыйгарып, аларды өздөрүнүн жекече дискурстук чегине коюшат. Гүлен дагы ислам салттарынан кээ бир түшүнүктөрдү өзүнүн долбоору үчүн өздөштүргөн. Гүлен Түркиядагы көп сандаган кишилерди өзүнүн кыймылынын билим берүү долбооруна тартуу менен, алардын күндөлүк жумуштарын трансценденталдык алкактарга бириктирүү мүмкүнчүлүгүн аларга сунуштаган.

Гүлендин оюна ылайык, кыймылдын билим берүү долбооруна катышуунун негизги эки жолу бар. Адамдар коомчулук менен байланышкан мектептердин биринде мугалим катары билим берүү долбооруна түздөн-түз катыша алат же көпчүлүккө маалымдоо каражаттары жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыймылдын ишмердүүлүгүн жөн гана каржылай алышат. Биринчи жол Гүлен сунуштаган ислам модели менен тыгыз байланышты билдирет. Чындыгында, сабак берүүнү Гүлен үчүн моралы бийик гана кишилер ак ниеттүүлүк менен аткара алган ыйык милдет (кутси вазифа) катары эсептелет (Агай, 2003:58). Адамдар өздөрүн ислам этикасына ылайык алып жүрө турган жаңы коомду куруу максатына жетишүү үчүн мугалимдер эң маанилүү ролду ойнойт. Чындыгында алар окуп-үйрөнүүчүлөргө ислам принциптерин үйрөтүүгө жана алардын мүнөзүн калыптандырууга милдеттүү. Дегеле, алар белгилүү бир педагогикалык моделди сактоо менен бул иште ийгиликке жетишүүлөрү керек.

Мен жогоруда айткандай, Гүлен, билим берүү бул бир кишиден экинчи бир кишиге жөн гана билимди өткөрүү эмес деп эсептейт. Чындыгында, бул окуучулар өздөрүнүн мугалиминен үлгү алып, исламдын бир катар баалуулуктары менен таанышуу процесси. Бул көз караштан алганда, мугалим окуучу үчүн өрнөк болорлук (темсил) үлгү болушу керек. Ал өзүнүн күндөлүк жүрүм-туруму менен окуучуларына ислам жүрүм-турум моделин окуу жана илимий иштер менен кантип чогуу алып жүрүүнү көрсөтүүсү керек. Чындыгында, мугалимдин ролу өз окуучуларынын мүнөзүн калыптандырууда турат. Бул мааниде алганда, ал туура жолго багыттаган (иршад) устат болуп саналат. Адатта, бул термин окуучуларды туура жолго тарбиялоо үчүн салттуу ислам билимдерин үйрөтүү процессинде пайдаланылат. Бирок, Гүлен бул терминдин маанисин кеңейтип, ага окутуп-тарбиялоо этиканын белгилүү бир эрежелерине ылайык жүргүзүлүүчү шартта динге негизделбеген мектептерде окутуу маанисин киргизген.[10] Демек, (Гүлендин кыймылына тиешеси бар мектептердин бириндеги) өзүнүн ишине берилген мугалимдин жумушу динге өзгөчө бир эмгек сиңирүү болуп калмакчы (Агай, 2003:59).

Ал эми мугалим болуп саналбаган киши, кыймылдын ишмердүүлүгүнүн башка чөйрөлөрүндө, мисалы, журнал чыгарууда, фонддордо же жатак-мектептерде иштеп, кыймыылдын долбооруна катыша алат. Ошондуктан, башка кесиптеги кишилер да, анын ишмердүүлүгүн каржылоо менен бул долбоорго колдоо көрсөтө алышат. Бул кишилер кыймылга кыйыр түрдө гана катышат. Бирок Гүлен алардын иш-аракеттерин кыймылдын ишмердүүлүгүнө кошуп, аларды да «исламдаштырат». Чындыгында, ислам түшүнүктөрүнүн жардамында, Гүлен өзүнүн жолун жолдоочулардын ишмердүүлүктөрүн – окутуу жана кыймылды каржылоо иштерин – трансценденталдык алкактарга сыйдырат. Гүлен салттардан ооштурган негизги түшүнүк катары адатта, диний кызмат кылууну билдирген «хизмет» болуп саналат. Исламдын социалдык багыттагы өзүнүн идеясына ылайык, Гүлен, бул түшүнүктү башкаларга кызмат кылуу актысынын ар бирине жайылтат. Ошондуктан, кыймылдын билим берүү долбоору азыркы моралдын начарлаган кырдаалын жеңип өтүү жана бул дүйнөнү жакшыртуу менен аяктайт, анда бул долбоорду колдоо башкаларга кызмат кылуу акты болуп калат. Демек, бул өзгөчө бир «диний акт» болуп калат. Ошол эле учурда ал «химмет» (жакшы иштерди колдоо максатында кайрымдуулук жана курмандык кылуу) жана «ихлас» (өзүнүн ар бир адаты үчүн Кудайдын ыраазычылыгын алууну эңсөө) сыяктуу башка түшүнүктөрдү да пайдаланат. Булар исламда салттуу милдеттерге таандык жана кыймылды каржылаган жана кыймыл кабыл алган этиканын нормаларына ылайык иш кылган кишилерди сыпаттайт.

Гүлен түзгөн кыймылдын долбоорун ишке ашырууга кыйыр түрдө да байланыштуу болгон ар бир актты бул сыпаттоолорго кошуу үчүн ар түрдүү салттуу түшүнүктөрдүн маанисин кеңейткен. Ошентип, ал бул иш-аракеттерге диний маани берип, өзүн бул кыймылдын бир бөлүгү катары эсептей алган кишилердин санын көбөйткөн. Мындай ыкманы Гүлендин стратегиялык ыкмасы катары баалоого болот, анткени бул, кыймылдын мекемелерине көп сандаган бизнесчилерден акча каражатын кабыл алууга уруксат берет. Ошол эле учурда, Гүлендин пикири боюнча муну анын насыяттарын андан ары жайылтуунун жана анын көп сандагы кишилер үчүн ачык болуу ыкмасы катары баалоого болот. Эгерде профессионалдык жумуш трансценденталдык алкактарга сыйдырылган болсо, анда балким көптөгөн кишилер өздөрүнүн өмүрлөрүн диний чен-өлчөмгө кошуу тууралуу ойлоно башташар. Менин божомолумда, бул Гүлендин ислам моралын бүткүл коомго жайылтууга жардам бере турган дагы бир ыкма болушу мүмкүн.

