Ф. Гүлен исламдын жана азыркы демократиянын рухий баалуулуктары жөнүндө

Азыркы адамзат өзүнүн өнүгүшүндө терең өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүүдө. Аны зордук-зомбулуктун жана терроризмдин жайылышын, айыкпас ооруларды жана жакырчылыкты, глобалдуу согушка өсүп жетилүү коркунучун өзүнө сыйдырган, этностор аралык жана конфессиялар аралык жаңжалдар үрөйүн учурууда. Ал тургай христиандык Батыш менен мусулмандык Чыгыш маданияттарынын жана цивилизацияларынын келечектеги кагылышуусу жөнүндө идеяны негиздеген теориялар пайда болууда.

Дүйнөдө болуп жаткан окуялар прогрессивдүү адамзатты: окумуштууларды, философторду, теологдорду, ойчулдарды, саясатчыларды, өкмөттөрдү жана эл аралык таасирдүү уюмдарды терең ойго салат. Бул ысымдардын арасында түрк аалымы, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Фетхуллах Гүлендин гуманисттик ишмердүүлүгү маанилүү орунду ээлейт.

Гүлендин коомдук-саясий, адеп-ахлактык, диний-философиялык бардык көз караштарынын квинтэссенциясын толеранттуулук принциби түзөт. Толеранттуулук принцибинин призмасы аркылуу Ф. Гүлен исламдын рухий баалуулуктары, анын гуманисттик жана демократиялык табияты жөнүндө ой жүгүртөт. Ал, исламдын таасирин мусулман уммасынын чеги менен чектебейт. Ислам рухий баалуулуктары мусулмандык Чыгышты христиандык Батыш менен элдештирүүдө дүйнөлүк цивилизациянын тагдырында чечүүчү ролду ойнооосу мүмкүн. Ошондуктан Гүленди башка мусулман агартуучулардан айырмаланган, инсандын рухий өнүгүшүнө, анын адеп-ахлактык жана интеллектуалдык шык-жөндөмдөрүнө басым жасаган, XX-XXI кылымдарда исламды чечмелеген жаңы интерпретаторлордун катарына кошууга болот. Бирок ал өзүн мындай деп эсептебейт. Мындай мамиле цивилизациялар аралык диалогдун деңгээлинде исламдын рухий салттары менен Батыштын демократиялык баалуулуктарын элдештирүүгө мүмкүндүк берет.

Эки цивилизациянын кагылышуу коркунучун алдын алуу үчүн Гүлен бул көйгөйдү биргелешкен күч-аракеттер менен чечүүнү сунуштайт. Бул үчүн Батыштын илимий, технологиялык, экономикалык жана аскердик дарамети менен өзүнүн башатында Ыйык Курандан жана сүннөттөн азыктанган Чыгыштын адеп-ахлак жана рухий салттарына бириктирүү зарыл.

Азыркы дүйнөдө мусулмандык Чыгыштын жана христиандык Батыштын маданияттарынын диалогунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, ал, ошол эле учурда бул жолдо пайда болгон кыйынчылыктарды жана карама-каршылыктарды белгилеп көрсөтөт. Ф. Гүлен эки тараптуу негизде турмушка ашырылуусу керек болгон Батыш жана Чыгыш цивилизацияларынын интеграциясынын жактоочусу болуп саналат. Ал, өнүгүүнүн азыркы деңгээлине жетишүү үчүн өнүгүүнүн Батыш моделин: Батыш баалуулуктарын, идеалдарын, жашоо образын, «модернизмди» жактоочу мусулман интеллектуалдык чөйрөлөрдү сындайт.

Батыш идеологиясынын таасиринде калган мусулман интеллигенциясынын көптөгөн өкүлдөрү исламды Чыгыштын прогресс жолундагы тоскоолдугу катары карашат. Бул жемелерге жооп катары Ф. Гүлен «... мусулман интеллигенциясынын кээ бир өкүлдөрү исламдын өзүн мусулман элдеринин артта калуусунун себеби катары күнөөлөштү. Алар 11 кылымдан ашкан исламдын артыкчылыктарын унутуп, исламдын тарыхы он сегизинчи кылымда гана башталгандай ойлонушту жана жазышты... Ал тургай алар, кур дегенде, исламды жана анын узак тырыхын үстүртөн болсо да үйрөнүүгө аракет кылышкан жок»[1] деп өкүнүү менен белгилейт.