Иштин адамы – исламдын жаңы жолу

Гүлендин кыймылынын долбоору жөнүндө түшүнүк берүү зарылдыгы болгон бул кириш сөзүмдөн кийин мен өз эмгегимдин башкы темасына өтөмүн. Мен жогоруда белгилеп көрсөткөндөй, Гүлен көп сандаган кишилерге өздөрүнүн күндөлүк турмушун трансенденталдык алкактарга коюуга мүмкүнчүлүктү сунуштай алды. Ал салттуу түшүнүктөрдү колдонуп, ар түрдүү кишилердин иштерин «исламдаштырды». Бирок менин оюмча, ал андан да көбүрөөк эмгек сиңирди: Гүлен диний тажрыйбага башкаруунун азыркы формаларына гана ылайык келбестен, динге негизделбеген концепцияларга да дал келген жаңы чен-өлчөм ыйгарды. Чындыгында, ислам идеалдарын үйрөтүү ыкмасы катары анын билим берүүгө койгон басымы, коомдогу дин үчүн динге негизделбеген идеяларга ылайык келген мейкиндик жөнүндөгү исламдын «өмүрдүн рухуна жана маңызына айлануу» идеясын камтып турат. Бирок муну менен катар, бул адамдардын коомдогу иш-аракетин жандандыруу керек деген этос жөнүндөгү ой өзүнө батыштагы моралдык агенттик түшүнүгүн эске салган, моралдык жогорку сапаттарды жетекчиликке алган субъект катары «мусулман киши» концепциясын камтып турат. Өз эмгегимдин бул бөлүгүндө Гүлендин исламдык жүрүм-турум ыкмасынын спецификасын мүмкүн болушунча жакшыраак түшүндүргүм келүүдө. Мен муну, менин оюмча Гүлендин жолун түшүндүрүп берүүчү динге негизделбеген идеяларды көрсөтүү жолу менен ишке ашырам. Мен мында, чындыгында Гүлен «диний» ойчул болгонудугунун ордуна «динге негизденбеген» ойчул болуп саналарын ачып көрсөтүү максатын көздөбөйм, жөн гана батышта басымдуулук кылган түшүнүктөр ислам жүрүм-турумунун жергиликтүү формаларына кандай таасирин тийгизгендигин баяндагым келет.

Гүлен, анын долбооруна катышкан идеалдуу киши иштин адамы (иш-аракеттүү адам) болушу керек дейт. Мындай адам катары, бул дүйнөнү бейиштин төрүнө айлантуу үчүн ким өз убактысынын көбүрөөк бөлүгүн өткөрсө, ошол, адам болуп эсептелет. Чындыгында, бул лидердин пикирине ылайык, «жакшы мусулман киши» жакшы иштер менен үзгүлтүксүз алек болуусу керек. Ошондуктан, ал кишилерге бүткүл коомго пайда алып келе турган максаттарга жетишүү үчүн дайыма иштөө керек деп ар дайым кайрылат. Мисалы, өзүнүн сөздөрүндө Гүлен, өз өмүрлөрүн «кызматка» арнаган кишилер үч саат уктап, бир же эки саатты өзүнүн башка керектөөлөрүнө калтырат, ал эми калган башка убактысынын баарын «кызматка» беришет дейт (Агай, 2003:61).

Бул сөздөргө ылайык, коомдун көйгөйлөрүн даана аңдаган жана дүйнөнүн талыкпаган прогрессин түшүнгөн кишилер гана үзгүлтүксүз иштөөнүн зарылдыгын сезишет. Анын жолун жолдоочулардын азыркы кырдаалды өзгөртүүнү каалоосу жана эрки ушундай аңдап-түшүнүүгө негизделет. Мындай жагдай Гүлендин билим берүү долбоорунун идеалдарына эң сонун төп келишет. Акыл-эси илим менен агартылган жана ишеними түрткү берген кишилер гана коомдо кандай коркунучтуу көйгөйлөр бар экендигин түшүнүүгө дарамети жетет. Ушундай формациядагы кишилер мындай көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иш-аракет үчүн зарыл болгон мотивацияга ээ.

Албетте, минтип аңдап-түшүнүү мында акыл-эс менен иш-аракеттин арасындагы белгилүү бир байланышты көрсөтүп турат. Чындыгында, кишилер өздөрүнүн күндөлүк турмушунда өз милдеттенмелерин ийгиликтүү аткаруу үчүн рационалдуулукка муктаж. Ошондуктан, көптөгөн авторлор Гүлендин жолун жолдоочулардын иш-аракеттери Макс Вебердин «ички дүйнөнүн аскетизми» идеалдуу тибин эске саларын ырасташат (Өздалга, 2000; Агай, 2003). Вебердин оюна ылайык, аскетизмдин бул типологиясында «дүйнө, жүктөлгөн милдет катары диний жакшы иш-аракет үчүн берилген. Дербиштин милдети анын аскеттик идеалдарына ылайык дүйнөнү кайра өзгөртүүдө турат». Жана кайрадан «[...] дербиш жашаган дүйнөнүн тартиби ал үчүн рационалдуу «аткарууга» тийиш болгон «шык-жөндөм» болуп калат» (Вебер, 1980:329; цит.: Агай, 2003:60).

Бирок Гүлен өзүнүн жолун жолдоочуларга белгилүү бир иш-аракеттерди аткарууну жөн гана көрсөтпөйт же буйрук кылбайт. Башкача айтканда, Кудайга ишенген кишинин милдети соңку максатка жеткизген иш-аракеттерди аткарууда гана эмес. Жөн гана берилүүгө караганда аңдап-билүү көптү талап кылат. Чындыгында, Гүлен, анын жолун жолдоочулардан азыркы коомдун көйгөйлөрү үчүн өздөрүн моралдык жактан жоопкерчиликтүү сезүүсүн өтүнөт. «Жакшы мусулман киши» болуу көрсөтүлгөн жол боюнча жөн гана рационалдуу жүрүүнү билдирбейт. Гүлендин пикирине ылайык, исламдын принциптерине багытталган иш, рационалдуу ой жүгүртүүнүн жана ички дүйнө менен аңдап-түшүнүлгөн ислам этикасынын натыйжасы болушу керек. Ошондуктан, кишилер сезимтал жана аягына чейин жасалбаган иш үчүн жоопкерчиликтүү болуусу абзел. Чындыгында, киши жумушта негизги убакытынын көбүрөөк бөлүгүн курмандык кыла алуу үчүн жана өз иш-аракеттерин үзгүлтүксүз өнүктүрүү үчүн, жоопкерчилик жана дүйнө көйгөйлөрү үчүн күнөөлүү сезиминин чакырыгына жооп кайтарышы керек.