Мусулман дүйнөсүндө өнүгүүнүн Батыш моделин жактоочуларды Ф. Гүлен модернисттер деп атайт. Бул идеологиянын жактоочулары, мааниси боюнча, модернизмди Батыш жашоо образын жана менталитетин тууроо үчүн идеал катары «вестернизацияга» окшоштурушат.

Муну менен катар Ф. Гүлен модернизм доктринасына каршы чыгат. Адамзат коомчулугунун өнүгүүсүнүн башкы багыты катары, ал модернизмди эмес, «цивилизацияны» сунуштайт. Хожа эфенди цивилизация деп, баарынан мурда, «адеп-ахлак жүрүм-туруму жана интеллектуалдык өнүгүү жаатында инсандардын жана коомдун жаңылануусун түшүнөт. Мамилелердин жана манералардын өзгөрүшүнө көңүл буруунун ордуна жаңы буюмдарды керектөө жана көңүл ачууларды өткөрүү үчүн өндүрүшкө көңүл буруу «маданий кылмыш» болуп саналат, анткени ал түшүнүксүз көйгөйдөн сакайтуучу жалган дары түшүнүгүн берип, адамдарды адаштырат».[2]

Модернизмдин көшөгөсү менен чыныгы көйгөй жашырылууда, атап айтканда, менталитетти өзгөртүү. «Ошентип, – деп корутундулайт ойчул, – цивилизацияны байлыктан, ыксыз жасалгадан жана ыңгайлуу турмуштан, чоң, бай жасалгаланган үйлөрдөн, ошондой эле техникадан менен өндүрүштүн жана керектөөнүн санынан издебеш керек. Андан көрө, аны таза ой жүгүртүүдөн, манералардын жана сезимдердин кылдаттыгынан, көз караштардын жана түшүнүктөрдүн тууралыгынан издөө керек. Цивилизация адамдын рухий эволюциясында жана чыныгы адамкерчилик жана жеке чынчылдык менен принципиалдуулук багытында үзгүлтүксүз өзүн-өзү жаңыртууда турат. Цивилизациялуулук, тилекке каршы, Батышты карандай тууроо сыяктуу түшүнүлгөндөй, кандайдыр бир кийимди дүкөндөн сатып алып, кийип алууда эмес, тескерисинче, ал, убакыт жана жагдайлар аркылуу ага рационалдуу жол менен келип жетиши керек болгон акыркы пункт болуп саналат».[3]

Мусулман интеллигенциясы тутунган кийинки ашынган динчилдер тарабы – бул Батыш баалуулуктарынан толук баш тартуу, жөнү жок сын тагуу жана Батыштын бүткүл жагына кастык кылып, Батыш душмандын образында кабыл алынат. Минтип бир жактуу баа берүү, Гүлендин пикири боюнча элдердин жана цивилизациялардын азыркы кездеги диалогун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөнү шарттабайт. Ф. Гүлен цивилизациянын өнүгүшүндө «ортолук» ислам жолун сунуштайт. Бирок, Ахмет Куру баса белгилегендей, Гүлен ислам менен азыркы турмуштун арасындагы жолду издебей эле, анткени ал өзү исламды алтын ортолук катары карайт. «Ислам Гүлендин түшүнүгүндө абсолюттуу тең салмактагы «алтын ортолук» болуу менен – материализм менен спиритуализмдин арасындагы, рационализм менен мистицизмдин арасындагы, күндөлүк жашоо менен күчтөнгөн аскетизмдин арасындагы, бул жана тиги дүйнөлөрдүн арасындагы тең салмактуулук – жана мурда жашап өткөн бардык пайгамбарлардын жолдорун камтып, кырдаалдан улам өз жолун тандайт».[4]

Ошентип, Гүлен ислам дүйнөсү менен азыркы дүйнөнү толеранттуулуктун, сүйүүнүн, диалогдун жана демократиянын идеяларынын негизинде интеграциялоого аракеттенет. Башкача айтканда, Гүлендин цивилизациялар аралык толеранттуулугу ислам дүйнөсүнүн рухий байлыктарын Батыштын илимий-техникалык прогрессинин жетишкендиктери менен синтездөөнү камсыз кылат. Ошондуктан, Ф. Гүлендин агартуучулук ишмердүүлүгүн баалоодо Томас Мишель менен макул болбой коюуга болбойт. «Бул жагынан алганда, – деп жазат ал, – Гүлен бирдиктүү боло турган исламдын жана ошол эле учурда азыркы учур жана салттар үчүн маанилүү болгон интерпретациясын издөө менен алек».[5]

Гүлендин окуусунда цивилизациянын прогрессинин маанилүү туткаларынын бири адамдын ой жүгүртүүсүнүн, рухий дүйнөсүнүн өзгөрүүсү болуп саналат. Мындай кайра өзгөртүү ислам рухий баалуулуктары, баарынан мурда, инсанда жакындарын сүйүү, боорукерлик, өзүн-өзү чектөө, сабырдуулук жана өзүн-өзү өнүктүрүү сыяктуу гумандуу сапаттарга тарбиялоого мүмкүндүк берүүчү суфизмдин этикасы жана философиясы аркылуу ишке ашуусу мүмкүн. Бул маселени чечмелөөдө Хожа эфенди «эгер азыркы мусулман киши жашоого таамай баа бергиси келсе, ал өзүнөн баштоосу керектигин айтканын Т. Мишель байкаган. Суфизм кылымдар бою топтолгон даанышмандыкты сунуштайт, аны менен кайра өзгөртүлгөн ой жүгүртүүгө, бир кыйла тереңирээк сүйүүгө, жакшы мүнөздүүлүккө жана коомду жакшыртуу үчүн эмгектенүү каармандыгына багыт алууга болот».[6]

Гүлендин суфийлик мотивдери адамдардын ой жүгүртүүлөрүн калыптандыруусу жана өзгөртүүсү боюнча өзүнүн башатында рухий устат – Жалаладдин Румиден алынган. Түрк ойчулу Руминин чыгармаларынан тапкан нак өзүнүн сөзү «Кудайды таанып-билүү өзүн-өзү таануудан башталат» деген суфизмдин эң маанилүү адеп-ахлак постулаттарынын бирин тутунат. Гүлендин чыгармачылыгынын эң жакшы мүнөздөмөсү Түркиянын мурдагы премьер-министри Б.Эжевиттин: «Гүлен бизге Кудайдын суфийлик концепциясынан жана адамды сүйүүдөн жай алган, сабырдуу ислам жөнүндө эске салат. Ал, исламдын модернизм, демократия жана прогресс менен дал келерин таамай көрсөтөт»[7] деп жазганы болуп саналат.

Гүлендин чыгармачылыгы илимий-агартуучулук жааттын алкагы менен гана чектелбейт. Анын саясат жөнүндөгү көз караштарынын мааниси да тайыз эмес. Азыркы дүйнөдө исламдын кадыр-баркынын жана таасиринин өсүшүн жана аны глобализация процессине андан ары интеграциясын эске алып, анын бул жаат боюнча ой-пикирлерине көңүл буруу керек. Хожа эфенди исламды саясатташтырууга жана аны саясий идеологияга айлантууга каршы. Ислам дүйнөсүндөгү көптөгөн ишмерлер, ислам кыймылдары жана партиялары мусулмандардын бардык көйгөйлөрүн саясат жаатында чечүү керек деп боолголоп, саясий ишмердүүлүктү колго алышканын Гүлен белгилейт. Бирок алардын тилеги таш капты. Ал, бул көйгөйлөрдү саясий усулдар менен эмес, моралдын, илимдин, адеп-ахлактын жана руханияттын көз карашында каралышы керек деп ырастайт.