Бул, Гүлен өзүнүн ислам этикасын динге негизделбеген моралга байланыштырган түйүндүн дал өзү деп ырастайм. Муну жакшыраак түшүндүрүү үчүн, Гүлен, адатта, жоопкерчилик сезими менен чексиз активдүүлүктүн арасына түзгөн байланышка көңүлүңөрдү бурам. Чындыгында, Гүлен түшүнгөн жоопкерчилик сезими субъект жана анын адеп-ахлактуулугу жөнүндөгү динге негизделбеген теориялар менен көп жалпылыктарга ээ.

Батыштын философиялык салтында, адатта, ким жоопкерчилик ала алса, ага ылайык, өз чечимдери жана иш-аракеттери жактырылса же айыпталса, ошол «моралдык агент» катары саналат. Бул аныктаманын негизги мааниси катары жоопкерчилик, өзгөчө, бийлик алдындагы жоопкерчилик түшүнүгү эсептелет. Бул концепт «бир денедеги туруктуу акыл-эси бар бир субъект» катарындагы кишини»[11] жана обьективдүү билимдер менен казуалдуулук тууралуу азыркы илимий идеяларды ж.б.у.с. гана билдирбейт, бирок бизди баарынан көбүрөөк кызыктырган нерсе – Мыйзамга баш ийбегендиги үчүн өзүн күнөөлүү сезүү ички жөндөмдүүлүгү (Асад, 2003). Бул теорияда адамдардын жүрүм-туруму ички дүйнөдө жазылган эрежелердин белгилүү бир топтомуна ылайыктуулугун түшүнүү үчүн адеп-ахлакка ээ болушу керек болгон жана эгер кишилер эрежелерди сакташпаса, өздөрүн күнөөлүү сезүүсү кишинин интеллектуалдык жөндөмү катары каралат.

Бул сыяктуу, Гүлендин ойлоруна ылайык, активдүү адамдар келечек өмүрдө Кудайдан жана бул жашоодо ар-намыстуулуктан жеме укпаш үчүн өздөрүнүн милдеттерин түшүнүүсү жана аткаруусу керек. Этиканын динге негизделбеген концептуализациясын тутунуу менен Гүлен, ыймандуу адамдар «чыныгы мусулман» болуу үчүн терең түшүнүүсү керек болгон ички жоопкерчилик сезиминин түздөн-түз натыйжасы активдүүлүк деп ырастайт. Бул концептуализация, адамдардын билим алуусу аркылуу алардын сезимдүүлүгүнүн негизиндеги моралдык тандоосунан иш-аракет келип чыгарын билдирет.

Ошентип, активдүүлүк – бул акыл-эске жана ыйманга негизделген ой жүгүртүүнүн аркасында дүйнөдөгү жамандыктардын азыркы өңүттөрүн түшүнгөн, билимдүү адамдардын тандоосунун натыйжасы. Жогорку адеп-ахлактуу кишилер билим берүү аркылуу мындай жоопкерчилик сезимин турмушка ашырып, дүйнөдөгү моралдын начарлашына жоопкерчиликти өзүнө алууга жана моралдын начарлашына каршы иш-аракет кыла баштоого чакырышат.

Мен буларды айтып жатып, Гүлендин исламга тиешелүү көз караштарынын тарбиялык өңүттөрү жоюлуп кетет деп ырастабайм. Анткени биринчиден, Гүлен ислам көрсөтмөлөрүнүн жана аларды аткаруу талаптарын ишенимдүү коргоочусу болуп саналат. Кыймылдын жактоочулары – мугалим болууну максат кылган бардык кишилер – бир күндө беш маал сыйынышат (намаз окушат) жана ал тургай түнкүсүн көбүнчө кошумча сыйынышат.[12] Экинчиден, кыймылдын өз ыктыярдуулары ар дайым акцияларга катышуу менен, чындыгында абдан тартиптүү өмүр сүрүшөрүн көрсөткүм келүүдө. Ошол эле учурда, мен, Гүлендин сунуштары чындыгында «динге негизделбеген» болуп саналат деп ырастабайм. Мунун ордуна, ал көрсөткөн жол, кишилерди куткаруу менен байланышып турган кезинде өзүнүн трансценденталдык мүнөзүндө болот. Бирок исламды спецификалык идеалга окшоштуруу Гүлендин жолуна моралдык агенттик философиялык түшүнүгүнө окшогон кандайдыр бир нерсени берет. Бул өңүт мусулман дүйнөсүндөгү башка жолдордон бул жолду айырмалап көрсөтөт. Бирок бул көйгөйдү кароону улантуудан мурда, Гүлен сунуштаган иш-аракет моделине анын жолун жолдоочулар кантип баш ийип жатканын кыскача мисал келтирем.

Этнографиялык кыстырма

Гүлендин насааттары анын жолун жолдоочулардын жашоосуна чындыгында кандай таасир тийгизет? Алар өз устатынын көрсөтмөлөрүн кантип турмушка ашырышат? Менин теориялык божомолум – кадыр-барктуу дискурстар туура маанилерди аныктап жана чечмелеп-түшүндүрүп, кээ бир усулдарды башкалардын пайдасы үчүн чыгарып таштап, динди ар бир адамдын ички дүйнөсүнө курушат (караңыз: Асад, 1993). Мен айтайын деген нерсе – бул диний жүрүм-турумдун модели ыймандуу адамдар сакташы керек болгон жөн гана эрежелер эмес, алардан белгилүү бир эмоциялары, каалоолору жана сезимталдыгы бар адамдарды тарбиялаган күчтүү дискурстар (караңыз: Асад, 1993; Махмуд, 2001, 2005; Хиршкинд, 2001). Мындай мамилеге ылайык, жүрүм-турумдун белгилүү бир моделин сунуштоо менен Гүлен өзүнүн жолун жолдоочуларынын диний тажрыйбасын түзүп жатат деп ырастайм.

2005-жылы жайында жана күзүндө Стамбулдагы менин кыска мөөнөттүү жер кезген изилдөөлөрүмдүн убагында, мен таанышып, тез-тез баарлашкан анын жолун жолдоочулар кыймыл менен байланышы бар мектептеги мугалимдер болуп эсептелет. Алар анда орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн түрк жогорку окуу жайларына тапшыруу сынактарына даярдашкан. Алардын баары мектептен анча алыс эмес жердеги жатаканада турушат. Алар абдан «динге негизделбеген» предметтер болуп саналган физиканы, химияны жана биологияны үйрөтүшөт, бирок алардын күндөлүк турмушундагы жүрүм-турум модели Гүлендин талаптарына ылайык келет.

Алар өз убактыларынын көбүрөөк бөлүгүн жатакана менен мектептин арасында өткөрүшөт. Адатта, алар намаз окуш үчүн таңкы саат 6да ойгонушат жана таңкы саат 8ге чейин өз сабактарына даярданышат же китеп окушат. Андан кийин алар мектепке жөнөшөт, анда сабак беришип, кошумча жекече же факультативдик курстарды өтүшүп, күндүн көбүрөөк бөлүгүн ошол жерде өткөрүшөт. Алар, адатта, жатаканага болжол менен кечки саат 7лерде кайтышат, кийимдерин алмаштырып, мечитке барышат, сыйынышат жана кечки тамагын жешет. Андан кийин алар, эгер жамааттын белгиленген жыйналышы болбосо,[13] жатаканага кайтышат. Мында алар кайрадан китеп окушат, окуучуларга кошумча сабак беришет же алар менен жакын мамиледе болуу үчүн жөн гана баарлашат. Аягында, алар соңку намазын окушуп, андан соң уктаганы жатышат.

Алардын күндөлүк расписаниесинде эс алуу, тыным алуу жана тамак, уйку деген сыяктуу күндөлүк талаптарды канааттандыруу азыраак мааниде болуп саналат. Алар менен аңгемелешкенимде, мүмкүн болушунча азыраак тамактанууга аракет кылышкандыгын айтышты. Алар мага күн бою эч нерсе жешпегенин же алар жеген кичинекей порцияны да жебеши керектигин айтышты. Уйку жөнүндө алар мага, Гүлен көбүнчө өз китептеринде мүмкүн болушунча азыраак укташ керек экендигин, анткени мунун ордуна жасай турган көп иштер бар экендигин сунуштаганын айтышты. Ошондуктан, алар аз уктоого, суткада 5 саатка жакын уктоого аракеттенишет.[14] Мени менен аңгемелешкендер үчүн мугалим болуу милдети максатка жетишүүдөгү чыныгы миссия болуп саналат. Алар өздөрүнүн убактыларынын баарын бул милдетти аткарып, жасаш үчүн кандайдыр бир чоңураак ишти издөө менен өткөрүшөт. Алар бир иш менен алек болуш үчүн эмне жасай алышса, ошонун баарын жасашат жана чындыгында эле алар өтө активдүү. Эгер алар сабак беришпесе, өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулушат жана окуучуларга үйрөтүү үчүн көбүрөөк билүүнү каалашат.

Өзүн бүт бойдон арноо жана өзүн-өзү курмандыкка чалуу алардын күндөлүк турмушундагы негизги өңүт болуп саналат. Активдүүлүк, бир эле учурда бул баалуулуктарды турмушка ашыруунун ыкмасы да, натыйжасы да болуп саналат. Чындыгында, менин байкоолорума ылайык, коомчулуктун мүчөлөрү активдүү болуу менен өздөрүн кыймылдын долбооруна толук бойдон арналгандыктарын сезишет. Бул алар үчүн Гүлендин идеяларына ылайык өздөрүн жакшы иштерди аткаруучулар катары сезүүнүн ыкмасы болуп саналат. Ошондой эле, бул адеп-ахлак жагынан мусулмандык субъектти калыптандырууда негизги болуп саналган момундук жана өзүн-өзү курмандыкка чалуу сыяктуу маанилүү жакшы иш-аракеттерди турмушка ашыруунун ыкмасы да болуп саналат.

Эгер алардын эс алуусуз иш-аракеттеги күрөшү коом алдында жоопкерчилик сезиминин ишке ашуусунун натыйжасы болуп саналса, ошол эле учурда, бул тартиптин формасы болуп эсептелет, анын жардамында кыймылдын жактоочулары өздөрүнүн диний тажрыйбаларын курушат. Чындыгында, момундуктун жана өзүн-өзү курмандыкка чалуунун иш-аракеттери коомчулуктун мүчөлөрүнүн турмушунда негизгилерден болуп эсептелет, анткени тигилер алардын жоопкерчиликтери тууралуу үзгүлтүксүз эске салып турушат. Бул мааниде алганда тигил иш-аракеттер да алардын диний тажрыйбасынын пайдубалы болуп саналышат.

Мусулман болуу, жаран болуу

Албетте, бул кыймылдын өз ыктыярдуу мүчөлөрү ыймандын күчү менен өздөрүнүн күндөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткарышат. Бирок кадыресе мүнөзгө ээ болуу алардын иш-аракеттерине тоскоолдук кылбайт. Гүлендин сунуштарын айырмалап турган нерсе ал көрсөткөн жүрүм-турум жоопкерчиликтин жана моралдын динге негизделбеген идеяларына гана негизделбегендигинде. Ал тургай бул ишмердүүлүктүн максаты социалдык багытталгандыгында болуп саналат. Башкача айтканда, алар ислам салттарына ылайык кабыл алынгандай, ислам коомунун (үммөт) гана эмес, бүтүндөй коомдун бакубаттуулугун жакшыртууга умтулушат. Мен, Гүлендин кыймылында – бул дүйнөнү бейишке айлантуу – дүйнөлүк тынчсыздануу бар деп ойлойм. Бул көз караштан алганда, кыймыл, сыягы, «динге негизделбеген иштерге» өзгөчө көңүл бурат – мында динге негизделбеген иштер катары, мамлекет өз калкынын жалпы бакубаттуулугун камсыздоо милдети түшүнүлөт. Бул ой жүгүртүүлөр жарандык коомдун өнүгүшүндө Гүлендин кыймылынын дарамети боюнча талаш-тартыштарга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок булардын баары Түркия үчүн гана уникалдуу эмес, ал тургай жакынкы чыгыштагы өлкөлөрдө да ислам учурдагы маселелер боюнча талаш-тартыштардын коомдук аренасы болуп калды.