Буга байланыштуу ал өздөрүнүн кылмыштуу иштерин ислам менен жамынган террорду жана террорчуларды айыптайт. Ал «капырлар» деп аталгангандарга каршы исламдын туусун пайдаланган ошол саясий кыймылдарды жана уюшкан топторду айыптайт. Чындыгында бул күчтөр өздөрүн дин жана акыйкаттык үчүн күрөшүүчүлөр катары көрсөтүшүп, террордук актыларды, зордук-зомбулуктарды жасап, исламды дүйнө коомчулугунун көз алдында жаман көрсөтөт. Чын-чынына келгенде алар өздөрүнүн экстремисттик аракеттери менен исламдын, Курандын жана Пайгамбардын көрсөтмөлөрүнүн чыныгы маанисин түшүнүүдө фанатизмди жана түркөйлүктү көрсөтүшөт. Пайгамбар аныктагандай, чыныгы мусулман кишинин образы боюнча анын жанында башка кишилер өздөрүн коопсуз сезген кишинин элесин берүүсү жана аны Жер жүзүндөгү эң ишенимдүү киши катары эсептөөлөрү керек экендигин Гүлен эске салат. Ошондуктан, «мусулмандар, – деп жазат Гүлен, – идеологиялык же саясий ой-пикирлерден улам жасаган иш-аракеттерин жана аны жасоодо исламга жамынууну, ошондой эле кадыресе каалоолорду идея катары көрсөтүүнү токтотушу керек. Бул, Батышта ислам түшүнүгүнүн бурмаланган көрүнүшүнө алып келген. Мисалы, америкалык университеттерде ислам саясий система катары түшүндүрүлөт, аны саясат таануу жана эл аралык мамилелер факултеттеринде окуп-үйрөнүшөт. Мындай түшүнүктү Батыштагы мусулмандардын жана азиялык, африкалык мусулман эмес калктын арасында кездештирүүгө болот. Исламдын туусунун алдында турган көптөгөн кишилердин топтору бул образды экспорттошкону жана аны күчтөндүрүшкөндүгү таң каларлык».[8]

Экинчиден, Батыштагы кээ бир ишмерлер тарабынан ислам терроризм катары, ал эми мусулмандар – террорчулар катары каралышын угуу Гүлен үчүн абдан оор жана ыза кыларлык. Мындай ойлонулбаган айыптоолорго Хожа эфенди жооп катары, ислам арабчадан сөзмө-сөз которгондо Аллахка «орун берүү, моюн сунуу» дегенди билдирерин эске салат. Ислам – бул тил табышуунун, коопсуздуктун жана тынчтыктын дини. Саламдашуу жана башкаларга тынчтык тилөө исламда аткарылган эң жагымдуу адаттардан болуп эсептелет. Мухаммад Пайгамбардан (с.а.с.): «Исламда кандай адат эң жакшы? – деп сурашканда, ал: «Башкаларга тамак берүү жана баары менен саламдашуу»,[9] – деп жооп берген. Гүлендин пикири боюнча, исламды мындай кабыл алуу, исламдын руху жөнүндө кишилер эч нерсе билишпегендиктен келип чыгат жана аны өз жан дүйнөсү менен түшүнүүгө жөндөмсүз. Гүлен ислам тууралуу анын баштапкы булактарынын жана, мисалы, Руми жана башка суфий ойчулдар өңдүү анын рухий түркүктөрүнүн негизинде өкүм чыгарууга кеңеш берет. Адамдар исламды, бул динди калп эле бетине карманган азчылыктын адаттарын жетекчиликке албастан, анын баштапкы булактарынын жана тарыхтын бүткүл мерчеминдеги бул динди тутунган чыныгы момундардын призмасы аркылуу карашы керек. Исламда ырайымсыздык, фанатизм жана сабырсыздык жок экендиги чындык. Бул дин бүт бойдон кечиримдүүлүккө жана сабырдуулукка негизделген. Мевлана, Жунус Эмре, Кулкожо Ахмад Яссави өңдүү сүйүүнүн жана сабырдуулуктун түркүктөрү жана ага окшогондор, исламдын бул постулатын эң сонун чагылдырышып, «сүйүүнү жана сабырдуулукту» реалдуу турмушка ашыруучулар болуп калышкан.[10]

Исламдын баалуулуктарын Руми өңдөнгөн анын көрүнүктүү ойчулдары аркылуу пропагандалоо дүйнөнүн сүйүү менен боорукердикке толушуна шарт түзүшү мүмкүн экендигине Гүлен терең ишенет. Исламга кас болгондорго Хожа эфенди өзүнүн насыятын мына ушундай сөздөр менен аяктайт: «Эгерде биз бүткүл дүйнөгө ишенимдин Мевлана жана Жунус Эмре өңдүү түркүктөрү менен ислам түшүнүгүн тарата алсак жана эгер биз алардын сүйүү, диалогду каалоо жана сабырдуулук насыяттарын айта алсак, анда бүт дүйнөдөгү адамдар биз турмушка ашыра турган бул сүйүүнүн, тынчтыктын жана сабырдуулуктун кучагына бойлорун таштамак».[11]

Жалпысынан динди, анын ичинде исламды демократия же ар кандай бир саясий, коомдук же экономикалык система менен ошол эле негизде салыштыруу жарабайт, анткени Гүлендин көз карашында демократия – бул ар дайым өнүгүп-өзгөрүп туруучу система. Ал пайдаланылып жаткан жерине жана шартына жараша ар түрдүү варианттарда болот. Ал эми дин болсо, жашоонун жана барлыктын бузулгус жана өзгөрүлгүс өңүттөрүнө көңүл топтойт. Демек, диндеги ишенимдин бузулгус принциптерине тиешелүү өңүттөрүн гана, Кудайга сыйынууну жана адеп-ахлактуулукту демократия менен салыштырууга болот.

Америкадагы (1776) жана Франциядагы (1789-99) революциялардын жүрүшүндө, XVIII кылымда эле пайда болгон Батыш демократиясы жана демократиялык идеялар анын көңүлүнө жагат. Гүлен, баарынан мурда, демократиядагы инсандын эркиндигин, инсандын кызыкчылыктарынын коомдон эркин болушун баалайт. Бирок, Ф. Гүлендин ою боюнча индивидуализм абсолюттуу түрдө болуп саналбайт. Ал коомдук турмуштун критерийлерине ылайык чектелиши керек.

Исламдын демократия менен дал келүүсү андагы укуктар жана эркиндиктер азыркы демократиядагы укуктар жана эркиндиктер менен бирдей болуп саналгандыгы менен шартталат. Гүлен азыркы дүйнөдөгү жарандык укуктар жана эркиндиктер жөнүндө ой жүгүртүп, салыштырып талдоодо исламдагы демократиялык укуктар жана эркиндиктер өзүнүн мааниси боюнча Батыштын азыркы демократиялык эркиндиктеринен кем калышпастыгын далилдейт. Мисалга, кишилердин теңдиги жөнүндөгү негизги принципти алалы. Гүлен ишенимдүүлүк үчүн Пайгамбардын: «Бардык кишилер бир тарактын тиштериндей эле тең»[12] деген сөздөрүнө таянат.

Ислам кишилерди алардын расалык өзгөчөлүктөрү, терисинин өңү, жаш-курагы, улуту же денесиндеги өзгөчөлүктөр боюнча бөлбөйт. Пайгамбар: «Силердин баарыңар Адамдан жаралдыңар, ал эми Адам – жерден жаратылган. Оо, Кудайдын кулдары, бир тууган болгула. Ким мурдараак төрөлсө, ким байыраак же башкалардан күчтүрөөк болсо, же кимдир бирөө белгилүү бир үй-бүлөгө же этностук топко таандык болсо, төрөлгөндөн баштап, башкаларды башкаруу укугуна ээ эмес».