Мисалы, кээ бир авторлор жүрүм-турумдун исламдык жаңы моделдеринин пайда болушун «элдик исламды» толугу менен ырастоо менен бириктиришти, алар бул түшүнүктү «исламдык ой жүгүртүүнүн» салттуу формалары коомдук чен-өлчөмгө ээ болгонудугунун фактысын көрсөтүү үчүн пайдаланышат. Алардын пикирине ылайык, жакшы иш-аракеттүү мусулман субективдүүлүгү жандарды куткаруу маселеси менен мындан ары байланышпайт. Мунун ордуна ислам азыркы мамлекеттин асманынын алдында кантип жакшы иш-аракеттүү жашоо жана кантип коомго пайдалуулугун жана акыйкаттуулугун кантип шартташ керектиги тууралуу коомдук талаш-тартыштардын предмети болуп калды.[15] Жаңы мусулман интеллектуалдары социалдык чен-өлчөмдүн индивиддердин жеке кызыкчылыктарынын интеракцияларынын деңгээлине чейин тарып кеткенин да, эл ичиндеги моралга имплициттүү тыюу салууну да сындашат. Алар мунун ордуна ислам жакшы иш-аракеттерин кантип калыптандырып жана колдоону, аларды коом үчүн позитивдүү демилгелерди жандандырууга кантип пайдаланууну сунушташат. Ошондуктан, ислам коомдук чөйрөсү жарандык коомдун жана коомдук жакшы иш-аракеттердин диний принциптерде жана мыйзамдаштыруу усулдарында түзүлгөн жаңы жана альтернативдүү идеяларга кайрылуулардын орду болуп калды (Сальваторе А., 1998; Хиршкинд, 2001; Эйкелңман, Д.Е., Сальваторе А., 2001).

Бирок Сальваторе (1998) менен Хиршкинддин (2001) пикирлерине ылайык Мисирдеги (Египеттеги) ислам коомдук чөйрөсү динге негизделбеген чөйрөгө параллел турган жер болуп саналат. Чындыгында, ал өзүнүн жеке эрежелерине, усулдарына жана аудиториясына ээ. Ал жерде ислам ой жүгүртүү усулдары «ислам коомунун (умма) убактылуу структурасынын чектеринде жана анын тарыхыйлуулук ыкмасын мүнөздөгөн окуялардын ырааттуулугуна карата негизделет». Алардын ички орду жок же адатта жарандык коом деп аталган ассоциативдүү турмуштун ошол жаатын колдоо үчүн кызмат кылат. Болгон формасында бул усулдар мамлекет менен коомдун арасында ортомчулук ролду ойнобойт (Хиршкинд, 2001:17).

Ислам ой жүгүртүүсү мисирлик контекстинде төмөнкүдөй суроолорду берет: Жакшы иш-аракеттүү мусулман турмушунда кантип жашоо керек? Мусулман коому үчүн жалпы пайданы кантип алуу керек? Мында ыймандуу адамдар негизинен өздөрүнүн жеке иш-аракеттери жана сезимдери ислам кадыр-барктуу дискурстарынын талаптарына ылайык болушу үчүн кам көрүүгө милдеттүү. Ал тургай бул дискурстар талаш-тартыштын предмети болсо да, дискурстун убактылуу чектөөлөрү жана шарттары ислам уммасынын чегинде кала берет. Мунун ордуна Гүлен үчүн диний жүрүм-турум бул дүйнөнү өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттерден турат. Гүлендин жакшы иш-аракеттүү мусулман жашоосунун модели Түркиядагы жана дүйнө жүзүндөгү бүткүл коомдун бакубаттуулугун жакшыртуу үчүн кандай жашоо керектигине тиешелүү.

Экинчиден, субъектке карата Гүлендин көз карашы ислам парздарынын таптакыр башка концептуализациясын түшүнөт. Адамдар дүйнө жүзүндөгү көйгөйлөр үчүн өздөрүн жоопкерчиликтүү сезиши керек. Аларга коомдун көйгөйлөрүнүн кыйынчылыктары жүктөлгөн. Алар өздөрүнө тандап алган этикага ылайык, алар иштиктүү күрөшкө болгон керектөөнү сезишет. Мында ислам моралдын формасын кабыл алып, акыйкаттуу жана объективдүү коомду курууда адамдар үчүн моралдык ички жетектөөчүнүн ролун аткарат. Адатта, мусулман интеллектуалдары мусулман коомунун компоненттерине коомду кыйроодон коргогон ислам усулдарына жоопкерчиликти жүктөшөт (караңыз: Утвик, 2003). Бирок алар бүткүл коомду реформалоо үчүн жалпы программаны сунушташпайт. Ошондой эле алар мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн адамдарды чексиз активдүүлүк моделине ылайык аракеттенүүгө үндөбөйт. Исламдын «өмүр маңызына жана рухуна айлануу» идеясынан жана бүткүл коом үчүн жалпы пайданы издөөдөн алынган мындай аралашма Гүлендин сунушун өзгөчөлөнтүп турат. Ал тургай, мен мында, бул кош идея динге негизделбеген «жарандык жакшы иш-аракеттер» түшүнүгү сыяктуу бул аралашманы кеңири жайылтат деп ырастайм. Бул дүйнөнү бейишке айландыруунун жана иш-аракеттин арасындагы Гүлен байланыштырган байланыш, чындыгында азыркы мамлекеттердеги жарандардын милдеттери менен жалпы белгилерге ээ.

Динге негизделбеген режим адамкерчиликти рационалдуу акыл деп аныктаса да, «жарандык жакшы иш-аракеттер» деп аталган адеп-ахлактуулук үчүн бир азыраак ачык мейкиндик калтырып койгон. Тарыхчы Гордон С. Вуддун пикирине ылайык, он сегизинчи кылымда республикалык түзүлүш башкаруучунун каарынан коркуу үчүн эмес, андагы мыйзамдарда ар-намыс үчүн баш ийүүчүлүгү менен монархиядан айырмаланып турган. Адамдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын жамааттуу жалпы пайда үчүн өкмөткө өткөрүп берип жаткандарына ынанышкан. Так ушул өз ыктыярдуу баш ийүү он сегизинчи кылымдагы жакшы иш-аракеттер жөнүндөгү түшүнүктү түзгөн.[16] Бул көз караштан алганда, азыркы мамлекеттердин жарандарынан коомдук кызыкчылыктын талаптарына ылайык өз эркиндиктерин чектөө гана эмес, өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдалануу аркылуу жалпы пайданы шарттоо дагы күтүлөт. Бул көз караштан алганда, саясий көйгөйлөргө добуш берүү жана талкуулоо жарандык белгилүү бир милдетке жараша укук болгон. Ошондуктан, динге негизделбеген классикалык аныктамага ылайык, адамдар кээ бир учурларда бир кыйла жогорураак турган коомдук кызыкчылык үчүн өз кызыкчылыктарынан баш тартуусу керек. Азыркы жарандык коом түшүнүгү ушул негиздерге таянат.