Исламдын укуктар жана эркиндиктер жөнүндөгү фундаменталдуу башка принциптерине карата Ф. Гүлендин көз карашында азыркы демократияга төмөнкүлөр карама-каршы келбейт:

  1. Күч чындык тарапта, ислам, чындык – күч тарапта деген кеңири таралган идеяны танат;
  2. Акыйкаттык жана мыйзам – турмуштагы зарыл нерселер;
  3. Дин тутуу эркиндиги жана жашоо, жеке менчик, ошондой эле ден соолук (физикалык ден соолук да, акыл-эс ден соолугу да) башкалар тарабынан зыян тартпашы керек;
  4. Сыр сактоого кепилдик жана жеке турмуштун кол тийбестиги;
  5. Күнөөсүздүк презумпциясы. Эч ким кылмыштын далили жок айыпталышы же башка кимдир-бирөө жасаган кылмыш үчүн жазалануусу мүмкүн эмес;
  6. Аткаруу бийлиги системасынын жамааттуулугу.[13]

Гүлен Батыштын демократиялык мамлекеттеринде өкмөттү шайлоо жана бийлик структураларын ишке киргизүү боюнча азыркы кездеги эркин шайлоолорго кайрылып, мусулман коомунун калыптануусунун өзү акыйкаттык, конфессиялык (диний ишеним) жана этностук теңдик, шайлоо укугу, эркиндик ж.б., ошондой эле демократиялык салттар сыяктуу исламдын демократиялык принциптерине негизделгенин эске салат. Мухаммад Пайгамбардын (с.а.с.) хадисине ылайык исламдын административдик жана саясий системасы өзүнүн пайда болгон учурунан баштап, өнүгүүнүн үч мезгилин басып өткөнүн Ф. Гүлен белгилейт:

Биринчи мезгил Пайгамбардын (с.а.с.) өзү бар кездеги мезгил болуп, Нубувват – пайгамбарлык мезгил деп аталат. Бул мезгилге, анда, тагыраак айтканда, исламда башкаруу жаатында абсолюттуу акыйкатты толук сактоо өкүм сүргөн норма катары эсептелгендиги мүнөздүү. Муну менен катар Гүлендин пикири боюнча, бул көзгө көрүнгөн жакшылыктардын негизине: «Чоңдун жана кичиненин укугу деген болбойт, укук деген укук»[14] принциби түптөлгөн. Бул принцип Гүлен келтирген төмөндөгү мисалды жакшы көрсөтүп бере алат: «Эгер кемеде тогуз кылмышкер менен күнөөсүз бир киши болсо, анда ак ниеттүү бир кишиге зыян келтирбеш үчүн кылмышкерлерди жазалоого кеме чөктүрүлбөйт».[15]

Ислам башкаруусунун экинчи мезгили Адил халифтер же пайгамбарлык халифатынын доору, башкача айтканда, пайгамбарчылык жолу менен баскан халиф-рашиддердин (жеткилеңдикке жетишкен) мезгили деп аталат. Төрт халиф башкарган бул мезгилде (632-661-ж.) эркин шайлоолор кылдат сакталган. Ошондой эле бул доордун адеп-ахлактык парадигмасын абсолюттуу акыйкаттык жөнүндөгү идея түзгөн. Гүлен бул мезгилдин адеп-ахлактык атмосферасына баа берүүдө: «Ал тургай Карл Марксты суктанткан экинчи халиф Омардын акыйкаттуулугу, баарына белгилүү»[16] деп жазат.

Мусулман коомунда (уммада) төрт халифтин бийлик формасы Осмон мамлекетинин кыйрашына чейин өкүм сүргөн, халифат султанаты деп аталган башкаруунун жаңы формасы менен алмашылат. Эгерде төрт халиф-рашиддин башкаруу учурунда бийлик системасы шайлоо түрүндө болсо, башкача айтканда, халифтер шайлоо аркылуу кызматка келишсе, султанаттын орнотулушу менен бийлик: атадан балага мурас катары берилген. Бул мезгилде исламдын демократиялык руху бир аз азайган. Ошондуктан, Гүлендин ою боюнча, бул мезгилдин айырмалуу белгиси абсолюттуу акыйкатты эмес, салыштырмалуу акыйкатты сактоо болуп саналат. «Төртүнчү халиф Али (р.а.) өлгөндөн кийин ички жаңжалдардан жана дүйнөдөгү жалпы абалдан улам ошол кездеги саясий система султанаттыкка трансформацияланган. Бирок эркин шайлоолор андан кийин өткөрүлбөсө да, азыркы либералдык демократиянын негизи болуп саналган башка бардык принциптер ошол кезде да сакталган».[17]

Ислам кишилерге бийликтин кандайдыр бир формасын таңуулабайт. Ар бир эл бийлик формасын тандап алууга эрктүү. Гүлен, инсанды рухий, адеп-ахлактык өнүктүрүүдө бийликтин ислам баалуулуктарына негизделген багыттагы ишмердүүлүгүн бийликтен талап кылынган башкы критерийлер катары эсептейт. «Ислам, кудайдын аянынын жолунда жүрүүгө чакыруу менен, мамлекеттин деталдуу формаларын, саясий режимди жана административдик системаларды сунуш кылбайт. Ал кудайдын эркин сактаган жана адамдар менен коомду өнүктүрүүнү өзүнүн артыкчылыгы катары эсептеген бийликти жактырат. Ислам боюнча кишилер кандай бийликке татыктуу болсо, алардын жашоосунда ошондой бийлик орнойт.

Исламда бийлик элдин эрки эркин билдирүү жолу менен калыптанат».[18]

Тарыхый өзгөрүүлөрдөн улам азыркы убакта халифат жана султанат өкүм сүрбөйт. Гүлен белгилегендей, «ислам дүйнөсүндө улуттук мамлекеттердин пайда болушу менен башкаруу формаларын, анын структурасын, сот системасын жана мыйзамдарды орнотууда жетекчиликке алынган негизги критерийлер күчүн жоготту. Азыркы этапта ал уланууда, республика аталган көп өлкөлөр бар, бирок демократияга ээ эмес. Ошентсе да, демократия, андагы адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери, шайлоо учурунда инсандын укуктарын жана элдин пикирин эске алуусу менен исламга жакын (астын сызган автор). Ислам өзүнүн пайда болушунан бери эле элдик башкарууну башкы орунга коюп келген».[19] Гүлен, азыркы учурда Түркия, Пакистан жана белгилүү бир даражада Иран (шахтын режиминен кийин) сыяктуу өлкөлөрдө «көзөмөлдөнүүчү ... демократиялык режим» бар экендигин мойнуна алат. Түркиянын мамлекеттик башкаруусу динге негизделбеген башкаруу болуп саналат, ошондуктан аны ислам өлкөсү деп атоого болбойт. Ал эми Иран жана Пакистан жөнүндө айта турган болсок, алар «өздөрүн ислам республикалары деп эсептешсе да, алар канчалык деңгээлде мындай болуп саналат жана алар мындай болууну келечекте тоготобу деген суроо жетишерлик талаш маселе. Эгерде ислам кээ бир башка мамлекеттерде башкаруунун негизин кабыл алышса да, бул тема дайыма талаш бойдон калмакчы».[20]

Гүлен, демократиянын чектелгендигин, анын кемчиликтерин түшүнөт. Адам баласы мамлекеттик эң жакшы системаны алиге чейин түзө элек, демократия кемчиликтеринин болгонуна карабай, жалгыз туура тандоо болуп саналарын оптимизм менен белгилейт. Ошонусу менен ал демократиянын идеалдарына өзүнүн берилгендигин билдирет. Бул үчүн анын негизги принциптерин андан ары өрчүтүп-өнүктүрүү керек.

Ал өзүнүн демократия жөнүндөгү ойлорун корутундулоодо анын өнүгүшүнүн магистралдык багытын белгилейт. Гүлендин бул пикирин төмөнкүдөй артыкчылыктары жана басымдуу жактары бар азыркы демократиянын насыяттары катары атоого болот: «Эгерде демократия кишилерди алардын жашоосунун адеп-ахлактык жактарын жана рухий муктаждыктарын эске албай койбой жана адам өмүрү бул материалдык дүйнө менен эле чектелбегендиктен, бардык кишилер түбөлүктүүлүктү эңсешерин унутпай, кишилерди бир бүтүндүк катары карай баштаса, анда ал өз өнүгүүсүнүн туу чокусуна жете алат жана бүткүл адамзатка дагы көбүрөөк бакыт алып келе алат. Исламдын теңдик, сабырдуулук жана акыйкаттык принциптери муну ишке ашырууга жардам бере алат».