Бул көз караштан алганда, Гүлендин кыймылынын долбоорунун кээ бир пункттары жакшы жана жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырууга багытталган динге негизделбеген долбоорго дал келет деп ойлойм. Ислам бардыгы үчүн жакшы жашоону курууга адамдарды коомдун ичинде аракеттенүүсүнө түрткү берип жаткан кезде, Гүлендин билим берүү долбоору жарандарга коом алдындагы милдеттенмелерин үйрөтүүдө натыйжалуу болуп көзгө көрүнөт.

Мен бул көз караштан алганда, Гүлендин кыймылы маалыматы бар ислам коомчулугунун билим алуусуна жөн гана жардам бербестен, анын максаты динге негизделбеген долбоорго түзүлүшү боюнча заманбап, демократиялык жана акыйкаттуу болгон альтернативдүү моделди сунуштоодо турат деп ойлойм. Пост-националдык мамлекеттер, сыягы, өздөрүнүн бүт жарандары үчүн адекваттуу жана ырааттуу жарандык тартиптин долбоорун сунуштоо үчүн өз күчтөрүн жоготуп коюшкандыр. Гүлен болсо, азыркы коомдогу материалисттик жана гедонисттик тенденциялардын өкүм сүрүшүнүн мындай алсырашынын натыйжасын көрүп турат. Ошондуктан ал, коомду исламдын этикалык баалуулуктарына жана динге негизделбеген илимдерге үйрөтүү зарылдыгына көңүл бурууну талап кылат.

Корутунду

Радикалдуу исламизмдин панарабизм жана ислам улутчулдугу сыяктуу «батышка каршы» формаларынын кыйрашынан кийин мусулман дүйнөсүнүн бир бөлүгү гана ислам мамлекети аркылуу бир кыйла акыйкат жана мыкты коомду калыптандырууга зарыл болгон шарттарды көрүүнү улантууда. Мунун ордуна азыркы учурда ислам интеллектуалдарынын көпчүлүгү коомду төмөндөн жогору карай реформалоо талабын баса белгилешет. Чындыгында, алардын көз караштарына ылайык, ислам баалуулуктарынын кыйрашы башкаруунун азыркы формаларына эмес, аларды коштогон товардык баалуулуктардын, жашоонун жаңы стилинин жана гедонизмдин кулач жайышына жараша болот. Коомду кайра өзгөртүү индивидден башталышы керектигине койгон алардын басымы, сыягы, мындай кырдаалдын алдындагы өзгөчө бир тынчсыздануунун натыйжасы болуп саналат.

Демек, мусулман интеллектуалдарынын биринчи максаты мусулмандарга ислам жакшы иш-аракеттерин жаңыртууга жана колдоого, ошондой эле азыркы замандын түз жолдон тайдырган күчүнө баш ийбөөгө мүмкүндүк берген жүрүм-турум моделдеринин сунушу болуп калды. Мындай моделдер исламдын салттуу баалуулуктарын регенерациялоодо көздөлгөн жалпы максатка ээ, бирок ар түрдүүчө колдонулат. Чындыгында, алар динге негизделбеген басымдуу дискурс менен өз ара кантип аракеттешүүсү жана анын таасирине кантип дуушар болуусу контексттен контекстке карай өзгөчөлөнөт.

Мен жогоруда белгилеп көрсөткөндөй, Фетхуллах Гүлен динге негизделбеген коркунучтарды алып келбеген, алып келсе да, дароо эмес жана социалдык формаларда алып келбеген жолду сунуштай алган. Кудайга ишенген адамдар алардын исламга ыйман келтиргенин көрсөтүп турган кандайдыр бир тышкы атрибуттарды алып жүрүүгө милдеттүү эмес. Кыймылдын ишмердүүлүгү менен байланышкан жерлерде – мектептерде, жатак-мектептерде жана фонддордо – мусулман дининин эч кандай тышкы белгилери көрүнбөйт. Андан көрө, биз ал жерден – болбоду дегенде Түркияда – Ататүрктүн бюсттарын жана түрк байрактарын көрөбүз. Гүлен, исламга тышкы кийим боюнча динге негизделбеген эрежелерге ылайык келген коомдук форманы ыйгарды.

Ошентсе да, Гүлендин сунушу жекекоомдук бөлүнүүнү урматтаганынын фактысы жетиштүү болуп эсептелбейт. Исламды кийим-кеченин салттуу усулдарын жана стилдерин сактоодон бөлүп, Гүлен аны адамдарды жоопкерчиликтүү жана социалдык багыттагы иш-аракеттерге түрткөн өзүнүн өзгөчө бир моралдык маңызына кайра өзгөрттү. Диндин жеке тандоого басып кириши динге негизделбеген режим үчүн кээ бир көйгөйлөрдү пайда кылат. Чындыгында, динге негизделбеген режимдин классикалык аныктамасына ылайык, дин азыркы жашоонун көрсөтмөлөрүнө келишкис болуп эсептелет. Коомдук жерлерге кийинип баруу үчүн кийим-кеченин формасынан тышкары, бул, адатта, жекече сезимдер, эмоционалдык жана иррационалдык күчтөр менен байланыштуу. Динге негизделбеген режим динди этиканын ордуна адамдын жеке ички дүйнөсүнө орнотот. Бирок ишеним жеке турмуштун маселеси бойдон калуусу жана рационалдуу тандоого да, моралдык иш-аракетке да таасир тийгизбеши керек. Мындан тышкары, ал бул дүйнөнүн иштери менен алек боло албайт, анткени бул ар түрдүү ишенимдеги кишилер менен жаңжалдашууга алып келет. Мындай түшүнүккө ылайык, «эркин» болуу үчүн, агенттер өздөрүнүн акыл-эсине жараша гана аракеттенүүсү керек.