Саясий толеранттуулук нугунда айтылган (жаңы болбосо да) дагы бир маанилүү идея исламдын жана ислам баалуулуктарынын азыркы демократия менен биргелешүүсү жөнүндө идея болуп саналат.

Гүлен үчүн эркиндик – бул өзүнө да, тегерегиндегилерге да болгон жоопкерчилик жана кишилердин тагдырлары алардын өздөрүнө жараша болот. Демократиянын бул негизги принцибин ал Ыйык Курандан табат: «Жана эч качан Аллах кишилердин мындай (абалдарын) алар өздөрү кайра алмаштырмайынча өзгөртпөйт». Башкача айтканда ар бир коом өз тагдырын өзү башкарат. Так ушундай эле башкаруучуларды тандоо кишилердин өздөрүнө жараша болот, бул Мухаммад Пайгамбардын (с.а.с.) айткандары менен бекемделет: «Силер кандай башкарууга татыктуу болсоңор, ошондой жетектешет».[21] Бул ойду кийинчерээк немис философу Гегель айткан: «Ар бир эл өзүнө жараша башкаруучуга татыктуу». Бул деген, Исламдын принциптерине карама-каршы келбеген – деп белгилейт Гүлен, – демократиянын негизи жана руху».[22]

Ошентип, Гүлен үчүн ислам дүйнөсүнүн жана жалпы эле дүйнө коомчулугунун алдында турган эң татаал социалдык-саясий, рухий-адеп-ахлак көйгөйлөрүн толеранттуулук принциптеринин негизинде түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө мүмкүн болду. Бул көйгөйлөр адам жашоосунун түпкүлүктүү негиздерине, адамзаттын жан сакташы жана келечеги маселелерине тийиштүү.

Гүлендин чыгармачылыгындагы конфессиялар аралык сабырдуулук, саясий толеранттуулук, ислам жана демократия көйгөйлөрү, цивилизациялар аралык толеранттуулук сыяктуу биз караган көйгөйлөр глобализация шарттарында адамзаттын өнүгүү жолдорун аныктоого ишенимдүү багыт берет.


[1] Ф. Гүлен. Отношение между исламом и наукой и понятие о науке «Фаунтен» журналы, 1999, октябрь-декабрь.
[2] Т. Мишель. Суфизм и современность в мышлении Ф. Гүлена. Китепте: Ф. Гүлен. 100-б.
[3] Ф. Гүлен. Понимание и вера: основы исламской веры. Измир: Кайнак, 1997, 309-б. Китепте: Ф. Гүлен, 101-б.
[4] Ф. Гүлен, 102-103-б.
[5] Т. Мишель. Суфизм и современность в мышлении Ф. Гюлена. 103-б.
[6] Ошондо, 103-б.
[7] Ошондо, 59-б.
[8] Ф. Гүлен. Очерки – перспективы – мнения. М.: Новый свет, 2006, 41-42-б.
[9] Ошондо, 61-б.
[10] Ошондо, 61-62-б.
[11] Ошондо, 63-б.
[12] Абу Шужа ад-Дайлами. Аль-фирдавс би-масур аль-китаб (Божественный сад из избранных обращений Пророка). Бейрут, Даруль кутубиль-илмийя, 1986, 4 т., 300-б.
[13] Ф. Гүлен. Очерки – перспективы – мнения. М.: Новый Свет, 2006, 21-22-б.
[14] Ф. Гюлен. «ДА» журналына берген интервью. Диалог Евразия, 2009, № 28, 56-б.
[15] Ошондо.
[16] Ошондо.
[17] Ф. Гүлен. Очерки – перспективы – мнения. М.: Новый Свет, 2006, 23-24-б.
[18] Ф. Гюлен. «ДА» журналына берген интервьюсу. Диалог Евразия, 2009, № 28, 70-б.
[19] Ошондо.
[20] Ошондо, 56-57-б.
[21] Ф. Гүлен. Очерки – перспективы – мнения. М.: Новый Свет, 2006, 22-б.
[22] Ошондо, 3-б.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.