Бул көз карашатан алганда, Гүлендин сунушу динге негизделбеген режимдин жактоочулары тарабынан башкалардын жеке турмушуна ылайык келбеген баскынчылык катары түшүнүлүүсү мүмкүн, анткени ал жекече диний артыкчылыктардын рационалдуу тандоосуна таасир этет. Себеби Гүлендин жоопкерчиликке жана активдүүлүккө үндөөсү өзүнө моралдык агенттиктин динге негизделбеген түшүнүктөрү менен дал келген исламдын «өмүрдүн рухуна жана маңызына айлануу» идеясын камтып турат. Исламды мораль менен окшоштуруу жолу менен, мусулман лидери динге негизделбеген долбоор үчүн тиешелүү кыйынчылыктарды жаратат. Талал Асад, саясатты дин менен бузуудан сактоо жана аны республиканын чегинде алгылыктуу формаларын аныктоо үчүн бийлик динди таанышы керек жана анын артынан «аңдуу» коюш керек»[17] деп ырастайт. Эгер бул мындай болсо, Түркиядагы динге негизделбеген режимдин жактоочулары жана чет өлкөлөрдө Гүлендин модели үчүн «аңдуу» орнотуу кыйын. Гүлендин исламы мораль менен жакын болгондуктан, динге негизделбеген режимдин жактоочулары үчүн аныктоого гана кыйын болбостон, ошондой эле динге негизделбеген моралдын уюмунан орун табууга аракеттенүүдө.

Чындыгында, алгач Гүлендин баштапкы максаты гедонисттик баалуулуктардын жагымдуулугуна каршы Түркиядагы мусулмандарды коргоо болсо, кийин «азыркы замандын» көптөгөн баалуулуктарын тең бөлүшкөн жолду иштеп чыкты. Кыязы, Гүлен өз жолу менен баратып, анда исламдын башка интерпретацияларына караганда, батыштын салттарынын чегинде иштелип чыккан универсалдуу баалуулуктар менен көп жалпылыктар бар экенин билген. Ошондо мындай аргументтерге шыктанган ал, бир кыйла гумандуураак коомду түзүүнү шарттоону ниеттенген исламды сунуштоо үчүн өзүнүн сунушун кайра ойлонуштурган.

Бул көз караштан алганда, азыркы замандын жөн гана альтернативдүү көрүнүшүн сунуштабай эле дейм. Ал бул азыркы заманды курууга катышууну каалайт жана ушул максатта анын моралдык негизин кайра ойлонуштуруу жолу менен азыркы замандын долбоорун шарттоого ниеттенет. Диндин моралдык өңүттөрүнө басым коюу жана жарандык принциптерге кайрылуу менен, тагыраак айтканда, адамзаттын прогресси үчүн өзүнүн моралдык чен-өлчөмүн жоготпостон, ал ислам үчүн коомдо белгилүү бир ролду талап кылат. Ошентип, ал, дин үчүн белгилүү бир мейкиндикти ачып, ага коомго жол көрсөтүүчү ролду ыйгарат.

Мен мында, азыркы дүйнөдө дин бул ролдо болушу керек жана умтулушу керек деп жарыялабагандыгым айдан ачык. Бул көйгөй илимий анализге караганда, биздин жеке ыйманыбызга жана ишенимдерибизге көбүрөөк тиешелүү. Ошентсе да, дин батыш контекстеринде ортолук формага ээ деп ойлойм. Ал тургай, ал жерде деле алар кээ бир жалпы негизги пункттар жөнүндө келишүү үчүн өздөрүнүн практикалык өңүттөрүн прогрессивдүү түрдө четтетишет. Бул багытта Гүлен да маанилүү кадамдарды жасады. Мындай өзгөрүүлөргө кошумча катары азыркы дүйнөдөгү моралдын бузулушуна жалпы тынчсызданууну көрө алабыз деп ойлойм.

Мындай тынчсыздануу диндердин глобалдуу моралдык көйгөйлөр боюнча көп сандаган добуштарды талап кылуу жөнүндө келишим түзүшкөн жалпы негиз болуп саналат. Динге негизделбеген дискурстар азыркы замандагы жаңыланган диний дискурстардын алдында келип чыга турган кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн өзүн жаңырта алышы керек деп ойлойм. Бул көз карашатан алганда, Гүлендин өрнөгү мындай кайра ойлонуштурууга мүмкүнчүлүк ачат деп ырастайм. Чындыгында, кайра ойлонуштуруу динге негизделбеген режимдин жактоочулары өздөрүнүн дискурсун азыркы заманга негиздешкен негизги дихотомияны кайра карап чыгууга мүмкүндүк берет. Гүлендин долбоорунун азыркы заман долбооруна шайкеш келиши көз карашы модернизм долбоорунан динге негизделбеген режимдин жактоочулары исламдын априордук өзгөчөлүктөрдөн баш тартууга бизди ынандыруусу керек. Эгерде дин азыркы заман долбоорунда маргиналдык деп эсептелгени улантылса, анда бул шайкеш келбегендиктен улам болот, анткени динге негизделбеген режимдин жактоочулары өздөрүнүн идеясын ушул оппозицияда негиздешкен.


[1] Бул ислам укугунда укуктун негизги башаттарына (Куранга жана сүннөткө) түздөн-түз таянган жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн аларды талкуулоо максатында алар боюнча эркин ой жүгүртүү практикасы. Фетхуллах Гүлендин идеялары менен байланышкан ижтихад тууралуу караьыз: Йылмаз, 2003.
[2] Исламды мындай түшүнүү исламдын антропологиясы боюнча эмгектердин бүтүндөй бир салтына шоола чачкан. Бул тема боюнча жалпы түшүнүк алуу үчүн, караьыз: Асад Талал, 1986, Ислам антропологиясынын идеясы, мезгилдүү эмгектер сериясы, Вашингтон, О.К.: Жоржтаун университети. Азыркы араб изилдөөлөрү борбору. «Неоориентализмдин» азыркы кылдат формаларына акыркы сынды, караңыз: Кандийоти, 1997 жана Наваро-Яшин, 2002.
[3] Секуляризм саясий доктрина катары монолиттүү обңект болуп эсептелбейт жана ар түрдүү өлкөлөрдө, ар түрдүү мезгилдерде турмушка ар түрдүүчө ашырылган. Бирок, менен көрсөткүм келгендей, секуляризм, онтология жана эпистемология катары обңект, себеп, адам менен тарыхтын алакасы тууралуу кызыктуу ойлорду сунуштайт (караңыз: Асад, 1993, 2003).
[4] Индивиддин рухий өнүгүш абалы суфизмде материалдык баалуулуктарга толук бойдон кайдыгер болушу жана Улуу Жаратканга жакындык жана урматтоо сезими менен билдирилет (Гюлен, 2004: хх, Ключевые понятия в практике суфизма. Изумрудные холмы сердца (Биринчи басылышы 1998), Лайт Инк.& Ышык йайынлары, Нью-Жерси).
[5] Гүлендин ойлоруна зор таасир эткен көптөгөн мусулман ойчулдар тарикаттагы (сухбат) үйрөтүү усулдарына сын көз менен мамиле кылышкан. Алар бул усулдарды жекече талкуулоо үчүн жетишерлик орун берген эмес, анткени алар ритуалдуу сөздөрдүн формулаларын кайталоолорго жана жаттоого негизделген. Аларга ылайык, сухбаттар билимди сынаакы карабаган мамиледе механикалык түрдө гана айтылып, модернизмдин басымына туруштук берүүгө жөндөмсүз болгон. (караьыз: Явуз, 1997).
[6] Унал & Уильямс, 2000: 168, цит. Риза Зельюттан алынды, Акшам, 19-апр., 1997.
[7] Аны менен катар, Гүлен, Осмон империясы өкүм сүргөн мезгилди бир өлкөдө ар түрдүү диний ишенимдердин болушунун жана толеранттуулуктун үлгүсү катары карайт.
[8] Чындыгында, илим Кудай менен баарлашуу нуктарынын бири болуп саналгандыгы жөнүндө идеяны Гүлен өткөн кылымдардагы ойчулдардан өздөштүргөн, алардын баары жаратылыштын түзүлүшүнүн татаалдыгын көрсөтүү аркылуу Улуу Жараткан Өзүнүн теңдешсиздигин көрсөтүүдө деп эсептешет.
[9] Гүлендин айтуусу боюнча, реалдуу көйгөй «биз илимди туура нук боюнча багыттоого жөндөмсүз болгондугубузда» турат. Ошондуктан биз жогорудан берилген аяндарды илимий теориялар менен, кээде болсо, илимий билимди философия менен чаташтыруудабыз [...]. Мунун натыйжаларынын бири өсүп келе жаткан муундун өз коомунан бөлөктөнүүсү болуп саналат. Убакыттын өтүшү менен бул жетиле элек муундар динди, рухий баалуулуктарды жоготушту, андан кийин бүткүл улуттун интеллектинин, идеалдарынын, өнөрүнүн жана дегеле жашоосунун жалпы кыйроосу башталды [...], азыркы цивилизациянын зыяндуу өңүттөрү кулач жайды» (Унал & Уильямс, 2000:97, цит. Акмандын «Фетхуллах Гүлен айтып берет» макаласынан).
[10] Эмне үчүн мугалимдер тартиптүүлүктүн үлгүсү болушу керектиги мына ушунда. Гүлендин айтуусуна ылайык, «дүйнөнү кайра өзгөрткүсү келгендер өзүн-өзү кайра өзгөртүүнү баштоо керек. Алар башкаларды жакшыраак дүйнөгө алып бара турган жолго багыттоо үчүн өздөрүнүн ички дүйнөсүн жек-көрүүдөн, жамандыктан тазалашы жана өзүнүн тышкы дүйнөсүн ар кандай жакышылыктар менен кооздошу керек» (Диндер аралык диалогдун зарылдыгы: Мусульмандык мамиле. Дүйнө диндери парламентинде чыгып сүйлөгөн сөзү, Кейптаун, 1999, 1-8-декабрь, цит. Мишелдин макаласынан, 2003:78). Мен мурда башка жерлерде да, мисалы, менин университетимде корголгон магистрдик тезисимде айтканымдай, кыймылдын бир кыйла берилген мүчөлөрү жүрүм-турумдун тартиптүү шаблонун катуу сакташат. Ал бир катар жакшы иш-аракеттерди бириктирүүгө, аларга үзгүлтүксүз жана өздөрүнүн рухий тазалыгын жана тартиптүүлүгүн сактоого көмөк көрсөтүүгө багытталган. Бирок ошентсе да, мен мында Гүлендин насыяттарынын элдин калыь катмарына тийгизген таасиринин натыйжаларын изилдөөгө көбүрөөк кызыгамын.
[11] Т.Асад мында Жон Локктун кишиге карата берген аныктамасына таянат: «иш-аракеттерди жана алардын сиьирген эмгектерин камтыган сот термини, ошондуктан, өз укуктарына жана бакыт менен азапты баштан өткөрүүгө укуктуу акыл-эстүү агенттерге гана таандык. Мындай персонаж өзүнүн акыл-эси аркылуу, ал кызыкдар жана жоопкерчиликтүү боло баштап, өзүнүн өткөндөгү иш-аракеттерин аңдаса жана ал мунун баарын азыркы кезде кантип жасап жатса, ошол эле негизде жана ошол эле себептен жасаган өзүн азыркы жашоонун чектеринен өткөнгө карай созот» (Адам акыл-эс жөнүндө тажрыйба, экинчи китеп, XXVII тажрыйба, 26-бөлүк) Т.Асад, 2003:74: №14.
[12] Караңыз: Fabio Vicini, Essere Sufi nel movimento neo-Nur di Fethullah Gulen, M.A. Thesis at University of Milano-Bicocca.
[13] Мындай жолугушуулар, адатта, мектептерге жана жатак-мектептерге тиешелүү окутуу жана башка административдик маселелерди талкуулоо менен аяктайт.
[14] Комечоглу, (1997) «жарык үйлөрдө» жашаган адамдардын интервьюсунан, алар мүмкүн болушунча азыраак уктап, азыраак тамак жей турганын билгенин айтат. Ал тургай, алар ага хадистердин бирине ылайык, бак даарыган Пайгамбардын өзү сыяктуу аптада эки күн орозо кармашарын айтышкан.
[15] Сальваторе ырастагандай, ислам укугу (фикх) социалдык маселелердин кеңири тармагын чечүүгө дайым кызыккан жана ар дайым коомдун гүлдөшүнө максат койгон. Бирок азыркы мамлекеттин мекемелери менен байланыштуу түрдө «жалпы жакшылыктын» жана жалпы бакубаттуулукту камсыздоонун пайдасына жалпы дискурс Осмон империясынын кулашынан кийин гана орнотулган (Сальваторе А., 1998).
[16] Караңыз: Вуд, Гордон С., 1969, Образование Американской республики, 1776-1787, Түндүк Каролина Университетинин басмаканасы.
[17] Асад Талал, Секуляризм жана коомдук жайлар жөнүндө ой толгоолор, Бейрут конференциясында коомдук чөйрө боюнча Негизги доклад, 2004, 22-24-октябрь (кыстырмалар). Булак: Социалдык илимдер боюнча иликтөөлөр кеңеши, Обңекттер жана маселелер, 5-том, № 3, 2005.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2020 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.